Жаздын деми
Кар эрип жаздын жыты жыттанып,
Жер көктөп жашыл шибер төшөлүп.
Суулар агып сайлардан ташкындап,
Жан дүйнөмдө ырлар төгүлүп.
Бүркөк асман булуттар чар тарапта,
Чагылган болуп күркүрөп заматта.
Нөшөрлөп жамгыр төгүлөт,
Дем берет жерге, жаратылышка.
Кыш кетип, кезегин берди жазга,
Жазында дем берип дыйканга.
Жер айдап, эгин сээп талаага,
Жаздын бир күнү күзгө тете да.
Жашыл шибер гүдөп талаада,
Жаратылыш кооздугу ырларда.
Жаздын көркү эргүүнү берип,
Акындын дүйнөсүндө сырында.

