Нежип Фазыл Кысакүрек: “Жаным Истанбул”
Эритишип жанымды, калып менен жасашкан.
Жер үстүнө орнотуп, Истанбул деп аташкан.
Түтөп турат ичимде түсүң, көркүң, абаңбы,
Ашыгымсың, жиреген мейкин менен заманды.
Алтын боек гүлдөрү, суунун күмүш шылдыры
Ай менен күн – эзелтен Истанбулдун тургуну.
Деңиз менен кара жер ушул жактан көрүшөт,
Кыялдарга жомоктор кучак жайып келишет.
Жаным менин Истанбул,
Шаарым менин Истанбул,
Истанбул,
Истанбул…
Көздөрүндөй тарыхтын көзөнөгү сепилдин;
Жашыл түстүү кипарис жабуусундай кепиндин…
Фатих минген аргымак булуттарда түйүлөт,
Мечиттердин төбөсү бриллианттай үйүлөт…
Cөөмөйүндөй күбөнүн көк тиреген мунара
Оюусунда ой тунат: «Өлөбүз да, не чара?»
Алыс кылсын бул дүйнө, айып-күнөө түрүнөн,
Ыйлайт Каражаахмет, Бейоглунун сүрүнөн…
Ошол ойду сен да тап
Тапсаң Истанбулда тап,
Истанбул,
Истанбул…
Босфор кайнайт салкында, күмүш түстүү мангалдай,
Чамлыжада көк асман жерге түшүп калгандай.
Тентектенип суу келет жээктеги түнөккө,
Жаңы доорду жактырбайт, мурунку элчи сүрөттө.
Айнектерден өрт жанып, Үскүдарда кеч кирет
Чоң калаадай көрүнөт, ээн тамдар мелтиреп.
Танбур бекен, уд бекен, төмөнкү бир кабатта
«Катчым» деген эски ырды кайра-кайра чалат да…
Ышкысы курч айыбы,
Ысык кандай зайыбы,
Истанбул,
Истанбул…
Өрмөк өрөт убакыт жети дөбө үстүндө
Көрүнүшү түгөнбөйт, жети үн, жети түстүн да…
Эйүп жетим, Модалар Кадыкөйдү шөкөттөп,
Аралдарда жел ойнойт кыз-кыркынды этектеп…
Таң атса эле Хисардан жаанын огу шыгырап,
Топкапыдан дагы эле кыйкырыктар угулат.
Энелердей эш болбос, Истанбулдай жер болбос,
Күлгөндөрүн айтпайын, ыйлаганы кем болбос.
Түнү гүлдөй аңкыган,
Түркчө булбул таңшыган
Истанбул,
Истанбул…
Которгон Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ
