Атам барат жашарып…
Тирүүлүктө болот ар бир жанда арман,
Түркүгүндөй агасы өлүп, карманган.
Ыйлап жатса көрүп алып атамды,
– Аталар да ыйлайбы? – деп таң калгам.
Баё бала он, он бирде кезим мен,
Ал көз ирмем чыкпай келет эсимден.
Кыркта эле экен атам анда, мен үчүн
Көптү көргөн карыядай сезилген.
Балалыктын башка тура дымагы.
Ойлонгону, толгонгону, кыялы.
Кайдан менин келди дейсиң оюма
Атакемдин элүүгө араң чыгаары.
Бир тууганын эстеп алып жашыган.
Атамдын да жакын калып сааты улам.
Жапжаш бойдон толуп-толбой элүүгө.
Кете берди агасынын артынан.
Андан бери акты өзөндөн канча суу,
Шаарга айланды түптөп кеткен шаарчасы.
Атам гана элүүдөгү боюнча,
Асман тиреп өскөн менен арчасы.
Атамды эстейм азыр көзгө жаш алып,
Тамагымда сөөк тургансыйт такалып.
Чачым буурул тартып, карып баратам
Атам болсо барат улам жашарып.
Көр оокат деп күн кечирем, кыйналып,
Көкүрөгүм зилдеп, кирдеп, булганып.
Атам болсо жапжаш бойдон мөлтүрөп,
Мен атамдан барам улам улгайып…

Мындай ырдын себебин билип туруп, “Баракелде!” дегенге да даабайсың.
Анткени теманын өзү оор.
Бирок турмуштун өзүнөн чыккан, окурмандын жүрөгүнө түз жеткен мыкты чыгарма экен.