“Кандай досум? Шыйпаңдатып куйругуң…”
* * *
Кандай досум? Шыйпаңдатып куйругуң,
Менден, байкуш, бир нерсени сурайсың.
А көзүңдө ишенбестик, кайгы-муң.
Келчи жакын, теппейм сени, урбаймын.
Келчи жакын, айга чогуу улуйлу.
Сен караба менин адам кейпиме.
Чыгаралбай эч ким укпас бугумду
Сендей гана жалдыраган итмин мен.
Келчи жакын, айга чогуу улуйлу.
Орусча айтсам: “Будет вместе веселей”.
Жалдырайсың, шыйпаңдатып куйругуң,
Сен да мага ишенбейсиң кенедей.
05.1997

Арыба, Марат. Марат, сен калемгер атмайдын чыгармаларына Күндүн көзүн көрсөтүп, жарыкка чыгарып келесиң. Кыргыз адабиятына Опол Тоодой эмгек сиңирип койдуң. Аныңа кыргыз калемгерлери бүт ыраазы.
Сенин ырларың өзгөчө ырлар. Котормолоруң мыкты. Адабий көрөңгө куржунуңдун көзүн ачканың жакшы болду.) Башка ырларыңды жана котормолоруңду да жарыялап тур. Күтөбүз.
Чоң рахмат!
Ийгилик коштосун,турмуштук жашоодогу көйгөйлөрдү чагылдырган, ыр саптар экен..
Чоң рахмат!