|

Китеп

4.8/5 - (5 добуш)

(аңгеме)

“Силер “кой” дегенди угасыңарбы, ыя?!”

Класс жетекчибиз Жыпаргүл эженин колундагы бор Үмүттүн башына бир тийип, жерге түштү. Класстын ичин заматта тынчтык басты. Эми эле кыткылыктап күлүп аткан мен да өзүмө келе түштүм. “Экөөңдүн жакшы окуганың бир тыйын, тарбияңар жок болсо! Мени көзүңөргө илбейсиңер, эк, окшошкондор!” – деп эже урушканын улантты. Мен башымды көтөрбөй, жанымдагы Үмүттү көз кыйыгым менен карадым. Анын көз жашы алдындагы китепке тамчылап кетти. 

Үмүт экөөбүздүн күлкүбүзгө себеп көп. Алинанын кир чачы, Майрамбектин тизеси чыккан шымы, сабакка даярданбай келип, доскада шөмтүрөп турган Махабат. Бул жолку күлкүбүзгө арткы партада отуруп мурдун кайра-кайра шыркылдатып тартып аткан Зарлык себеп болду. “Ушу Зарлык мурду менен шымын тартып бүтпөйт, ээ?” деп, бир баракка жазып Үмүткө сундум. Дароо жооп келди: “Анын мурду эмес, мээси агып атат”. Экөөбүз тең “бырс” күлдүк. Андан ары тизеси чыккан шым, кир чач, кызыксыз сабак, Жыпаргүл эженин өзү жөнүндө да жаза баштаганбыз да. Кылмыштын үстүнөн кармалып атпайбызбы. Эже тарсылдап басып келип, колубуздагы кат жазышкан барагыбызды алып койбодубу…

Үмүт мени күтпөй башка классташтар менен үйүн карай жөнөдү. Таарынды го, бор катуу тийди да деп кыжалат болуп, анын артынан бараттым. Биздин көчөгө жеткиче, балдардын көбү үй-үйлөрүнө тарап, бирин-серин эле калдык. Алдыбызда бараткан Жыпаргүл эже үйүн көздөй бурулбай, биздин көчөнү карай жөнөдү. Аны көрүп, жүрөгүм шуу дей түштү. Эки кадам алдымда бараткан Үмүт да токтоп калды. “Апам башымды жулат!” деди ал мага. Жыпаргүл эже менин үйүмө кирип кетти. Эже биздикинен бат эле чыкты да, Үмүттүн үйүн көздөй бет алды. Аны узатып чыккан апам мени көрүп, шак бөйрөгүн таянды. Мен үйгө жеткенде апам мени желкемден аткый кармап түрттү да: “Тээтиги кызга экинчи кошулсаң, өпкөңдү үзөм!” деп кыйкырды Үмүткө угуза. Ошол күнү апам кечке тынган жок. “Өзүбүз араң жашап атканда, бирөөнүн чачын айтып балээсин аласыңбы? Мугалимдин үстүнөн күлгөндү сага ким койду? Сен биринчи ошондой мугалим болчу, көрөйүн?! Элди шылдыңдаганды сага ким койду, минтип отурсаң менин башымды бат эле жутасың!” деген сөздөрдү уктаганча кайталады. Бир-эки жолу чаап, чымчып, нукуп да жиберди мени. “Шыпылдап тиги кыз да жөн жүрбөйт, эми ошого кошулганыңды көрөйүн, териңди тескери сыйрыйм!..” деди аягында. Негедир апам Үмүттү атынан айтпайт, дайыма “тиги кыз” дейт, кээде гана “Марал жеңемдин кызы” деп коёт. Өмүр бою жаныбызда жашаган Үмүттүн атын билбейт окшойт деп шектенем мен апамдан мындайда…

Эртеси мектепке жалгыз кеттим. Класска киргенде гана Үмүттүн менден биринчи келгенин, башка орунга отуруп алганын көрдүм. Ошентип Үмүт экөөбүз сүйлөшпөй калдык. Сабактан кийин көчөдө да чогуу баспайбыз, чогуу ойнобойбуз. Апаларыбыз урушат. Жыпаргүл эже бизге эч нерсе деген жок, бирок биздин сүйлөшпөй калганыбыз ага жагып аткандай сезилди. Мен эки парта арыраакта отурган Үмүттү сагынып жүрдүм. Ал жок көп нерсе кызыксыз экен. 

Үмүт экөөбүз акырындан сүйлөшө баштадык. Бирок сабакка эки бөлөк барып, сабактан эки бөлөк кайтабыз. Апаларыбыз көрүп калбасын дейбиз. Бир күнү Үмүт китеп окугусу келгенин айтты. “Мен дагы!” дедим дароо. Ал эмнени кылса, мен да ошону кылып көнүп калгангабы, менин да китеп окугум келип чыкты. Кыргыз адабияты, орус адабияты деген китептерди биринчи чейректе эле окуп бүтүп койгонбуз. Бизде андан башка кызыктуу китеп жок. Тытмалаганыбыз эле ошол экөө. Китепканачы Рая эжеге барып, китеп алалы дедим мен. Рая эже – биология мугалими. Бирок ал чоң класстарга эле сабак бергендиктен, ага мугалимдер отурган конторго барып гана жолуга алабыз. Экөөбүз конторду акмалай баштадык. Күндө бир маал контордун алдында турабыз, бирок эч нерсе кыла албай артка кайтабыз. Бир күнү китепканачы эже алдыбыздан чыкты. Мен чыдабай кетип: “Эже!” деп жибердим. Эже бизди көзүнүн үстү менен тиктеди. 

– Саламатсызбы? – дедим. 

– Саламатчылык! – деди ал бизди жактырбаганын жашырбай, – Экөөң эмнеге эле конторду сагалап калдың? 

Негедир мугалимдер менен апамдын сүйлөгөнү окшош. Баары “сагалап”, “кайсалап”, “темселеп” деген сөздөрдү көп айтат. 

– Биз китепканадан китеп алалы дедик эле? – дедим шашкалактап. 

– Эмне болгон китеп?! 

– Мындай эле, окуганга…

– Ошо эмне деген китепти алмак элең? 

– Окуганга эле… Жомок китеп…

– Бизде андай китептер жок! – деди Рая эже кетип баратып, – Силерге кайдан таап бермек элем?!

– Адабий китептер барбы? – деп сурады Үмүт.

– Жок! 

– А тиги китепканадагы китептерчи? 

– Жок дегенди түшүнөсүнөрбү? Болсо деле бербейм! Алып кетесиңер да, жарымын айрып жетип келесиңер, аяганды билбейсиңер! Китеп окушат имиш… Андан көрө тарбияңарды оңдогула! 

Эже сүйлөнгөн боюнча конторго кирип кетти. Карс деп жабылган эшиктин үнүнөн Үмүт экөөбүз тең бүрүшө түштүк. 

Китепкана мектептин жанындагы эски үйдө жайгашкан. Анын бир тарабы ашкана. Төртүнчү класска чейинки балдар түшкүсүн тамактанат. Бир тарабы китепкана. Ал жакка бир жылда эки жолу гана баш багабыз. Китеп алганда, анан китеп тапшырганда. Анда да Рая эже эшиктин оозун парта менен тосуп алып, китеп таратат. Тосуп алып китептерди кабыл алат.

*   *   *

Үмүт экөөбүз китепкананын артында ойноп атканбыз. Анын терезесинин кичинекей бөлүгү ачык экен. Ачык экенин көрүп, мен негедир сүйүнүп кеттим.

– Эй, карасаң, терезе ачык окшойт. 

– Кайсыл терезе? – деди Үмүт эки жагын элеңдеп карап. 

– Китепкананын терезеси.

– А-а-а! 

Ал менин кебиме маани берген жок, бирок мен ошондон тартып тынчый албай койдум. Кечинде жатып алып терезеден кирип, китеп алып чыгып атканымды элестеттим. Оңой эле көрүнөт. Мектептин наркы тарабында тизилип турган тактайдан бирди алып келип, дубалга жөлөп, кирсең болчудай. Үмүт сыртта эки жакты карап турса, эки китеп алып чыксам, окуп бүткөн соң кайра алып барып, ордуна коюп коёт элек, анан башкасын алат элек. Жыртпай-нетпей окумакпыз да. “Китепти кайдан алдың?” деп апам сурабаса деле керек… Ошончо убара болуп кирип, эки эле китеп алып чыкмак белек, көбүрөөк алыш керек дедим өзүмө өзүм. Китептин саны өсө баштады башымда. Мен уктай албай чыктым.

Эртеси Үмүттү көрөрүм менен ага ойлогонумду айттым. Ал чочуп кетти. Мен түнү менен түзгөн планымды ага көбүртүп-жабыртып айтып, өмүрү көрбөгөн китептердин ичин да, сыртын да сүрөттөп, аны көндүрө баштадым.

– Кармалып калсак өлдүк! – деди Үмүт.

– Окуучулар тарагандан кийин барабыз.

– Чоң класстар кеткенче күтөбүзбү?

– Алар барбайт китепкананын артына. Сабакта болот. Биз ошондо киребиз. Тез эле алып чыгабыз.

– Кармалып калсак, сен күнөөлүсүң! 

– Макул, мен күнөөлүү болом! 

Үмүт кыйылып атып көндү. Экөөбүз китепкананын артына барып, ачык терезеге тигилдик.

– Жок эй, кире албайбыз го… Терезенин ачык бөлүгү кичине экен? – деди Үмүт башын чайкап.

– Бийиктен кичине көрүнүп атат.

– Кайра чыга албай калсакчы?

– Чыгабыз!

*   *   *

Китепканага киребиз деген күнү Үмүт экөөбүз дежур болобуз деп мектепте калдык. Негедир бири бирибиз менен сүйлөшкөн жокпуз. Полду арыдан бери жууп бүтүп, баштыктарыбызды асынып, Үмүт чакадагы сууну, мен шыпыргыны көтөрүп сыртка чыктык. Чакадагы суу чайкалган сайын мени майда калтырак басты. Сууну төккөндөн кийин чака менен шыпыргыны ордуна койдук да, мектептин наркы капталында тизилип турган узун тактайдын бирин көтөрүп жөнөдүк. Ичимдеги майда калтырак күчөп, алаңдап улам Үмүттү карайм. Ал тактайдын бир учун кармап алдымда баратат. Китепкананын артына келип, тактайды тамдын бооруна жөлөдүк. Эки жакты карап бир топко турдук. Анан мен тактай менен өйдө көтөрүлө баштадым, бирок калчылдап кайра тез эле жерге түштүм. 

– Эмне болду? – деп сурады Үмүт. 

– Буттарым калчылдап атат. Көңүлүм да айланып кетти.

– Анда сен эки жакты карап тур!

– Макул, карайм. Эч ким жок!

– Кандай китептерди алайын?

– Калың, чоң китептерди ала бер.

Ал тактай менен жогору көтөрүлө баштады. Китепкана эски үй болгону менен Үмүт мага өтө бийикке чыккандай көрүндү. Кудум шаты менен асманга чыгып бараткандай… Кокус кулап кетсе, байкушумдун эч нерсеси калбайт го. Башым айланып кетти. Үмүт ошончо бийикте туруп алып, кайра-кайра эки жакты кара дейт. Мен карамыш этем. Эч ким көрүнбөйт. Кайра аны карайм. Ал ачык терезеге жетип, аны акырын ары көздөй түрттү. Терезе ачылды. Үмүт китепкананын ичине киргенге аракет кыла баштады. Бутун кайсыл жерге коёрун билбей калды окшойт, колу менен терезенин ачык бөлүгүн бекем кармады да, бутун ары-бери жылдырып атты. Мына, аз калды дедим мен ичимден. Аз калды. Азыр бутун тууралап коюп алса эле ичине кирет. 

“Эмне кылып жатасыңар!?” 

Менин денем силкине түштү. Артымда мектептин кароолчусу Токтор байке туруптур. Сүйлөй албай туруп калдым. Аны байкаган Үмүт, жанагынча бийиктиктен сыйгаланган бойдон “топ” этип, Токтор байкенин алдына түштү. “Эмне кылып атасыңар?” деди Токтор байке дагы бир жолу. Ушунча жыл мектепке окуп жүрүп кароолчунун үнүн биринчи жолу уктум. Ал башын чайкап, экөөбүздү алмак-салмак тиктеп турду. Үмүт экөөбүз ага айттырбай эле, баштыктарыбызды асынып, тактайды эки жагынан көтөрүп, мектептин капталын көздөй жөнөдүк. Токтор байке мектепти карай бет алды. Анын деректирге баратканын дароо эле түшүндүм. Биз тактайды ордуна койдук. Үмүт мени жек көрүп карады. Анын мынтип караганын эзели көргөн эмесмин. Адатынча “өлдүк” деген сөздү айтат го деп күттүм. Айткан жок. Унчукпай жөнөп берди. Алдыбыздан мектептин деректири, чоң класстын кыздар-балдары чыкты. Алардын бирине деректир бир нерсе деди. Тигил бала башын ийкеп, чуркап кетти. Деректир “Бери баскыла!” деп бизге колун жаңсады. Биз анын артынан ээрчип жөнөдүк. Конторго киргенде, ал бизге эки бурчту көрсөтүп, “Бириң могу жерге, бириң тээтиги жерге тур! Азыр ата-энеңер келгенде сүйлөшөбүз! Кыймылдабай тургула!” деди. Экөөбүз эки бурчка жайгаштык. Мен көзүмдүн кыйыгы менен улам деректирди карап аттым. Ал контордо кудум биз жоктой, төрдөгү отургучка жайгашты да, улам бир журналды ачып, кабагын чытып, үшкүрүнүп атты.

Биринчи Жыпаргүл эже келди. Экөөбүздү көрөрү менен: Экөөңдү ажырата албадым! Бирди көрөсүңөр дебедим беле мен силерге, ыя?! – деп, каарыды бизди. Ушул келбесе болмок, эми эмне кылсак да, кошул-ташыл кылып айтат апама деп ойлондум ичимден. Анын артынан кирген Рая эже: “Ии, бул экөө бир айдан бери бир мени, бир китепкананы акмалап, кайтарып аткан. Көрсө, пландары бар тура” – деп күлдү. Деректир мыйыгынан жылмайды. Анан апам келди. Алжапкычын чечпей келиптир. Эч ким менен учурашкан да жок. Мени көзү менен жерге киргизе тиктеген бойдон, “Тынчылыкпы?” демиш болду ооз учунан. 

– Келиңиз, жеңе, – деди деректир ордунан туруп, – Кеп мындай… Кызыңыз китепканага уурулукка кирип аткан жеринен кармалды. Эмитен мынтсе…

– Эмитен уурулукка кирсе, эртең киши тонойт булар! – деди Рая эже деректирдин сөзүн бөлүп.

– Оозуңа карап сүйлө, Рая! – деди апам демигип, – Оозуңа карап сүйлө! Бул эмне дегениң?! 

Апам бөйрөгүн таянды заматта. Рая эже да. 

– Мына кызыңыз. Алдыңызда турат. Сураңыз өзүнөн! – деди Рая эже мага колун жаңсап.

– Кызым мектептеби? Демек, мен кызымдын эмне кылганын силерден сурайм! Кызымдан эмес! Эмне уурдаптыр менин кызым?!

– Эмне уурдадыңар?! Айткыла өзүңөр! – деди деректир бизге кайрылып, үнүн өктөм чыгарып.

– Китеп алып, окуп, кайра ордуна коюп коёлу дегенбиз, – дедим. Үмүт бышактап ыйлап кирди. 

– Көрдүңүзбү, жеңе? Кызыңыз өзү моюндап атат. Уруксаты жок бирөөнүн буюмуна тийбе деп, үйрөтпөйсүзбү үйдө?!

– Ошону айтпайсызбы?! – деп кепке кошулду Жыпаргүл эже, – Адам тоготпойт кызыңыз! Укпайт кишини. 

Эки эже апамды эки жактан талап кирди. Апам да моюн бербей чарылдап атты. Деректир четте калды. Ушул учурда Үмүттүн апасы келди шашып. Эки эже менен апам ага көңүл бөлгөн жок, ал кептин төркүнүн түшүнүп-түшүнбөй: Дагы эмне балээнин үстүнөн чыктың?! – деп Үмүткө атырылды. “Китеп алып, окуп, кайра ордуна коюп…”, – деди Үмүт. Сөзүн толук бүтүрө алган жок. Мен ага кошулуп бир нерселерди күңкүлдөдүм, бирок ушунун баарын мен баштадым деп айта албай койдум. “Кармалып калсак, мен күнөөлүү болом!” деп, Үмүткө айткан сөзүм кекиртегиме келип тыгылып калгансыды. Бизге эч ким көңүл бурган жок.

– Кыздарыңар дайым балээнин үстүндө! Кылбаганы уурулук эле калды эле! Мен сизге канча жолу айттым какшап, кызыңыздын тарбиясын караңыз деп?! – деди Жыпаргүл эже үнүн бизге тааныш муңдуу обонуна салып.

– Эмне болгон уурулук, кайдагы уурулук? – деп Үмүттүн апасы мукактанып туруп калды. 

– Кызыңыз китепканага уурулукка кирген жерден кармалды, – деди ага деректир кесе. 

– Шорум! 

Үмүттүн апасы чекесин шак чапты. 

– Анан эмнеге балдарга бар китепти, даяр китепти окуганы бербейсиңер?! –деп кыйкырды апам, – Эмнеге бербейсиңер?! Бербесеңер ушинтет да!

– Берсек, соо апкелеби китепти кызыңыз? Айрып түгөтөт!

Рая эже апамдан бетер атырылды. Апам да андан кем калган жок.

– Сен биринчи берип көр китепти! Айрыса, анан айкыр!

– Айрыса, ким төлөйт?! Сизби?!

– Менин кызым китепти айрып, анан мен пулун төлөбөй койсом, айт!

– Койгулачы, жеңе! – деп Жыпаргүл эже дагы ортодон чыкты, – Койгулачы! Биз силерден ремонттун акчасын араң алабыз го! Артыңардан кууп жүрүп алабыз аны да.

– Ошо да, анысын унутуп калып эле ушинтип сүйлөй беришет! – деди Рая эже. Анан жийиркенгенсип “фу-у-у!” деп мурдун чүйрүдү. Апам түтөп кеткенсиди. 

– Ай, Рая, мен кечиктирсем да, төлөп атам ремонттун пулун! Пардага пул деп бир келесиңер, майрамга пул деп бир келесиңер, көчөткө пул деп бир келесиңер, чайга пул деп бир келесиңер. Биз баарын унчукпай берип атабыз чогултуп. Китепке деп да акча чогултканбыз! Эмне, жалганбы?!

– Ооба десең! Жылына эки жолу чогултабыз керек болсо! – деп Үмүттүн апасы кепке кошулду. Эми Рая эже түтөп кеткенсиди.

– Мен эмне ошонун баарын үйүмө көтөрүп кетип атамбы, ыя?! Баары ушул мектепте калып атат, балдарыңарга жумшап атабыз, керек болсо!

– Жумшаганыңарды көрүп, угуп эле жүрөбүз! Жумшаганыңар ушубу?! – деди апам кээкерлеп.

Мен апамдан, башка апалардан уккан сөздөрдү эстедим. “Деректирдин катыны жаңы парда тагыптыр, өзүнө кошо алган окшойт да парданы, деректирдин аялы үйүн ремонттоптур, анын үйүн да кошо ремонттодук окшойт, деректирдин аялы ток чайнек алыптыр, чай заматта кайнайт экен, бизге окшоп очокту быкшытпай, деректирдин аялы шаарга дарыланганы кетиптир, бизден чогулткан акчага кетти да” деп айылдагылар көп кеп кылат. Ошону эстедим. Деректир да ошону эстеди окшойт. Ордунан тура калды.

– Жеңе, – деди ал апама үнүн жумшартып, – Коюңуз эми, болду кылыңыз! Биз сизге күйгөндөн улам сизди чакырттык. Ушундайында билгениңиз жакшы кызыңызды. Анча-мынча какыс-кукус кылып, кой десин деп эле чакырттык. Бул биздин милдет!

– Көрүп атам милдетиңерди кантип аткарганыңарды, көрүп атам, – деди апам деректирге атырылып, – Бир эле мен эмес, элдин баары көрүп, тиктеп отурат!

Азыр эле сыпайы болуп аткан киши заматта кайра деректирдин, мугалимдин кейпин кийгени аракет кылды. 

– Ай, жеңе! Андай кызыңыз китеп окугусу келсе, китеп алып бербейсизби анан?! Үйдө китеп жок да, ошон үчүн кызыңыз уурулукка кирип отурат мынтип?

– Сенин пардаңдан, сенин ремонтуңдан ашпай атса, кантип алып берем мен китепти?! Кайсы пулга алып берем, ыя?! Оо, уятсыздар!

Апам артына шарт бурулду. Эжелердин да, деректирдин да калган сөзүн уккан жок. Бурчта турган мени каруумдан аткый кармады да: Китеп окуйм дегин сен мага мындан ары! – деди ызырынып, – Китеп окуп мүдарис болсоң, ушуларчалык болорсуң! Экинчи китеп окуйм дегениңди угайын сенин! Түш алдыма темселебей, оо, кейпиң өчкүр десе!

Мен ыйлап жибердим. Апам мени ыйлаткан бойдон сүйрөп жөнөдү. Биздин артыбыздан эле Үмүттүн апасы да жөнөп берди Үмүттү жетелеп. “Ушул кызга дагы бир жолу кошулганыңды көрсөм, шыйрагынды чагам!” деди ал бизге угуза.

Автор

  • 1993-жылы Чүй облусунун Кызыл-Ой айылында туулган. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Журналистика” бөлүмүн аяктаган. 

    Германиянын Мюнхен шаарында “Социология-Педагогика” багыты боюнча билим алган. Учурда Германияда жашайт жана эмгектенет.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

2 Comments

  1. Эң сонун аңгеме болуптур.
    Аягына чейин окурманды өзүнө тартып, бардыгы көз алдымда чагылышып жатты.
    Азаматсыз!

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген