Оорукчан ой (99)
Пенделерди адаштырган бейиштен,
Аруулукка көз жетпеген жердемин,
Тогуз толгоп токсон тогуз тамырын,
Тозогундай бир аялдын, пендемин.
Уктум тозок, аңгыраган талаадай.
Азезилдер жерге түшүп келгенин,
Оомат үчүн омкорушкан абийирин,
Ооздорунан кудай түшпөс пенделик.
Күнөөсүздү арсыз үмүт жетелеп,
Жаратканга алаканын жайдырат,
Жанкечтинин өлүп кетип абийири,
Жаны тирүү калганына кайгырат.
Тирөөч болуп калат окшойт ибилис,
Тирүүлөрдүн дүйнөсүнөн түгөнбөй,
Токсон жолу толгоп эне тамырын,
Торго илинген ибилистер түгөлдөп.
Тогуз жолдон адаштырган абийирдин,
Токсон тогуз жылын тозок түгөлдөйт.
