|

#5-6 (55 сөз)

5/5 - (3 добуш)

#5 Куйкасы курушту

Паяздыкына Бишкектен уулу Айбек, келини Самаргүл балдары менен келишти. Коноктордун урматына кой союлду.

– Чоң ата, койду кесип жатышат! – Кутман чоң атасына кайрылды.

– Ай, чунак, койду кеспейт, аны союп жатат.

Арадан көп өтпөй “Койдун башын өрттөп жатат”, – деген неберенин үнү жаңырды.

– Эй, кыргыздын баласы, койдун башын өрттөбөйт, аны куйкалап жатат, – деген карыя уулу Айбекке суроолуу тигилди.

#6 Издеткен түн

Иңирде уй эсиме түштү. Аны издеп жүрүп талаада Саманчынын жолун тиктеген бойдон жатып уктап калыптырмын. Таң ата апам айыл четинен тосуп чыкты.

– Каралдым!, – апам ыйлап, бети-башымдан өпкүлөп кирди.

– Сени түнү менен издедим, – апам басылбай жатты.

Мени сепаратордун үнү ойготту. Төшөктөн башымды көтөрөр замат жүрөгүм “шуу” дей  түштү. Апамдын жоолугунан чыккан чачтары сүттөй аппак болуп калыптыр.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген