Чоку
Чокуга жүткүнгөн караандар,
Бийик да кол жеткис чокулар,
Бүгүнкү заманды сүрөттөп,
Бир акын үңкүрдө олтурат.
Ачылбай чаң баскан китептер,
Аргасыз, барагын тытмалап,
Өкүттө өлчүдөй каармандар,
Өңдөрүн бозортуп ышталат.
Ийгилик издеген илимпоз,
Ибилис изине түшкөндөй,
Акылга сыйбаган көрүнүш,
Абийири ууланып бүткөндөй
Чокуга жүткүнгөн караандар,
Бийик да кол жеткис чокулар,
Адамдык абийирин кучактап
Бир акын чокуда олтурат.

Айгүл Молдокулованын бул ыры чыгармачылык, заман жана тааным тууралуу өтө талуу маселени козгоптур.
Ыр кыска, сыйымдуу, так. Ашыкча сөздөрү жок, ошол эле учурда көп нерсени ойго салган саптар.
Ар бир сабында акындыгын баса көрсөтүп, бирок ага байланыштуу жаңы бир да ой айта албаган көп калемгерлердин ырларынан ат чабым алдыда турат.
Саламатсызбы Жыргалбек агай! Мен баалаган чыгармачыл адамдын баасын алгандыгыма кубанычтамын!
Чокуда абийир кучактагандар болот деңизчи ) Жакшы ыр экен