“Кылым жашап карыбастай көрүнөм…”
* * *
Кылым жашап карыбастай көрүнөм,
кетсем туруп келчүдөймүн көрүмөн.
Мен боройлоп шамал болуп басылбай,
мен ой ойлоп жамгыр болуп төгүлөм.
Кан жолума кут түшкөндөй жолуктуң,
өмүрүмдүн уңгусундай болупсуң.
Болчу ишке карап кетип кайдыгер,
болбос ишке жүрөгүмдү ооруттум.
Унутулуп күндөр ошол кайгырган,
улутунуп өзүң карек талдырган.
Жылдардын бир жылдарында жаркырап,
аткан таңдай чыкчудайсың алдымдан.
Буулуккан ак булут болдум айдалган,
жазган ырым караан болду калдайган.
Күлүп келем кайгыма да кашкайып,
үмүт деген үзүлбөсүн саргайган.
