Бүгүнкү
Убакыт чакырат,
өмүрлөр ашыгат.
Бозоргон күмбөздөр
бул сырды жашырат:
«Жакындык, алыстык
ченеми бир күнкү,
кубаныч, шаттык, ый,
түйшүктөр күнүнкү.
Бу дүйнө. О дүйнөгө
көпүрө – бүгүнкү!»
Кызык, жашоо…
* * *
Мезгил эмне? Жүзгө түшкөн желеби,
жер шарыбы, аалам деген кемеби?
Акылыбыз жеткен менен, көкүрөк
туйгусу жок бир картаюу дегенди.
Күн жарыгы, түн элеси эшилген
өрмөк жиптей өмүрдү өрөт четинен.
Аттиң, өмүр! Бар түйшүктү жеңсем да,
күн кубалап, секунддарга жешилем.
Ай жарыгы, таң шооласы эшилген
алтын жиптей өмүрдү өрөт четинен.
Ажалга өмүр айбат берип турса да,
ай кубалап, мүнөттөргө жешилем.
Мезгил эмне? Закым, элес, күлүкпү,
өмүр жетпей, өр талаша күйүкчү.
Колго илинбейт, баш-аягы көрүнбөйт,
жашыбызга салып коюп бүлүктү.
Секунд, мүнөт, саат менен ченелген
убакытты өткөрөмүн денемден.
Тездигине моюн сунуп турсам да,
өткөнүнө моюн бербей келем мен.
Кызык, жашоо…
