Үмүт шооласы
“Кыш айы өз өкүмүн жүргүзүп, суук күчүнө кирген убак. Бирок бул кыш эмес, мындан төрт жыл мурунку кышты сүрөттөп жатам. Такси кызматында иштеп, кечке шаардагы тыгындан, сууктун күчүнөн, айрым жүргүнчүлөрдүн терс мамилелеринен чарчап, кечки саат тогуздарга үйгө келдим. Бирок бүгүн күндөгүдөн көңүлүм каш болуп, негедир бир нерсени жүрөгүм сезип жатты. Келсем кызым менен уулум көздөрү кызарып, үрпөйүшүп эшикте жүрүшүптүр. Аларды көрүп, жүрөгүм оозума тыгылды. “Эмне болду, эмне эшикте жүрөсүңөр?”, – десем , кызым ыйлап жиберди.
“Апам катуу ооруп жатат, аны көрүп коркуп качып чыктык”, – деди.
Аялым беш жылга жакындап калган боору ооруп, циррозго айланып кеткенин кеч билип калдык. Мүмкүн болгон баардык аракетти кылдык, аягында врачтар: “Төрт айлык өмүрү калды, эгерде каражат болсо боорду Индияга барып алмаштыруу керек, болбосо үйдө карай бериңиздер”, – деп чыгарып беришкен. Бул боор оору деген билинбей жүрүп күчөп кетет тура. Акыркы күндөрү келинчегимдин өңдөрү саргайып, ичине суу толуп кыйнала баштаган эле. Жанында аны карап отура берейин десем, үйдө тамак-аш, дары-дармек, эки баланын окуусуна акча керек. Айласыздан “Аллаха аманат”, – деп эртелеп балдарыма дайындап ишке чыгып кетем. “Атадан алтоо болсоң да, бир жалгыздык башыңда” дегендей, мен жети бир тууган, келинчегим беш бир тууган болсо да кези келгенде ар ким өзүнөн артпай калат тура. Аялымдын жанына коюп койгонго эч кимиси бошободу, айласыз эки балама дайындап чыгып кетип жаттым.
Ошентип үйгө чуркап кирсем келинчегим оорусуна чыдабай жылан-жылан болуп сойлоп, жанын коёрго жай таппай жатыптыр. Кирип эле аны кучактап, “болду, жаным, өзүңдү карма, сен үчүн мен эле боорумду берейин, тынчтан”, – деп аны бир аз болсо да тынчтанттым. Ал да “чындап бооруңду бересиңби” деп мени аянычтуу карап, көздөрүнөн жашы токтоосуз куюлуп жатты. Аны кыйнабайын деп мен да ага көрсөтпөй, ары карап, кудайга жалынып ыйлап жаттым.
Эртеси эрте менен экөөбүз ээрчишип анализ тапшырганы ооруканага бардык. Анализдерибиз кудай буюруп жакшы чыкты. Менин кан группам, ден соолугум баары жакшы экен. Врачтар сиз берсеңиз болот дешти. Бирок боор алмаштыруу үчүн Индияга үч миллион акча каражат керек экен. Мына сага, аны кайдан табам, төрт айдын эки жарым айы өтүп кетти биз ойлонгуча. Аялым болсо эки ай мурун эле аркы дүйнөгө даярданып алган. Анткени өзүнүн диагнозун билип, көптөрү бул оорудан айыкпай кош айтышкандарын угуп, көрүп-билип жатпайбы. Анын үстүнө беш жылдан бери дары-дармекке, ага-буга деп жүрүп көп акча кеткенин да билет. Азыр жаныбызда үч миллион эмес, үч жүз миң да жок чындаса. Ошентсе да менин донор болууга мүмкүнчүлүгүм бар экени экөөбүздү үмүттөндүрдү.
Үйгө келип акча табуунун жолун издей баштадык. Башкалардай эле, элден айланса болот деп, элден жардам суроону туура көрүп, тааныш блогерди Бишкектен суранып чакыртып, бир жарым айлык өмүрү калган келинчегимди сактап калууну чечтим. Бирок ошол учурда күнү-түнү кудайдан суранып Аллахтын бар экенине чексиз ишеним билдиребиз. Блогерибиз да тез эле келип, элге кайрылуу жасадык. Элден айланайын! Кагылайын кайрымдуу, боорукер кыргыз элимдин жардамы менен беш жүз миңдей акча чогулду. Ошол кайрылууну көргөн келинчегимдин классташ кыздары келишти көргөнү. Анын ахыбалын көрүшүп, “биз сага жардам беребиз, эч камтама болбо, дос, сени сөзсүз айыктырабыз”, – деп ала келген чай-чамеги менен бир аз топтоп келген акчаларын берип кетишти.
Күн өткөн сайын тамагыман аш өтпөй, келинчегимдин эле көзүн карап кудайга жалынам, бир айласын таап, шыпаа берчү өзүңсүң деп. Бир күнү классташтары дагы келишти чогулуп.
Бул күнү биз күтпөгөн жаңылык болду. Бир жарым миллион акча топтоп келишиптир. Ал акчаны жылда салт болуп калган жыйырма жылдык жолугушууга чогултуп жатышкан экен. Биз ойнобосок жок , башкаларга белек бербесек жок, сен айыгып кет дешип беришти. Эми аларга айтаар сөзүбүз, ыраазычылыгыбыз кагазга батпайт. Бул жолу классташ балдары да келди. Ошондо чындап ишендим “Кудай деген кур калбайт” деген элдик макалага. Сүйүнгөнүбүздөн көз жашыбыз менен эле ыраазычылык айтып, алкап жаттык. Ошол акча менен эле айыгып кетет деген ишеним пайда болду. Эми элден чогулган акча менен эки миллион болуп калды.
Аялым баягыдай өзүн таштабай бир аз чыйралып, жашоодон үмүттөнө баштады. Мен да буту күйгөн тооктой калган акчаны чогултуу үчүн тууган-урук, дос- жар, кайын журт баарына айтып, түшүндүрүп, күнү-түнү чуркадым.
Май айы келип, күн ысып, келинчегим дагы кыйнала баштады. Беш жүз миң акча тапсак жөнөп кетмекпиз. Эх, ушул жерде “бирөө ичээрге суу таппай жүрсө, бирөө акчасын кайда иштетээрин билбей жүрөт” дегендей эле болду.
Акыры жок, беш жүз миң да табылды. Кайната байкуш кредит алып берди. Кайнене да ушул оорудан жаш эле өтүп кеткен экен. Ал болгондо кызынын жанынан карыш жылбай карайт эле деп калам.
Мынакей биз издеген акча чогулду, эми калганы кудайдан деп, келинчегим экөөбүз даярданып, Индияга жөнөп кеттик.
Ал жерде котормочулар тосуп алышты. Күн кырк беш градус ысык.
Барып кайрадан анализ тапшырып, мейманканага жайгаштык. Ошого чейин биз эле ооруп жаткандай ойлоп жаткамын. Аа-ий, кагылайын кыргызым, жанагы Кытайдын чипси, флештери, дрождору, идиш жууган каражаттарын күнүмдүк колдончу каражат катары колдонуп, чипсилерди балдар ыйласа алып берип, бирок өзүбүздүн өмүрүбүздү канчалык талкалап жатканыбызды ошондо билдим!
Аттиң! Канчалаган жаштар, акчалуулар, биз сыяктуу акчасыздар өмүр менен өлүмдүн ортосунда күрөшүп жүргөндөрүн көрүп зээним кейиди.
Кенебеген кыргыз дале кенебей жүрөбүз.
Ошентип барган мээнетибиз текке кетпей, менин боорум, кан тамырларына чейин дал келүүсү керек экен. Ал жерде кыргызчылык деген жок. “Мынаны алып кой, тууралап кой” деген такыр жок. Акчаң болуп турса да, туура келбесе “башка донор тап” дейт, же такыр мүмкүн эмес деп ачык айтып жолго салганын өз көзүм менен көрдүм.
Кудай жалгап, он төрт күн дегенде, биздики баары дал келип, жакшы чыкты.
Эгер туура келбесе башка донор таап, жүз элүү миңге алдырыш керек эле. Он алтынчы күн дегенде бизди операцияга даярдап алып кирди. Мени биринчи алып кирди, аялымды жарым саат кийин алып кириптир. Бирөөнүн элинде, бирөөнүн жеринде экөөбүз эки жерде мусаапыр болуп өмүр менен алышып жаттык. Мен тогуз саат, аялым 15 саат операция болуптурбуз.
Эх, ошондо, операцияга кирип бараткандагы ойлор. Эмнелер гана келбеди оюма.
Биринчиден, Аллахтын жардамы, экинчиден, дарыгерлердин жардамы менен аман-эсен операциябыз ийгиликтүү аяктады. Анткени ошол эле күнү Алайлык бир ага менен сүйлөшүп, ал да аялы донор болуп келгенин айтып, бири-бирибизге жакшы сөздөрдү айтып ийгиликтүү чыгып алалы деп бата беришкенбиз. Бирок ал агабыз операциядан чыккандан кийин кан токтобой өтүп кеткенин угуп, ыйлап-сыктап узатып кала бердик. Аялынын ыйлаганын көрүп, андан бетер болобуз. Кырктан эми эле өткөн экен.
Ошентип, биз да ысыктын күнүнө айласыздан чыдап, кырк күндөн өтүп, өз эл- жерибизге келип алдык.
Азыр мына буюрса эки жылга карап кетип жатат, мен, кудайга шүгүр, беш айдан соң акырындап таксиме чыгып ишимди улантуудамын. Келинчегим болсо бир жылдан ашык режим кармап, азыр кадимкидей болуп, семирип, мени урушканга жарап калды.
Айланайын, кыргыз элим! Ансыз да аз калкпыз, эң биринчиден, ден соолукту карайлы. Илгерки эле жармабызды ичип, кара наныбызды ачыткыга жаап жеп, көчөдөгү фас-фуддарды жебей, өзгөгө эмес, биринчи, өзүбүзгө күйөлү.
Боорду алмаштырып келдим, эми жей берсем болот, мынаны жасай берсем эч нерсе деле болбойт деп кыргызчылык кылып маани бербей койбой, врачтардын айтканындай өтө катуу режим кармаш керек экен. Ал айтканым, бир өзбек туугандардан да бирөө биз сыяктуу операция болуп, бир жакшына келген. “Бир жыл болду эми”, – деп майлуу самсадан бирди жеп, ошол күнү бул дүйнөдөн кете берди.
Тамак табылат, кийим, оюн-күлкү, айыл табылат экен. Ал эми адамга эң кымбат, эң баалуу болгон өмүр табылбай турганын баарыбыз түшүнүп жетели.
Дагы бир жолу кыргыз элиме, айрыкча келинчегимдин классташ балдар-кыздарына чексиз-чексиз ыраазымын! Күндө намазыбызда, баарына БАТАБЫЗДЫ берип, өмүрлөрүн тилейбиз.
Азыр мына эки жылга жакындап баратат бала-чакам менен бактылуу болуп, келинчегимди оорунун чеңгелинен көптөп сууруп алып, Кудайга миң ирет шүгүр айтып, салаваттарды айтып такси кылып жүрөм эже”, – деп көздөгөн жерибизге жеткирип сөзүн бүтүрдү, бизди алып келген Кадамжайдын күйө баласы. Бул болгон окуяны бир аз көркөмдөп жазып, элге жеткирейин деген ойдо үч күн жүрүп бүгүн сааты келип жазып жатам, урматтуулар.
Биринчи байлык – ден соолук, ден соолук болбосо, кийим, үй-жай, машина, байлык, иш да көзгө көрүнбөйт да, туурабы? Андыктан ден соолукту асырайлы!
Ден соолукту биринчи орунга коёлу.!
Үмүттүн шооласы өчпөй, дайыма жанып турсун! Ооруларга шыпаа берсин, заманыбыз тынч, элибиз эсен, телегейбиз тегиз, балдарыбыз эгиз болуп, жакшы жаңылыктарыбыз көп болсун.

