|

#17 Жаз

Биринчилерден баа бериңиз!

Черткилейт чымчыгым тереземди,
Дегенсип, “адамзат саламатпы”.
Дирилдеген канатын карап алып,
Ойлодум чыгыштагы алааматты.

Тырс-тырс урган тереземди ар бир таңда,
Жаралуу жаздын үнүн эшиткенсийм.
Асмандан көрүнбөйт күндүн көзү,
Ушул жаз негедир кечиккенсийт.

Черткилейт тумшугун, төшүн уруп,
Айткысы келгенсип аялуу сыр.
Мышыгым жабышып терезеге,
Ортого тоскоолдук жаратып тур.

Келдиң экен кай тарап, кайсыл элден,
Кондуруп жазды бүтүн канатыңа.
Багынтып канча мейкин аралыкты,
Батырып карегиңдин карасына.

Келдиң не эмнени эңсеп, нени издеп,
Келген чыгар болгуң жаздын жарчысы.
Нөшөрлөгөн көзүн ачпас жамгыр бу,
Балким сенин карегиңдин тамчысы.

Келдиң сызып, ак булутту аралап,
Жазыбыздын берекеси соолбосун,
Кайтарыңда бизден узап кайрадан,
Ал тарапта тынчтык күүсү ойнолсун.

Автор

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген