#11-12 (55 сөз)
#11 Бирөөнүн ырыскысы
Алыстан келген тракторчулар жер айдап биздин үйдө жатып иштешчү.
Апамдын иниси эт алып, апамдан кабар алып келет. Ал этти апам тракторчулар кеткенде өзүбүз жейбиз деп бекитип коёт.
Тракторчулар жаандан улам кетишет.
Арадан күндөр өтүп, бир күнү ошол эттен тамак жасап, эми дастарконго олтурганда тракторчулар кайра кирип келишет.
Алардын ырыскысы кошулуптур. Бирөөнүн ырыскысы бирөөгө буюрбайт тура!
#12 Сандык
Жаңгактан жасалган сандык себине келген. Аны менен туура 62 жыл тагдырлаш болуптур. Адегенде ага “сандык ачаар” деп эненин белектери салынса, кийин өзүнүн жана балдарынын кийимдери салынып жүрдү. Өмүрүнүн акыркы жылында “өлүмтүгүмө” деп, бирдемелерди топтоп жатты. Ичер суусу түгөндү. Аялдын сандыгы ачылды да, ичиндегилерди кыз-кыркын талап кетишти. Эскирген бош сандыкты кичүү уулу отундарга кошуп, майдалап салды.
