Виктор Астафьев: “Мен эмне үчүн тартарды өлтүрдүм?”
(аңгеме)
Бул илгери, болжолу 40 жыл мурун болгон. Эрте күздө балык уулоодон чөбү чабылган чабынды менен келатып, жайында солуп калган, тал баскан кичинекей көлмөнүн жанында мен бир чымчыкты көрдүм.
Ал менин кадамымды укканда чабылган олоңдун тикендүү сөңгөктөрүнүн арасында бөгүп калды, бирок жарыктык мен аны көрүп турганымды сездиби, тынчы кетип ары-бери каранып жатты, бир маалда бир капталына олдоксон сылтып чуркап жөнөдү.
Тайгандан качуу болбогон сыяктуу эле жаш баладан да качканга болбойт эмеспи – анын делебеси козголуп, сөзсүз артынан кубалайт. Ошондо андан эч ким качып кутула албайт!
Чымчыкты айдалган бороздо кууп жетип, куугундун, аңчылыктын кумарына алдырган жаным аны кайырмагым менен чапкылап жибердим.
Сөөгү жоктой сезилген, соолуй түшкөн чымчыктын кичинекей денесин колума алдым. Анын жансыз көздөрүн түссүз кабактары жаап турган эле, ал эми моюну сууктагы жалбырактай ары-бери шалкылдайт. Чымчыктын жүндөрү саргыч, капталдарында күрөң түстө болчу, ал эми жонуна чирип калган жыгачтын сыныктарын бирөө себелеп койгондой.
Бул эмне чымчык экенин дароо тааныдым – ал тартар болчу. Биздикилер аны “дергач” деп коюшат. Анын дергач-жолдошторунун бардыгы бизден эбак эле жылуу жерлерге кыштаганы учуп кетишкен. А бул кете албаптыр. Анын бир буту жок экен – чөп чабыкта чалгыга илинген окшойт. Ал менден эпсиз качканынын да, мен аны кууп жете алганымдын да себеби ушул болчу.
Анын арыкчырай, салмагы жок денесиненби, же эч бир кооздугу жок жөнөкөйлүгү, комсолугунанбы, а балким анын бир буту жок болгонунанбы, кокодой жалгыз калганынанбы ушундай бир аёо сезими көөдөнүмдү жиреп өттү дейсиң, колум менен бороздо чуңкурча каза калып, жөндөн жөн эле бөөдө өлтүрүлгөн жандыкты көмүп койдум.
Мен аңчынын үй-бүлөсүндө туулгам, кийин өзүм да аңчы болдум, бирок эч качан себепсиз атпадым. Ар бир жайда мен тартарлардын мекениме, орус жергеме келүүсүн чыдамсыз жана жүрөктө кыттай уюп калган күнөө сезими менен күтө турган болдум.
Моюл да гүлдөп бүтүп, чөмүч баштын бариктери толук күбүлүп, марал кулактын төртүнчү жалбырактары кылайып, чөптөр бой көтөрүп, ромашкалар дөңсөөлөрдү бүт каптап, булбулдар акыркы күчтөрүн жыйнап ырдап калышкан мезгил.
Бирок баары бир бул эрте жай бир нерсеси менен кем болуп, ага бир нерсе жетишпегенсип турат, ал мага толук жетиле электей сезилет.
Мына ушундай күндөрдүн биринде, шүүдүрүмдүү таңда, жай жылжып аккан суунун аркы өйүзүндө, жаш чөп өскөн чабыттарда тартардын үнү угулду. Келдиңби, саякатчым! Келген экенсиң да! Тартат-чыйкылдайт! Демек жай баралына толо баштаптыр, демек жакында чөп чабык башталат, демек бардыгы жайында.
Ар жылы ушундай көрүнүш. Зарыгып тартарды күткөнүм күткөн, бул баягы тартар кайсы бир сыйкыр жол менен аман калып, ошол кездеги жаш, кызуу кан балакайды кечирип, мага бул тууралуу үнү менен белги берип жатат деп өзүмдү ишендиргим келет.
Азыр тартардын жашоосу кандай кыйын экенин, Орусияга жай келди деп кабар бериш үчүн канчалык алыс аралыкты басып өтөрүн жакшы билем.
Тартар Африкада кыштайт жана апрелдин башында аны таштап, “…унутулган оттун табындай кызгалдак таңдар аткан, жашыл чачтуу токойлор көк таңдын иңирине чөгүп сиңген, чалгы тие элек чабыты турган, көк гүлдөй көздөр жайнаган…” тарапка шашат. Кыска убакытта уя жасап, тукумун багып, чоңойтуп, өлүмгө тете кыш келе электе батыраак кетиши керек.
Учканга анчалык жок, бирок чуркаганга маш чымчыкка жылына эки жолу Жер ортолук деңизден учуп өтүүгө туура келет. Сапарда, өзгөчө деңиздин үстүндө миңдеген тартар өлөт.
Тартардын сапардагы жолу кандай экенин саналуу гана адам билет. Алардын жолунда бир гана шаар жатат – Франциянын түштүгүндөгү байыркы чакан шаар. Бул шаардын гербине тартар түшүрүлгөн. Тартарлар шаар аркылуу өтүп жатканда шаар тургундарынын эч кимиси иштебейт. Бизде, Руста торгойлор учуп келген мезгилде бул кушка окшош нан бышырганыбыздай эле бул француз шаарынын тургундары тартардын түспөлүндөгүдөй нан бышырып майрамдашат.
Француздардын бул байыркы шаарында тартар ыйык куш деп эсептелет, эгерде мен ал жакта жашаган болсом, мени алар өлүмгө кыйышмак деп ойлойм.
Бирок мен Франциядан алыс жашайм. Жашаганыма да көп болду, көп нерсени көргөнгө жетиштим. Согушта болдум, адамдарга ок аттым, алар да мени аткылашты.
Бирок негедир суунун аркы өйүзүнөн тартардын чыйкылдаган үнүн укканымда жүрөгүм болк этип, андагы карттап калган бир сезим мени кайра кыйнай баштайт: мен эмне үчүн тартарды өлтүрдүм? Эмне үчүн?
Которгон Марат ТОКОЕВ

Марат Токоевдин бул котормосу менин купулума толду.
Орус жазуучусунун да, кыргыз котормочусунун да сөз байлыгы мол экен.
Аңгеменин тилинин шириндиги, таттуулугу ай! Эмне деген керемет!
Чоң рахмат!