Кызык, жашоо…
(ыр түрмөгү)
Ашыга берип үлгүрүү үчүн эртеңге,
эртеңди танып, эртеси ага жеткенде,
азгырган бизди табышмак сындуу алдыбыз,
жандырмак болуп, өмүрдү уурдап кеткенге
өкүнөбүз өзүбүз. Кызык, жашоо…
Көр оокат бүтпөйт, анан да биздин далалат,
жашоого кимдер канчалык чыйыр салалат?
Көр оокат жеңчү, же адам жеңчү кармашта
жеңилбей кими өмүрүн коргоп калалат,
ким билет? Кызык, жашоо…
Бирөөлөр балкып байлыкты кечсе, бирөөлөр
жан сактоо үчүн каниет кылып суу ичкен,
жашоонун өзү – кызыл чок, өрттүү кызганыч.
Кызганба, кызган жашоону аяп ар кимден,
жашоо калат… Кызык, жашоо…
Эсепке түшүп ченелген менен өткөнү,
сезилбейт бизге өмүрдүн өтүп кеткени.
Билгеним бирөө өмүрдүн жоосу өлүм – ак,
калганы түштөй – өткөнү дагы, эртеңи…
Кызык, жашоо…
* * *
Тиричилик техникасы
жашоону жеңилдетти.
Баары бар:
жылыткыч, муздаткыч,
кир жуугуч, нан жапкыч,
идиш жуугуч, чаң соргуч…
А бирок жашоонун коңулунда
отурат бир жан соргуч – “өмүр техникасы”,
сатылбаган… качырбаган…
жашоону гүлдөтсөк да,
буйдалтпай жакындаган…
Кызык, жашоо…
* * *
Аялдама. Сансыз элди
аянтына батырган.
Аялдабайт, жолоочулар,
алда кайда шашылган.
Айткалачы, кайда шашат?
Кайда барат? Жашоо өзү
аялдама болуп турса,
өмүр үчүн ачылган.
Кызык, жашоо…
* * *
Ак көйнөкчөн күн – жамгыр,
кара чапан түн – жамгыр,
кебелбеген дүйнөгө
мен да – жамгыр, сен – жамгыр…
Кеткендерди жок-жоктоп,
чыдай албай шолоктоп,
бул дүйнөдө түбөлүк
ыйлап калат бир жамгыр…
Кызык, жашоо…
