Кирне
Кичинекей кыз чоң энесинин аңырдай ачып эстеген оозун карап, саргайган арсак-терсек тиштеринин кемигенин көрдү. Али эсепти билелек болсо да, энесинин үстүңкү узун сары тишинин жанындагы карала-сарала тиштеринин ордунда жогун байкады. Баятан ысытмалап калган небересин күкүрттүн талчалары менен үч жолу кирнелеп башынан айлантып, күйгүзүп, кайра үйлөп өчүрүп жаткан кемпир «аа-у-уу-фф» деп эстегенче сүйлөгөнгө да үлгүрүп жатты:
– Чык кирне, чы-ыык! Муун-муунан чык! Жүүн-жүүнүнөн чы-ык! Отуз омурткасынан чы-ыкк!.. ааа-ууу-ф!.. Кирне жаман катуу кириптир да! Кырк кабыргасынан чы-ык! Кирне болсоң кирбей ке-етт! а-аа-уу-фф!.. Ботом, мынча кирне кайдан кирди десең?
– Кайдан кирмек эле? «Талканды шакарга, каймакка маштап тоголоктоп койсом кызым бир жыргап жеди!» деп, кечээ айылда бир айтып, бир койбойсуң, эки айтып эки койбойсуң!.. Анан кызыма кирне кирбей кимге кирмек эле? – деген чоң атасы кемпирди акырая карап, арчаны ысырыкка түтөтүп жатып жини менен бир тийди.
– Ии, ошенттиби?.. Муну кара дегеле? Ошентип айтсам эле кирне кирип кеткен имиш!..– деген энеси оозун чо-оң ачып эстеди дагы, эми бычак менен үч жолу кыздын дене боюн сыдырып кирнелегенин улантты. – Чык кирне чы-ык!..Аркырап аккан сууга бар! Менин жаман кызымда имнең ба-аар?.. аа-уу-ууффф!..
– Ошентпей анан? Ошентти да!.. Жаргылчактын талканы азыр кимде бар, кемпир? Азыр сокуга данды күйшөп, буудайды кууруп, жаргылчакка ким талкан тартат дейсиң? Бардыгы эле магазинден жеп калбадыбы, магазиндики буудайды кууруп жасайбы, же жөн жасайбы, ким билет? Анан өкүматтин тегирмени буудайды талкан эмес эле ун кылып таштайт экен, атаңгөрү…
– Ооба, ошону айтсаң? оо-у!.. буудайды жууганды айт, жаргылчактан кийин талканды элегенди айт! Ушунун баары эпти түйшүкпү?.. – деген кемпир эми майда жети ташты үчкө бөлүп кирнелеп кирди. – Азыркылар жаргылчак, соку турмак, талкан имне экенин деле билбей калды. Чык кирне чы-ык!.. о-у-ууф-фф!.. Кирне болсоң кирбей ке-ет! Сук болсоң суурулуп чы-ык! Аңдыган албарстыга ба-аар! Арааны ачка ба-аар! Ачкүзөнгө бар! Менин жаман кызымда имнең ба-ар?.. аа-ооу-у-фф!.. – деп катуу эстегенче көзүнөн чыккан жашын жеңи менен сүртүп койду.
Энесинин колу тийген сайын көңүлү ачылган небереси түтөгөн арчанын жытын кетирейген мурду менен искеп коёт. Чоң энесинен кийин чоң атасы жанына олтуруп, алгач башындагы топусун үч бүктөп алып кирнелеп, арасында: «Менин жаман кызымда имнең ба-аар?!» деп эстеп, андан кийин кайыш курунда кабы менен жүрчү чарабзалы менен, акырында, үстүндөгү чепкендин узун жеңинин учу менен үч сыйрадан кирнеледи.
Кемпирин «кызыма кирне киргиздиң» деп урушкандан көрө, керектүүнү айтып кеңешейин деген абышка сурап калды:
– Эртең шаарга барайынбы? Балаң менен келинге «кызым биртке ысытмалап калды» деп айтып келейинби?
– Айтып?.. Кой аа, нары!.. – деген кемпир абышкасын көзү менен атып карады. – Кимге, имнени айтып?.. Имнени айтасың, аа?.. Айтсаң эле эртең келип апасы кызымы алып кетип калбайбы? Олорго айтсаң балныйсага алып барып үкөл жасатат, дари берет! Башы быша элек, көк баш эмелер кызымы үкөлдөтүп атып, башы-оту жок дари берип атып, сууктатып суугун өткөрүп ийишет. Анан бала желге, шамалга байымы жок болуп, суу ичсе дагы, муздак айран, сүт ичсе дагы ысытмалай турган болуп араңжан болуп калбайбы? Эртең кызымы Зубайдага эми-домулатып, түштө өйүзгө алып барып Сайидага кирнелетем. Бир паста жакшына болуп кетет! Муну карасаң, жөн койсо шаардиктарга ушактап жетип баргысы бар!.. – деп кагынып-силкинип берди.
Койдун терисинен жасалган чоң атасынын жылуу тонун жамынып, куркулдайдын уясында жаткандай кыз энесинин айтканын угуп колун чапкылап кубанды. Небересинин кылыгына жылмайган карыя: «Атаң менен апаңа айтпайм, кызым» деп убада берди.
Ара жылда удаама-удаа төрөгөн келини боюнда дагы болуп калып, былтыр бул кызын кайната, кайнесине багууга берген эле. Уул-келини шаардан келип кызын колдоруна табыштап бергенден кийин, небересинин көзүнүн карасы менен тегеренген кемпир-чалдын кубанычында чек жок. Анан эле карыя каяктан небересин «шаардиктарга» бере салгысы келсин? Болгону бир нерсе болсо эле «балныйсага» чуркаган уул-келинен чочулап жатпайбы. Бирок кемпиринин «Балаң менен келиниң кызымы үкөлдөтүп атып суукчан, араңжан кылып коюшат!» дегенине ынаган карыя шаарга барбай турган болду.
* * *
Эртеси эрте менен энеси секелектин сербейген чачтарын тарап, жылуу шөкүлөсүн башына кийгизип, өзү бычып, өзү тигип берген жылуу жаңы көйнөк менен ичине пахта коюп шырылган жаңы кемзелди, абышкасы атайы шаарга барып сатып келген тыпыйган маасы-көлөчтү кийгизди да, небересин жонуна көтөрүп айылдын ылдый жагындагы Зубайдага жөнөдү. Зубайда кемпир кадимки каадасын бузбай он эки чаралүү гүлдүү жоолугун заңкайтып төбөсүнө ороп, ак помбаркут көйнөкчөн, кара баркыт кемзелчен, чепкенди желбегей жамынып, төрдө үйдөгүлөрү, эрте менен айылчылап кирген кошуналары менен чай ичип олтуруптур.
Айылдагы тракторчунун мойнуна жанчкак туруп кыйшайып барган экен, аны сөөрүнүн четине отургузган Зубайда кемпир «сен мынтип айтасың, мен мынтип айтам» деп түшүндүрдү дагы, сыртка чыгып кетип, үбөлүктү колуна кармап кайра кирди. Кемпир үбөлүктү союл сыяктуу кармап, тап берип кирип келгенде:
– Оо, сен кайдаң келди-ииң?.. – деди тракторчу.
– Оо, мен Суусардан келдим! Жанчкагыңды жанчканы, абийриңди ачканы келди-им!.. – деген кемпир үбөлүктүн бир учун тракторчунун мойнуна тийгизип, аны кайра жерге тийгизип ургулап койду. Зубайда кемпирдин эми-домусун туурап кыткылыктаган наристеге кошулуп, сөөрүдө отурган үй ээлери, кошуналар тракторчуну тамашага салышты. Ал дагы жөн турбай: «Күлсөм дагы мойнум ооруп жатпайбы-ы? Имнеге күлөсүнөр дейм да?.. Эртең жериңер айдалбай калганда күлгөнүңөрдү көрөм! Ии-ий.. мойнум..! Кечээ совхоздун деректири «Бир саат иштен калбайсыңар!» деди эле. Эми ишке кантип чыгам?..Көрөм, эртең эле “биринчи менин жеримди айдап берчи” деп жалдырайсыңа-ар!», – деп бир сыйра жерди айтып эскертип, коркутумуш болду.
Зубайда кемпир «Мен Суусардан келдим!..» деп үч сыйра үйгө кирип эми-дому кылып, анан тракторчунун кыйшайган мойнуна колун этиет тийгизип: «Менин колум эмес, Умай эне, Батма-Зууранын колу! сүфф… сү-үүф-фф… сүү-фф» деп, колун кайра жерге силкип, эшикке чыгып, эки-жагын кагынып-силкинип, бети-колун кумгандагы сууга шашпай жууп келди. Анан келип кызды карап: «Кызыңды өйүзгө, Сайидага алып барып кирнесин жойдуруп келе бер. Мен да кирнелеп, башын теңдеп коёюн. Бүрсүгүнү ай жаңырат, ошондо алып кел. Биртке көзүгүп калыптыр, эмдеп, домдоп коёюн» деди дагы, дубалга илинип турган баштыгынан эски булгаары кемерди алып, кыздын башын теңдеп туруп, шашпай кирнелеп берди.
Айылда биринен сала бири катарынан чубуртуп төрөгөн келин-кесектердин боюнда барын саксактап караган, курсагындагы бала тескери болуп калса оңунан салган, боюнан түшүрбөй көз болуп турган, бала-бакыраны, келгендин баарын эми-домулап караган Зубайда кемпир чанда бир кирнелейт. «Кирнелеген кирнечинин иши, ошолор илешкен-неткенди калтырбай сууруп чыгат» дечү. Болпойгон бул кызды дагы апасынын боюнан түшүрбөй сактап калган эле. Үч жыл мурда келин айылга келип, үйдө ары-бери жүгүрүп кызмат кылып жүргөн жеринен Зубайда кемпир токтотуп:
– Ай, келин, эки айлык боюңда бар экен. Буга дейре догдурда боюңдан алдырган окшойсуң? Бычак тийип жатының айнып калыптыр. Азыр төшөккө жат! Болбосо ичиңдеги бала заматта ирип түшөт! Мунуң түшкөндөн кийин кийинкилери боюңа токтобой калат! – деп айтканда эки айлык боюндагысын айтпай жүргөн келин дагы, келининин боюнда барын уга элек кайненеси дагы таң калып эси ооп калайын деген. Келин Зубайданын тилин алып дароо төшөккө жатат. Анан эле таң атканча табарсык тушу, бели ооруп, Зубайда кемпир чөп дарыларын берип атып боюнан түшпөй калды. Кийин боюндагысы жети айлык болуп калганда жайлоого барып алган келинди Зубайда кемпир көрөөрү менен урушуп: «Жайлоого эмнеге келдиң? Керегеге бутуңду асып жат! Азыр жат! Болбосо боюңдагы козголуп калыптыр. Бүгүн сактап калсак болду, кырк күн керегеге бутуңду асып жатасың!», – дейт. Айтып оозду жыя электе келин дагы «ичим», «белим» деп онтоп жатып калат. Анда да Зубайда кемпирдин чөп дарыларын ичкенде өзүнө келип, жайлоодо кырк күн керегеге бутун асып жатып, кийин тогуз айга жеткенде ушу кызды аман-эсен төрөгөн болчу. Кудай жалгап, бул кызынан кийин дагы бир кызды боюнан козголуп-нетпей быйыл төрөп алды.
Кемпир небересин көтөрүп жөнөгөндө, үйдөн чогуу чыккан тракторчу:
– Бу үчкө чыгып калган кызды кантип көтөрүп алсын, эже? Кызыңызды жөн эле жетелеп албайсызбы? – деп калды. Кемпирдин жининен жаман көргөнү «небереңди көтөрбө» деген сөз болчу. Азыр да ошол сөздү угуп жини менен алынып кетти:
– О жетелегени имнеси, аа? Жетелегени кандай? Ботом жана эле «мойнум» деп кокуйлап атпадың беле? Сакайсаң эле «кызыңды көтөрбө» деп урушуп чыгасыңбы? – деп оозго берди. Кемпирдин жинине тийип алганын көргөн тракторчу:
– Белиңиз ооруп калат деп күйүп айтса! «Эжем» деп мен сизге күйүп атам да, эже? Койдум, эже, болду. Үйдө чай даяр, үйгө кире кетиңиз? – деп, ооруганы кайтып калган мойнун кармаган тейде үй жагына кол жаңсады. Кемпир ачуусу менен алынып коё берди:
– Колума зорго тийген кызымы көтөрбөй анан кимди көтөрөм? Муну карасаң дегеле, «кызыңы көтөрбө» деп? Дагы үйгө кир деп коёт! – деп кагып алып, анан жөндөн-жөн эле урушуп алганына ичи ачышты бейм? Кайра туруп: «Үйүңө эртең келем! Бүгүн Сайиданыкына, өйүзгө барып келейин, ол жактан уккан кеп-сөздү эртең айтып берем. Анан, жана Зубайда айтты го «мойнуңду жылуу карма» деп. Келинге айт, мойнуңду жакшына ороп, таңып берсин», – деди. «Ооба, эже, ооба» деген тракторчу жонундагы небересин оңдоп көтөрүп, «кызыңды көтөрбө деп эле уруша беришет» деп таарынып, өзүнчө сүйлөнүп бара жаткан кемпирдин соңунан жылмайып тиктеп туруп, анан үй жагына бурулду.
Энесинин курбусу, кошуна Сайрабү кемпир да Сайидага неберемди кирнелетем деп чогуу бармак болду. Бул жерде өйүз-бүйүз жашаган эки айыл бири-бирине каттаганда жасанып бармай каада бар. Маңдай-тескей жар башында турушса деле, бир суудан экинчи сууга, бир уруктан экинчи урукка мейманчылап келген себептүү, жасануу бири-бирине карата сый, урмат болчу. Бул өрөөндөгү байбичелер элечекке окшотуп, үйдө жүрсө да топусуна жоолуктарын ороп, бийиктетип салынышат. Мейманга жөнөсө үчүнчү чоң жоолукту үстүнөн чалып ороп алышат. Эгерим бир дагы байбиче бир байлам жоолук салынбайт, себеби андайды келиндер салынат деп өтө уят көрүшөт. Илгеркинин каадасын сактап, жоолуктарын элечек сындуу бийик ороп жүрбөсө эсеп эмес.
Кемпир төркү бөлмөдөгү сандыгынын жанына олтуруп, адатынча кичине күзгүсүн алып, шашпай бетмайды бетине сүртүп, колмайды колуна сүртүп, эки билегине экиден күмүш билериктерин тагынды. Анан түйүнчөктөрүнүн бирин ачып, ак барча көйнөгүн кийип, анын тик жакасын чоң күмүш сөлкө менен топчулап, үстүнөн эки катар чоң күмүш сөлкөлөр тагылган кара баркыт кемзелин, аягына жаңы маасыны кийди. Кийинип бүтүп, башка түйүнчөктөгү жоолуктарын, топусун жанына коюп жайды. Алгач оң тизесин бүгүп, шырылган ак топусун тизесине кийгизип, чекесин эки кабат сурп менен тыкан ороду. Үстүнөн ак пахта жоолукту ороп, ичиндеги сурптун учу менен бириктирип, измелдирик (төөнөгүч) менен төөнөдү. Акырында, дагы бир ак гүлдүү жоолукту ороп келип, эки учун бириктирип чекесине байлап, даяр баш кийимди колуна кармап, курсант боло тегерете чекелерин тегиздеди. Анан элечек сындуу баш кийимин кийип, дубалдагы сайма чачык менен чекеси жабылган күзгүгө эки жагын абыдан каранды. Элечек сындуунун үстүнөн он эки чаралүү гүлдүү ак жоолукту салынып, анын узун учтарын төбөсүнө кайрып, заңкайтып ороп байлап койду.
Кичинекей кызга энеси менен айылга жөнөгөн майрам эле. Анткени айылга жөнөгөндө, энеси кийинип бүткүчө сандыктын ичин аңтар-теңтер оодарып, байбиченин сый кийимдерин түйүнчөктөрү менен сууруп чыгат. Анан түрдүү түстөгү жоолуктардын ичинен жылтырактары барын тандап алып башына салынат, көйнөк кылып оронот. Андайда энеси урушмак турсун, тескерисинче, өзүн туураган кызына күлүп, жыртыштан топтолуп калган чакан келки-келки баркыт, барча кездемелерди, сайма, атлес жүз аарчыларды «ойной бер» деп берип таштайт. Качан далистеги сөөрүдө жаткан чоң атасы: «Оо, кемпир, кызың экөөң качан жөнөйсүңөр? Кеч кирип калбадыбы? Барчу айылыңа жөнө да ары батыраак!» деп урушканда энеси экөө түйүнчөктөрүн арыдан-бери түйүп, сандыкка салып, кулпулап чыгышат. Бул жолу да сөөрүдөгү чоң атасы кыйкырып урушканда энеси экөө эшикке шашып чыгышты. Кемпир кудум өзү сындуу жасанып күтүп турган Сайрабү эне менен учурушып, небере кыздарын жондоруна көтөрүп өйүзгө жөнөштү.
Энесинин күндө кийчү тер жыттуу, өңү качан эле оңуп кетип саргайыңкы тарткан, жытыгышып калган эски кара баркыт кемзелинин ордуна жаңысын кийгенде, небереси кемпирдин жонун жыттап-жыттап жыргап башын төшөп алат.Себеби энесинин мейманга деген сый кийимдери жыгач сандыктын текчесинин астында, жаңы жоолукта оролуп, түйүнчөктө түйүлүп турчу. Ал эми текченин үстүндө, дайыма, бир баштыкта небереси жакшы көргөн томпок печений менен ирис, экинчи баштыкта меймандарга деген өрүк, мейиз, шириндиктер болгондуктан, энесинин сый кийимдери шири-ин жыттанып турчу.
Сайида кемпир алгач мейман курбулары менен учурашып, төркү бөлмөгө кабаттап жаңы жер төшөктөрдү салдырып олтургузду. Анан кыздарды үч сыйрадан кирнелеп, баштарын теңдеп болуп: «Биз тарапка дегеле келбей койдуңар да? Күздөн бери айылчылап бир жолу басып келбедиңер! Кирнелесем эле силерге керекминби? Кокус кирнелебесем мен өлгөндө келмек экенсиңер?», – деп таарынычын айтып, келиндери жүгүрүп тамак-аш жасап, үч кемпир узакка сүйлөшүп олтурушуп, кошуна кемпирлер кечке маал үйгө жөнөштү. Бая кирнелеткенден кийин эле көңүлдөрү ачылып, эшикте кечке Сайида кемпирдин неберелери менен ойногон кыздары деле, энелери деле кирне эстеринен чыгып, көңүлдөрү куунак кайтышты.
Жолдо келе жатып сайдагы таштарга көчүк басып өргүү алган эки кемпир: «Карасаң, тобо, колу бир жеңил! Бир паста кыздардын кирнесин сууруп чыгып койду. Сайида ак көңүл да, ак көңүл!.. Ак көңүл болбосо колу мындай жеңил болбойт эле! Догдурдун окуусунда окуп калса го, таза күчтүү догдур чыкмак. Мизилдеген тазалыгын айт!» деп кирнечи Сайида кемпирди алкап дагы, мактап дагы жатышты.
…«Кел, эми жонума отур» деген кемпирдин мойнунан кучактап жонуна олтурган небереси, адатынча, энесинин көгала-агала суйдаң, сөөмөйдөй ничке, кыска эки өрүм чачынын учуна кошо өрүлгөн ак шоона жипти, ак шоона жиптин учугуна уланган күмүш чачпакты, энесинин кулагындагы сөмөкөйдөй узун кош күмүш сөйкөнү, мойнундагы эки катар: бири жүзүмдөй чоң-чоң сары шурулары менен бири кызыл-тазыл майда маржан мончокторун адатынча кызыга карап, жоолугунун учундагы чачылаларын кармалап, анан кечке ойноп чарчаганга энесинин жыттуу, шири-ин жонун искеген боюнча болбурап уйкуга кетти.
31.03.2026
