|

Алия Арунова

5/5 - (3 добуш)

(аңгеме)

Атактуу ырчы Алия Арунова ресторандын так алдына такси менен келип түштү. Этек-жеңи жайылган жашыл гүлдүү жибек көйнөкчөн, чачына жашыл түс баргек тагынган, кол кашыктай кооз туфличен ырчыны той ээлери утурлап чыгып, сый-урмат менен ээрчитип кирип, ресторандын эң төркү үстөлүндөгү конокторго кошту. 

Ырчынын кирип келатканын байкаган кээ бир коноктор артынан узата карашып, күбүр-шыбыр боло түшүштү. Айрымдар жанына басып келип учурашып, сүрөткө түшкөнгө да үлгүрүштү. “Тойго баланча ырчы келди, жанынан көрдүк, баландай кийинип алыптыр” деп эртең аялдар арасында бир топ сөз болору турган иш. Жашы элүүгө жакындап калса да, элик сындуу басыгынан жазбаган, ашыкча эти жок, моюну койкоюп жаштыгынан жана элек Алияны кимдер гана тымызын сүймөнчүк менен карабайт. 

Ошентип төркү үстөлдөгүлөр бирин бири кадырлашып сыйлашып, көңүлдүү олтурушту. 

Той ортолоп, эл дуулдап калган маалда Алия Арунова башка үстөлдөн бирөөгө көзү чалдыкты. Жүрөгү болк дей түштү. Үстүнө шыргалаң суу куюлуп кеткендей болду. Жанындагыларга сыр алдырбай, алиги кишини кайра бир карады. Балким башкадыр деп ойлоду. Жок, так өзү экен. Чачы агарып улгая түшүптүр. Аңгыча тамада жигит эс алуу жарыялады. Коноктордун бир даары сыртка бет алышса, калганы ортодогу аянтка бийге чыгышты. Арунова жанындагы эки аял менен кобурашып олтура берди. Алиги кошуна үстөлдөгү киши да ордунан жылган жок. Жанындагылар туруп кетсе да, эки жагына назар салбай, колдорун бооруна кайчылыштырып, былк этпей жалгыз олтура берди. 

Алия Арунова ушул кишини дегеле эч жерден жолуктурбаса, эч качан эстебесе болмок. Дүйнөнүн тардыгы ай… Ооба, бир-эки жолу теледен интервью берип жатканын көрүп калган. Ошондо да селт дей түшүп, каналды башкага которуп жиберген. 

*   *   *

Анда жапжаш кези. Жаңыдан аты чыгып, областка тааныла баштаган. Майрамдар, концерттер Алиясыз өтчү эмес. Салтанаттуу иш-чараларды кермаралдай керилген Алиянын сахнага чыга келиши, мукам добушу көркүнө чыгарчу. Анда ал күйөөсүнөн ажырашып, кичинекей уулу менен райборбордо жалгыз жашачу. Ага кимдер гана көз артпады, кимдер гана тийишпеди. Эркекмин деп буту менен басып, мурду менен тынгандын баары көз кыйыгын салышты. Алия жаш болсо да өзүнүн ургаачылык кадырын сактай билген намыскөй жан эле. 

Кайсы бир концерттен кийин “Сени район башчы чакыртып жатыптыр, машинеси сыртта күтүп турат, бар жөнө” деп шаштырып калышты. Район башчыны сыртынан таанычу. Жашы кырктан өтүп калган салабаттуу, токтоо киши эле. Кээде маданият үйүнө келип, концерттин даярдыгын көрүп кетчү. Жетекчи чакырып жатса кантип барбай коё алат? Мүмкүн тапшырма берер. А балким Фрунзеге жолдомо береби… Фрунзеден окусам дегенде ак эткенден так этип жүрбөйбү.

Алия клубдун алдына чуркап чыгып, күтүп турган машинеге түштү да, жөнөп кетти. Күүгүм кирип көз байланып калган. Шоопур үндөбөй айдай берди. Байкаса борбор тарапка эмес, башка жолго түшүптүр. Балким кыска жолго салгандыр деп ойлоду Алия. Бир убакта чыдабай кетип:

– А биз кайда баратабыз? – деп сурап жиберди. 

– Акан Дүйшеевичтин үйүнө, – деп күңк этти шоопур. 

– Кайра жеткирип коёсузбу? 

– Адегенде шефке жетели, – деп койду. 

Ошентип алар бир топ жүргөндөн кийин четки көчөгө бурулуп, бир үйдүн алдына токтошту. Дарбаза дароо ачылып, машине короого жылып кирди. Алиянын жүрөгү бир нерсени сезгенсип, элеңдей баштады. Босогодон район башчы жылмайып тосуп чыкты. Үйгө киришти. Каалганы ичинен бекиткенин Алия байкаган жок. Ички бөлмөдө чакан дасторкон жасалыптыр. Тигинин оозунан арак жыттанды. Алия колго түшкөнүн сезди. 

Сыртынан калп эле олуттуу, маданияттуу көрүнгөнү менен ичинде эчактан бери ушул селкини кантип колго түшүрсөм деп шилекейи агып, напсиси бузулуп жүргөнүн Алия кайдан билсин?! Ал өндүү-түстүү айымдардан кыя өтпөй, далай сулууларды тымызын арам торуна түшүрүп жүргөнүн мурда-кийин укпаган экен.

Ошол түнү район башчы аялзатын биринчи жана акыркы көргөндөй суктук менен, жырткычтык менен Алияга кол салды. Анын каршылык көрсөткөнү, эптеп сыртка качып чыксам деген аракети ага чымын чаккандай да болгон жок. Кырчын талдай жаш келин карт бөрүдөй лөкүйгөн кишинин жанында алсыз эле. Балам жалгыз калды деп жалдырап суранганы, арызданам деп коркутканы эч нерсеге өткөн жок. Түнү бою колу-бутун кайрып, өзү каалагандай зордуктап чыкты. Район башчынын көптөн бери эңсеп, өңүтүн таба албай жүргөнү ушул болчу. Таң аткан кезде Алия жанчылган жанын араң сүйрөп, дубалдарга таяна басып дааратканага эптеп жетти да, ошол жерде муунуп өлгүсү келди. Башын дубалга койгулап жиберди. Дүйнө чаар-ала болуп көз алдынан баш-аламан удургуп, кулагына зыңылдаган жапайы үндөр угулгансып, алиги өгүздөй кишинин коңурсук жытына көңүлү айланып, ушул жерден заматта жок болуп кеткиси келди. Ушул таңдан тартып эч ким мени таппай, көрбөй калса эмне деп ойлоду. Бул менин түшүмбү же өңүмбү деп да аңдап көрдү. Анан кошуна кемпирге калтырып кеткен үч жашар уулунун ыйлап жатканын ойлоп жүрөгү тилинип кетти. Жок, балама жетишим керек деп ойлоп өзүнө келе түштү. Ошо маалда район башчы артынан басып келип кечирим сураган болуп, белинен бооланган бир тутам акча сунду. Алия акчасын жулуп алды да, өзүн бет талаштыра чапты. А тиги кой эми ачууланба дегенсип, эч нерсе болбогондой жылмайып карап турду. 

Таң атканда баягы шоопур келип, Алияны үйүнө жеткирип койду. Ызасына чыдабай, башын мыкчып дендароо болгон келин тезирээк өч алууну ойлоп адегенде милийсага арыз жазмакчы болду. Кимдир бирөөлөр менен кеңешип да көргүсү келди. Бирок акыл калчап, акыры жүрөгүнүн үнүн укту. Арыз жазам деген ниетинен айныды. Бирөөлөргө айтууга оозу барбады. Эртеңки күнүн ойлоду. Бүт дубандын баш-аягына уу-дуу болорун түшүндү. Андан өч алам деп өзүнүн да абийири аштай төгүлмөгү турган иш болчу. Мындайда кайра аял күнөөлүү болуп чыгат эмеспи. Көрө албастардын чырагына май таамп, ого бетер таба болмок. А тиги киши райондогу өңдүү-түстүү кыз-келиндердин канчасын алдап колго түшүрүп, өзүнүн арам мүдөөсүн кандырып, кыскасы көп ургаачынын убалына калганынын Алия кийинчерээк маданият үйүндөгү аялдардан кулагы чалып калды. 

Ошентип ызасын ичине жутуп, тилин тишине катып бир айга жетпей маданият үйүнөн жумуштан чыгууга арыз жазды да, не болсо да тагдырымдан көрөйүн деп борбор шаарга көчүп кетти. 

Жылдар өттү. Канчалаган суулар акты. Алия жаш кезде кыялында эңсеп жүргөн чоң сахналарда ырдап элге таанылды. Атак-даңктуу болду. Ата-бабасы көрбөгөн жерлерге барды, сый-урматтын үстүндө жүрдү. Өнөрүнүн аркасы менен дүйнөнүн далай жерлерин кыдырды. 

Анткени менен күйөөгө чыкпады. Ичкич, кызыл камчы эринен көңүлү кайт болгону аз келгенсип, баягы зөөкүр район башчыдан кийин жыйрылган денеси жазылбай, эркектен ирээнжип калган жаны колун сурагандарга макул болбоду. Ошону менен тагдырдын жалгыз аяк жолунда жалгыз кала берди.

*   *   *

Эми минтип арадан отуз жылдай мезгил өткөн соң, тойдун үстүндө баягы район башчыны көрүп олтурат. Эмнеге ордунан козголбой кыймылсыз олтурат десе, көзү начар көрөт экен. Бир жигит жетелеп сыртка чыгарып, кайра алып келип олтургузду. 

Алия анын үстөлүндө эч ким жогунан пайдаланып, шарт турду да жанына барып олтура калып:

– Мен Алия Аруновамын, тааныдыңызбы? – деди.

Тиги киши шашып кетип

– Ооба, Алия сенсиңби, үйүңдөн тааныдым? – деп андан ары не дээрин билбей мукактанып калды.

– Далай кыз-келиндердин көз жашын агызган экенсиз. Эми кудай сизди көзүңүздөн алган турбайбы. Көп жашаңыз, өлбөңүз. Жетелетип кор болуңуз. Менин да көз жашым көзүңүздөн чыгыптыр. Кудайдын бар экенин ошондо эле ойлосоңуз болмок. Таба эмес, тообо. Башка айтары сөзүм жок, – деди да Алия басып кетти. Ордуна барып олтурган соң бир чөйчөк шарапты тартып жиберди. Андан кийин тиги киши тарапты караганы жок. Айтчу сөзүн айтпадыбы акыры. Өмүр бою көкүрөгүн үшүтүп, ичин муздатып келаткан сезимден кутулгансып жеңилдей түштү. 

Ресторандын ичи дуулдуп, ырдаганы ырдап, бийлегени бийлеп, той шарактап уланып жатты. 

2021-жыл. Август

Автор

  • Элмира Ажыканова

    1966-жылы 15-октябрда Талас районундагы Кум-Арык айылында туулган. Журналист, акын, жазуучу. КТРдин отличниги, республикалык «Айтыш» коому уюштурган «Мыкты аңгемелер» конкурсунун эки жолку жеңүүчүсү,  Махмуд Кашкари атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына карата жарыяланган сынакта 3-орунга ээ болгон, маданияттын мыкты кызматкери, КР Ардак грамотасынын ээси.

    “Көгүш гүлдөр” (2007-ж.) ырлар жыйнагы, “Жан маанай” (2017-ж.) ырлар жана аңгемелер жыйнагы жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

One Comment

  1. Шымынын так ортосуна кыпкызыл шарапты шашпай төгүп туруп анан кетсе болмок. 😀

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген