|

Лев Толстой: “Камкор Бүркүт”

4/5 - (1 добуш)

(аңгеме) 

Бүркүт деңизден окчун жоон дарактын башына уя салып, балапандарын чоңойтуп жатты. 

Бир курдай ал конгон дарактын жанында кишилер ишке киришти. Бүркүт чеңгелине чоң балыкты илип алып, уясына жакындай берди. Кишилер анын оозундагы балыкты көрө калышты да, даракты айланып, кыйкырып-бакырышып, бүркүттү таш менен ургулашты. 

Бүркүт балыкты чеңгелинен түшүрүп ийди. Кишилер балыкты таап алышты да, аны андан ары алып кетишти. 

Бүркүт уясынын кырына келип конду. Балапандары болсо, ага моюндарын созуп, баштарын көтөрүшүп, оозун ачып, тамак сурашып, тегиз чурулдашты.

Бүркүт чарчап калган эле. Анын деңизге кайра учуп барууга табити тартпады. Ал уяга түшүп, балапандарын канатына калкалады. Аларды эркелетип, балапандардын канатчаларын сылагылап, аларды дагы бир аз чыдай турууга үндөгөн болду. Ал ашкере көп эркелеткен сайын балапандары ого бетер катуу чурулдашты.

Бүркүт ошондо алардан алыска барып, дарактын эң бийик бутагына барып конду. Темир канат балапандар бышкырышып, жанагыдан бетер жалынгандай чуулдашты.

Күтүүсүздөн Бүркүт катуу шаңшыды. Канаттарын каккылап, капалуу түрдө деңизди көздөй учту. Деңизден кеч киргенде гана кайтты. Жайбаракат гана жер үстү менен сызды. Анын чеңгелинде кайрадан чоң балык жүрдү.

Ал уясы бар даракка утурлай бергенде жакын арада адамдар бар, же жок экенин билгени артына кылчайды. Канаттарын ыкчам бүгүп, уянын кырына олтурду. 

Балапан бүркүттөр баштарын көтөрүп, ооздорун ачышты. Бүркүт балыкты тыткылап бөлүштүрүп, балдарын тойгузду. 

Ата-эне деген балдары үчүн кандай камкор ээ!?!

  • (1828–1910)

    Атактуу орус жазуучусу жана ойчулу. Толстойдун чыгармачылыгы дүйнөлүк адабияттын өнүгүүсүнө эбегейсиз зор таасир эткен. Өзгөчө анын “Согуш жана тынчтык”, “Анна Каренина”, “Воскресение” деген романдары дүйнөлүк адабияттын шедеврлери деп эсептелет.

  • 1953-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда туулган. 1986-жылы  КМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин бүтүргөн. КР Ардак Грамотасынын ээси. КР Өкмөтүнүн балдар адабияты боюнча сыйлыгынын лауреаты. Бир нече повесть-аңгемелери, котормолору, тамсилдери жарык көргөн. КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген