“Булбул сайрайт үнү чырт-чурт дирилдеп…”
* * *
Булбул сайрайт үнү чырт-чурт дирилдеп,
Бүркүт шаңшыйт көккө төнө бийиктеп.
Ак кар, көк муз аскалардан күркүрөп,
кокту-колот суулар агат бириндеп.
Арча, кайың кыр-кырларга көрк берип,
Мөлтүр кашка булак суусу бир шербет.
Айдың көлдүн суйкайышып куулары,
Ак кептерин бир ажайып сермешет.
Гүлдөр аңкып, ызылдашып аарылар,
Жаратылыш укмуш көркөм, керемет.
Ышкын терип той боорсоктой балдары,
Көөдөн көрктөйт кыял, ойго жетелеп.
Улан кыздар ак чөлмөгүн ойношуп,
Таң атырат түн койнуна эркелеп.
…Табийгатка жан дүйнөсү жуурулуп,
Кыргыз руху өз нугунда термелет!
