Ичтен чыккан ийри жылан
Суук түшүп баштаганда тоо ылдыйлап, тобу менен күнгөй бетте жашады бу чил. Жаз чыгаары менен жогорулап жылып, аскасы асман тиреген аска-таштарды мекендеп калды. Карарган караган бутактын түбүнө уя салды. Бир аз күн өтпөй эле жети жумуртка пайда болду уяда. Чилдин сүйүнгөнүн айтпа, жем-чөп жегени да чыкпай жатып калды. Кудай бешенесине жалгыздыкты жазганбы, айтор, өзүнө өзү кам көрөт. Түгөйү жем таап келем деп төмөнгө түшкөн боюнча уяга кайтпай калды. Не түлкү жегенин, не эки аяктуу жаныбар жегенин билбейт. Ошондон улам даяр жем төгүлгөн жерлерге барбас болгон, тузак деген болот экен. “Тарс” этип үн чыккан темирлер болот экен коркунучтуу. Андайда аска таш жаңырып эле жатып калат…
Элден-журттан бөлүнүп өзүнчө уя салып алган минтип. Эми ушул жөжөлөрүн аман-эсен чыгарып алса чоң жеңиш.
Күн төбөдөн ылдыйлаган менен аптап али күчүндө. Шам-шум эте калганы чил уясын таштап тээ булак башына учту. Суу ичип, анча-мынча дан чокуп, өзөк жалгаган болду. Төрт-беш эки аяктуунун гүл теришип жүрүшкөнүн көзү чалып калды аңгыча. Так эле ошол уясы тарапта жүрүшөт, жүрөгү шуу дей түштү. Ал учуп келгенде тигилердин карааны көрүнбөй калган. Уясын карап эле ээси ооду, бир эле жумурткасы калыптыр. Ал дагы негедир узунураактай көрүндү. Бирок, жаман ойлорду энелик сүйүүсү жеңип, ушунун калганына да шүгүр дегендей жумуртканы басып калды. Жем-чөп жегени да чыкпады бу саам. Ордунан өйдө болуп, талыган буту-колун жазган болот деле, кайра эле балапанын жылуу бооруна басып, кыймылсыз. Күндөр өтө берди. Жумуртканын ичиндеги соккон жүрөктүн дабышы күн өткөн сайын дааналап угулуп барат. Мына, жумуртка чырт этип жарылып, ичинен сары суу акты. Ачылып калган жеринен жылтыраган көз көрүнө түштү. Эненин кубанычында чек жок эле бул учурда, тумшугу менен жумурканын калган жагын чегип, балапандын сыртка чыгышына шарт түзө баштады. Баш чыкты. Былтыркы балапандарына эч эле окшошподу бул балапаны, чыгып-чыкпай жатып эки ача тилин соймоңдотуп. Тилиңен айланайын деди эненин жүрөгү. Тигил өзгөчө балапаны тилин соймоңдотуп, жылуулук издеп жатканын түшүндү. Бооруна кысты жыланды. Жылан мемиреп уйкуга кирди. Эне да көөшүлдү. Кипкичинекей болгон бул макулук эт жүрөгүн элжиретти го тимеле, жалгыздыгын да унуттурду.
Муну өткөндө гүл терип жүргөн балдар ойношуп, чилдин жумурткаларын алып, ордуна жыландын жумурткасын салып кетишкен экен. Чил эне болсо ал күндү ошол эле күнү эсинен жууп, чыгарып салган.
Ошентип, аны бооруна басып, бага баштады. Күндөр зуулдады. Эртең менен уясынан учуп чыгып, көпөлөк, чымын-чиркей кармап келет эне байкуш. Ал келгенче жылан мамык төшөлгөн уянын түбүндө шакектей төптөгөрөк болуп алып, күнгө кактанып жата берет.
Көйгөй жай келип, балапандар учкан кезден башталды. Бир күн жем тиштеп келсе эле он чакты балапан анын уясын тегеректеп калышыптыр.
– Чил эже, балапаныңыздын эмнеге канаты жок? – деди алардын бири.
– Бар эле, – деди чил чый-пыйы чыгып, – бул али кичинекей да, канаты эми чыгат.
Ошондон кийин чил балапандар анын жыланын бирдеке кылып коюшпасын деп бир аз мезгил эч жака чыккан жок. Бирок, эки күндөн кийин кайра эле чыгууга аргасыз болду. Уяда жата берсе өзү да, баласы да ачка калбайбы.
Түнү менен кирпик какпай, баласын шок балапандардан кантип коргоонун амалын ойлоп чыгат. Акыры ойлоп-ойлоп, баласын алар менен достоштурууну чечти.
– Чогуу ойногула, ээ? – дейт тиштеп келген көпөлөгүн бирде бир балапандын, бирде тигил балапандын оозуна салып, – бул деле силердин тууганыңар.
Чын эле бир аз мезгил алар бири-бирине үйүр алып, чогуу ойноп калышты. Балапандар канат күүлөп учушканда жылан ийрелеңдеп, алардын артынан сойлоп алат. Анан эле балапандар анын уясынан жаа бою качышчу болду. Буга эмне себеп болгонун чил кошуна чымчыктардын көз карашынан, мамилесинен түшүндү. Көрсө, ата-энелери ага жолобогула, ал жылан. Силерге душман деп күндө кулактарына куят окшойт да.
Анан балапандар чоңоюп, канаттары күчкө кирген соң жыландан качпай, чогулуп келип чокушчу болду. Чил келсе эле он чактысы туш тараптан кызыл ала кылып чокуп аткан болот. Чил аларды каргап-шилеп, туш тарапка кууп кирет. Баласынын жооштугуна, момундугуна зээни кейийт. Жылан аты эле болбосо эч кимге зыяны жок бир бечара.
– Сен деле каршылык көрсөтсөң боло, – дейт каңырыгы түтөп.
Бир күнү чил катуу ооруп, ордунан тура албай калды.
– Апа, сиз жатып туруңуз, мен жегенге бирдеке таап келейин, – деди жылан.
– Жок, балам, бүгүн чыдасак, эртең жакшы болуп калаармын.
Бирок, жылан болбой эле жөнөп калды.
– Бат эле келем, – деди сойлоп чыгып баратып.
Арадан канча убакыт өттү билбейт, эс-учун билбей жаткан чилдин кулагына “апа” деген ачуу чаңырык угулду.
Чил акыркы күчүн жыйнап, башын көтөрсө үймөлөктөшкөн көп чымчык жыланды чокулап жатышкан экен. Адегенде аны чоңураак чымчыктар моокуму канганча чокуп, анан кызыл ала болгон жыландын каршылык көрсөтмөк турсун кыймылдаганга шайы келбей калганда, майда балапандарга калтырып, өздөрү четке чыга беришкен окшойт. Эми чабал, бечел майда балапандар өзүн эр сезип, жыланды чокуп жатканына эрдемсип, ырахаттанып жатышкан кези экен. Байкуш жылан болсо бирде ары, бирде бери тоголонуп, “апа” – деп кыйкырып коет. Бирок, анын тилин чил гана түшүндү. Калган балапандар үчүн болсо анын аянычтуу чаңырыгы жөн гана бир “кыш-ш” деген добуш, жөн гана бир жылан ышкырык болчу.
Чил: “тийбе, тумшугуң сынгырлар! Тийбе, жубармектер”, – деп акыркы жолу ачуу кыйкырып алды да башы шылк эте түштү.
Ылдый жакта болсо балапандар чалажан жыланды дале маашырланып, мактанып чокуп, ары-бери тарткылап жатышты…
