Чоң аталар кайда кетишет?
87 жашка чыгып, жакында көзү өтүп кеткен атамдын жаркын элесине арналат.
(аңгеме)
Бул үн укмуш. Дүйнөдө мындан өткөн керемет үн болбосо керек. Чыйылдаган ичке үнү менен ыңаалап, жаңы эле жарык дүйнө менен учурашып турган наристенин ыйы. Бүтүндөй ааламыңды кубанычка бөлөйт эмеспи чиркин. Асан менен Айсулуу бүгүн дал ошол чексиз кубанычтын кучагына бөлөндү. Экөөнүн тун кызы Толгонай жарык дүйнө менен ыңаалап учурашты. Булар менен кошо аалам кубанып, айылы кубанып, айланасы кубанып тең орток болуп жатты. Асан келинчегин төрөтканага алып кеткенден бери баласынан өтө толкунданып, чый-пыйы чыга түйшөлгөнүн билдирбей ичине каткан Болсунбек карыя “аман-эсен көз жарып экиге бөлүнүп алса экен” деп кудайдан кайра кайра тиленип, уйкусу үч бөлүнүп күтүп аткан. Байбичеси жарык дүйнөдөн узап кетип, азыр уул-келиндин колунда. Балдарынын “кемпир алып берели” дегенине көнбөй койгон. Сексенге таяп калса да өзүнө тыкчыйып тың. Айылдын эли да сыйлап алдынан кыя өтүшпөйт. Энтеңдеп шашып кирген Асан босогону аттаар менен атасынан сүйүнчү сурады. – Болсун, болсун! Бешик боо бек болсун уулум. Кел бери, – деп килтейген уулун чекесинен сүйгөн карыя өз алдынча кудайга жалынып-жалбарып күбүрөнө шүгүр келтирип атты. Асан бир азга кайсалап турган соң эле кайра көчөгө сызды. Кубанычын бөлүшөөр жоро-жолдош деген да бар эмеспи. Келини төрөт үйүнөн чыгып келер замат оюндагы жүргөн ысымды ыйгарды карыя. Кошуна-колоңду чакырып, арнап жүргөн семиз козуну сойдуруп, кубанычын бөлүшкөн карыя өзү азан чакырып, Толгонай деп атады. Болсунбек карыя өзүнүн энесин көргөн эмес. Ал эс тарта электе көз жумуп кеткен энеси айылда өтө кадыр барктуу аял болгон экен. Табиятынан эмчилик кылып оор мезгилдерде далай адамдын ден-соолугуна себепчи болгон ал өзүнүн оорусун жеңе албай үчүнчү баласы Болсунбекти төрөгөндөн кийин бир жылга жетпей каза болуптур. Эл унуткан жок. Болсунбек эс тартканы өзүнүн энеси тууралуу көптөгөн жакшы сөздөрдү угуп чоңойду. Кийинки энеси Канымбүбү дагы жаман адам болгон жок. Ал дайыма Болсунбекке өзүнүн энеси Толгонай тууралуу көп айтып берчү. Ошондон улам карыя небересине өз энесинин ысымын ыйгарган эле. Мына ошол күндөн баштап карыя үчүн Толгонай жарык дүйнөгө келсе, Толгонай үчүн чоң ата жарык дүйнөгө келди. Кыз дээрлик чоң атасынын боорунда чоңойду. Күнү деле, түнү деле колунан түшүрбөйт. Энеси курсагын тойгузуп кир-когун жууганы эле болбосо, кыз эс тартканы чоң атасынын коюнуна жатып алчу болду. Чоң атасынын талбай, тажабай айткан жомоктору кызды керемет сыйкырдуу ааламга жетелеп кетээр эле. Ар түнү уктаар алдында сөзсүз чуркаган бойдон чоң атасынын бөлмөсүнө жетип барчу. Түн бир оокумга чейин экөөнүн божурашкан үнү басылчу эмес. Чоң атанын жомоктору күндө жаңы, күндө башкача. Бирде кайгылуу, бирде кубанычтуу. Бир күнү алп кара куш минип аалам кыдырып келсе, бирде алты баштуу ажыдаардын туткунунда калып, а кээ бирде алманы уурдаган алтын куштун сары изине чөп салып издечү Толгонай. Кыз улам эс тартып чоңойгон сайын чоң атанын бели бүкүрөйүп, манжалары ичкерип, чүңүрөйгөн көздөрү улам ичине тартып, бырыш баскан жүзү, буурул сакалы куудай агарып баратты.
– Чоң ата! Сизде жомоктор ушунчалык көп. Анын баарын кайдан үйрөнгөнсүз? Чоңое баштаган кыз кээде ушинтип сурачу.
– Мен буларды өз чоң атамдан үйрөнгөм. Ал жомокту менден да көп билчү кызым.
– А сиздин чоң атаңыз кайда?
– Билесиңби, кызым, баардык чоң аталар бир күнү алыс-алыс, кулак угуп көз көргүс жактарга кетишет. Алар кеткен соң кайрылып келбейт кызым. Саамга ойлоно калган Толгонай кооптоно түшүп кайра сурачу:
– Сиз кетпейсиз ээ, чоң ата? Эгер кетип калсаңыз мага жомокту ким айтып берет? Кыздын кабагы бүркөө тарта түшчү.
– Сен али кичинесиң да. Сен чоң кыз болгондо чоң аталардын кайда кетишерин айтып берем. Макулбу? Унчукпай башын ийкегилеген кичине кыз чоң аталар кайда кетээрин билгиси келсе да сурачу эмес. Тезирээк чоңоюуну самачу. Күн сайын таң алды менен чоң ата таягын таянып бир жакка барып келчү. Анысын кээде көрсө да көбүнчө уйкуда болгондуктан көрчү эмес небере. Көрүп калганда:
– Чоң ата кайда бардыңыз? – деп сураган секелек кызга:
– Чоң атамдан жаңы жомок сурап келбедимби, – сырдуу жылмайып коёр эле карыя. “Бүгүн жаңы жомок угам деген” деген кыз кудуңдап ойноп кетчү. Карыянын таң эрте айылдын сыртындагы мүрзөнүн жанына барып өткөндөргө, ата-теги, тууган-уругуна багыштап куран окуп келерин кайдан билсин.
Кыз улам чоңоюп, мүнөзү токтоо тартып ар нерсеге акыл жүгүртө баштаган күндөрдүн биринде карыя бир аз сыркоолоп калды. Ал күндөрү кызына жомок айтып бере алчу эмес. Кызы болсо күн сайын жатаарда жомок уккусу келип кадимкидей түйшөлүп уктабай бир оокумга чейин жатчу. Мына мына чоң атасынын бөлмөсүнө жүгүрүп киргиси келсе да ата-энесинин катуу эскертүүсүнөн аттап өтө алчу эмес. Акыры чыдамы жетпеди. Ата энеси алаксый калган кезде чуркаган боюнча кирип кетти чоң атасына.
– Чоң ата, сизге эмне болду? Эмне үчүн мени сизге киргизбей жатышат?
– Менин жомокторум түгөндү кызым, ошону билип ата-энең мага киргизбей жатышпайбы. Мен мурдагыдай чоң атамдан барып жомок үйрөнүп келе албай калбадымбы кызым. Буттарым баса албай жатпайбы, – деп кучагына жыгылган небересин улам-улам жыттап атты карыя. Мен эртең алыс жакка кетем кызым, ошону менен сен үчүн жаңы жомок башталат кызым. Чыныгы жашоонун жомогу. Сени акыл-эстүү болуп чоңойсун деп сага дайыма жомок айтып берип жүрдүм. Азыр сага чоң аталардын кайда кетээрин айтып берейин кызым, – деп сүйлөп аткан карыянын деми кысылып сүйлөөгө алы келбей баратты. Аңгыча кире калган келини карыянын абалын жана аны кучактап отурган кызын көрүп, Толгонайды акырын жетелеп чыкты.
– Толгонай атаң ооруп атпайбы. Ооруган кишини кыйнап жомок айттырган жакшы болмок беле, бар бөлмөңө, – деп бир чети буйура бир чети кабатырлана сүйлөдү.
– Апа коё турчу, ал мага чоң аталар кайда кетээрин айтам деп аткан ошону эле угайынчы? – жалооруй суранган кызына ачуусу келди апанын.
– Бар дейм бөлмөңө! Чоң аталар кайда кетмек эле, оорулуу кишини кыйнабай. Апасы баары бир уруксат кылбасын билген кыз буулугуп бөлмөсүнө кирип керебетине көмкөрөсүнөн кулады да көпкө жатты. Анын ой санаасын эзген бир гана суроо бар эле. “Чоң аталар кайда кетишет?” Ойлору менен алпурушуп уктап кеткен Толгонай үчүн таң эрте чоң атасы айткан чыныгы жашоонун жомогу башталды. Бул жомок кайгынын, чоң жоготуунун жомогу болчу. Кыздын жүрөгүндө болсо баягы түйүнү белгисиз суроо ошол бойдон чечилбей калып калды. Чоң аталар кайда кетишет?..
