Гороскоп

5/5 - (4 добуш)

(журналисттин турмушунан аңгеме)

Дүйшөмбү күнкү летучкада жаш кесиптешим Калдаңбайдын дагы өңү түнөрүп, сабыры суз отурганын байкадым. Эмне кеп болуп атканына көңүл да бурбай өзүнүн ойлору менен алектенип, ручкасын кайдыгер кармалап отурганына караганда маанайы жоктой. Редакторубуздун “Калдаш, бу санга сен эмне бересиң?” – деп демиткен суроосуна да ачык жооп кайтарбай, күңк-мыңк деп бирдемелерди айткан болду. Чогулуш аяктагандан кийин экөөбүз адатынча чылым чеккени сыртка чыктык. 

Редакцияда тамеки тарткан экөөбүз эле, анан шаарда өсүп чоңойгон бир жаш кызыбыз бар, бирок ал бизге кошулбай акырын ээндеп барып редакциянын артындагы коюу бакка кирип кетет да ошол жактан “ысырыктанып” келет. 90-жылдары кыргыздын аялдары, кыздары тамекини азыркыдай тартынбай этпей эле чоң көчөдө буркуратпай, элден ийменип редакторубуз айткандай “уулуу упчунун” ыракатын алыш үчүн көздөн далдаа кылбат жайларга кирип кетишчү. Биздин кызыбыз да артыбыздан эле шып чыга келди. Ал дайыма редакциянын артындагы “Ала-Тоо” кинотеатрын көздөй баскан болот да бир оокумда шарт солго бурулуп бадалдын арасына кирип кетет. Анын “маршрутун” жакшы билебиз. Ал жайына кирип кеткенче унчукпай узата карап турдук да анан жаш досумдун ахыбалын сурадым: 

– Ии, сүйлө досум Калдаңбай, эмне жаңылык? Маанайың жоктой да? Баса, кечээ Тайсондун мушташын көрдүңбү?

– Э, байке, аны айтасыз да, үйдөгү тайсон менен дагы мушташтым. Кече күнү жумуштан үйгө баратканда классташым жолугуп калып кой дегениме карабай чайканага кирип жүздөн сокконбуз. Анан зыяпатыбыз кичине уланып кетип кечирек баргам үйгө. Эч нерсе кылбасам деле аялым атырылып бир тийди, жаңжал ошондон от алып кетти. Ушинтип провокация кылат да турат кишини. Айткандары сөөктөн өтүп жүлүнгө жетсе да унчукпай кутулайынчы деп тургам, бирок чапкылап тепкиленгенде кызуулукка алдырып жаакка чаап койгом. Чыдабай кеттим. Чаңырат тимеле албарстыдай. Короого чыга качтым эле артыман атып чыгып, колуна тийген нерсе менен уруп кирди. Дүпүрөшө кубалашып койгулашып атып, кошуналарга да уят болдук…

– Хм. Жакшы иш болбоптур. Келинчегиңдин абразаваниеси барбы, иштейби бир жерде?

– Бар, машина куруу техникумун бүткөн, бирок иштебей үйдө отурат. Базарга соодага чыгып банкрот болгон. Ага да мен күнөөлүү болуп, анда да катуу кырылышканбыз. 

– Ээ?!

– Аял кишинин үйдө отурганы жаман экен, байке. Кечке чогулуп калган ичиндеги бугун сенден чыгара берет экен. Крайний бирөө болушу керек окшойт да. Буйткадан мылтыгын сунуп коюп сулата атканга жаныбар аңдыган мергенчидей мунун да аңдып күткөнү эле мен болуп калдым. Кирерим менен эле бир кыйкым табат да ошону менен чабышып жатып калабыз. Бир жолу кырылыша кетип кийимдерин чамаданына салды да, “Пращай, өлүгүңдү көрөйүн эшек!” – деп кетип калды. Ошондо ишенесизби, ушунчалык жеңилдей түштүм, тимеле кыйкырып ырдагым келип кетти, бирок кошуналардан тартындым. Кеткениң чын болсун деп ичимен жетине албай кудум түрмөдөн бошонуп чыккандай сезим бийлеп, көөдөнүм өрөпкүп чыкты. Аны менен жашаган он беш жыл ичинде бир да жолу минтип кубанган эмес элем.

– Ээ?! 

– Чын байке! Арадан беш-алты күн өтүп, мемиреген тынч бейпил күндөрдүн биринде майкечен, турсийчен болуп алып (катуу кубанганда ушинтип жүргүм келе берет) короону мизилдете шыпырып атсам, дарбаза каккылап кырсыктай болуп айылдан молдо чалыш классташ досум келип калыптыр. 

– Аяш кана? – дейт.

Иштин жайын угаары менен эле минтти:

– Тез кийин да алдыма түш!

– Кайда?

-Аяшты апкелбейбизби?

– Кой, дос, мындай пайдасы жок демилгеңе ыраазымын. 

– Демилге эмес сооп иш бул!

– Мындай соопчулукту башка бирөөгө жасасаң жакшы болот эле. 

– Кубангандын ордуна мунуң кандай эй? Башымды оорутпай кийинип чыга кал. Барбачу болсоң анда билип кой: мен да сенин астанаңды экинчи аттап келбейм! – деп каны кызуу досум кепти шарт кести. Мүнөзүн билем, айтканынан кайтпайт. Ошентип арга жок кийинип чыгып ээрчишип, аялыма жөнөдүк. Барганча бир зарыл иши чыгып, ошого алаксып кетсе экен деп ичимен тилеп бардым, бирок ага эч ким чалган да жок, иши да чыкпады. Аялым баш паанектеп турган кайнеженин үйүнө бат эле кирип бардык. 

– Сен короодо туруп тур, мен өзүм кирип жолугуп чыгам, – деп ичкери кирип кетти. Азыр кайнеже аялым болуп аны да кууп чыкса экен деген тилегим таш каап, жарым саат өтпөй дос аялымды ээрчитип чыкты. Иш өлдү дедим ичимен. Дагы ызы-чуу менен жаңжалдан баш чыкпаган куураган жашоо уланаарын эстеп шаабайым сууй түштү. 

– Оңолуптурбу анан эжесинин үйүндө отуруп?

– Кайдан, уйга жүгөн салабы дегендей, кудай берген мүнөзү ошондой болсо оңолмок беле. Болгону эки гана күн тынч жашадык окшойт, анан кайра эле баягы ит кейпибизге түштүк. Тытышмайыбыз ого бетер күчөдү. Өз үйүмө өзүм киргенден кадимкидей заарканчу болдум.

– Коё тур, Калдаш, деги сүйүшүп баш коштуңар беле? 

– Ошондой сезилген мага, аны го билбейм, бирок мен күйүп-жанып сүйгөн элем. Ушуга үйлөнбөсөм бул жарыкта жашап кереги жок дегенге чейин барганмын. Эми ал жалын суу сепкен оттой өчүп, күлгө айланды, кунарсыз жылдар агылган сайын арабыз алыстагандан алыстап баратат.

– Калдашым, мен сага жардам берейин, угуп тур. 

Калдаш таң кала мени карап калды, көздөрүндө үмүттүн алсыз оту жылт эткенсиди.

– Кантип, байке? Көзачыкка барып “апа-супа” кылып ий деген турасызбы? Же башка бир нерсе айткыңыз келеби? 

– Көзачыктын энесин урайын, мен сага абдан бир башкача сунуш айткым келип турат, балким иштеп кетер… 

– Айтыңыз, байке, – деди Калдаш жаңы тамеки күйгүзүп атып.

– Булар эми ушундай калк экен да. Пайгамбарыбыз аларды Адам атанын кабыргасынан жаралган деп бекеринен айткан эмес. “Кабыргам менен кеңешейин” деген сөз да ошондон калган. Кабырга деген так сенин аялың. Кабырга орган катары ийри, аны күч менен түзөөгө болбогондой эле сен да аялыңды корчоңдой бербей, акырын, алдап-салдап жумшак ийге келтиришиң керек. Эмне үчүн аял кабыргадан жаралган? Эмне үчүн, мисалы, тамандан же тизеден жараткан эмес?

– Бу сиз да таксырлардай сүйлөп калыпсыз го?

– Келжеңдебей угуп тур. Алган эри жарашса, кара катын ак болот. Муну мен ойлоп тапкан эмесмин. Күнөө… сенде да бар. 

– Кандайча? Кепти алыстан чалгытпай сунушуңуздун ток этер жерин айтыңызчы, байке… зачем даават кылып…

– Кабырга жүрөккө эң жакын жаралган орган, демек андан жаралган аял сени сүйүп, мээримдүү мамиле кылууга тийиш. Түшүнүп атасыңбы? 

– Мен түшүнгөндө не пайда, тиги аялым да түшүнсө кана эми… Мейли, болуптур, бирок аны кантип мажбурлайм мени сүй деп?

– Муздап калган ортону акырындап жылытыш керек. Ошо жылыта турган каражаттардын бирин мен сага сунуштайын деп атам да. 

– Мисалы?

– Аялың менен кажылдап айтыша бербей, жакшы көрүнгөнгө аракет кыл. Орустар айткандай, ответный агрессия андан бетер катуу агрессияны жаратат. Ал от жакса, сен суу чач, сени ургусу келсе туруп бер, өлбөйсүң… Ал…

– Андайды да кылып көрдүм. Бир жолу желкеме минип алып домпулдатып урду аябай. Жардам берген жок. 

– Коё тур, Калдаш. Гезиттин арткы бетиндеги жылдыздар төлгөсүн сен жазасың э?

– Ооба, эмне экен, анын биерге кандай тиешеси бар?

– Бар, болгондо да кандай! Аялың баса гезит окуйбу?

– Ооба, дайыма так ошол арткы бетинен баштап окуйт.

– Ии, мына-мына, ачкыч табылып келатат… 

– Түшүнбөдүм, байке.

– Сенин гороскобуң эмне, аялыңдыкычы? 

– Мен букачар, ал арстан.

– Аа, сени жеп койсом эле деп турат экен да… Ахыбалың, чынында эле, түзүк эмес экен. Торпокту кайсы жырткыч жегиси келбейт…

– Торпок эмес букачар десеңиз…

– Айырмасы кайсы, сен ага азыр торпок болуп калгансың да. Эми жакшылап угуп тур. Гороскопту орусчадан которбой, экөөңдүкүн башкача кылып өзүң жаза башта. 

– ???

– Жаз. Букачар бул жумада абдан катуу иштейт, ал жакындарынын камкордугуна, сүйүүсүнө муктаж. Аялын жанынан артык көрөт, отурса-турса ойлогону аялы. Ага жакшы бир кымбат баа белек кылсам деген тилеги бар. Негизи букачар мыкты күйөө, бирок анын баркын жакындары биле бербейт. Жуманын апта күнү ал акчалуу болуп үйүнө эт, конфет алып барат деп жаз. Ал эми аялыңдын гороскобун минтип жазып кой: бул жумада жубайыңызга абдан жылуу мамиле кылыңыз, көөнүн оорутпаңыз. Иштен келсе жылуу мамиле кылып тосуп алыңыз. Каалаган тамагын жасап бериңиз. Жуманын аягында жубайыңыздан күтпөгөн жагымдуу белек аласыз деп кой. Анан апта аягында Ош базарга барып аялыңа байпакпы, зонтикпи иши кылып бирдеме алып барып бер. Эт менен конфетти да унутпа.

Калдаш ойлонуп калды. Макул деди. Идеям жаккансып калды. 

Гезиттин жаңы санын карасам Калдашым гороскопту катырыптыр, фантазиялап мен айткандан да ашыра жазыптыр. 

Эки күндөн кийин ал жумушка көтөрүңкү маанайда шаңдуу кирип келди да дароо тамеки тарталы деп мени ой-боюма койбой сыртка сүйрөп чыкты. 

– Гезитти алып барып таштап койдум эле, акырын байкасам аялым бир эмес үч жолу окуп чыкты окшойт, байке. Так гороскопто айтылгандай гүлдүү, кооз кол чатыр алып барып бердим эле таң калып эле калды. Этти, конфетти көрүп ого бетер оозу ачылды. Кадимкидей ырайы ачылып, мамилеси да өзгөрө түштү. Сиз айткан ыкма иштеди окшойт, эй, байке! Ушу билбеген балеңиз жок да сиздин. Кудай буюрса, аялымдын пейили оңолуп кетчүдөй. Эмкисин өзүңүз жазып беринизчи суранам, менден бир күрүшкө арпа пийва, байке, – деп калдалаңдап калды Калдашым.

– Макул.

Мен сунуштаган идеям шумдук бир керемет жараткансып өзүм да бир жолу Апенди сыяктуу шыктанып кетип чын элеби деп Калдаштын аялына кошуп эч кандай “күнөөсү” жок өзүмдүн аялыма да жазып ийиптирмин. Натыйжасы бул болду, өмүрү мага тамеки сатып бермек тургай “ташта эле ташта” деп жытына чыдабаган кемпирим атайын Ош базардын дүң соода кылчу жерине барып, куту эмес, бүтүн бир блок тамеки алып келип калса болобу! Баарынан да Калдаштын аялын айт. “Жубайыңыз бул аптада сизди жакшы киного же Динара Акулованын концертине алып барышы мүмкүн”, – деп жазып Калдашка эскертип койдум эле, ал эргул урган бойдон барып филармониянын оозундагы жайнаган ортомчулардын биринен билет алып, ишембиде аялын концертке алып барыптыр. Сыртынан тымпыйып билдирбешке аракет кылса да аялы гороскоптун кудай ургандай туура чыгып атканына бир таң калса, андагы жазылгандын баары ишке ашып атканына эки таң калып, гезиттин жаңы санын чыдамсыздык менен күтүп, колго тиери менен баса калып тытып окучу болуптур!

– Эми баш бербеген бейжай аялың сенин колуңда, – дедим Калдашка эки айдан кийин, – гороскопко кудай кубат берсин, каалаганыңдай кылып жаза бер. Аялыңа Кудай таалам ыйман, ынсап берсин…

Ошентип аялы менен тил табыша албай аргасы куруган кесиптешим Калдаштын үй-бүлөлүк абалы бара-бара жылуулап, беш-алты ай ичинде биздин түштүктүн аптабындай ысып да кетти. Аз жерден ажырашып кеткени калган жаш жубайларды минтип кимдир бирөө эмес, бекерпоздор гезиттен эрмектеп окучу кадимки эле жылдыз-төлгө себеп болуп табыштырат деп ким ойлоптур.

Андан бери жүз жыл өттү го. Кече жакында эле бир жерден Калдашты жолуктуруп калдым, келинчеги менен колтукташа кетип баратышыптыр. Баягы тал чыбыктай жаш жигит эми толуп, кыйла салабаттуу болуп калыптыр. Жан алы калбай калдалаңдап, көздөрү күлмүңдөп учурашканына караганда үй-бүлөлүк жашоосу жайында окшоду. Ылайым ошондой эле болсун…

  • Журналист, котормочу. 1961-жылы туулган. 1987-жылдан бери журналистикада. Кыргыз жана орус тилдеринде жазат, адабий котормо менен да алектенет. Учурда чет элдик тоо-кен компаниясында котормочу болуп иштейт. Москвадан чыкчу «Человек и мир» журналы менен туруктуу кызматташат.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

One Comment

  1. Ыркы жок жубайларды жараштырган олуялыгыңыз жакшы экен. Негизи эми гана бир жакшы аңгеме окугандай болдум. Гезиттин тили да билинип турат.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген