|

Улан, Санташ баяны

Биринчилерден баа бериңиз!

(Элдик уламыш боюнча жазылган поэма)

Көлдү чайпап боло берчү дамаамат,
бул дүйнөгө ак сүйүүдөн аманат
калган улуу Улан, Санташ шамалы,
түбөлүккө сүйүүнү жар сала алат.

Удургутуп асман-жердин абасын,
сүрө каптап ой-чуңкурун, талаасын,
өмүр бою Улан, Санташ кармашат,
тозго айлантып асман-жердин арасын.

Мекен кылып көлдүн үстүн түбөлүк,
талашы бар чечилбеген, бүдөмүк…
Улан, Санташ кармашканы кармашкан,
бул дүйнөдө миң тирилип, миң өлүп.

Жарга такап жакшы менен жаманды,
тоо ашырып зуулдаган заманды.
Улуп-уңшуп үйлөгөнү үйлөгөн,
из кубалап тескеп ар бир кадамды.

Көлгө сүйрөп өткөн менен бүгүндү,
кумга чайкап ар бир түндү, күнүңдү,
Улан, Санташ боздогону боздогон,
козгоп ийип ичте жанган сүйүүңдү.

Жаш жандары шамал деген керемет
жанга айланган, андан бөлөк не керек?..
Кылымдарга ак сүйүүсүн талашып,
Улан, Санташ бирин-бири жеңе элек.

Ысык сезим, ысык сүйүү аптабын,
муздак шамал даңазалап жатканын,
сезген барбы уңулдаган борошо,
өз койнуна ысык сүйүү катканын?

Тилмеч кылып титиретип илебин,
шарт түрүнүп Улан күчтүү билегин,
кылыч жаңсап, кыймыл менен билдирет,
кылыктанган Ысык-Көлдү сүйөрүн.

Санташ дагы кылыч шилтейт утурлай,
«Кыз алдында уят го…» – деп, утулмай…
А Ысык-Көл чайпалганы чайпалган,
кармаш бүтпөйт кылым бою ушундай…

* * *

Улуу кармаш улуу жолдо башталган,
улуу сүйүү улутунтуп жашты алган.
Ошол доордо Улан, Санташ – эр жигит,
а Ысык-Көл – кыз экен эл башкарган.

Болгон экен эки эр жигит – падыша,
а Ысык-Көл – элге адилет каныша.
Эки эр жигит бирдей сүйүп перини,
бөлүшө албай кеткен имиш чабыша.

Эки эрди эки жакка бөлө албай,
Ысык-Көл кыз бирин өйдө көрө албай,
көз жашына чөмүлгөн дейт армандуу,
ак сүйүүдөн пайда болуп көл андай…

Бул керемет кетиргенби шаштысын,
алмаштырып падышалык тактысын,
Улан, Санташ айланыптыр бороонго,
көл талашкан жолдон издеп бактысын…

Ошол күндөн ушул күнгө жеткен көл,
ак сүйүүнүн илебинен бүткөн көл.
Жайы-кышы толкуп-ташып Ысык-Көл  ̶
Улан, Санташ баатырларын күткөн көл…

Көлгө айланган перисине жага албай,
кулагына тандап сөйкө тага албай,
Улан, Санташ алышканы-алышкан,
арачалап жакын эч ким бара албай…

Эки баатыр борошолоп айкашып,
салгылашып, сүйүү күчүн байкашып,
калган дешет Ысык-Көлдү айланып,
ким өткөнүн эл нугунан байкашып… 

Бул дүйнөнүн керемети көп тура,
ким ынанбайт, макул болор көп буга.
Титиреткен коюну суук шамалдын,
тулку боюн түзгөн сүйүү – от тура!

Бул дүйнөдө тең келе алар жок буга,
Улан – шамал дүйнөсү өрт, чок тура.
Санташ – шамал ак сүйүүгө өрттөнүп,
турган кезде тоготпостур отту да…

Айран кылган эсти, ачты, токту да,
бул жашоодо мындай кызык жок тура!
Чыйрыктырса эгер сүйүү азабы,
баатырлардан жылынууга «от» сура…

Биздин күнгө белек го бул керемет,
сүйүү деген жылуулукту себелеп,
Улан, Санташ бурганактап кармашса,
Ысык-Көл кыз кылым күчүн сезе элек…

Бул жашоодо сүйүү деген керемет,
нени кылбайт, жан жок го аны сезе элек.
Улан, Санташ доорундагы ак сүйүү,
бүгүн болсо, атаганат, не демек!..

Тамшандырган балдай сүйүү татымын,
таткан жандар жоготпой эс акылын,
Улан, Санташ баатырлардай түбөлүк,
борошолоп коргоп калса асылын…

* * *

Улан, Санташ баатырлардай түбөлүк,
коргой алса, өз сүйүүсүн, асылын –
сүйүшкөндөр жоготпой эс-акылын…

22.05.2012-ж.

Автор

  • Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ага окутуучусу, ф.и.к., доцент, акын, КР Жазуучулар бирлигинин мүчөсү.

    “Кызык, жашоо…” (ырлар жыйнагы, 2012), “Каармандар сүйлөйт” (драмалуу ыр түрмөгү, 2015), «Кантсин эл!..» (ыр түрүндөгү пьеса, 2016), «Жашынмак» (балдар ырлары, 2022) жыйнактарынын автору.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген