Короз

1/5 - (1 добуш)

(аңгеме)

Жаш жигиттин көп максаттары бар болчу. Атасынын элесин деле билбей, иниси экөө апасын гана эш тутуп чоңоюшту. Мектепте жакшы окугандыктан ал андан ары билим алууну самачу. “Чоң кызматтарга жетсем” деген кыялдары көп эле. Тилекке каршы, иниси оорукчан болду. Өтө алсыз. Анын дартын эч ким билбейт. Тез-тез төшөккө жатып калат. Ошондо агасы анын айланасында чимирик тартып калат. Ысык чай, оокат жасап берет. Ал дагы сабакты жакшы окуйт. Жөндөмдүү. Инисинин ошол жагын ойлоп дагы “мен окубасам мейли, ушул иним окуп, адам болсунчу. Билимдүү болуп, жакшы кызматтарга жетсинчи?..” – деп, бар аракетин бир тууганынын окуусуна, анын ден соолугуна жумшай баштады. Апалары болсо эртели кеч талаада. Алардын айылындагы узатасынан кеткен талаага капуста айдалчу. Анан жер-жемиш. Жаз келгени ошону менен алек болушат. Кичинекей айылдагы саналуу гана аялдар ал жумушка чыгышат. Апасы мээнеткеч. Анын тырмыш, тыңдыгынан эл ичинде оокаттарын кылып жатышпайбы? Эки баланы атасыз чоңойтуш оңой бекен? 

Бир күнү апасы катуу ооруп калды. Дене табы көтөрүлүп, шалдырап эле жатып калды. Суук тийгизип алганбы? Алардын жумушу деле жеңил эмес да. Капустанын көчөтүнөн тартып, анын бышып, жетилип, тапшырганга чейинки жумуштардын бардыгын аткарышат. Капуста сууну сүйгөн жашылча да, сууну убагында беришет. Ошол жумуштарды жасап жатып, суукка урунуп калгандай. Ордунан тура албайт. Турса башы тегеренип, жыгылып кетет. Апасынын абалы оор экенин билген жигит эми үйдөгү иштерди да колго алды. Өзү болсо ошол капуста, башка жашылча-жемиштерди өстүргөндөрдүн табелчиси болуп иштей баштаган. Колхоздогу бригадир киши аны жетинчи классты бүтүп бүтүрбөй эле, ишке чакырып алды. Анткени, жаш жигит эсеп ишине тың болчу. Бригадир экөө кечкисин талаада иштегендердин ишин текшеришет. Эсебин алышат. Кагазга түшүрүшөт. Алардын жумушу да бир топ кыйын жана жооптуу болчу. Ар бир иштин так эсебин алыш керек. Кошуп, же алып жазуу деген чоң кылмыш экендиги ал учурдун башкы талабы болчу. Анан талаанын баш тарабында кичинекей тоок ферма да бар эле. Аны жакында эле ачышкан. Баш аягы беш жүздөй тоок бар. Аларды караган жоон-жолпу аял киши жакшы эле иштеп жаткансыйт. 

Жигиттин апасы төшөктө көпкө жатып калчуудай ооруду. Тердеп-тепчийт. Ал кезде кайдагы дары, кайдагы дарыгер. Тиги район борборунда оорукана бар. Ал жакка булардын жетиши да азап эле. Анын үстүнө апасы да кан какшап баш тартып жатты.

– Жок, эч жакка барбайм, үйдө эле жатам. Жакшы болуп кетем… – дейт, көзүн жалдыраткан уулуна карап.

– Сен кантесиң? – дейт, баласына сарсанаа болуп.

– Апа, чоңоюп калдым го? Менден кам санабаңыз. Доктурга алып барайын? – деп, жалдырайт уулу. 

– Жок, жок, эч жакка барбаймын. Эмне, мени “өлүп калат” – деп, коркуп жатасыңарбы? Өлбөйм мен. Мындай оорунун далайын жеңдим го? Тим гана суук тийип калды окшойт… – деп, кежирленет. Апасынан сарсанаа болгон жигит жумуштан бир азга бош боло калса, апасыннын жанына жетип келип, бирдеме берет. Үйдө деле жарытылуу эч нерсе жок да. Буудайды кууруп, аны үйдөгү таш жаргылчакка тарта сала, жарма кылып берет. Апасына ошол дагы дем-күч берет. Булардын короосунда мал деле жок. Апасы бир аз актык ичип турса да ирденип алаар беле? Жигит ошону ойлойт. Бирок, арга жок. Бригадирге айтып, эмгек акысынын эсебинен буудайды көбүрөөк жаздырып алган. 

– Алда балам ай, катуу убара болуп жатасың? Мен туруп кетем го? Суук катуу тийген экен да… – деп, өзүнө эмес, уулуна сарсанаа тартат эне. Тилекке каршы, апасы көпкө жатты. Анан негедир буту кыймылга келбей калды. Аны апасы өзү сезип, буттарын кармалайт. Уулуна билдирбешке аракет кылат. “Бүт денеме таркап кеткен суук дарт чыгып кетсе эле, жүгүрүп кетет элем” – деп, ичинен сызат. Бирок, туруп кете албады. Кыймылга келбеген буттар төшөк ичинде сулаят. Уулуна билдирбей кармалайт. Ургулайт. Деги эле эч нерсени сезбейт. Жансыз.

– Бул эмнеси? Деги эмне болгон дарт мага жабышты? Балам эми эс тартып келе жатканда, эмне мени дагы алып кетеби? Баламдын күнү эмне болот? – деген, эне билгизбей көз жашын төгөт. Уулуна канчалык билдирбегенге аракет кылса да, ал билип алды.

– Мына, апа, тилди албадыңыз эле. Караңыз эми, бутуңуз кыймылга келбей калды? Эми алып барайын, доктурга? – деп, безилдеди.

– Жок, балам эч жакка барбайм. Өлсөм ушул жерден өлөм… эч жакка барбайм! Мени ары-бери сүйрөп, кыйнаба? Тынч эле жата берейин!? – деп, ал дагы өз билгенин бербей, безилдейт. Жигиттин айласы кетти. Чын эле апасы таптакыр баспай калса эмне болот? Андан жаман да болуп кетсе, кандай арга табат? Айласы кетип, заманасы курулуп жатты. 

Бир күнү бригадир апасынын ал жайын сурады.

– Жакшы боло албай жатат. Эми буту баспай калды, –деди.

– Эмнеге? Деги эмнеси ооруду эле? – деди, бригадир.

– Биз суук тийсе керек дегенбиз. Башкача окшойт.

– Доктурга алып бардыңбы?

– Жок, Апам таптакыр көнбөй жатат. Болбой койду. Канча айтып, безилдедим. Ошол жакка барса жакшы болуп кетет эле. “Доктурдун ийнесинен корком” деп, эле безилдейт. Дарыны таптакыр ичпейт.

– Бул жагы кызык экен. Ооба, биздин тоолук аялдар ошондой коркок. Доктур алардын жанын сууруп ала тургансып. Тескерисинче айыктырат го? – деп, бригадир, кейип алды. Анан:

– Апаңа деги эмне берип жатасың? Ысык бирдеме ичип жатабы? – деди, жигитке.

– Үйдө болгонун берип жатам да. Жарма, ун аш жасап берип жатам.

– Анда мындай кылалы. Азыр экөөбүз тоок фермага баралы. Ошол жерден тиги аялга көрсөтпөй бир тоогун уурдап чыгабыз да, апаңа ысык шорпо жасап бер. Ошону ичип да ирденип алаар – деди, бригадир.

– Уурдасак болбойт го? Билип калышса, камап салышпайбы?

– Ээ, ошол бир тоок үчүн камаса камасын. Эгер билип калса, тиги эмгек акыңа жаздырып коём, жүр – деп, жигитти тоок ферма жакка алып жөнөдү. Алардын бактысына фермадагы аял иш ордунда жок экен. Дал ушул абалдан пайдаланып, бригадир ферма ичине кирип, өзүнчө бөлүнүп, камалып турган кичинекей корозду кармады да, мойнун бурай, башын үзө салып, жигитке сунду.

– Ме, койнуңа кат. Мойнунан бекем карма. Колуңдан түшүрүп алба! Кеттик. Тиги аял келе электе, кетип калалы – деп, шашыла басты. Алар фермадан чыкканча аял көрүнбөдү. Алыстай түшкөндө:

– Бар эми, апаңа жакшылап шорпо кайнатып бер. Барын бир салып салба, майдалап эки үч күнгө жетээрлик кыл – деген, бригадир, жигиттен бөлүнө, башка тарапка бурулду. Жигит болсо үйүнө шашыла жөнөдү. Ырасында да апасы бир канчадан бери ысык тамак иче элек. Мунун бардыгы жокчулуктун айынан да. Жигит канчалык тырмалаңдап иштесе да, апасы экөөнө жетерлик нан, же майда-барат бирдемелерди алып келген болот. Анан Апасына буудайды жаргылчакка жанчып, жарма кылып берет. Ага да айран кошо албайт, себеби, үйдө айран жок. Кыялында ушул короздон ысык сорпо жасап берсе, Апасы кубанаарын элестетип баратты.

– Апа, мен тоок алып келдим, азыр ысык шорпо бышырып берем. Бир ысык сорпо ичип, тердесеңиз, күчкө киресиз… – деп, койнундагы корозду жерге койду. Мойну үзүлгөн короздун али жаны чыга элекпи, жерге койгондо эле “кукулдап”, так секирип, үйдүн ичин айланып жүгүрүп жатты. Сыртта күүгүм талаш убак болгондуктан, үйдүн ичи да караңгы тартып турган. Короздун куркулдап, ары-бери секирип жатканы бир укмуш эле көрүнүп жатты. Муну көргөн апасы:

– Кокуй, кокуу-уй, эмне болуп кетти? Бул эмне-е? Ой, кокуй, жан алгыч келдиби? Кокууй… – деп, бакырып, ордунан тура калды. Короздун кукулдаганы, секиргени ага тири укмуштай эле көрүнүп жаткан белем, ачуу-ачуу кыйкырып жатты. Канчадан бери төшөк тартып, ордунан турбай жаткан Апасынын үй ичинде ары-бери жүгүрүп, короздон качып жүргөнүн, анан короздун улам дубалга уруна кукулдаганын көргөн жигит нес болуп туруп эле калды…

Автор

  • Журналист, жазуучу. Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү.

    Журналистика тармагында 40 жылдан ашуун эмгектенип келет. Аны менен бирге жазуучулукту да алып жүрүүдө. “Асмашам”, “Экөө”, “Кайып кыз”, “Ак келин”, “Сырдуу дептер”, “Санпа трагедиясы”, “Эчким”, “Көзмончок” китептери жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген