Бакыттын ээлери
(аңгеме)
Кээде телефондон кат жазышып, чалышып, ал-акыбал сурашып турушканы болбосо, үч группалаштын бүгүнкүдөй кенен отуруп, чер жазыша сүйлөшпөгөнүнө көп болгон эле. Андан бери жогорку окуу жайын бүтүрүп, студенттик жатаканадан кеткендерине туптуура жыйырма жыл болуптур.
Студенттик күндөрүн эстеп, ошол кездеги баскан жолдорун сагынган үч дос көптөн бери жолугушууну пландап жүрүшкөн. Акыры ушул күнгө токтолушту.
Белгиленген убакта жолугушуп, алгач окуу жайга келишти. Жүрөктөрү дүкүлдөп, жыйырма жыл мурун билим алган окуу жайдын босогосун кайрадан бүгүн атташты. Бул күн алар үчүн оңой болгон жок. Анткени бир кезде окуунун баркын толук сезбей, лекцияга барбай, жатакананын жумшак керебетинен, жылуу жаздыгынан тургулары келбей, жатып алган күндөрү да аз эмес эле.
Эми ошол бааланбай өткөн кымбат күндөрүн эстеп, убакыттын учкан куштай зымырап өтөрүнө дагы бир жолу ынанып турушту…
Лекцияларда отурган учурларын, сабак жазгандын ордуна дептерлерине сүрөт тартып, бири-бирине карикатура чийип, тамашалашып өткөргөн күндөрүн эстешти. Бирде ошол күндөргө кейишсе, бирде каткырып күлүштү. Окуу жайдын узун коридорун аралап, мурда сабак окуган аудиторияларына киришти. Ар бири өздөрү отурган парталарды издеп, мурдагы окутуучуларын эскеришти. Бир топко чейин чер жазышып, жатаканага барууну чечишти.
Үчөө студент кезинде басып өткөн жолдору менен жатакананы көздөй жөнөштү.
Кире бериште эле вахтёр эжеси аларды жылуу тосуп алды. Коридорду бойлой басып баратышып, баягы бакылдаган балдарды, гитара черткен жаштарды, бири-биринин бөлмөсүнө кирип-чыгып, шаңдуу күлкүгө бөлөнгөн досторду издешти. Бирок эч ким көрүнбөйт. Коридор жымжырт.
Таң калышып, бир нече бөлмөнүн эшигин ачып көрүштү. Төрт керебеттүү бөлмөлөрдө бир-эки студент гана телефон тиктеп отурганы болбосо, калгандары бир жакка кеткендей.
Ошондо өздөрүнүн студенттик күндөрү шаңдуу өткөнү эстерине түштү. Айылдан ата-энелери салып жиберген азын-оолак акчага ыраазы болуп, үчөө бир мейизди да бөлүп жеген учурларын эстешти. Бир үзүм нанды тең бөлүшүп жеп, кээде жокчулукка кейишкени менен, бири-биринин жанында болгонуна кубанып, шаңдуу күндөрдү бирге өткөрүшкөн.
Акыры өздөрү жашаган бөлмөгө да жетип келишти.
Босогодон аттаганда эле мурда заңгыраган залдай көрүнгөн бөлмө кичирейип кеткендей сезилди. Кезинде өздөрү жаткан эски темир керебеттерди издешти, бирок көрүшпөдү. Ал керебеттер эчак эле жаңы эмеректерге алмаштырылыптыр.
Бөлмөдө бир студент отурган экен.
– Саламатсызбы, байке! Сиздер ушул бөлмөдө жашачу белеңиздер? – деп сурады ал.
– Ооба, туура баамдадың, иним, – деп күлдү Алтай.
– Анда шашпай отуруңуздар. Сүйлөшө бериңиздер. Менин жумуш убактым башталып калыптыр. Ачкычты вахтага илип кетсеңиздер болот, – деди студент чыгып баратып.
Үчөө керебеттердин бирине жайгашып, өткөн-кеткенди эскерип отуруп калышты.
– Айбек, эсиңдеби, ушул бөлмөдө жатып алып, келечекке план түзчүбүз? Сен чоң кызматкер болом дечү элең. Кудайга шүгүр, мына, тилегиңе жеттиң. Мен бизнесмен болом дечүмүн. Мен да өз максатыма жеткендей болдум. Закир болсо: «Саламатсызбы, агай!» – деп алдыман окуучуларым чуркап чыкса болду дечү. Сен да айткандай мугалим болдуң. Негизи, адам баласы жаш кезинде эмнени тилесе, Кудай ошону насип кылат тура, – деп Алтай күлүп калды.
Үчөө тең жылмайып, бири-бирин карашты.
– Эсиңердеби, ошол түндөрдүн биринде кесип, байлык, бийлик жана бакыт жөнүндө талашып отурганбыз. Кана, ошол окуяны эстейли. Окуя мындай болгон, – деди Алтай.
* * *
«Студенттин бир тойгону – байыганы» демекчи, айылдан ата-энеси салып жиберген картошканы кууруп жеп, өзөк жалгап алышкан үч студент эски темир керебеттерине чалкасынан жатып алып, келечекке пландарын түзүшчү. Бирде баштарынан өткөн окуяларды айтып, каткырып күлүшсө, бирде терең ойго батып, бири-бирине сын айтып, жашоонун оош-кыйышын талкуулашчу.
Студенттик жатаканада түн бир оокумга чейин кобурашып отуруп, анан гана уйкуга кетүү Алтай, Айбек жана Закирдин күнүмдүк адатына айланган эле.
Ошол түнү да сөз келечектеги кесиптери, кызмат орундары жана жашоодо өз ордун табуу жөнүндө болду. Ким кайсы кесипти тандаса, бактылуу жашай алат деген суроонун айланасында кызуу талаш жүрүп жатты.
– Алтай, сен келечекте ким болсом, бактылуу жашайм деп ойлойсуң? – деп сурады Айбек.
– Ээ, досум, мен чоң бизнес ачам! Акча табам, байыйм. Азыркы заманда көп нерсени акча чечип жатпайбы. Андан өткөн бакыт барбы? Айылга джип минип барсаң, баары аке-жакелеп, төргө өткөрүшөт. Тойго барсаң, алдыңа устукан тартышат. Азыр байлардын заманы эмеспи! Акчаң болсо, көп эшик ачылат, досум! – деп ишенимдүү жооп берди Алтай.
– Айбек, сен өзүңчү? – деп сөзгө аралашты Закир.
Айбек жаздыгына чыканактап жатып, чачын артка сылады да, кыялындагы келечегин элестете сөз баштады:
– Мен чоң кызматка барам! Мени «Айбек Талканчиевич» деп, алдымда кызматкерлерим жүгүрүп жүрсө дейм. Эшигимди ачып, кофе көтөрүп келип, ар бир айткан сөзүмдү эки кылбай аткарышса… Айылга, той-топурга барсам да, биринчи сөздү мага берип, төргө өткөрүп, кадырлап турушса! Андан өткөн бакыт барбы? – деди ал кыялга батып.
– Ээ, Закир, сен эмне дейсиң? Бизге жардамчы болосуңбу же шоопурубуз болосуңбу? Сенин деле бир оюң бардыр, айтпайсыңбы? – дешти кыялдарын кенен жайган Алтай менен Айбек.
Закир бир азга унчукпай калды да, анан жай гана жооп берди:
– Менин кыялым башка. Мага алдынан чыгып, «Саламатсызбы, агай!» деп чын жүрөктөн салам берген окуучуларым болсо дейм. Билимимди алып, турмуштан өз ордун тапкан шакирттерим менен сыймыктансам… Элге кереги тийген, татыктуу устат болсом, мен үчүн ошол чоң бакыт.
Ушул сөздөн кийин бөлмө ичи күлкүгө толду.
– Эй, досум, кыялыңды кененирээк кылсаң боло! – деп Алтай каткырды. – Мына, мен бизнести тандадым, досум чоң кызматты тандады. Сен болсо мугалим болом дейсиң! Азыр мугалимди ким сыйлап калды? Айлыгы аз, тапканы эч нерсеге жетпейт. Окуучулары мээңди жейт. Эки жакка барганда мугалиммин деп кантип мактанасың? Кой, досум, анте көрбө! Майдаланбай, кененирээк кыялдан!
Айбек да анын сөзүн кубаттап, экөө Закирди тамашага салышты.
Бирок Закирдин өзүнө гана таандык, оңой менен өзгөрбөгөн кыялы бар эле. Достордун талашы дагы бир топко созулду.
Бир маалда эртеси көлгө барып келүүнү сүйлөшкөндөрү эстерине түштү.
– Кана, жигиттер, эми жаталы. Эртең эрте туруп, уйкубузду кандырып алып, жолго чыгалы. Калганын эртең улантабыз, – деди Алтай.
Ошентип, үчөө акырындап уйкуга кетишти.
* * *
Эртеси эртең менен үч дос шымалана туруп, шашылыш даярданышты да, автобекетке жөнөштү. Ал жактан таксиге отуруп, көлдү көздөй сапар алышты.
Жолдо таксист арткы орундукта отурган жигиттерге көз чаптырып, сөз баштады:
– Кана, жигиттер, жол узун экен. Жолду кыскартып, сүйлөшүп баралы. Кайдан болосуңар? Келечекте ким болгуңар келет?
Бул суроо кечээги талашты кайра жандандырды. Жигиттер саясаттан баштап, коом, байлык, бийлик, адамдык сапат жана жашоодогу бакыт тууралуу кеңири талкууга киришти.
Таксист алардын сөзүн кунт коюп угуп, кээде башын ийкеп, кээде чайкап, үн катпай баратты. Үчөө болсо өз ойлорун далилдөөгө аракет кылып, сөздөн сөз чыгарып, убакыттын кандай өткөнүн да байкабай калышты. Көп өтпөй көздөгөн жерлерине жетип келишти.
Жигиттер акысын төлөп, түшүүгө камынышканда, таксист сөз баштады:
– Ээ, жигиттер, жол бою сөзүңөрдү угуп келдим. Жакшы кептер болду. Силер мени жөнөкөй эле таксист экен деп ойлобогула. Мен өмүр бою кызматта иштеп, пенсияга чыккам. Үйдө бош отурбайын деп такси айдап жүрөм. Адамдар менен көп аралашсаң, бара-бара психолог болуп калат экенсиң, – деп жылмайды.
Алтай дароо сөзгө аралашты:
– Анда, байке, айтыңызчы, мен келечекте ким болом?
Таксист аны бир карап алып, шашпай жооп берди:
– Балам, сүйлөгөн сөзүңө караганда, байлыкты жакшы көргөн жигит экенсиң. Байлык жаман эмес, эмгектенип, оокат кылыш керек. Бирок байлыкка ашыкча берилип кетпе. Байлыктын түбүнө ким жетиптир? Акчага сатып алууга мүмкүн болбогон нерселер да бар, балам, – деп үшкүрүндү.
Алтай унчукпай калды.
Ал аңгыча Айбек кезек күтпөй суроо узатты:
– Байке, анда мени айтсаңыз. Мен ким болом экенмин?
– Сен, Айбек балам, чоң кызматка кызыккан жигит экенсиң. Кызмат деле жакшы, элге пайдаң тийсе, андан өткөн эмне бар? Бирок бир нерсени унутпа: бүгүн өйдө көтөрүлгөн адам эртең кайра ылдый түшүшү мүмкүн. Кызмат бирде бар, бирде жок. Ошондуктан кызматка жеткенде башкаларды басынтпай, адамдык сапатыңды жоготпо, – деп жооп берди таксист.
Үчөө машинадан түшүп, бара турган жерлерине карай жөө жөнөштү. Бирок бир аз узай бергенде, артта калган Закир токтоп, таксистке үн салды:
– Байке, сиз мен жөнүндө айткан жоксуз го! Мен ким болом?
Таксист ага карап:
– Ээ, иним, сен менден сураган жоксуң, мен да сага жооп берген жокмун да, – деди.
– Ошентсе да, байкадыңыз го. Айтып коюңузчу, байке!
Таксист бир азга ойлонуп тургандай болду да, жылмайып:
– Балам, сага Кудай берет, – деп кыска гана жооп кайтарып, машинасын айдап кетти.
Закир, Айбек, Алтай үчөө бул сөздүн маанисин дароо түшүнө алышкан жок.
«Кудай берет» дегени эмнеси? Эмнени берет? Ким болорумду айтып койсо эмне болмок эле? – деп Закир көпкө ойлонду.
Жашоо өз нугунда улана берди. Арадан жылдар өттү.
Алтай чоң бизнесмен болду. Айбек болсо эңсеген кызматына жетти. Экөө тең өз жашоолорун куруп, турмуштун ысык-суугун көрүштү.
Закир да бала кезинен берки кыялынан кайткан жок. Мугалимдик кесипти тандап, өмүрүн жаш муундарга билим жана тарбия берүүгө арнады.
Алгачкы жылдары ага да оңой болгон жок. Айлыгы аз, түйшүгү көп эле. Бир үй-бүлөдө төрт бала болсо, төрт башка кыял болот эмеспи. Анын сыңарындай, бир класста отуз окуучу отурса, алардын ар биринин өзүнө таандык кыялы, мүнөзү, түшүнүгү бар. Ар бирине өзгөчө мамиле кылып, туура жол көрсөтүү – мугалимдин милдети, ошол эле учурда чоң түйшүгү болчу.
Кээде чарчап, кээде окуучуларынын кылыктарына капа болуп, кээде: «Туура жолду тандадымбы?» – деп ойлонгон учурлары да болду. Бирок ар бир сабагына даярданып, ар бир окуучусунун келечегине кайдыгер карабай, ишин сүйүү менен уланта берди.
Жылдар өттү. Бир кезде парталарда отурган балдар чоңоюп, ар бири өз жолун тапты. Алардын арасынан белгилүү илимпоздор, дарыгерлер, инженерлер, жетекчилер жана ар кыл кесиптин ээлери чыкты.
* * *
Мына эми үч дос кайрадан жолугушуп, койгон максаттарына жеткен учурларын эстеп, өздөрү тандаган кесиптерине ыраазы болуп отурушту.
– Ээ, Закир, сен студент кезде эле мугалим болом дечү элең. Кандай экен, кесибиң өзүңө жактыбы? Эмгегиңдин жыйынтыгы кандай болду? Кызыктуу окуяларың болсо, айтып бербейсиңби? – деди Айбек.
Закир бир аз ойлонуп калды. Анан чөнтөгүн сыйпалап, бир нерсе издей баштады.
– Эмне болду, досум? Чөнтөгүңдөгү алтынды түшүрүп алып, таппай жатасыңбы? – деп Алтай тамашалады.
Айбек да күлүп жиберди.
– Жок, достор, силерге окуп бере турган бир катым бар эле, – деди Закир.
Ал чөнтөгүнөн бүктөлгөн кагазды алып чыкты.
– Бул катты мага Келечек деген окуучум жазган. Окуп берейинби?
– Оку, досум, убакыт кенен. Кандай кат экен, угалы, – дешти экөө тең кызыгуу менен.
Закир катты жайып, окуй баштады.
«Саламатсызбы, агай!
Сизге бул катты жазууда көп ыйладым, көп толгондум. Акыры ичимдеги ыраазычылык сезимимди сизге айтууга бел байладым. Анткени менин ушул күнгө жетишиме сиздин таасириңиз чоң болду.
Сөз башынан болсун.
Мен тубаса майыптыгы бар болуп жарык дүйнөгө келгенимди биринчи класска барганда сездим. Ата-энем мени мектепке киргизбей, атайын мектепке бергиле дегендерге карабай, элдин балдарынан кем болбосун деп чуркап жүрүп, мектепке киргизишкен экен.
Мектепке келген күндөн тартып классташтарым жакшы сүйлөй албаганымды туурап, шылдыңдап, басынтышчу. Эч кимге билдирбей көп ыйладым.
Арадан жылдар өтүп, алтынчы класска келгенимде, Кудай бердиби, айтор, сиз бизге сабак берип калдыңыз.
Сиз ар бир окуучуну доскага чыгарып, жазгандарын текшерип, окуганын, түшүнгөнүн айтып берүүсүн талап кылчу элеңиз. Баарыбызды бирден текшерчү элеңиз. Мага кезек келгенде: «Эми дагы шылдыңга каламбы?» – деп жүрөгүм дүкүлдөп турду.
Ошол учурда сиз мага өзгөчө дем бердиңиз, агай!
– Келечек, даярсыңбы? Келе гой! – деп чакырдыңыз.
Денемди калтырак басып, жаныңызга бардым. Дептеримди текшердиңиз да, урушпастан:
– Каталарың бар экен, бирок оңдосо болот. Мына, бул жерин мындай кыл. Көп жаз. Аракетиң бар экен. Эми түшүнгөнүңдү сүйлөп берчи, – дедиңиз.
Мен адатымча кекечтенип, сөз айта албай тура бердим. Оюмду түшүнүп турсам да, айтайын десем, эч ким түшүнчү эмес. Балдар каткырып, мени шылдыңдоого өтүштү.
Ошондо сиз мага күч бердиңиз.
– Акырынгыла! Жакшы айтып жатат. Азамат бала экен! Эмне күлөсүңөр? Эмне үчүн силер Келечектей болуп аракет кылбайсыңар? Аракетчил бала экенсиң. Сага «5»! – деп мени колдодуңуз.
Ойлоп көрсөм, өмүрүмдө биринчи жолу беш алгам ошол күнү. Ошондон тартып окууга болгон кызыгуум ойгонду. Эки жылдын ичинде оюмду кенен айтып, сулуу жазып, башка сабактардан да тартынбай жооп берүүгө үйрөндүм.
Мына эми өз ордумду таап, мен да мугалим болдум. Сиздин ыкмаңызды колдонуп, далай окуучуларды колдоп, билим берип келем.
Сиз менин жүрөгүмдөгү эң кымбат адамымсыз. Сиз – билимдин булагысыз, агай!
Ыраазычылык менен, шакиртиңиз Келечек».
Катты окуп бүткөндө, Закир бир топко чейин унчукпай калды. Алтай менен Айбек да терең ойго чөмүлүштү. Көздөрүнө жаш тегеренип, досунун жаш муундарга сиңирген эмгегине баа беришти.
Келечек да бул катты ыйлап отуруп жазган эле.
Ошол учурда баягы таксисттин Закирге карап: «Балам, сага Кудай берет», – деген сөзү эстерине түштү.
Эми гана анын маанисин терең түшүнүштү.
Кудай Закирге байлыкты да, бийликти да эмес, андан да кымбат нерсени – адам тарбиялоо бактысын, шакирттеринин урмат-сыйын жана эмгегинин үзүрүн көрүү насибин берген экен.
Көрсө, «Алтынды бөлсөң – азаят, билимди бөлүшсөң – көбөйөт» деген сөз бекеринен айтылбаптыр. Закир билимин бөлүшкөн сайын шакирттери көбөйүп, алардын жетишкендиктери анын даңкын арттырып, аты эл оозуна алынды.
Мына ошондо үч дос мугалимдик кесип жөн гана кесип эмес, чоң жоопкерчилик жана ыйык милдет экенин бүт жан дүйнөсү менен туюшту.
– Байлык адамга мүмкүнчүлүк берет, бийлик элге кызмат кылууга шарт түзөт. Бирок адамдын чыныгы байлыгы – артында калган жакшы аты, берген тарбиясы жана коомго тийгизген пайдасы эмеспи, – деп Айбек сөзүн улады.
Алтай байлыкка жетип, өзүн бактылуу сезди. Айбек бийликке жетип, тилегин орундатты. Ал эми Закир өз бактысын шакирттеринин ийгилигинен тапты.
Кээде бир ооз сөздүн артында бүтүндөй өмүрдүн маңызы жашайт. «Сага Кудай берет» деген сөздүн тереңинде ушундай чоң чындык жатканын Закир, Алтай жана Айбек көп жылдар өткөндөн кийин гана түшүнүштү.
– Байлык бүгүн бар, эртең жок болушу мүмкүн. Кызмат да түбөлүктүү эмес. Ал эми адамдын жүрөгүнө сепкен билими, берген тарбиясы жана жакшы аты муундан муунга улана берет, – деп Алтай да сөзгө кошулду.
Үч дос көпкө чейин маектешип отурушту. Өткөн күндөрүн эстешти, азыркы жашоолорун салыштырышты. Ар бири өз жолу менен жүрүп, өз максатына жеткенине ыраазы болушту.
Саатты карашса, түн бир оокум болуп калыптыр. Үчөө жолуккандарына кубанып, дагы бир жолу жолугушууга сөз беришти. Анан үйүндө күтүп жаткан үй-бүлөлөрүнө жөнөп кетишти.
Ал эми Закирдин көңүлүндө баягы таксисттин бир ооз сөзү жаңырып турду:
«Балам, сага Кудай берет…»
Көрсө, кээде адамга берилген эң чоң бакыт – өзү үчүн гана жашоо эмес, башкалардын жашоосуна жарык чачуу экенин туйгандай болду.
15.10.2026
