Лев Толстой: “Арстан менен кандек”
(аңгеме)
Лондондо жапайы жырткычтардын көргөзмөсү өтүп жатты. Каалочулар көргөзмө акысын төлөп, же жырткычтарды тоюндурганы ит-мышыктарды ала келишчү.
Бир адам жырткычтарды көрүүнү күсөдү. Ал көчөдөн ургаачы итти кармап алды да, аны жапайы айбанаттарга жеткирди. Кишини зоопаркка коё беришти. Кандекти болсо, капаста жаткан Арстан жесин деп, анын жанына киргизишти.
Кандек коркконунан куйругун кыпчып, капастын бир бурчуна корголоду.
Арстан ага жакын келип, аны жыттап койду. Кандек чалкалап жата калды да, буттарын асманга карай көтөрүп, куйругун шыйпаңдатып, ойноктоду. Арстан аны таманы менен түрткүлөп, кайра оңуна оодарды. Ургаачы ит ыргып тура калып, Арстандын как маңдайында арткы буттарына көчүк баса олтурду. Арстан кандекке көз жүгүрттү. Башын ары-бери буруп, айланасын каранганы менен кандекке тийген жок. Ал кожоюну капаска ыргыткан этти үзүп алды да, калганын итке калтырды.
Кечинде Арстан уктамак болгондо кандек ага жакын барды. Башын Арстандын таманына жаздап жатты. Ошондон кийин Арстан менен кандек бир капаста чогуу жашап калышты. Арстан ага тийишпей, бирге уктап, жемин жеп, кээде кандек менен ойноп да жүрдү.
Барин бир жолу зоопаркка келе калып, капаста жүргөн кандегин тааныйт. Ал жырткычтардын ээсине кандек, ага караштуу ит экенин айтып, итти кайтарып берүүнү суранды. Капастын ээси кандекти кайтарууну туура тапты да, капастан чыгарып алганы итти чакырганда Арстан жүндөрүн түктөйтүп, ачуу күркүрөп ыркырады.
Ошентип, кандек менен Арстан капаста бир жыл толук өмүр сүрүштү. Бир жылдан кийин ит оорудан өлдү. Арстан тамакка карабай, өлгөн кандекти искеп, жалап-жуктап, таманы менен сылагылады.
Ал кандектин жан таслим болгонун түшүнгөндө капыстан секирди да, жүндөрүн үрпөйттү. Куйругу менен жан-жактарын ургулап, ары-бери ыргып, секирип, капаска урунуп, тактай менен эшик жапкычты тиштегиледи. Керелден кечке капастын ичинде жөн тура албай, катуу күңгүрөндү да, анан өлүү иттин жанында унчукпай жатып, тим болду.
Зоопарктын ээси өлүү кандекти алып кетүүнү чечти. Бирок Арстан эч кимди итке жакындаткан жок. Кожоюну: “Эгер башка бир кандекти берсе, Арстан өз кайгысын унутар”, – деп ойлоду да, ал жаткан капаска тирүү кандекти киргизип ийди.
Бирок Арстан аны ошол замат майда барчалап, чайнап салды. Ал мурдагы өлүү итти өз кол-буту менен кучактаган бойдон беш күн жатты.
Алтынчы күнү Арстан да көз жумду.
