“Колунда темир күрөк…”
* * *
Колунда темир күрөк,
Калаанын карын күрөп.
Жүгүрүп бир жан жүрчү,
Тынымсыз жанын үрөп.
Таң ата жумушуна,
Кечикпей барам дечү.
Керилген чоң дүйнөнүн,
Кемтигин жабам дечү.
Алыста бүлөсүн эч,
Убайым тарттырчу эмес.
Кыйналган дос-тууганды,
Унутта калтырчу эмес.
Көңүлү тынчтык издеп,
Көйгөйү тоодой болчу.
Аларды жөндөгөндөн,
Кар күрөө оңой болчу.
Бир жаны түтпөй кетчү,
Бир баштан көйгөй чечип.
Тигилип туруп калчу,
Тизеден карды кечип.
Сезимде кыялынан,
Сезген жок кечиккенин.
Өзөгүн үзүп түштү
Өмүрдүн тешик жери.
Көйгөйлөр баары бүтүп,
Көмүлүп карда калды.
Мүшкүлүн өзү тартып,
Бала да, жар да калды.
Очойгон кардай жүктөн,
Арылбай жүдөп жүрүп.
Байлыкка жетпесе да,
Бакытты күсөп жүрүп…
Кар күрөп түгөтө албай,
Кайрылбай тагдыр кетти.
Өксүгүн коштоп жүрүп,
Өмүрүн кар түгөттү…

Мыкты. Бизге замандаш жөнөкөй, белгисиз адамдардын портрети эгемен Кыргызстандын поэзиясында ушуну менен экинчи ирет өтө жогорку деңгээлде жазылышы. Биринчисин Нарсулуу Гургубаеванын ырынан көргөм, бирок ал картаң адам эле, жана ал жакта миграцияда жүргөн бүтүндөй бир муундун бейнесин көрөбүз. Мында күнүмдүк турмуш өмүр-өлүм маселесине жуурулушуп, мааниси башка жагынан тереңдеген.
Ыракмат!