| |

Агата Кристи: “Бийчи айымдын баалуу мончоктору”

5/5 - (3 добуш)

(аңгеме)

Кучак толо хризантема гүлүн көтөргөн чиркөө кызматкеринин аялы, чиркөөгө жанаша турган өз үйүнүн бурчунан чыкты. Бакчанын кара топурагынын күкүмдөрү бут кийиймине жана мурдунун тегерегине чейин жармашып калыптыр. Аны байкаган деле жок. Ал чиркөөгө бет алып, дат басып калган дарбазанын эшигин дароо ача албай күймөлө түштү. Аңгыча кайдан-жайдан катуураак жорткон жел келип саал кыйшайып турган баш кийимин оодара түртүп кетти.

– Ай, каран калгыр! – деп сүйлөнүп калды Банч.

Бөбөк төрөлгөндө жакшы тилек кылып кызга Диана деген ысым ыйгарылган. Бирок, төрөлгөндөн бери эч ким Диана деп чакырчу эмес. Жөн гана Банч деп коюшчу. Хризантемасын кучактаган боюнча короого кирип, чиркөөнүн эшигине жакындап келди. Ноябрь айындагы жылуу, нымдуу аба бир калыпта мелмилдейт. Асманда булуттар ар түрдүү сүрөт жаратып, каалгып кайдадыр чубалат. Чиркөөнүн ичи караңгы жана муздак болчу. Бул жерди кандайдыр кызматтар болгондо гана жылытышаар эле.

– Бррррр! – деп ичиркене түштү Банч. «Батыраак кыймылдабасам бул жерде тоңуп калчудаймын» – деп, сүйлөнүп шамдагай кыймылдап керектүү нерселерди чогултууга киришти. Суу толтурулган чөөгүндү, гүл коюла турган такталарды, кооз идиштерди таап ордуларына жайгаштыра баштады.

«Ылбыраган хризантемага караганда бизде лилия гүлдөрү болсо сонун болмок, кийинки учурда хризантемалар мени жадатып жиберди» деп ойлоп койду. Бат-бат кыймылдап, чиркөөнүн жасалгаларын көркүнө чыгарып жүрөт. Чиркөө жөнөкөй. Эч кандай өзгөчөлүгү жок. Аны өзгөчө кыла тургандай Банч Хармондо ашып-ташыган чыгармачылык чымын жок. Ошентсе да гүлдөр коюлганда жагымдуу маанай пайда болду.

Колундагы гүл салынган идишти этият көтөрүп чиркөөнүн төрүн (алтарь) көздөй басты. Аңгыча көгүш түс менен сүрөттөр тартылган кооз терезелерден күн баш багып караңгылык суюла түштү. Күндөн келген жарык Банчка жагымдуу болду. «Укмуш, тим эле баалуу таштардай кооздук» деп ойлоно калган ал алды жакты карап каккан казыктай тык токтоду. Чиркөөнүн төрүнө алып барчу тепкичтердин орто ченинде кандайдыр бүрүшкөн караанды көзү чалды. Гүлдөрдү бузуп албас үчүн этияттап жерге койду да, акырын караанга жакын басып келди. Үстөмөндөп жаткан эркек киши экен. Тизелеп отура калып, жүзүн өзүнө карата оодарып тамырын басып көрдү. Араң эле согуп атыптыр. Өңү купкуу. Адам өлүм алдында жатканын сезди Банч.

Үстүндө көп кийилип, сүзүлө түшкөн күзгү кемсели бар бул адам болжолдуу кырк, кырк беш жаштарда окшойт. Тамырын кармап көргөн алсыз колун акырын түшүрүп, көкүрөгүнө баскан экинчи колуна көз жүгүрттү. Бир нерсени бекем мыкчып алгандай. Акырын үңүлө карап «жүз аарчы окшойт» деп ойлоду. Көрүнүп турган жактарында кочкул күрөң тактар байкалат. «Кургап калган кан окшойт» деп тизелеген боюнча акырын жүзүнө карады эле жабык турган көздөр шарт ачылып, Банчты тигиле тиктеп көздөрү чагылыша түштү. Кыйналгандай көрүнбөйт. Тескерисинче кайраттуу. Эриндери алсыз кыбырай түшкөндө эңкейе калган Банч бир гана сөз укту:

– Баш паана.

Бул сөздү айтып жүзүнө жагымдуу жылмайуу пайда боло калгандай болду. Ооба, ал ошентип айтты. Ал тургай кайталады:

– Ыйык… баш паана.

Ошону менен оор дем алып, көздөрү кайра жумулду. Банч кайрадан тамырын кармап көрдү. Согуп атыптыр. Бирок өтө алсыз. Ордунан ыргып турду да:

– Кыймылдабаңыз! Турууга да аракет кылбаңыз, – деди. Мен жардамга бирөө жарымды таап келейин.

Аңгыча тигил адам кайрадан көзүн ачты. Түштүк тараптан күн тийип турган терезеге тигиле карап дагы бир нерсе деп булдуруктады. Даана эмес. Чала угулса дагы өз күйөөсүнүн аты аталгандай болду.

– Джулиан дейсизби? – кайталап сурады. – Сиз бул жерге Джулиан менен жолугуу үчүн келдиңизби?

Жооп болгон жок. Араң жан дем алып, көздөрү кайрадан жумулуп кетти.

Банч тез бурулуп чиркөөдөн чыга жөнөдү. Саатына көз жиберип, «дарыгер Гриффитс жумушунда болсо керек» деп ойлоду. Дарыгердин үйү чиркөөгө жакын болчу. Банч эшиктин коңгуроосун каккан жок, эшикти такылдаткан да жок. Түптүз кабылдамасы аркылуу иш бөлмөсүнө жөөлөп кирди. Учурашканга жарабай эле:

– Сиз дароо мени менен барышыңыз керек, Гриффитс мырза! Чиркөөдө бир адам өлүм алдында жатат, – деди.

Бир нече мүнөттөн соң өлүм алдындагы адамды бир сыйра кароодон өткөргөн дарыгер ордунан турду.

– Бул адамды силердин үйгө жеткирүүгө мүмкүн болоор бекен? – деп сурады дарыгер. Мага абдан ыңгайлуу болмок. Бирок, ачыгын айтсам, баары бир кеч болуп калыптыр.

– Албетте, – жооп кылды Банч. – Мен алдыга барып Харпер менен Джонсту сизге жардамга жиберейин да орун камдайын.

– Рахмат. Мен анда силердин үйдөн коңгуроо кылайын. Шаардан санитардык унаа жиберүүсүн суранышым керек. Унаа келгенге чейин өлүп калбаса экен, – деп, кабатырланды дарыгер.

– Ичине кан толуп кеткенби? – деп сурады Банч.

Дарыгер башын ийкеп койду.

– А бул биякка кантип келип калган? – деп Банчты суроолуу карады дарыгер.

– Менимче түнү бою ушул жерде жаткан окшойт, – ойлоно калып жооп кылды Банч. – Харпер адатта эртең менен жумушуна чыкканда чиркөөнүн эшигин ачып койчу. Бирок, ал бул жерге чейин келчү эмес, – деп кошумчалады.

Арадан беш он мүнөттөй өтүп, дарыгер Гриффитс телефонду ордуна или,п кайрадан жарадардын жанына келди. Шашылыш даярдалган орунда жаткан болчу. Банч ошол жерде экен. Колунда суу куюлган кичине темир табагы сүлгүлөрү бар. Тегерегин тазалап жатыптыр.

– Баары жайында элеби? – сурап койду Гриффитс. – Мен унааны чакырып койдум. Анан полицияга кабарладым, – деп сүйлөнүп, жарадар адамды мурдун бырыштырып саамга карап турду. Ал болсо көзү жумулуу боюнча сулк жатат. Сол колунун манжалары талма болгон адамдыкындай ачыла-жумула калып жатканы байкалат.

– Тапанчадан ок жаңылган экен. Болгондо дагы өтө жакын аралыктан атылган, – деп сөзүн улады дарыгер. Анан чөнтөгүнөн жүз аарчысын алып бүктөй кармап дагы деле кан кетип аткан жараатты басып турду. «Кан токтосун» дегени окшойт.

– Мындай учурда, тагыраагы, ок жаңылган адам алыска чейин өз алдынча басып бара алабы? – сурап калды Банч.

– Толук мүмкүн. Адатта октон катуу жараат алган адамдар дагы ордунан туруп бир канча аралыкка эч нерсе болбогондой басып кеткен учурларды билебиз. Беш-он мүнөт басып жүрүп анан кулагандар болот. Андыктан «ок чиркөөдөн атылган» деп ишенимдүү айтууга мүмкүн эмес. Өзүн-өзү атуусу да мүмкүн. Андан соң тамтаңдап отуруп чиркөөгө кирип жыгылса керек. Бирок «эмне үчүн чиркөөгө» деген суроо болуп атат менде. Эмне үчүн силердин үйгө барган жок?

– Бул сурооңузга жооп бере алам, – деди Банч. – Ал өзү айтты. «Ыйык баш паана» деди.

Дарыгер аялга таң кала карап кайталап сурады:

– Ыйык баш паана дейсизби?

– А мынакей Джулиан өзү дагы келип калды, – деди Банч, күйөөсүнүн үйгө кирип келаткан кадамдарын угуп. Аны менен катар эле «Джулиан! Бул жакка кирчи», – деп чакырды.

Чиркөө кызматкери «ыйык аталык» (святой отец) Джулиан Хармон акырын басып бөлмөгө кирди. Ал өз курагынан бир топ улуу көрүнгөн, олдоксонураак адам болчу.

– О, кудайым, колдой көр! – деп кобуранып төшөктө жаткан жарадарды жана жанындагы дарыгердин шаймандарын карап калды саамга. Банч дароо эле көргөн-билгенин түшүндүрүгө киришти:

– Мен муну чиркөөнүн ичинен оор абалда таап алдым. Тапанчанын огу жаңылыптыр. Сен бул адамды тааныйсыңбы, Джулиан? Мага ал сенин ысымыңды атагандай угулду.

Чиркөөнүн «ыйык аталыгы» төшөктөгү адамга бир топ үңүлө карап турду.

– Бечара, – деди башын чайкап. – Жок, мен тааныбайт экенмин. Мурда-кийин дагы эч жерден көргөн эмесмин деп ишенимдүү айта алам.

Ошол маалда тиги жарадар кайрадан көзүн ачты. Дарыгерди, Джулиан Хармонду карап, анан анын көз карашы Джулиандын аялына келип такалды. Гриффитс бир аз алдыга обдулуп:

– Мүмкүн болсо сиз бизге айтаар бекенсиз… – деп келатканда жарадар адам калтаарыган үн менен Банчтан көзүн албай:

– Суранам сизден… суранам сизден… – деген боюнча диртилдеп барып үзүлүп кетти. Ооба, ал өлүп калды.

Өзүнүн кол китепчесин барактаган сержант Хэйс колундагы жыгач кара калемдин учун жаланып:

– Болдубу? Сиз мага бере турган маалымат ушул элеби?

– Ооба, ушул эле, – жооп берди Банч. – А булар анын кемселинин чөнтөгүнөн чыккан буюмдар.

Үстөлдүн үстүндө сержанттын чыканагынын жанында капчык, «У.С.» деген араң окулган жазуусу бар эски чөнтөк саат жана Лондонго кайра кайтуу үчүн алынган белет жаткан болчу.

– Бул адамдын өздүгүн тактай аласыңарбы? – деп сержанттан кайра сурады Банч.

– Бизге өздөрүн мырза жана мырзайым Экклс үй-бүлөсү болобуз деп бирөөлөр мурдараак телефон чалышкан болчу. Менин оюмча, өлгөн адам ошол Экклс мырзайымдын агасы окшойт? Ошол чын болсо мунун теги Сендбурн. Көптөн бери акыл-эсинен оорукчан болуусу мүмкүн. Акыркы убактарда оорлошуп бараткан дешет. Мурдагы күнү үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылган эмес. Тапанчасын жанына сала кеткен.

– Ошондо, бул жакка келип анан өзүн атып өлдүбү? Эмне үчүн?

– Айттым го, бир аз оорукчан болгон. Көңүлү чөгүп жүргөн.

– Мен аны айтканым жок. Эмне үчүн бул жерден? Чиркөөдөн?

Бул суроого сержант Хэйсте азырынча жооп болбогондуктан сөздү буруп кетүүгө аракет кылды:

– Ал саат бештеги автобус менен келген окшойт.

– Аа, ошондойбу, – кайра сурады Банч. А эмне үчүн?

– Биле албайм, Хармон айым! Биле албайм, – моюнга алды сержант. – Бул нерсеге түшүндүрмө берүү кыйын. Адам качан акыл эсинен ооруй баштаганда…

Банч анын сөзүн бөлүп кетти:

– Анда адамдар башы оогон жерге барып өлө беришеби? Мынчалык алыс жерге келип өлүшү дагы да болсо акылыма сыйбай турат. Же бул жакта кандайдыр тааныштары болгондур? Ошондой эмеспи, сержант мырза?

– Эми, кандай болгон күндө дагы биз тааныштары болгон же болбогонун тактай элекпиз, – деди сержант. Ал ошол маалда шилекейине чакап кетти окшойт ыңгайсыз абалда көпкө жөтөлүп алды да ордунан туруп баратып:

– Балким, мырза жана мырзайым Экклстардын бүлөсү сиздерге «жолугабыз» деп калса каршы эмессизби?

– Каршы эмесмин. Аларга окуя тууралуу эч нерсе айтып бере албасымды билем. Балким алар келсе көбүрөөк маалымдар болуп калармын.

– Андай болсо, мен барайын, – деди сержант уруксат сураган адамга окшоп:

– Мейли! Эмнеси болсо да чиркөөнүн ичинде адамды атайылап өлтүрүү болбогон деген ишеним менен кудайга шүгүр кылайын, – деп Хармон айым айтып оозун жыйганча дарбазанын жанына келип токтогон унаанын күрүлдөгөн доошу угулуп калды.

Терезеден шыкаалай караган сержант өзүнчө бүтүм кылып:

– Болду-болбоду мен айткан Экклстин бүлөсү келди окшойт, – деп күңкүлдөп калды.

Банч муну угуп негедир ичиркене түштү. Балким мынчалык тез келип калышат деп ойлобогондур. Же өлгөн адамдын туугандары менен сүйлөшүү бир аз оорураак болор дедиби. «А мейли бир нерсе болсо Джулиан жардамга келер. Тууганын жоготкон адамды жооткотуу жагынан чиркөө кызматкеринен кыйын ким бар эле», – деп өзүн алаксытып койду. «Кандай адамдар болду экен», – деп ойлоп жаткан. Учурашып келген адамдарга бир аз көз жүгүрттү. Экклс мырза бойлуу, жоон-жолпусунан келген олбурлуу эркек экен. Жүзү бир башкача кызыл болуп көрүндү. Жай убакта ал тамашакөй, шайыр адам окшойт. Экклс айым болсо, тескерисинче, шойкомдуу, жүрдөөк, обу жок аялдай көрүнөт. Жүзү кумсарып мээримсиз, муздак. Эриндери кымтылып, сүйлөсө мээни көзөп кете тургандай ичке жана ачуу чыңкылдаган үнү бар. Учурашып алган соң:

– Бул иш биз үчүн кандай оор сокку болгонун түшүнөрсүз, Хармон айым? – деп сүйлөнүп калды Экклстин аялы.

– Албетте! Мен жакшы түшүнүп турам, – жооп кылды Банч. – Отурсаңыздар! Балким бир нерсе сунуш кылармын?..

Экклс мырза түк баскан колун жаңсап «жок» дегендей белги кылып:

– Жок, жок, ыраазыбыз. Пейилиңизге рахмат! Кандай десем. Биз билсек дегенбиз. Ал, өлөр алдында сизге, балким, бир нерсе айткандыр? Болгон иштин башка учурлары боюнча дагы айтып бере аласыз деп ойлойбуз. Бечара Уильям,.. – деп үшкүрүндү.

– Ал көп жылдар саякаттап жүрдү, – деп кепке кошулду аялы. – Балким, турмушунда кандайдыр оор акыбал болгондур деп, кооптонуп жатабыз. Саякаттан кайтып келген соң такыр чүнчүп кеткен болчу. «Бул жашоонун маңызы жок. Мени алдыда эч нерсе күтпөйт», – деп эле сүйлөнүп калган. Бечара Билл. Дайыма болор-болбос нерсеге жеңилип кала турган адам болчу. Дароо наалый баштачу.

Банч экөөнө карап тынч гана угуп отурду.

– Ал менин күйөөмдүн тапанчасын көтөрүп кетиптир, – деп улантты Экклс айым. – Биз шек санаган дагы эмеспиз. Андан соң автобус менен бул жакка кетиптир. Мындай жаман ишти үйдөн жасагысы келбеген окшойт. Менимче, бул татыктуу чечим.

– Бечара жигит, – үшкүрүп калды Экклс мырза. – Эч кимди бул боюнча күнөөлөп болбойт. Ал сизге кат берген жокпу? Мисалы, «кечиргиле» деген, же кандайдыр ошол мааниде?

Анын жылтыраган, чочконуку түспөлдөш көздөрү Хармон айымды абдан кунт коюп карап турган. Бир нерсени укпай кала тургандай Экклс айым да эңкейе түшүп, чыдамсыздык менен тыңшап калды.

– Жок! Ал өлөр алдында бир гана сөз айтты: «Ыйык баш паана».

Экклс айым чыдамы кеткендей тыбырчылай түшүп, кайталап сурады:

– Ыйык баш паана дейсизби? Буюрбасын, эч нерсе түшүнгөн жокмун.

Экклс мырза шашкалактап түшүндүрүүгө аракет кылып, аялынын сөзүн бөлүп кетти:

– Ыйык чиркөөгө, менин кымбаттуум! Ыйык чиркөөгө. Өз жанын өзү кыюу күнөө болгондуктан ошол күнөөсү үчүн кудайдан ырайым сураганы баргандыр. Бул чиркөөнүн ыйык аталыгынын жубайы бизге ошону түшүндүрүүгө аракет кылып жатат окшойт.

– Үзүлөөр алдында, – деп кошумчалады Банч. – Бир нерсе айтууга аракет кылды. «Сизден өтүнөм» деген боюнча башка эч нерсе айтууга жетишпей үзүлүп кетти.

Экклс айым жүз аарчысын жүзүнө жакындатып, чимкиринип жиберди да:

– Кудайым ай, кандай гана оор, – деп онтолоп калды.

– Кой, кой! Өзүңдү карма Пам! Анчалык кейибе. Болор иш болгон соң кандай арга кылат элек. Бечара Билли. Кандай дегенибиз менен жаны жай алып калгандыр. Биз сизге ыраазыбыз, Хармон айым. Сизди ишиңизден калтырып койдук окшойт. Чиркөөнүн ыйык аталыгына жубай болгон соң милдеттериңиз көп болсо керек.

Алар коштошуу үчүн даярданып калышты. Кайта беришерде Экклс айым капыстан шарт бурулуп сурады:

– Ах, дагы бир нерсе. Анын калың күзгү кемсели сиздерде калдыбы?

Банч бүшүркөй калып:

– Кемсели?

Экклс айым түшүндүрдү:

– Биз ага тиешелүү баардык буюмдарын алып кетсекпи дегенбиз. Эми, балким, эстелик болоор деген ой.

– Анын чөнтөгүндө сааты, капчыгы, жана темир жол белети бар экен. Баардыгын сержант Хейс мырзага тапшырып бергем, – деди Банч.

– Демек баары жайында, – деди Экклс айым. – Ал бизге анын буюмдарын кайтарып берет деп ишенем. Документтери капчыгында болсо керек?

– Капчыгында бир фунтка барабар акча бар болчу. Башка эч нерсе.

– Кат дагы болгон эмеспи?

Банч башын чайкады.

– А мейли эмесе. Сизге дагы бир жолу чоң рахмат, Хармон айым! А анын кийип жүргөн кемсели дагы сержанттабы?

Банч бир аз тырчый түшкөндөй болуп, анан ойлонгон түр көрсөтүп:

– Жок, – деди. – Эстейинчи. Мен дарыгерге жардамдашып анын үстүнөн кемселин чечкенбиз. Дарыгер жакшылап жардам кылуу үчүн. Мен аны идиштерге жана сүлгүгө кошуп үстүңкү бөлмөгө алып барып койдум окшойт.

– Андай болсо биз кемселин ала кетели, Хармон айым. Менин аялым мындай нерселерге өтө маани берет.

– Албетте, – деди Банч. – Эгер кааласаңар мен алгач аны тазалоого жиберем. Канга булганып калыптыр болчу. Кандын тактары…

– Жок, жок, жок. Анысы маанилүү эмес. 

Банч кайрадан ойлоно калды:

– Кайда койдум экен? Кечириңиздер, мен бир мүнөткө. Ошентип айтып шашылган боюнча жогорку бөлмөгө кетип бир мүнөт эмес бир топто энтигип кайра келди.

– Кечиргиле. Мынакей. Келип кетүүчү кызматкерим бар эле, ошол тазалоого кетчү башка оокаттарга аралаштырып салыптыр. Араң таап келдим. Кагазга ороп берейин, – деп тигилердин каршылыгына көнбөстөн жакшылап ороп берди.

Кайра кайра ырахматын жамгырдай жаадырган Экклс мырза аялы экөө акыры коштошуп чыгып кетишти.

Банч жай басып күйөөсүнүн иш бөлмөсүнө кирди. Ыйык аталык Джулиан Хармон аялынын көзүнө бир карап алып, жеңилдей түшкөндөй түр көрсөттү. Ал динге байланыштуу кандайдыр бир нерсени жазып отурган. Суроолуу караган аялын карап:

– Угуп атам, кымбаттуум? – деди.

– Джулиан? – суроо салды Банч. – Сен кандай ойлойсуң, ал эмне үчүн «ыйык баш паана» деп айтты?

Джулиан Хармон, жазып жаткан ишин акырын жылдырып койду дагы:

– Мынакей! Мурда, Рим жана Грек чиркөөлөрүндө атайын бөлмө болгон. Ал жерде кудайга таандык эстеликтер болоор эле. Андай бөлмөгө кандайдыр куугунтук жеген адамдар келип убактылуу баш паанектеп турушчу. Кылмышкерби, саясий куугун жеген адамбы, же ууру болсо дагы баш паанектеп калса куугунтук кылган адамдар ага тийбеши керек. Ошондой эле, чиркөөнүн төрү дагы «куткаруучу», же болбосо «калкалоочу» деген мааниге ээ. Биздин доорго чейинки 399-жылдары мындай калкалоочу жай болуп берүү укугу бир гана христиан чиркөөлөрүнө таандык деген чечим да болгон, – деп узун сабак сөзгө кирди Джулиан.

– Англияда эң алгач андай укукту берген мыйзамды биз алты жүзүнчү жылдардагы Этельберттин жазууларынан таба алабыз, – деп бир топко илимпоздонуп көрүнөйүн деди эле аялынын кийлигишүүсү бузуп кетти. Аялы аны эңкейип акырын мурдунун учунан өөп токтотуп койду. Джулиан өзүн машыктыруудагы эрежени так аткарып, кожойкесинин ыраазычылыгына арзыган итке окшотуп жиберди. Арга жок. Унчукпай калышка туура келет.

– Экклс мырза аялы менен келип кетишти, – деп кабарлады Банч.

Ыйык аталыктын маңдайы жыйрыла түшүп:

– Экклс? Аа… негедир тааныгандай сезилип жатат. Же бул ысым тууралуу уксам керек… Эсимде жок.

– Жок, сен аларды тааныбайсың. Мен чиркөөдөн таап алган адамдын эжеси жана анын күйөөсү экен.

– Мени чакырып койбопсуң да, кымбаттуум.

– Андай муктаждык болгон жок. Көңүл айтууга муктаж адамдар эмес экен. Андан көрө айтчы. Эртең мен тамакты бышырып калтырып кетсем өзүң ысытып жеп турууга чамаң болобу? Мен, Лондондун сатып түгөтүүлөр жүрүп жаткан (распродажа) дүкөндөрүнө барып келсемби деп ойлонуп жатам.

– Сатып түгөтүүлөр? Ал эмне дегениң?

– Билесиңби, алтыным? Берроуз жана Портман дүкөндөрүндө сатып түгөтүүлөр болуп жатыптыр. Шейшеп, жууркан, сүлгүлөр жана башка. Үйдөгү жууркан-төшөктөрдү жаңыртсамбы дейм. Андан тышкары Джейн эжекени көрүп келсемби дегем.

*   *   *

Банч айтып жаткан Джейн Марпл улгайып калган аял болчу. Ал учурда шаар турмушунан ырахат алып Лондондогу жээнинин үйүндө. Эки жума убакытка келген.

– Реймонддун бул кылганы көңүл жылытаарлык болду. Ал Джоан экөө Америкага эки жумага кетишти. Ошол убакытта мени бул жерде жашап туруумду өтүнүшкөн. Ал эми, кымбаттуу Банч айым! Сүйлөп отур! Сени түйшөлткөн эмне маселе болуп атат?

Банч бул аялдын өкүл кызы (Христиан чиркөөлөрүндө наристени чокундурууда күбө адамды өкүл ата же өкүл эне шайлашат). Марпл байбиче өзүнүн сүйүктүү өкүл кызын көргөнүнө кубанып, көңүл коюп карап отурду. Банч болсо жайкалган баш кийимин акырын артка түртүп, болгон окуяны саймедиреп айтууга киришти. Кыска-нуска айтып берди баарын. Байбиче башын ийкеп сөзүн бөлбөй угуп отурду:

– Түшүнүктүү, – деди ал. Баары түшүнүктүү.

– Ошону үчүн сиз менен көрүшкүм келген, – деди Банч. – Өз акылым жетпеген соң сиздин сөзүңүздү угайын дедим.

– Кайдагыны айтпасаңчы каралдым…

– Жок, жок. Кандай болгон күндө да аялмын. Джулиан сыяктуу акылдуу эркек эмесмин дегеним.

– Аның да туура! Джулиан, албетте акыл-эстүү жигит дечи, – деп макул болду Марпл байбиче. – Бирок сен деле андан калшпаган жансың.

– Ошону үчүн Джулиандан кеңеш сурайын дегем. Билесиз да, ал дайыма илимий тастыктамалар менен сүйлөгөндүктөн толук түшүнө албай калам.

Байбиче Марпл түшүнгөнүн билдиргендей башын ийкегилеп калды.

– Билем, сен эмне деп атканыңды түшүнүп турам. Биз аялбыз. Аялдар үчүн бирин-бири түшүнүү жеңилирээк болот. Андан көрө айтчы! Сен өзүң болгон окуя боюнча кандай ойдосуң?

– Бул иште табышмактуу нерсе бар окшойт. Мисалы, өлгөн адам чиркөөнүн төрүнө баш калкалоо укугу бар экенин билет экен. Демек, билимдүү адам болсо керек. Андай адам өзүн-өзү аткан күндө чиркөө төрүнө баш паанектеп бармак эмес, менимче. Ал жерге барып өлүш үчүн эмес, тескерисинче, баш калкалап келмек да. Чиркөөдө адамдар коопсуздукта болот деген түшүнүк менен туура келбей жатат. Бир убакта чиркөөдө баш калкалаган адамды душмандары гана эмес бийлик өкүлдөрү дагы эч нерсе кыла албай турган мезгилдер болгон экен го? – деп байбичеге суроолуу карады.

Байбиче унчукпай башын ийкегилеп отурат. Банч сөзүн улантты:

– А тигил келген Экклстердин үй бүлөсү мага сырдуу сезилди. Өлгөн адамга эч кандай окшоштуктарды көрө алган жокмун. Кырс жана адепсиз адамдар экен. Дагы бир нерсе. Өлгөн кишинин саатынын арткы капкагында «У.С.» деген жазуу бар экен. А ичин ачсам «Уолтерге атасынан» деген жазуу турат. Экклстер болсо ал жөнүндө «Билли» болбосо «Уьилям» деп эскерип жатышты.

Ушул жеринен байбиче Марпл дагы сүйлөйүн деди эле Банч токтобой улантып кетти:

– Түшүнөм, көп учурда адамдардын ылакап ысымдары болот деңизчи. Бирок, бир тууган эжесимин деген аял мындай кырдаалда ылакап ысым менен айтмак эмес. Чыныгы ысымы Уолтер болсо эжеси Уьилям демек эмес да.

– Демек, ал анын эжеси эмес деп айткың келип жатабы?

– Мен ага толук ишенем. Эжеси эмес. Экөө тең мага жийиркеничтүү көрүндү. Өлгөн адамдан калган буюмдарды алууга, жана өлөр алдында эмне деп айтканын угууга келген адамдар экен. «Эч нерсе айткан жок» десем кадимкидей жандары жай ала түштү. Менин оюмча, ошол Экклс мырза аткан болуш керек.

– Киши өлтүрүү болгон дейсиңби? Бул бир топ оор айып? Негизсиз адамды каралоого болбойт, кымбаттуу Банч.

– Ооба, ага макулмун. Бирок бул киши өлтүрүү болгон, – деп оюн тастыктады Банч. – Ошону үчүн сизге келип отурам.

Албетте, эч нерседен кабарсыз бир адамга Банчтын айткандары акылга сыйбас нерсе болуп сезилмек. Бирок, аны билген катмардагы адамдар үчүн байбиче Марпл түрдүү кылмыштарды иликтөөнүн тажрыйбалуу адиси катары белгилүү болчу.

– Өлөр алдында ал мага «сизден суранам» деген боюнча жан берди. Балким бир нерсе аткарып берүүмдү суранайын десе керек. Ошентип эмне айткысы же, сурангысы келгенин билбеген боюнча кала бердим. Мындай акыбалда калып калуу оор экен.

Байбиче Марпл бир канча мүнөттөргө ойлуу отурду. Анан баягы Банчка белгисиз болуп жаткан суроону узатты:

– Эмне үчүн ал жерге барды экен?

– Муктаж болсо толуп жаткан башка чиркөөлөрдүн бири деле жарамак деген ойду айтканы жатасызбы? Биздин чөлгө окшогон аймакка барып кереги жок эле дегени жатасыз да?

– Андай болгон соң бир максат айдап барган чыгаар. Балким, кимдир бирөө менен жолукмак. Чиппинг Клегхорн анчалык деле чоң өрөөн эмес, Банч! Балким сенин оюңда бирөө-жарым бар чыгар? Кимге жолукмак деп ойлойсуң? Кызык… ким керек болгон?

Банч өз айылынын жашоочуларын тизмектеп көрдү оюнда. Анан, башын чайкап «билбейм» деген ишаратын жасады.

– Ал эч кандай ысымды оозанган жокпу?

– «Джулиан» деп айткандай болду. Бирок, мага ошентип угулду окшойт. Балким Джулиа деп айткысы келгендир? Чиппинг Клегхорндо эч кандай Джулиа жок мен билгенден.

Банч чымырканып ошол болгон окуяны жакшылап эстегиси келди. Чиркөөнүн төрүнө карай кеткен тепкичте жаткан эркек. Кооздолгон терезеден асыл таштар сыяктуу чагылышып турган шоола.

– Асыл таштар {англисче jewel сөзү болгондо Джулиан деген сөзгө үндөш болуп кетет} – деп чочуп кеткендей болду Банч. – Мүмкүн, асыл таштар деп айткысы келгендир? Түштүк тараптагы терезеден түшкөн күндүн нурлары чагылышканда асыл таштардай кооздук боло калат экен. Ошентип ойлоп койгон болчумун өзүмчө.

– Асыл таштар дечи? – ойлуу сурап койду Марпл.

– Азыр эми башкысын угуңуз, – деп шашкалактап сүйлөдү Банч. – Эң башкысы Экклстердин үй-бүлөсү анын кемселин абдан такып, ой-боюма койбой жатып сурап алып кетишти. Бул мага табышмактуу болгон үчүн сиз менен акылдашайын дедим. Дарыгер экөөбүз аны кароо астында сырткы кемселин чечкенбиз. Эски, өңү өчүп кеткен кемсел болчу. Кымбат баалуу кемсел болбосо дагы алып кетиш үчүн абдан жанталашып сурашты. Эстеликке деп түшүндүрүүгө аракет кылышты. Анысы болбогон сөз. Мен аны алып берүү үчүн жогорку бөлмөгө чыктым. Тепкичте баратып эсиме түштү. Өлөр алдында кемселин карап бир нерсе жоготкон адамдай башкача ишарат кылып жаткан. Кемселин жакшылап карап чыктым. Бир жеринде тигиши башка жип менен тигилгенин байкап акырын сөгүп карадым. Этият оролгон кичине кагаз бар экен. Аны алдым дагы ордун кайра кылдаттык менен тигип койдум. Ошондон кийин кемселди тиги экөөнө бердим. Кылганым эч кандай шек жаратпашы керек.

– Канакей ал кагаз? – деп сурады байбиче Марпл.

Банч кичинекей кол баштыгын ачты.

– Муну Джулианга көргөзгөнүм жок? Анткени ал билсе Экклстардын бүлөсүнө бер деп талап кылмак. Андан көрө сизге көргөзөйүн деп ала келдим.

– Бул сактоо жайынын дүмүрчөгү экен. Паддингтон бекети.

– Анын чөнтөгүнөн чыккан кайра кетүүчү жүргүнчү белети ошол Паддингтон бекетине болчу, – деди Банч.

Эки аял көз караш менен саамга тиктеше калышты.

– Бул ишти териштириш керек, – деп бүтүм чыгарды байбиче Марпл. Болгону сак болушубуз абзел. Сен Лондонго келе жатканда артыңдан аңдыган эч кимди байкабадыңбы?

– Акмалап дейсизби?! – кайталап сурады Банч. – Мага дагы кандайдыр кооптуулук жаралат деп жаткан жоксузбу?

– Баары болушу мүмкүн деп ойлойм. А кандайдыр бир кооптуу нерсе мүмкүн болгон учурда, ага карата алдын ала чара көрүү сунушталат.

Байбиче Марпл ордунан өйдө болду да сөзүн улады:

– Сен бул жакка дүкөндөрдү кыдырам деген шылтоо менен келдиң да. Демек, ошого жараша иш кылалы. Дүкөндөрдү кыдырууга баралы. Бирок чыгардан мурда бир нерсе даярдап алышыбыз керек. Мен ойлойм, – деп табышмактуу кошумчалады байбиче. – Мага жакынкы убактарда өзүмдүн эски, кундуз жака кемселим керек болбойт болуш керек.

Болжолдуу бир жарым сааттан кийин эки аял чарчап, бир чети кандайдыр кубанган түр менен салмактуу баштыктарды көтөрүнүп, кардарлары дайыма аз болгон «Алма бутагы» аталган чакан ашканага киришти. Бираз дем алганча курсакты дагы азыраак кубаттап алуу үчүн куурулган эт жана алмадан жасалган таттуу нан буйрутма кылышып орун алышты.

– Бул сүлгүлөр чынында сапаттуу көрүнөт, – деп энтиге түшкөн байбиче сүйлөнүп калды. – Анын үстүнө «Д» деген белгиси дагы дал келүүгө окшоп турат. Реймонддун аялынын аты Джоан эмеспи. Буларды сактап коёюн. Балким бир күн о дүйнө кетүүгө белги болсо Джоанга белек кылып калтырып кетем.

– Мага мындай ашкана сүлгүлөр чынында керек болчу, – деди Банч.

Ошол маалда «Алма бутагына» тыкан кийинген жаш келин кирип калды. Эриндери ачык кызылга боелгон, жүздөрү албырып турат. Эки жакты абайлап карап алган соң бат бат басып экөө отурган үстөлгө келди. Байбиче Марплдын жанына кат салына турган кагаз бүктөмөнү (конверт) койду.

– Мынакей байбиче, алыңыз! – деп кайрылды.

– Оо, Глэдис, сизге үлкөн алкыш!

– Сизге кызматым өткөн болсо кубанычта болом. Эрни мага күндө какшап эскертип турат. «Сен учурда кандай иш колуңдан келе турган болсо ошонун баары үчүн Марпл байбичеге карызсың» деп. Ошону үчүн сиздин кызматка жарап турсам болду.

– Абдан кичипейил, элпек келин, – деп Банчка мактап койду байбиче Глэдис кеткен соң. Анан акырын кагаз бүктөмөнү ачып карады да Банчка жылдырып койду.

– Сен абдан этият бол. Андан дагы айтчы! Мелчестердеги татынкай тескөөчү (инспектор) жигит иштеп атты бекен?

– Билбедим, иштеп жатса керек, – деди Банч.

– Эгерде иштебей калган болсо полициянын башчысына телефон чалсам туура болор. Ал мени эсинен чыгарган жок болсо керек.

– Сиздей акылман адамды унутуп кала турган киши болбостур, – деп кобуранып ордунан турду Банч.

Банч Паттингтон бекетине келди да жүк сактоочу жайларына өтүп дүмүрчөгүн көргөздү. Бир мүнөт өтпөй ага эскилиги жеткен жагданды (чемодан) алып беришти. Жолду катар эч кандай сырдуу көрүнүш болгон жок. Поезд Чиппинг Клегхорнго жетип, Банч көтөрүнүп жаңы сыртка чыга бергенде чоочун эркек жандай калып колундагы жагданды жула качты.

– Токто!.. Токтоткула тигини!.. Менин жагданымды жулуп качты, – деп айгай чуу салды.

Улгайган көзөмөл кылуучу абышка алдынан тосту эле көкүрөккө таамай тийген соккудан чекеге ыргып кетти. Тиги эркек жолго чуркап чыкты да күтүп турган унаага алгач жагданды ыргытып анан өзү отурмак болгондо далысынан кармаган салмактуу колду сезди. Ага удаа жоон үндүү полиция башчысы Эбеланын баарына таанымал үнү «корс» этти:

– Токто! Бул жерде эмне болуп жатат? Банч дагы энтигип жетип келди:

– Бул менин жагданымды жулуп качты, – деди акактап.

– Жалган! Бул аял эмне деп жатканын түшүнсөм өлөйүн. Жагдан болсо өзүмдүкү. Азыр эле поездден көтөрүп түштүм.

– Ошондой деңизчи? Териштиребиз! – деп буюра сүйлөп, буканыкына окшогон көзү менен Банчты тигиле карады Эбела. Ал өзүнүн бош убактыларында Хармон айым менен далай жолу гүлбакчаларды кандай өстүрүп, кандай жер семирткич пайдалуу болорун акылдашып жүргөнүн эч ким билчү эмес.

– Айым! Сиз бул жагданды меники деп аныгын айтып жатасызбы? – кайталап сурады.

– Ооба меники, – тастыктады Банч. Эч күмөн болбоңуз.

– А сизчи мырза?

– А мен айтып жатам. Жагдан меники.

Бою узун, кара тору адам экен. Кийим-кечеси олуттуу. Ал кекээрлеп сүйлөп, бой көтөргөнсүп турду. Ошол маалда унаанын ичинен аялдын үнү угулду.

– Эдвин! Жагдан сеники экенин тастыктайм! А тиги аялга эмне керек экенин түшүнбөдүм, – деп кошулду анын үнү.

– Жакшылап териштирели, – деп кайталады полиция башчы. Айым, айтыңызчы! Бул сиздики болсо ичинде эмне бар?

– Кийим-кечек, – деди Банч. Сырттан кийилчү күзгү кемсел кундуз жакалуу. Колго токулган жеңил эки чыптама, анан бут кийим.

– Жарайт. Жетиштүү болду, – деп Эбела берки эркекке бурулду. Ал аны көз караштан түшүндү окшойт:

– Мен театрда кийим-кече, кооздук жасалгалар менен иштейм. Мында театрга таандык кийим-кечек. Бул жердин театрында көргөзмө болот. Көргөзмө үчүн алып келгем.

– Түшүнүктүү. Андай болсо ичин ачып карап көрөлү. Биздин бөлүмгө баралы. Эгер шашылыш болсоңор бекетке кайра кирип ошол жерден тез-тез карап бере алам.

– Экинчи сунушуңуз мага ынады. Ошол жакка баралы. Айтмакчы. Менин аты-жөнүм Эдвин Мосс!

Колуна жагдан көтөрүп бекетке кирген Эбела жол тескөөчүгө түшүндүрүп ыңгайлуу бөлмөгө киришти.

Жагданды үстөлгө коюп этият ачты. Эч кандай кулпуланбаптыр. Банч менен Эдвин Мосс эки тарабында бирин-бири жаман көз менен карап унчукпай турушту. Капкагы ачылган жагдандын ичинде бир аз эскире түшкөн, кундуз жакалуу күзгү кемсел. Колго токулган эки чыптама, жана айылда кийчү жөнөкөй бут кийимдер жаткан.

– Туура сиз айткандай экен урматтуу айым, – деп полиция башчы тастыктады. Эдвин мырза өкүнгөн түр көргөзүп:

– Мени кечирип коюңуздар. Менден чоң ката кетип калды. Ишениңиздер! Өкүнүчтөн жерге кирип кете албай турам, – деп саатын каранып:

– Уруксаат болсо шашылайын. Менин жагданым поездде калып калган окшойт, – деп калпагын көтөрүп ызаат билгизген кишиге окшоп, шашылыш чуркаган боюнча чыга жөнөдү.

– Бул адамды ушинтип кетирип жиберсе болобу? – деп сурады Банч.

Эбела мырза акырын көзүн кысып койду да:

– Ал, эч алыс кете албайт. Айтайын дегеним, бизди «эч нерседен кабары жок» деген ойдо боло берсин. Мени түшүнүп жаткан чыгаарсыз?

– Аа! – деп жеңилдене түштү Банч.

– Байбиче мага телефон чалган. Эскерткен. Бир топ жылдар мурда байбиче Марпл бизге келип тааныш болгонбуз. Өтө акылман адам. Бүгүн бул жерде бир нерсе болорун сезгенин карабайсызбы. Эртең эрте биздин тескөөчү же сержант мырза үйүңүзгө мейманга барса эч таң калбайм.

*   *   *

Тескөөчү келди. Келгенде да байбиче Марпл айтып жаткан жаш тескөөчү Крэддок өзү келди. Банчты карап, эски таанышындай жагымдуу жылмайып учурашты.

– Чиппинг Клегхорндо жаңы кылмыш иши, – деп ишенимдүү сүйлөнүп калды Крэддок мырза Банчка кайрылып. – Чуулгандуу жаңылыктардан аттап өтө албай турган киши окшойсуз, э, Хармон айым?

– Кубаныч менен аттап өтмөкмүн, – деп жооп кылды Банч. Сиз мага суроолор мененби, же башка жаңылык айтканы келдиңизби?

– Алгач бир нерсе айтып берейин. Сиз тааныган Экклстардын бүлөсүн көптөн бери жашыруун акмалоо иштери дайындалган. Экөө бир нече талап-тоноолорго катышкан деген маалыматтар бар. Экинчиден, Экклс айымдын чындыгында саякаттан кайтып келген байкеси бар. Теги Сендбурн. Бирок сиз чиркөөдөн таап алган адам ал эмес.

– Мен дагы ошондой деп ойлоп жаткам. Анткени анын ысымы Уильям эмес Уолтер болчу. 

Тескөөчү башын ийкеди:

– Анын толук аты-жөнү Уолтер Сент-Джон. Чаррингтон түрмөсүнөн үч күн мурун качып кеткен.

– Түшүнүктүү, – деп акырын жооп кылды Банч. «Полиция куугунтукка алганда чиркөөдөн баш паанек издеген экен» деген ой кетти. Оюн улап акырын сурады:

– Эмне кылмыш кылды болду экен?

– Бул сурооңузга жооп узун. Бир канча жылдар мурда театр сахналарында дээрлик көпчүлүккө таанымал бийчи айым болгон. Сиз, балким, укпашыңыз мүмкүн. Анын атактуу аткаруулары «Миң бир түн» жана «Сыйкырдуу үңкүрдөгү Аладдин» деп аталчу. Бийге кийүүчү көйнөгү жасалма асыл таштар менен кооздолгон көйнөк болгон. Бийлери көбүнчө эркектердин бүйүрүн кызыткан ачык айрым, өзү чырайлуу айым эле. Келбети индиялык бай бир эркек ага абдан кызыгып сөз салып жүргөн. Мага белгилүү болгондой ошол мырза бийчиге көптөгөн баалуу белектерди, анын ичинде өтө кымбат делинген зумурут таштары менен кооздолгон мончокторду белек кылган.

– Индиялык Раджанын ата тегинен калган асыл белекпи? – деп мыскылдуу шыбырап үн катты Банч.

Тескөөчү бираз жөтөлүп:

– Жо-ок, сыягы заманбап асыл белек го дейм, Хармон айым. Алардын мамилеси көпкө созулган эмес. Анткени азиалык мырзаны башка бир чырайлуу кино каарманы болгон айым азгырып кеткен. Ал жаңы «сүйүүнүн» себепкери болгон айым дагы арзан бир нерсе үчүн макул болбосо керек? Баягы бийчиге берген мончокторду каалаган окшойт. Бирок, бийчи айым Зюбейда (ылакап ысымы) асыл белектен ажырагысы келген эмес. Акыры уурдатып тынган. Ал белекти театрдын ажатканасынан жоготтум дегенде полиция ишенген эмес. Жалгандан ошентип «уурулук» уюштуруп койду деген ишенимде болушкан. Андай нерселер биздин тажыйбада көп кездешет. Белгилүүлүккө илинип келаткан инсандар өзүн жарнама кылыш үчүн мындай нерселерди ойлоп таап коё алат, – деп саамга тыныгып алып сөзүн улады тескөөчү:

– Ошентип анын баалуу мончоктору табылбай калган. Полиция териштирүүгө милдеттүү. Иликтөө башталганда мына ушул Уолтер Сент-Джон көзгө илинген болчу. Тарбиялуу, билимдүү адам. Бирок, негедир, иши жүрүшпөй калган. Ошондо ал күмөндүү ишканага ишке кирет. Кандай күмөндүү десеңиз, уурдалган асыл таш буюмдарды сатып алып жүргөн ишкана катары полициянын тизмесинде болгон. Уолтер мырза ошондой уурдалган асыл буюмдарды шөкөттөп иш кылчу. Кийин, ишканага таандык башка кылмыш ишине шектелип түрмөгө кесилип кеткен. Мөөнөтү аяктап калган болчу. Качууга эмне түркү болгону бизге белгисиз, түшүнүксүз болуп калды.

– Ал биздин аймакка эмнеге келгенин алиге түшүнө албай жатам, – деп кошула калды Банч.

– Биз дагы ошол нерсени түшүнсөк жакшы болмок, Хармон айым! Бакылоо иштеринен белгилүү болгондой, алгач Лондонго барган. Дос, же тааныштарына эмес. Болгону мурда театрдын кийим-кече бөлүмүн тескеген Джекобс аттуу карыган аялга жолуккан. Ал кемпир анын келген себебин айтуудан баш тартып койду. Коңшу-колоңдорунан сураштырсак, Уолтер кетип баратканда колунда көтөргөн жагданы болгонун айтышты.

– Түшүндүм, – деди Банч. Жагданды Паттингтон бекетинин сактоо жайына өткөрүп, анан биздин аймакка келген.

– Туура! Ал убакта Экклс менен өзүн Эдвин Мосс деп тааныштырган адамдар аны аңдып жүрүшкөн. Жагданга аңчылык кылып жүргөнү түшүнүктүү да. Анан Сент-Джон поездге, балким, автобуска отурганын көрүшүп унаа менен озуп өтүп бул жерден күтүп алышкан.

– Аны өлтүрүп коюшту да туурабы? – деп сурады Банч.

– Ооба, – жооп берди Крэддок. Экклстин тапанчасынан атылган. Аткан адам Эдвин Мосс. Эми, Хармон айым, менин билгим келгени Уолтер Сент-Джон Паттингтон бекетине жашырган чыныгы жагдан кайда?

Банч бырс күлүп алды:

– Жагдан учурда байбиче Джейндин колунда болсо керек. Анын мерчемдегени ушундай болчу. Өзүнүн мурдагы үй кызматкерине сүйлөшүп Паддингтон бекетине сактоого жагдан койдурган. Жана дүмүрчөгүн мага берген. Мен болсо Уолтердин кемселинен табылган дүмүрчөктү ага бергем. Мен алып кеткен Джейн Марпл койдурган жагдан болчу. Байбиче мага жолдон жагданды тартып кетүү аракети болорун эскерткен. Дал ошондой болду. Бул жолу тескөөчү Креддок мырза жылмайды:

– Бизге телефон чалганда дагы ошентип айткан. Айтмакчы, мен азыр Лондонго барып байбиче Марплга жолугушум керек. Балким, чогуу барып келүүгө макул болорсуз, Хармон айым?

Банч саамга ойлоно калып:

– Өткөн түнү тишим катуу ооруп кыжаалат кылды. Сиздин сунуштан пайдаланып Лондондо тиш дарыгерге жолугуп келсем окшойт?

– Албетте, – деп кубаттады тескөөчү мырза.

*   *   *

Байбиче Марпл, Банч Хармон менен Крэддок мырзага «булардын толкундануусу канчалык болду экен» дегендей бир азга байкап карап турду.

Жагдан үстөлдүн үстүндө жатат.

– Мен муну ача элекмин. Атайын кызматтын өкүлдөрү катышпаса ачуу оюма дагы келмек эмес. Андан тышкары бул бекем кулпуланган – деп, алакан жайып жылмайып койду.

– Мунун ичинде эмне бар экенин болжолдуу айта аласызбы байбиче Марпл? – деп сурады тескөөчү. Кемпирдин «кыйындыгын» дагы бир көрөйүн десе керек.

– Айтсам, мында бийчи айым Зубейданын театрга кийген көйнөгү жатат. Сизге кубаттуурак аспап керек болот го муну ачыш үчүн, тескөөчү мырза!

Жыгач жоно турган темир аспап өз ишин бат эле аткарды. Жагдандын капкагы аркасына карай кетти. Эки аял көргөн көзүнө ишенбегендей, жаркылдаган асыл таштар ширелген көйнөктү суктанып карап турушту. Кубулжуйт тим эле. Түркүн түскө кубулуп көргөндүн көзүн гана эмес, акыл-эсин кошо алчудай кооздук. Көйнөк аты болбосо жупжука бир нерсе. Болгону ошонун баардык жерине жылдыздай жыбыратып асыл таштарды кадатып салган.

– «Аладдиндин үңкүрү», – деп сүйлөндү байбиче. – Бийчинин көйнөгүн кооздукка бөлөгөн асыл таштар.

– Ооба, – деди тескөөчү. Бирок, булар эмне үчүн кишинин өмүрүнөн дагы кымбат деп ойлоп калам кээде.

– Тирүүлүк ошондой оомалуу төкмөлүү. Бирөөгө жан кымбат болсо бирөөгө нан кымбат. Дагы бирөөгө мындай жылтырактар кымбат. А бул иш бонча сүйлөй турган болсок, бийчи акылдуу аял болгон окшойт. Ал, каза болуп калган да туурабы?

– Ооба, үч жыл мурун.

Байбиче сөзүн толуктап улады:

– Баасы асман чапчыган, зумурат таштары менен кооздолгон мончоктор бийчиники. Мончокторго бекитилген асыл таштарды чыгарып мына биз көрүп турган сахнага кийген көйнөгүнүн ар кай жерине бекиткен. Көрүүчүлөр болсо булар кооз айнектердин сыныгы деп ойлошкон. Андан тышкары дал ошондой мончоктордун жана көйнөктүн көчүрмөсүн жасаткан. Уурдалган ошол көчүрмө. Таң кала турган нерсе эмес. Уурулар дагы тез эле көчүрмө экенин байкашкан.

– Бул жерде кандайдыр кагаз бүктөмө бар экен, – деп калды Банч ошол маалда. Жаркыраган таштардын бир четин ары жылдырып.

Крэддок бүктөмө кагаздын ичинен эки башка баракты алып чыгып үн чыгарып окуду.

– «Никелешүү тууралуу күбөлүк! Уолтер Эдмунд Сент-Джонс жана Мэри Мосс. Зюбейданын чыныгы аты-жөнү.

– Демек булар эрди-катын болушкан тура. Түшүнүктүү, – деди Марпл.

– А экинчи кагазчы? – деп сурады Банч.

– Ал болсо Джэулл аттуу кыздын туулгандыгы туралуу күбөлүк экен.

– Джул? – деп кайталады Банч. Кудайым ай, албетте Джэулл!.. Джилл!

Банч кубанычтуу ары бери басып сөзүн улады:

– Уолтердин Чиппинг Клегхорн аймагына келген себебин эми түшүндүм. Мага ошону айтканга аракет кылган турбайбы. «Джулиан» эмес «Джэулл». Биздин аймакта Менди аттуу адамдын үй-бүлөсү жашайт. Алардын багуусунда кичинекей кыз бар. Өзүлөрүнүн небересиндей абдан сүйүп багышат. Эстесем ал кыздын аты Джэулл. Бирок алар Джилл деп чакырышат. Бир жума мурун Менди айым катуу сыноого кабылыптыр. Күйөөсү өпкөсүнөн кагынып оор абалда. Аларды ооруканага алып кетебиз дешкенде мен ал кичине кызга убактылуу баш-көз болуп бере турган адам издегем. Болбосо жетимдер үйүнө алып кетип калышмак. Мендинин бүлөсү тууралуу жаңылык түрмөдөгү Уолтерге жеткен окшойт. Кызынын тагдыры качууга себеп болгон тура. Анан жолдон, Лондондогу кемпирге кайрылып мурда каттырып койгон жагданды алып кеткен. Бул кымбат баалуу мончоктор аялына таандык болсо, аны сатып кызынын жашоосуна жумшайын деген го? Кызына кам көрүү аракетимди да укса керек. Мен чиркөөгө күндө киреримди билип ошол жерге келип өлгөн турбайбы. Кызды мага дайындамак болгон тура. Эхх.. шордуу Уолтер.

Тескөөчү бир топко чебелектеп тынбай сүйлөгөн Хармон айымды карап:

– Балким, сиздики туурадыр! Эгер асыл таштар жасалма эмес болсо? – деп калды. Ал дагы деле оюнда, жагданда жаткан көчүрмө болушу мүмкүн деп ойлоп жатты окшойт.

– Эч күмөн болбоңуз тескөөчү мырза! Муну бөркүңүздөй көрсөңүз туура болот. Эки адамдын башы о дүйнө кетип, бир наристени жетим кылган дал ушул жылтырактар, – деп ишенимдүү айтып, өкүнүчтүү жылмайды кыраакы байбиче Марпл.

*   *   *

– Кудайга шүгүр! Келип калганың жакшы болду кымбаттум, – деди ыйык аталык Джулиан аялына учурашып. – Сен жокто Бэрти айым жакшы эмгектенет. Бирок, бүгүн таңкы тамакка табышмактуу балык берди. Жегим келбесе да «көңүлү оорубасын» деп унчукпай алып калдым. Бэрти кеткен соң мышыкка берсем ал дагы жебеди. Коркуп, терезеден ыргытып жибердим.

– Биздин мышык бирөөгө караганда балык этин тандап жешти билет да. Ал эч кандай Бэртинин көңүлүн карабайт, – деп жылмайып, алдындагы жакшы көргөн мышыгын эркелетип сылап койду Банч. Мышыгы дагы аны түшүнгөндөй мыйоолоп коштоп калды.

– Айтмакчы, тишиң жакшыбы кымбаттуум? Дарыгерге көргөздүңбү?

– Ооба, анчалык оорутуп кыйнаган жок. Мен болсо Джейн байбичени дагы бир жолу көрүп келдим.

– Биздин кымбаттуу байбиче дени сак бекен? Мертинен тайып кала электир?

– Эч кандай карылык белгиси жок, кымындай дагы – деп, жагымдуу күлүп жооп кылды Банч.

*   *   *

Эртеси таң эрте Банч кайра эле кучак толо хризантема гүлү менен чиркөөгө келди. Чыгыштан тийген күндүн нурлары демейдегидей чиркөөнүн ичин жагымдуу маанайга бөлөп, кооздук берип турат. Күндүн нурларын ээрчий басып чиркөөнүн төрүн көздөп баратып тепкичке жетип токтоду. Бир аз ойлонуп турду да акырын үн менен:

– Мен сиздин суранычыңызды түшүндүм, Уолтер мырза. Силердин кызыңардын турмушунда баары жакшы болот. Наристе кызда не күнөө. Мен өзүм көзөмөл кылып турамын. Чиркөө төрүнөн сиздерге убада берем!

Чиркөөнүн төрүн жыйыштырып, ирээттеп болгон соң тизелей чөгүп кудайга жалынып, ыраазылык билдирип ордунан турду. Эми үй иштерине барыш керек. Аз болсо да окуяга бай болгон күндөрү кылынбай калган иштер күтүп турат.

Орус тилинен которгон Кулмат Тукеналиев

Автор

  • Акын, журналист, котормочу. 1984 жылы Нарын облусунун Кызыл-Дөбө айылында туулган. Мектеп курагынан поэзияга шыктанат. Бир топ гезиттерде, теле тармагында кабарчылык кызматтарда иштеген. Учурда Бишкекте жеке тармакта эмгектенет.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

4 Comments

  1. Мыкты которулуптур. Кыргыз тилинде эркин сүйлөгөн ангилчандарды көрдүм. ) Кулмат мырза котормо жаатында күчтүү калемгер экен.
    Ырахмат.

    1. Чоң рахмат! Колдон келишинче орусча үйрөнүп алган англичандарды кыргызчага өткөргөнгө аракет кылдым. Эмгегим жаккан болсо кубанычтамын! 🙂

      1. Дагы котормолоруңузду күтөбүз. Мыкты котормочу болуп туулат экен деп калдым. Алыкул Осмонов, Ашым Жакыпбеков, Анатай Өмүркановдорун ж.б. жолун улаган биздин муундун күчтүү өкүлдөрү бар. Сиздин ордуңуз ушул кадырлуу катарда турат.
        Ийгилик каалайм!
        Мен котормо атмайдын күйөрманы болом.) .Дагы чыгармаларыңызды жарыялап туруңуз.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген