“Эжекеси”

3.4/5 - (5 добуш)

(аңгеме)

Эшик катуу-катуу урулганынан Айзат чочуп кетти. Бүгүн дагы коңгуроого батарейка ала келбей, унутканын карачы. Ушундай учурларда секунддук бир ирмем экенине карабай “Жанымда бир караан болсо кана?!” – деген ой салат. Ашканадан чуркап чыгып, ким экенин сурабастан эшик ачты. Ал меймандарга дайым эшиги ачык. Анын үстүнө, көп деле киши келбейт, келсе чындап куштарлана коноктойт. Эки бейтааныш адамды көрүп, адашкан адамдар окшойт деген ойго кетти. 

– Ой, эжекеси, биз адашып алдык окшойт…

Улуурагы (дегени чачы бурулдай ак экен), тайсалдай артка бурула кетенчиктеди. Жанындагы жолдошу “карачы” дегенсип, телефонду жүзүнө бурду. 

– Ким керек эле, сизге? 

– Бөлмө ижарага берген кулактандыруудан улам келгенбиз. 

Айзат эки күн мурун келебиз деп, келбей калгандарды эстеди. 

– Кандай жоопкерчиликсиз эмесиңер. Же жазып койбойсуңар… Мен мындай адамдарга бере албайм. 

Тиги улуурагы кат-кат кечирим сурап жиберди. 

– Кечириңиз, эжекеси. Шарт ушундай болуп калды. Бизге чындап ушул райондон жашаганга жер керек болуп турат. Бир ачууңузду мага бериңиз.

– Эжекеси, эжекеси..

Ушул ак чачка эжекеси көрүнүп атамбы? Өзүн бир караса ээ? Айзат жактырбагандай, эшикти жапканга даярданып калды эле, экинчиси кепке аралашты. 

– Байке силер менен сүйлөшүп, анын телефонунда болчу да баары. Силерге келээрден бир күн мурун түндөсү пицца ташыган жумушунан белгисиз адамдар тоноп кетишиптир. Телефон, капчык, ачкычын алып, унаасын айдай качышыптыр… Бүгүн бул жакка келе жатканыбызда унаа бир жерде табылганын уктук. Ал эми, сиздин телефонду, кайра издеп табууга туура келди. 

– Ии, жакшысызбы анан? 

– Кудайга шүгүр, эжекеси. 

Бул ирет Айзат окуянын чоо-жайын угуп, “эжекеси” дегенди этибаар алган жок. 

– Кудай сактаптыр, эч нерсе эмес. Эң негизгиси алтын башыңыз аман. 

Киргиле дегенсип, ичкериге жол бошотту. 

– Жаңылбасам, атыңыз Айзат ээ? Мен Эрмек, бул жак – Бекжан 

Ызаат кылып ак чаччан – Бекжан деп, Айзатка колун сунду, бирок Эрмек байкатпай колун кагып койду. Ага деле көңүл бурбаган кожейке кандай милдеттер бар экенин айтып, эң негизгиси тазалык экенин кошумчалады.

– Бул үйдү алганыма аз эле болду. Ипотекага алгандыктан, кичине тыгынчык болсун деп, бир бөлмөнү ижарага берүүдөмүн. Ар бир айдын онунда, эки кишиге $800 болот. Көргүлө, атайы кенен болсун деген ойдо, уктоочу бөлмөнү бошотуп, эмеректери менен даярдап койгом. Өзүм кичирээгинде жашайм. 

– Эжекеси, ал жагынан эч кам санабаңыз. 

Айзат, эми жакшылап Бекжанды башынан ылдый сыдыра карады. Чачы эле аппак болбосо, бир 5-10 жаштай эле улуу көрүндү. Элүүгө чыгалек окшойт. Тазалык дегенине караганда таза окшойт деп, дароо ак байпагына көзү түштү. Шымдын кыры да чыгып турат. Жынсы шымдын кырын чыгарып кийгендерди көрсө, итатайы тутула берчү эле, бул дагы сыягы ошондойлордон го. 

– Эжекеси, биз 6 айдыкын дароо берели. Башкаларды албаңыз.

Айзат кичине акчадан кысталып турган. Дароо санап берип атса, “мейличи, ушулар эле жашай берсин. Жынсы шымды кырын чыгарып киеби, “эжекеси” дейби, ага баш оорутуп эмне кылам, эң негизгиси тынч жашашса болду. Анын үстүнө, булар жумушта болгондо, өзү жумушта болуп, көп деле көрүшө беришпейт окшойт”, – деп, макулдугун берди. 

Биринчи алар көчүп келээри менен, бул үйдө эркек жашаары кадимкидей билине баштады. 

– Эжекеси, эшиктин жарыгын оңдоп койдум. 

– Эжекеси, коңгуроонун батарейкасын алмаштырып койдум. 

– Эжекеси, ваннадагы кранды тазалап койдум. 

Башында, “эжекесине” көнбөй жүргөн. Бекжандын төл сөзү экенин Эрмек айтып түшүндүргөндөн кийин, ага деле маани бербей калды. 

Көп өтпөй, Бекжан жумушун которуп, эми Айзат экөө көбүрөөк убактыларын чогуу өткөрүшүп калышты. 

– Эжекеси, чай ичиңиз…

– Эжекеси, эмне жейсиз? Эмне ала барайын?

Эми “эжекесине” башкача камкордук көрүлө баштады. Бир убакытта үйдө болушат, эки бөлмөдө эде жашашканы болбосо, аял-күйөөсүндөй эле, тиричилик баштан кечирип жатышты. Эркекке тиешелүү баардык жумуштар Бекжандын мойнунда. Айзатка бул турмуш дагы жагып баратты. 

Ошол күнү адаттагыдай ашканада кофе ичип отурушкан. 

– Эжекеси, бүгүнтөн баштап, Сизди Айзат десем кандай карайсыз? 

– Кандай карамак элем? Акыры ошол күн келет экен го?! 

Айзат сүйүнүп күлүп койду. Саамга ойлоно түшүп, качан гана кептин маанисин түшүнгөндөй башын түшүргөн тейде, акырын көзүнүн кыйыгы менен караса, Бекжан аны ушундай бир жалооруп, сүйкүм жүз менен менен карап туруптур. Ал Айзаттан мындай жооп угам дебесе керек. Оой, бул сезимин билдирип айткан тура… Айзаттын жүрөгү дүкүлдөп, беш секундда абдаарый түштү. Эки бети албырып, “чынбы?” дегенге араң тили күрмөгө келди. 

– Чын, чын, Айзат!

Эми, Айзат Бекжандан “эжекесин” экинчи уккус болду. Бирок “сүйүктүүм” дегени ага дароо жакты.

  • Бала кезинен китеп окуганга кызыгат жана жазуу терапиясын жан дүйнөнүн дарысы деп билет. Учурда үй-бүлөсү менен АКШда жашайт.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген