Сугатчы
(аңгеме)
Атасы менен баласы сугат талаасы менен келе жатышты. Жол боюнда эскилиги жеткен бир бут кийим жатыптыр.
Баласы шоктонуп атасына карап:
– Кыязы, бул эгин суугарып жүргөн дыйкандын бут кийими окшойт. Катып койсок эмне болот? Келип бут кийимин таппай издегенин көрүп бир тамашага баталы, – деди.
– Кой, балам, адамды кыжалат кылып, кызыкка батканыбыз жакшы иш эмес.
Андан көрө бут кийимге акча катып коёлу да анан карап туралы, – деди атасы.
Атасынын кеңеши уулуна дароо жага түштү да макул болду. Дыйкандын бут кийимине акча салып, ата-бала чөптүн арасында жатып аңдый башташты.
Көп өтпөй күн нуруна жүзү тотуккан, чарчаңкы, ачуу тийген күндүн ысыгында жүрө берип өңү өчкөн чапанын этегин белине түрө байланган бир адам келип, ылай болгон бутун жашыл шиберге сүртүп өтүгүн кийе баштады. Бирок бутуна урунган бир нерсени сезип, өтүгүн какты эле ичиндеги акчалар чачылып кетти. Чачылган акчаларды көргөн дыйкан көргөн көзүнө ишенбей элеңдеп эки жагын каранды. Айланада тирүү жан жок… Акчаны шашыла койнуна тыгып, тизелей отура калып колун асманга созду:
– О, Жараткан, менин абалымды менден да жакшы билчүүсүң. Аялым ооруп төшөктө жатканын, бала чакам ач жылаңач экендигин, өзүм карызга белчемден батканымды жакшы билесиң.
Башыма түшкөн балээден куткарганыңа шүгүр! Менин сага күн сайын жалынып жалбарган үнүмдү укканыңа чексиз чексиз шүгүр, шүгүр! – деп көзүнүн жашын сүртүп жиберди. Чөптүн арасында аны карап отурган баласынын көз жашы агып отурганын көргөн атасы:
– Уулум, азыр мурдагы абалыңдаң бактылуу экениңди сезип отурасыңбы?! Эгерде биринчи максатыңды ишке ашырганыңда абалың таптакыр башкача болмок, – деди шыбырап.
– Атаке, мен сизден өмүр бою эстен чыкпай тургандай сабак алдым. “Бергендин бактысы алгандыктан таттуу болот” дегенди эми түшүндүм, – деди көзүнөн аккан жашын сүртүп.
Өмүрдүн кайырымдуусу – Жараткан үчүн жашаганы. Адам баласы өлүп жерге берилгенде бу жалган жашоонун эскермелери менен көмүлөт экен.
Демек жалган жашоодо бири биризге кайырымдуу, мээримдүү, кечиримдүү бололу.
