Өткүр Хашимов: “Жүн байпак”
(аңгеме)
Жыл сайын тоо тараптан ызгаар шамал согуп, күз айлары аяктап баратканда, мен апама жүн байпак ала келем. Кавказдын бийик кыркаларынан келген, оймолоруна тоо гүлдөрүнүн элеси түшкөн ошол “журабилерди” көргөндө, апамдын жүзүнө бир башкача нур толот. Ал байпактарды колуна алып, кудум жаш кезиндегидей эркелей, кошуналарына мактанат: “Көрдүңөрбү, менин уулум мага деп атайын ушул белекти алып келиптир…”.
Бирок апамдын буттары ооруйт. Күн сууктап, жердин бетин бозомук ызгаар каптаганда, анын буттары шишип, сай-сөөгү зыркырап чыга келет. Кошуналар келип абалын сурашса:
– Ээ, кагылайын, бул карылык да… – деп жылуу жылмайып коёт. Бирок мен билем… Апамдын буттарындагы ал зыркырак оору – карылыктын гана эмес, өткөн күндөрдүн биринин муздак элеси.
Балалыгымда аябай назик болдум. Үйүбүздүн ашканасындагы дубалда көк жорунун жүнүнөн тартып, кыргыйдын канатына чейин илинип турар эле. Апам аларды менин ден соолугумду коргогон периштелердей көрчү. Кичинекей эле сыз өтсө, тамагым шишип, демим ичиме түшүп калчу. Тамак менен буттун ортосунда кандайдыр бир сыйкырдуу байланыш бар экенин азыркыга чейин билбейм.
Ошол бир муздак түн дале болсо көз алдымда. Муз тебем деп жүрүп, кара терге батып, анан муз жеп алыптырмын. Кечинде денем оттой күйүп, дем ала албай, дүйнө мага караңгы көрүнө баштады. Апамдын чыңырып ыйлаганы, мени төшөккө ороп алып, караңгылыкка атырылганы гана бүдөмүк эсимде.
Сыртта катмарлап кар тынбай жаап жаткан. Дүйнө аппак куюндун ичинде калган эле. Бирок мен кардын муздактыгын сезген жокмун. Апамдын илебинен чыккан жылуу деми мага гана багытталып, ал буту-бутуна тийбей тайгаланып, оор үшкүрүнүп чуркап баратты.
Биз Ажы апанын үйүнө кирдик. Ал мени тизесине жаткырып, тамагыма шыпаалуу колун тийгизе баштады. Бир аздан кийин гана өпкөм кеңейип, жашоонун таттуу абасын жутканда, көзүмдү ачып апамды көрдүм. Анын чачтары саксайып, жүзү жашка чыланып, энтигип турган эле. Ошондо гана Ажы апанын чочуп кеткен үнүн уктум:
– Атаганат, Паша айым! Бул эмне кылганыңыз?! – деди ал үрөйү уча. – Бул абалда кантип келдиңиз?
Ошондо гана босогодо турган апамдын гепичине көзүм түштү. Гепичтин ичи кар менен музга толуп калыптыр. Апам жалаң аяк, ошол кар-музду кечип, мени көтөрүп чуркаган экен.
– Жалаң аяк келдиңизби?! – деди Ажы апа башын чайкап. – Эми эмне болот? Карганын мээсин чагып сүйкөбөсөңүз, бутуңуздан айрыласыз го, Паша айым…
Апам таканчыктап буттарын алдыга чыгарды. Эки буту тең кыпкызыл эт болуп, үшүккө алдырыптыр.
– Суук тийген жок, – деди апам мага карап, үнүндө бир башкача мээрим бар эле. – Кайра ысып кетти… Карда кишинин буту өзү эле ысыйт экен го…
Апам ошондон кийин көпкө чейин төшөктө жатты. Атам карга атып келип, анын мээси менен буттарын дарылашты. Апам айыкты, бирок ошол түн анын буттарына түбөлүккө муздак мөөрүн басып кеткен эле.
Азыр мен ага жүн байпак алып келгенде, ал балача кубанат. Ал кубанган сайын менин ичим ачышат. Апамдын ошол кыпкызыл эт болуп кеткен буттары көз алдыма келет. Ал буттар мени өмүргө алып келген, мени өлүмдөн алып калган буттар эле… Анан мен апамдын буттарын көргөн сайын өзүмдү күнөөлүү сезип унчукпай сыртка чыгып кетем.
Которогон Жанаргүл Жолдошова
