Адамгерчилик жеңген тагдыр
(Рахат Аманованын «Кудайберди» аңгемесиндеги гуманизм)
Кыргыз прозасында согуштан кийинки айыл турмушу өзгөчө орун ээлейт. Бул мезгил адабиятта көбүнчө элдин оор эмгеги, жетим-жесирлердин көбөйүшү жана адамдык мээримдин сыноодон өткөн учурлары аркылуу сүрөттөлөт. Рахат Аманованын жакында чыккан «Кудайберди» атуу аңгемеси дал ушул тарыхый жана моралдык кырдаалды жетим баланын тагдыры аркылуу ачып берген көркөм чыгарма катары көңүл бурууга татыктуу.
Чыгарманын окуясы бригадир Кудайбердинин чөп ороктон кайтып келе жаткан элди карап отуруп өткөн турмушун эскерген учурунан башталат. Бул эпизод чыгарманын экспозициясын түзүп, согуштан кийинки айыл турмушунун атмосферасын түзөт. Элдин чарчап-чаалыгып келе жатканы менен жүздөрүндө жылуу маанайдын болушун дагы жеңиш алып келген үмүттүн белгиси катары карасак болот. Автор ушул майда бирок маанилүү психологиялык детал аркылуу согуштан кийинки коомдун ички абалын ишенимдүү бере алган.
Аңгеменин композициясы эскерүү ыкмасы менен курулган. Башкы каармандын эсине түшкөн окуялар аркылуу өткөн мезгилдин көрүнүштөрү ачылат. Жеңиш кабары келген учурду сүрөттөгөн эпизод чыгарманын эң жандуу жана эмоционалдык күчү жогору бөлүктөрүнүн бири болуп саналат. Райборбордогу элдин толкуну, адамдардын бири-бирин кучактап ыйлаганы, ар кайсы тилде кубанычтуу сөздөрдүн айтылышы менен автор тарыхый учурдун психологиясын ийгиликтүү жандандыра алган. Жеңиш кабары адамдар үчүн жөн гана саясий жаңылык эмес, алардын тагдырын өзгөрткөн улуу окуя катары берилет.
Ал эми чыгарманын негизги драмалык өзөгү жетим бала Жолчунун тагдыры менен байланышкан. Баланын жоголушу жана аны карышкырлар курчап турган жерде табуу эпизоду аңгемени кульминациялык чекитине чыгарат. Бул жердеги тай казандын астына кирип аман калуу окуясы жөн гана сюжеттик чечим эмес, символдук мааниге ээ. Анткени казан кыргыз турмушунда ырыскынын, тиричиликтин белгиси. Ошондуктан жетим баланын дал ошол казандын астынан аман табылышы жалпы элдин ырыскысы жетимди сактап калгандай таасир калтырат.
Кудайбердинин образы – чыгарманын негизги моралдык борбору. Ал турмуштун оор сыноолорун башынан өткөргөн адам: уулунан айрылган, согушта жарадар болгон, жалгыздыкты көргөн. Бирок бул трагедиялар аны таш боор кылган жок, тескерисинче, адамдык мээримин күчөткөн. Жетим Жолчуну бала кылып алмакчы болгону анын ички дүйнөсүнүн бийиктигин көрсөтөт. Бул жерде автор кандык туугандык эмес, адамдык жоопкерчиликтин жогору турарын эң сонун сүрөттөгөн.
Жолчунун образы – согуш жетимдеринин жалпыланган символу. Өгөй таененин муздак мамилеси менен Кудайбердинин мээримдүү мамилеси бири-бирине карама-каршы коюлуп, чыгарманын нравалык мазмунун тереңдетет.
Аңгемеде айыл эли жамааттык каарман катары көрүнөт. Эл жетим баланын кор болуп жатканын көрүп унчукпай калбайт. Акыры Жолчуну Кудайбердинин колуна өткөрүп берген чечим – жамааттык адилеттиктин салтанаты. Бул көрүнүш менен автор кыргыз коомундагы жамааттык жоопкерчилик салтын көркөм деңгээлде чагылдыра билген.
Көркөм тил жагынан да аңгеме жандуу сүрөттөлгөн. Автор каармандардын сүйлөгөнүн, интонациясын, эмоциясын диалогдор аркылуу жеткирген. Психологиялык деталдар – көздүн жашарышы, үн кардыгышы, демигүү – окуянын эмоционалдык күчүн арттырат. Бул деталдар каармандардын ички дүйнөсүн ишенимдүү ачууга жардам берет.
Ошол эле учурда чыгарманын айрым алсыз жактарын да белгилөөгө болот. Кээ бир эпизоддор, айрыкча Жеңиш кабары жөнүндө эскерүү бөлүгү, композициялык жактан бир аз узак берилип кеткендей сезилет. Бул бөлүк өзүнчө көркөм мааниге ээ болгону менен негизги сюжеттик линиядан бир аз алыстап кеткендей сыяктуу. Ошондой эле айрым жерлерде автордук баяндоодо публицистикалык интонация күчөп кеткен.
Бирок бул мүчүлүштүктөр чыгарманын жалпы көркөм баалуулугун төмөндөтпөйт. Аңгеменин негизги күчү анын гуманисттик мазмунунда жатат. Жетим баланын тагдыры аркылуу автор адамдык боорукерликтин күчүн жана коомдук жоопкерчиликтин маанисин көрсөтө алган.
Чыгарманын финалы символикалык мааниге ээ. Жолчунун чоңоюп, билим алып, Кудайбердиев болуп баккан атасынын фамилиясын алышы, бул жөн гана юридикалык өзгөрүү эмес. Бул – руханий мураскорлуктун белгиси. Кудайберди кан аркылуу тукум калтырууну эмес, адамдыкты мурас калтырган Атанын деңгээлине өтөт.
Жыйынтыктап айтканда, автор жөнөкөй окуя аркылуу чоң моралдык ойду, адамды адам кылган нерсе анын жүрөгүндөгү мээрим экенин, таасирдүү көркөм чечим менен көрсөтө алган. Андыктан талантуу жазуучу катары такшалып келаткан Рахат айымга чыгармачылыктагы ийгиликтерди гана каалап кетмекчибиз.

Ырахмат, Толук Бек мырза.
Аңгемеге сиздин пикириңизди уккум келген болчу. Макала колума тийгенде, ыраазычылык жана канааттануу менен кеминде отуз жолу кайталап окудум окшойт.
Анан Марат Токоевге айтып, макаланы калемгерлер менен окурман журту окуш керек экен деп, сайтка жарыялоосун өтүндүм. Албетте, жылуу пикириңиз үчүн чоң ырахмат.
Бирок мени таң калтырган себептер, аңгеменин ушунчалык сабаттуу талданып, ушунчалык сабаттуу тилде жазылганы болду.
Адатта тубаса адабиятчылар саналуу эле жаралат. Себеби Кудай андай адамдарды көркөм адабий талдоо үчүн көздүү жана көрөңгөлүү кылып жаратат. Анан дагы андай саналуу адамдардын көздүү көрөңгөсүнө ички маданияты төп келип турушу керек.
Толук Бек мырза, сизде ушул сейрек сапаттар түгөлү менен бар экен.
Сиз мындан ары өзүңүздүн тубаса дээриңизди көркөм адабиятка кызмат кылууга арнап, адабиятчы болууга киришсеңиз демекчимин.
Көркөм адабият көрөңгөлүү адабиятчыларга муктаж болуп турган кезде, сизди ушул кадырлуу катардан көргүбүз келет.
Бар болуңуз!