Үч курбу

Чыгарманы баалаңыз

(аңгеме)

Ресторандын VIP-бөлмөсүндө үч кишилик дасторкон даяр болду.

Бир кезде университетте чогуу окуп, бир бөлмөдө жашап, окууну бүтүп эле бет-бетинен күйөөгө чыгып кетишкен үч курбунун көрүшпөгөнүнө жыйырма жылдан ашыптыр. Көрүшмөк тургай “кимди-ким көрдү, Быржыбайды там басты” деген кыйсыпыр заманда кимдин кайсы чуңкурда калганын билүү кыйын болбодубу. Бүгүн үчөө ушул дасторкондо жолугушмак.

Көптөн күткөн күн. Бири Баткенде, бири Нарында, бири Бишкекте турат. Ушунча жылдан бери жолугуунун сааты бүгүн чыгыптыр.

Жаш курактары кырк бешке жакындап калган үч аял жайыл дасторкондо олтурушту.

Баткенден келген Жумагүл (Жумаш деп коюшат) гүлдүү жоолугун башына чалып салынып, толмоч денесине атлес көчөт кең көйнөгүн көйкөлтө кийип төр жакка өттү. Анын оң жагынан Нарындан келген арыкчырай, өңү бир аз жүдөңкү, тарамыштуу колдору карайып туурулган, кийими да жупуну Гүлжан орун алды. Гүлжандын маңдайына чачы эркекче кыркылган, өзү да эркектей өктөм-өктөм сүйлөгөн, жоон моюнуна эки кат алтын чынжыр тагынган, Бишкектин жаңы конуштарынын биринде турчу Апал олтурду.

Мына жыйырма үч жылдан кийинки кездешүү. Биз кездеги кырчын талдай солкулдаган, бели бир тутам жапжаш кыздар эми минтип саамайларын ак чалып, балпайып олтургандарына өздөрү да ишенбегендей.

Жумагүлдүн күйөөсү башынан эле багбан. Баткен өрүгүнүн атагын Алайга, даңкын далайга жеткиргендердин бири. Анын шилекейди чууруткан өрүк кагы түз эле Россиянын чоң-чоң шаарларына кетет. Алар жети балалуу болушту. Өзү мектепте мугалим. Айыл эли Жумаш эжей деп кадырлап турушат. Кыз кезинен эле токтоо, тоо кулап келатса да солк этпеген сабырдуу жан эле. Дале ошо бойдон экен. Болгону жүзү тотугуп, дене-бою толмоч тартып калыптыр.

Гүлжан болсо үч кичине баласы менен отузга чыга электе жесир калган. Күйөөсү экөө классташ болчу. Мектептен эле сүйүшкөн. Башта ичкиликке ыктап турчу күйөөсү акыры көзү ачылбай ичкенге өтүп, боору ооруга чалдыгып, догдурдун ичпегин, жүрөгүң токтоп калат дегенине карабай акыры өлүп тынды. Өзү болсо мугалимдигин таштап, эшик алдындагы кичинекей көк дүкөнүн ушу күнгө чейин иштетип келет. Атка жеңил, тайга чак шыпылдаган элпек келин. Дүкөнү кичине болгону менен элге керектүү оокаттын баары ушул жерден табылат. Жети түндө эшик чертип келгендерге да уйкусунан туруп, сураганын берип жөнөтөт. Жаны тынбаган мээнеткеч, жоктон барды жасап, экини төрт кылган эпчил аял. Ишенер күйөөсү болбосо аял байкуш өз арбайын согот да. Күйөөсү бар кезде эле өз оокатын өзү кылганга өткөн. Антпесе балдарын бирөө багып берет беле?!

Апал болсо окууну бүткөндө эле шаарда калган. Кесиби менен иштеген жок. Ал да соодага кирип кеткен. Адегенде кытайдын чаар баштыгын сүйрөп, Сибирге чейин соода кылды. Акчанын кызыгы деп жүрүп, күйөөсүнө көңүл бура албай калдыбы, айтор ортолору сууп, эки баласы чоңоюп калганда күйөөсү башка аялдын үстүнө кирип кеткен. 

Ошентип үч башка тагдыр күткөн үч курбу дасторкон четинде отурушту.

— Келгиле кыздар, бүгүн бир өлбөгөн жанга жыргап отуралычы! Биз чын эле жолуктукпу, ишене албай жатам, – деп Апал койкойгон кооз бөтөлкөнү колго алып, барбайган чоң колдору менен ача баштады. Жолугушууну уюштуруп, дасторконду жасаткан ушул Апал.

— Койгулачы кыздар, ичкилиги жок эле олтурбайлыбы, жакшына тамакка ачууну аралаштырбай… – деди Жумагүл Апалды бир карап, Гүлжанды бир карап.

— Апе-ей, ушунча жылда бир жолугуп атсак кичинеден алып олтуралы, биз деле көп ичпейбиз, жолуккандын шаанисин кылалы, – деди Гүлжан. Ошентип чөйчөктөргө шарап куюлду.

— Жумаш, жоолугуңду чечип, ээн-эркин эле олтурчу. Кайнатаң жок го бул жерде, – деди Апал дасторконду тейлеп жатып.

— Ошентчи, бүгүн бир каалаганыбыздай олтуралычы, үчөөбүздөн бөлөк эч ким жок, – деди көздөрү күлмүңдөгөн Гүлжан. Келин болгондон бери жылаңбаш жүрбөгөн Жумагүл ынабады. Жоолугун чечсе эле жылаңач калгансып, башы шамалдап ынгайсыз болот ал.

Үч курбунун бүгүн бетме-бет олтуруп сырдашчу, муңдашчу күнү.

Сөздү Апал баштады.

— Кыздар, мен силерди көрүп, толкундап ыйлагым келип турат. Канча жылдан бери ыйлабай да, күлбөй да робот аял болуп калгам. Баса, келгилечи мына бу шарапты алып жиберип анан сүйлөшөлү.

— Келгиле…

Бир чөйчөктөн шарап ичилгенден кийин Апал сөзүн кайра улады.

— Кыздар, турмуш деген ушундай бир бетпак неме экен. Мен андан өтүп бетпак болдум. Ары кеттик, бери кеттик. Ар кандай күндөрдү көрдүк дегендей. Аял байкуш жаш кезде күйөөгө, күйөөнүн туугандарына кызмат кылып жүрүп өмүрү коройт экен. Күйөөмдүн бир туугандарын он жылдап бактым үйдө. Үйлөнсө деле, турмушка чыкса деле кайра эле түгөйлөрү менен биздикинде жашай беришчү. Үйдөн такыр киши үзүлбөдү. Ошентип өзүң үчүн жашай албай жүрө берип, кантип улгайганыңды билбей калат экенсиң. Акмак эркегиң аны билип койсочу. Алиги Европанын аялдары азыр эрге тийбей жалгыз жашай баштабадыбы, ошолордуку бир эсептен туура экен.

— Койчу ай, антпечи… Жалгыздык кантип жакшы болсун. Кудай анын жүзүн ары кылсын, – деди Жумагүл.

— Ой, жалгыз болгонду карышкыр жебейт деле экен. Эрим мени чандыбы же мен аны кетирдимби – билбейм. Айтор биздики болбой калды. Эми аны шашпай айтам. Келгиле, чайдан ысык-ысык ичели.

Апал чыныларга жаңыртып чай куйду.

Гүлжан болсо не дээрин билбей айылдагы аялдардан уккан “күйөөнүн бары да азап, жогу да азап” деген сөздү эстеп олтурду. Ууртап-татыган шарап курбулардын ичин ысыта баштады.

— Мени соодада жүрсөм эле акчаны бурдай кармап, жыргап жашайт деп ойлошот, – деди Апал колундагы шире куюлган идишин кош колдоп кармап. — Соода жаныңды жеп бүтөт. Бирине тартсаң бирине жетпей, биринин шапкесин бирине кийгизе берип чарчайсың. Эптеп абалдан чыгып кетиш үчүн жаныңды жеп калп айткан кездер да болот.

— Ооба десең, сооданыкы бир азап. Кайсы бирин айтасың?! Сеникиндей чоң бизнесим болбосо да кичинекей дүкөнүм бар да. Келгиле кыздар, андан көрө мына бу “жаныбарды” жалдыратпай алып жиберели, – деди Гүлжан тарамышы сыртына чыккан арык колдору менен курбуларына чөйчөктөрүн карматып.

Алар дагы бирден көтөрүштү. Аңгыча ысык сорпо келди. Сорподон кийин дене-бойлору жазылып, магдырап калышты. Гүлжандын көңүлү бошоп, курбуларына эреркеп ыйлагысы келди. Кубанып да, кайгырып да, даттанып да – иши кылып ыйлагысы келди. Ыйлашарга деле өз киши керек эмеспи. Анын үстүнө тиги шарап “жаныбар” көкүрөктөгү каткан черди жибиттиби, ким билет?

Жумагүл болсо ичимиш болуп олтурду. Ичпесе да Бишкекке келип эки курбусуна жолукканына жыргап, магдырап дүйнөсү түгөл эле. Эсеби эрге тийгенден бери шашпай, бейкапар, эс алып олтурганы ушул болсо керек.

— Анан эриң ошо бойдон кайрылбадыбы? – деди Жумагүл Апалга карап.

— Жок, келген жок. Келтирип эмне кылам? Ансыз да өз оокатымды өзүм кылып, эки баламды өзүм багып, окутуп атсам. Келсе деле баягы да. Эч нерсени чечпейт. Сегиз миң сом айлыгы тамекиси менен жолкиресинен артчу эмес. Кийин сегиз миң сомго да иштебей койду. Курсагын тойгузат, уктайт, телевизор көрөт. Баары даяр. Эч бир санаа жок. Кыскасы, менин чоң балам болду. Бирок ошондой күйөө деле бирөөлөргө керек турбайбы. Өзүнөн улуу бир аялдын үстүнө кирип алган. Эрим бар туруп өзүм үй салдым, мончо салдым. Короо-жайды тургуздум. Элден намыс кылып машине да алып бергем. Ошондо да ойлонуп койбоду. Мен чарчадым. Башта эл эмне дейт дечүмүн. Кийин элди урганым жок деп калдым. Кет дедим акыры.

— Сен өзүң башта жаман көндүргөнсүң го эркектин ишин жасап, өзүң акча таап… – деди Жумагүл.

— Жоктон көрө бар эле да. Чыдап эле койсоң болмок. Эркектин карааны деле канча? – деди жалгыз бойлуктун азабын көп тарткан Гүлжан.

— Ошонун караанына рахмат. Көрөйүн деген көзүм калбады, – деди Апал үшкүрүнүп.

— Меники ичсе деле, бизди бакпаса деле караан болуп, аман жүрсө болмок деп арман кылам азыр. Адамдын аман жүргөнү жакшы экен да, – деди Гүлжан үнү каргылданып.

Үчөө бир азга үндөбөй калышты. Өкүнбөгөн адам болобу?! Акыл толо электе эркек да, аял да жаштык кылып, катаны көп кетирет турбайбы.

Бир убакта Жумаш үн катты:

— Апал, сага химфактан бир узун бала келчү эле го. Аты ким эле? Ошого неге ынабадың?

— Абдыразакпы?

— Ии, ошо. Кичипейил жакшы бала эле го?!

— Ал мага үйлөнөм деп айтпады. Жөн эле келе берчү. Бир жыл бою жолугушуп жүрдүк. Качан мени алат деп күттүм. 4-курс эмес белек. Бир күнү өзүм сурадым. Биз качан үйлөнөбүз дедим. Десем, “Үйдөгүлөр Чүйдөн албайсың, аркалыктын кызы келин болуп жарытпайт, өзүбүз жактан аласың деп атышат” деп башын жерге салып туруп берсе болобу?! Ыза болгонумду кантейин. Бирок сыр бербедим. Жакшы бар, экинчи келбе дедим. Ошону менен жоголду. Ошо. Көрсө ал деле мени анча сүйбөсө керек. Чындап сүйсө ошентмек беле?! А мен аны сүйчүмүн да. Силерге билгизбей көпкө ыйлап жүрдүм го ошондо. 

— Э-э-эй кыздар, бакырчаак төөнүн бары жакшы дейт. Эми деле ылайыктуу эр чыкса тийип алгыла, жаш элесиңер, – деди Жумагүл бирөө угуп койбосун дегендей акырын сүйлөп. Жок дешти экөө тең жарыша.

— Гүлжанды билбейм, мен тынчыраак эле жашагым келет, – деди Апал.

— Мен деле тынч болгум келет. Сегиз жыл жашадык. Акыркы беш жылда көзү ачылбай ичти. Аракеч күйөөнүн азабындай азап жок да дүйнөдө. Байкушум мени да кыйнады, өзү да жыргаган жок. Эми жер алдында тынч жатсын. Бирок дайыма ичим ачыша берет. Сактап кала албадым деп арман кыла берем.

Көздөрү каканактап чыкты Гүлжандын. — Менден кетсе кечирчи деп сүрөтү менен сүйлөшөм кээде. Кыйкырып айткан жаман сөздөрүмдү эстесем өкүнөм. Жаным кашайганда тилдечүмүн да. Ичпеген кезинде андан өткөн жакшы адам жок эле.

—Эми бул тагдыр да, Гүлжан. Сен өзүңдү күнөөлөй бербесең, – Жумагүл курбусун жубаткысы келди.

— И-ий кыздар, азыркы акылым ошол кезде болгондо өмүрдү башкача жашамакмын, – деп Гүлжан кагаз майлык менен көз жашын сүрдү. 

— Гүлжан, аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы? Андай болгондо мен да бактылуу-таалайлуу аял болмокмун. Узун көйнөк кийип, туфличен басып, күйөөмдү колтуктап той-тамашаларда жүрмөкмүн.

— Койгулачы кыздар, биз бүгүн ыйлайлы деп чогулдук беле? Жыргап жакшына олтуралы дебедик беле. Кимдин эле турмушу майдай-сүттөй болуп кетиптир. Меники деле жашыраак кезде ичти. Ичип алганда ар кимден кызганып колу да тийчү, – деди Жумагүл. Ар бир кадамымдан шек санап, аңдып турчу. Ошондон коркуп балээ болбосун деп эркек аттуудан алыс качып өтөм. Ошол адаты калбай койду. Жада калса өзүнүн ака-үкаларынан да кызганат азыр деле.

— Жумаш, сен аны сүйүп тийдиң беле? – деди Гүлжан чындап кызыгып.

— Кайдан?! Ата-энебиз эле сүйлөшүп… Анын үстүнө жашым да өтүп бараткан. Мектепте иштечүмүн. Ары ойлонуп, бери ойлонуп макул болдум. Өкүнбөйм деле. Балдарымдын атасы да.

— Жерге кирсин. Эркектин баары эле кызганат. Мен Сибирге каттап жүргөндө “Ким менен жатып келдиң?” деп чатак чыгарчу. Өзүң үй бетин көрбөй жүдөп-какап, араң келсең күйбөгөн жериңди күл кылчу да. Өлүп кетсин эми. Келгилечи кыздар, андан көрө дагы бирден алалы, – деди Апал чөйчөгүн колго алып. — Анан шашпай бешбармак жейбиз. Бүгүн биздин күнүбүз. Мындан чыгып отурушубузду биздин үйдө улантабыз.

Апал толкундап, курбуларын дагы кандай сыйласам деп ачылып-чачылып турду.

— Ай кыздар, эртең эле кетебиз деп баштабагыла! Жок дегенде үч күн конок болгула меникинде. Кетирбейм силерди, – деди ал бек-бек сүйлөп.

— Апей кокуй, мен эртең чыгышым керек жолго. Жини кармап калса абышкам бир ай тескериленет, балээсине калбайын, – деп Жумагүл чынын айтты. Гүлжан да Апалдын көзүн карап, кыйпычыктап кетти.

— Мен да кетишим керек, Апал. Балдарым ээн калды. Масы да, соосу да келе берет үйгө. Мен жокто түшкө чейин уктап, дүкөндү ачпай коюшат балдарым, – деп Гүлжан да өз көйүн айта баштады.

Апал тигилерге таарынгандай үндөбөй, кайрадан жаңыртып шарап куйду.

— Ушуну менен токтотолу кокуй. Эл көрсө тээтиги үч катын мас экен деп шерменде болбойлу, – деди Жумаш аста сүйлөп. 

— Эл үчүн эмес, эми өзүбүз үчүн жашайбыз, Жумашка. Жок дегенде бүгүн элден коркпой коелучу. Эл бизге эмне кылып бермек эле, – деп Апал колун шилтеп салды.

Ошентип үч курбу беш бармакты ынтаа менен ырахаттанып жешти. Тамакты жакын адамдарың менен сырдашып олтуруп, шашпай жегенге не жетсин.

Эми алар отурушту Апалдын үйүндө улантмак болуп сыртка чыгышты. Сентябрдын кара күүгүм маалы салкын тартып мемиреп туруптур. Апал такси чакырмак болду эле:

— Келгиле кыздар, жаштыкты эстеп троллейбус менен баралычы, – деди жүзү тамылжып, көздөрү коюуланып калган Гүлжан.

— Келгиле. Ошентебиз, – дешти беркилер да. Ошентип алар аялдамадан троллейбуска олтурушту. Эбак караңгы киргендиктен салондо жүргүнчүлөр аз экен. Үч курбу троллейбуста элди капарына албай студент кездеги ырлардан созолонтуп, эртең эле көр турмуштун түйшүктөрү күтүп аларын эске албай, көздөрү жалындап, көңүлдөрү толкуп, жыргап келатышты. Эч ким деле аларды ичип алышыптыр деп жаман көргөнү жок. Кайра аларга жүргүнчүлөр жылмая карашып, кол чаап да жатышты. “Бактылуу өмүр жок, бактылуу күндөр гана бар” деп кимдир бирөө айткандай, бүгүнкү күн үчөөнө тең өмүрдөгү бактылуу күндөрдүн бири болду.

Май, 2025-ж.

Автор

  • Элмира Ажыканова

    1966-жылы 15-октябрда Талас районундагы Кум-Арык айылында туулган. Журналист, акын, жазуучу. КТРдин отличниги, республикалык «Айтыш» коому уюштурган «Мыкты аңгемелер» конкурсунун эки жолку жеңүүчүсү,  Махмуд Кашкари атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына карата жарыяланган сынакта 3-орунга ээ болгон, маданияттын мыкты кызматкери, КР Ардак грамотасынын ээси.

    “Көгүш гүлдөр” (2007-ж.) ырлар жыйнагы, “Жан маанай” (2017-ж.) ырлар жана аңгемелер жыйнагы жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген