|

Жаздагы толгонуу

Биринчилерден баа бериңиз!

Бутактардын учунда бүрдөп үмүт,
Таңкы абага жашоо атын жар салды.
Эрте жаздын эпкини гүлдү сүйүп,
Уурдап кетти аңкыган жыпар балды. 

Ар бир жазда кайталанат бул ирмем,
Ар бир жаздын кадамы ушул, мен билген.
Канча аракет кылсам дагы, ал беймаңыз –
Желдер мени алдап кетет тил менен.

Мейли деймин, капалыкка алдырбай,
Кыялымды гүлгө ороп алгансыйм.
Ар бир жазды жалгыз тосуп, талыкпай,
«Бактым барбы?» – деп өзүмдөн сураймын.

Жүзүм сылап, аяр гана эркелеп,
«Бактың бар!» – деп желдер мага шыбырайт.
Бир дооматты койгон өңдүү бетке кеп,
«Бактың бар!» – деп чымчыктар да чуулдайт…

Аалам бүтүн мени каршы алгансыйт,
Ар бир бүчүр сырын айтат төгүлүп.
Мен басканда бак ичине толгонсуйт,
Бакыт гана ырдаган бир шаттуу үн:

«Мына сага аалам толгон гүл-түйүн,
Этегиңе батканча ал, тартынба!
Бул өлкөдө таалай кенен, сен бүгүн –
Өмүрүңдүн акырына чейин кал.

Өмүрүндө гүл көрбөстөн, жаш төгүп,
Өткөндөрдүн акысы бар сенде азыр.
Ар бир жазды ый менен тосуп, күз көрүп –
Кеткендердин акысы бар сенде азыр…».

Автор

  • «Калемимдин багытын Жогорку адабий курстан тактап, сөз өнөрүнүн сырларын тереңдетип үйрөнүүдөмүн. Ошону менен бирге, кыргыз адабиятындагы өзгөчө кол тамгасы бар Матисаков мектебинин өкүлү катары чыгармачылык жолумду улантып келем. Бала кезден жан дүйнөмдү ээлеп, кагаз бетине түшүүгө шашкан көркөм ойлор бүгүн менин турмуштук бейнемдин ажырагыс бөлүгүнө айланды».

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген