Бирөөнүн ырыскысы бирөөгө буюрбайт

4.5/5 - (2 добуш)

(болгон окуя)

Кеч күз! Ноябрь айы аяктап бараткан. Элдер баары “күз күрөш” дегендей, эгин-тегинин жыйнап, козопаяларын топтоп, байлап, үйлөрүнө ташып, жерлерин бошотуп, айдоого даярдап, кыштын камын көрүп жаткан учуру. Ошол убакта биздин айылда тракторлор саналуу болгондуктан, элдер кезек күтүп, жерлерин айдатууга зар эле. Биз дагы кезек күтүп турганбыз.

Бир күнү Кара-Дарыя айылында жашаган жездем эки трактор айдаган досторун ээрчитип келип калды.

– Эне, сиздерде жер көп болгондуктан, трактор айдаган досторумду алып келдим. Ушул жерде жатып, жерлерди айдаса, сиздердин жерлериңиздерди да биринчи кезекте айдап берет, анан башкалардыкын айдап, иштеп алышса деген элем. Болобу?

Анда апам:

– Ай, болот да. Жакшы болгон турбайбы, болот, – деп кубана түштү. Себеби жерлер убагында айдалышы керек эле. Бир чети, кезек күтпөй биринчи эле биздин жерди айдамак болушту. Ошондуктан апам макул болду.

Тракторчуларга дастаркон жайып, чайын бердик, анан алар дароо эле биздин жерди айдаганы жөнөштү. Биздин жер эки гектар эле, аларда эки трактор болгондуктан, тез эле экөө эки жагынан айдап бүтүрүштү. Биздин жердеги тракторлорду көргөн эл, бир-бирден келип, жерин айдап берүүсүн суранып жатышты. Алар бир чекеден суранган элдердин жерлерин айдап башташты. Күнү да, түнү да жер айдашып, түн бир оокумда келип жатып укташат. Иштери катуу кызып калган мезгили, ноябрь айларынын аяк чендери. Бир күнү катуу жаан жаап, эки күн токтобой жаады. Тракторчу байкелер келери кечке мештин жанында телевизор көрүп, жамбаштап жатып калышкан. Орозо да жакындап калган.

Ошол учурда апамдын жалгыз инисинин баласы келип калды. Иниси жаш эле көзү өтүп кеткен. Анын баласы Бакыт апаман тез-тез кабар алып турчу. Ошол күнү Бакыт келип:

– Эже, жакшы олтурасызбы? Орозо да жакындап калды, бул этти атайын сөөгү жок, кемпир бап кылып тарттырып келдим. Бир килограммдан ашык чыгат. Орозого тамак кылып жеңиз! – деп баштыкка салынган этти узатты.

– Садагаң кетейин, рахмат, балам, кем болбо! Атаң тирүү болгондо ушинтип менден кабар алып тураар эле, – деп көзүнөн жашын тегеретип алды апам. Бакытты узаткан соң жеңеме:

– Алтынай, ме, бул этти аркы муздак бөлмөгө алып кирип кой, жакшына жумшак эт экен, муну тракторчулар кеткенде өзүбүз тамак жасап жейбиз, – деди.

– Макул, апа, – деп жеңем этти алып чыгып, башка бөлмөгө коюп койду. Ал убакта бизде муздаткыч жок болгондуктан, аны жөн эле туздап, кесеге салып, бетин жаап муздак бөлмөгө коюп койчубуз.

Ошол күнү ал эттен тамак кылбадык.

*   *   *

Ак жаанга айланган жамгыр үчүнчү күнгө өткөндө карга айланып, борошолоп, жамгыр аралаш кар жаап баштады.

Жаандын токтошун күтүп, тракторчулар төрт күн үйдө жатышты. Акыры токтобогуна көзү жетип:

– Эне, эми биз үйгө кетели, жерлер да ылай болуп кетти. Жер тоңгондо келип айдайбыз, – деп үйлөрүнө кетишти.

Бир аптага созулган жаан басылып, күн ачылып, жерге тоң түштү. Арадан дагы бир канча күн өткөндө апам аркы бөлмөгө кирип калып, терезеде турган кесеге көзү түшөт.

Бул эмне болду экен деп ачып караса инисинин баласы таштап кеткен эт экен.

– И-ий, кокуй, бул этти унутуп калган турбайбызбы, Алтынаай! – деп жеңеми чакырды.

– Оув, апа, эмне болду?

– Ой, бул этти унуткан турбайбызбы, сен деле көрбөдүңбү?

– Көрбөдүм, апа, мен да унутупмун, – деп жеңем да таңыркап калды.

– Ме эми, бүгүн бул этти салып аш кылчы, – деп апам сыртка чыгып кетти. Жеңем этти көтөрүп, очок канага карай жөнөдү.

Ошентип, жеңем эттин баарын салып ашты демдеди. Аш даяр болгондо, биз үйгө дастаркон жайып, даярдап атканбыз. Бир кезде трактордун добушу угула баштады. Карасак, тырылдап тракторлор келе жатат. Жанакы эки байке өздөрүнө бирден шерик алып, төртөө болуп үйгө кирип келишти. Биз болсо терезеден бир тракточу байкелерди карайбыз, бир апамды карайбыз, бири-бирибизди карап аң-таң эле болуп калдык.

Апам сыр бербестен, чыгып:

– Ай келгиле, балдарым, жакшы келдиңерби, – деп жылмайып тосуп алды да:

– Тамак да даяр, келгиле, отургула, – деп дастарконго чакырды.

Алар келип, тамактанып, курсактарын тойгозуп:

– Эне, эми биз жер айдаганы кетели, түнү тоңдо айдабасак, күндүзү күн чыкканда жер ээрип, трактор кире албай калат деп чыгып кетишти.

Ойлонуп олтурган апам бизди карап:

– Көрдүңөрбү, “Бирөөнүн ырыскысы бирөөгө буюрбайт” дегени ушул тура! Мен бул нерсеге дагы бир жолу ынандым. Бул этке тракторчулардын да ырыскысы кошулган экен, ошон үчүн биз да унутуп калган экенбиз.

– Кудайымын кудуретин карагылачы, биздин да акылыбыздан алып коюптур, ошону үчүн этти такыр эстебептирбиз, – деп улам сөзүн кайталап, таң калып олтурду.

Ошодон улам биздин үйдө бул сөздөрдү ар дайым колдонуп келебиз.

– Ий, баланчанын ырыскысы турбайбы!

– Баланчанын ырыскысы кошулбаптыр, э, – деген сөздөрдү колдончу болдук.

Чындыгында, “Бирөөнүн ырыскысы бирөөгө буюрбайт”.

Автор

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген