“Күндөр болот кээде өзүңө батпаган…”
* * *
Күндөр болот кээде өзүңө батпаган,
Өзүңдү-өзүң алдабаган, сатпаган.
Андай күнү булуттардай буулугуп,
Тумчугасың көлчүктөрдөй акпаган.
Андай түндөр көөдөнүңө от салат,
Абак сымал сен жашаган чар-тарап.
Багынды деп акыр мына өзүмө,
Кытмыр күлүп, шайтан курат салтанат.
Баскан жолуң бүт катадай сезилип,
Көңүл ыйлайт соороно албай эзилип.
Сага абадай, суудай зарыл ошол жан,
Мезгил учса бир өмүргө кечигип.
Түндөр болот кээде өзүңө батпаган,
Өзүңдү-өзүң алдабаган, сатпаган.
Ошол ирмем туман сындуу тунжурап,
Ошол ирмем жараламын башкадан…
