Самса

3/5 - (2 добуш)

(аңгеме) 

Нурбектин кара торунун сулуусу, коркойгон Калыгул досу үйдө чай ичип отуруп ушул окуяны баштап калды:

– Ош базарда агам экөөбүз жолугуп калдык. Аны кыйын киши болуп, “жүрүңүз аке, самса алып берейин” деп, самсаканага алып кирдим. Ал Бейшеналиева менен Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги пивоканан ичинде болчу. Самса келгиче чай ичип, нан жеп сүйлөшүп отурдук. Аңгыча күткөн самсабыз да келди. Адегенде үн чыгарбай отуруп бирден жедик, тимеле сонун, майы колуңдан чууруйт. Ичине чоң кесим май салып коюшат эмес беле?

Экинчи самсанын жарымына келгенде тишиме бир катуу нерсе урунду. Агама көрсөтпөй акырын чыгарып карасам тиш экен. Жүрөгүм шуу дей түштү. Мурда бир аңыз кеп айтылып жүрчү эле го, адамды союп, этинен самса жасап берип жүргөн киши колго түшүптүр деп. Ошону эстеп алып көңүлүм айланып кетти, баятан адамдын этин жеп атыптырбыз да деген жаман ой боюмду чырмап алды. Аргасыз агама тишти көрсөттүм. Ал да чочуп кетти. Дароо самса ташып жүргөн кызды чыкырды. Ал чуркап келгенде “Бул эмне?” деди. Кыздын көзү алайып кетти. Мен “Тур, шефиңди чыкыр” дедим олурайып. Шыпылдап барып самса жасаган дардайган кишини чакырып келди. Самсачы коркконунан сөз таппай кекечтенип калды. Мен сөгүнүп-сагынып баштадым:

– Акмак, азыр элдин баарын чакырып көрсөтөм, сотко берем, каматам, көргүлүктү көрөсүң, – деп элирип атам. Самсачы акелеп жалынып атат:

– Мындай болушу такыр мүмкүн эмес эле, каяктан келип калат бул тиш, мейли чакырыңыз, соттук экспертизадан текшертип көрөйүн. Себеби, этти өз колум менен туурайм, эч кимге ишенбейм, анан ким тыгып койду экен? – деп бушайман болуп атты. Жанагы кызга:

– Бар акелерге төрт самса алып кел, самсаларга акча алба, чай, нан ала кел, – деди. Биз жумшарып сүйлөп калдык. Бирок, өзүм каранын сулуусу болгондуктан өңүм каракөк болуп кетти, – деп тамаша аралаш каткырды.

– Ой, анан берген самсаларын жеп алдыңарбы? Дагы башкаларга тиш салып берет да, тактабайт белең? – дедим чый-пыйым чыгып.

– Жеп алдык, бирок, саксынып жедик, эки жагын ачып карап. Акчасын төлөгөн жокпуз. 

Анан үйгө келип Дурияга айтып бердим. Ал да сага окшоп ачууланды. 

“Балким силер, адамдын этине жасалган самсаны жегендирсиңер, аны ким билет, ошондуктан текшертиш керек болчу. Эми бизден оолак бол, балдарды өппө”, – деп, мени бөлөк бөлмөгө бөлүп койду. Кудай жалгасын деп жатып алдым.

Бирок катындын айтканын ойлонуп, түндө жакшы уктай албай койдум. Эрте менен турсам эле оозумдун ичи бир нерсе болот. Сүйлөйүн десем бир тишим тилими тилип кетет, же тилим тешикке кирип кетет. Эмне эле болуп атат деп күзгүгө карасам курт жеп, ооруп аткан азуум кече самса жеп атканда түшүп калыптыр. Кечетен бери жипкирип аткан жаным, сүйүнүп кетип, чуркап чыгып Дурияга айтып, жыргап оозуму ачып тишими көрсөтүп атсам катыным бакырып кирди:

– Сен самсачыны кордопсуң да анда, бечера эптеп үй-бүлөсүн багып жүргөндүр ошол самсанын эсебинен, ким билет? Баргын да кечирим сурап, жегендериңин акчасын төлөп кел, – деп кууруп салды.

Эки күндөн кийин акча төлөгөнү кайсы айбан бармак эле, барган жокмун. Ошентип өзүмүн тишими эле таңуулап байкуш самсачынын өтүн алганбыз. Бирөөгө айткандан да коркчумун билинип калбасын деп. Анан ачылып кетпедимби, силер кимге айтмак элеңер?

– Сыр айткан адамды тапкан экенсиң, – деди Нурбек, – эми сөзүң оозуңда, сабыр кыл, бирде болбосо бирде, бир жерден окуп калып таң калбасаң болду, ушу тишиңдин окуясын…

Биз ого бетер каткырып калдык. Чындап эле Калыгулдун тишинин окуясын көпкө чейин эстеп күлүп жүрдүм.

Автор

  • Акын. Кыргызстан Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү. “Кыргыз акын-жазуучулары” коомдук фондунун директору.

    КРдин Улуттук жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы Республикалык адабий сыйлыгынын, ТүркСОЙ эл аралык НИЗАМИ сыйлыгынын жана бир катар эл аралык жана республикалык сыйлыктардын ээси.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген