Барктай бил
Өмүр кыска, мезгил болсо – куш учкан,
Чыкпайт адам тагдыр чийген сызыктан.
– Жалган! – дешет бул дүйнөнү айрымдар:
– Чын дүйнөгө кетет, – дешип учуп – жан.
Ажал келип, курган шаарың кыйратып,
Жаның учуп, денең муздап, чым басып.
Чирип жатса жер алдында нур жүзүң
Кимге керек, кимге зарыл бул бакыт?
Чын дүйнөдөн кабарым жок эч андай,
Ушул жарык дүйнөдөйбү ошол жай?
Өлсөк дагы бейиш төрүн эңсейбиз,
Бул дүйнөнүн кадырына жете албай.
Тирүүлүктүн ар бир саатын, мүнөтүн,
Ырыс-кутун келген барктай бил өзүң.
Жараткан да ажайып бул дүйнөнү
Берсе керек таткыла деп ширесин.
Жандап жүрсө – атаң, энең, ашык жар,
Бир туугандар, караан болгон асылдар,
Калың журтуң, ыймандуу уул-кыздарың,
Мындан артык дагы кандай бакыт бар.
Жаңылышат, айтса дагы муну ким,
Чын дүйнөң да, бейишиң да – бүгүнүң!
Жаратканым канча жашты берсе да
Берекеси артсын ар бир күнүңдүн…

Эң туура!