Таж-Махал
(Сапар таасирлери түрмөгүнөн)
Арзуу менен айрылуунун перзенти,
Буйрук сага бекер алып келбептир.
Асыл мармар! Аппак, кээде маржан өң!
Бул ажайып кереметти көр дептир.
Ушул көркөм дүйнөгө бул кезигүү,
Эске салды арттагы оор мезгилди.
Азабы-ай, жоготуунун, жоктоонун,
Өкүт, күйүт, анан чексиз эзилүү.
Кандай бакыт жашап өтүү сүйүшүп!
Кандай азап жоготуунун күйүтү!
Мумтаз-Махал эрте кетип өлүмгө,
Шах-Жаханга салган экен бүлүктү.
Көтөрүптүр оор жүгүн жазанын,
Кайран Султан жүрүп жылдап азалуу.
Кандырууга көкүрөктө көксөөнү,
Курган экен чоң сүйүүнүн Мазарын.
Ак сүйүүнүн, нак сүйүүнүн жамалы,
Жоготуунун жанды жеген азабы,
Чөгөрүлгөн экен түгөл мармарга
Патишахтын күйүтү күч казалы.
Ак мармарга, асыл ташка жан салган,
Дүйнө түгөл назар буруп, таң калган,
Бул керемет – жанар тоосу сүйүүнүн,
Жанды койбой жан дүйнөнү аңтарган.
Турган жерде сүйүшкөндөр кабыры
“Мум-т-а-з! Жа-х-а-н!” деген узак жаңырык
Алып жөнөйт сезимдерди капкайда,
Дүк-дүк согот жүрөктүн кан тамыры.
Бул – керемет! Ыйыктыгы ушунда:
Жетип жатат кудурети кыйырга.
Улуу сезим жашап келет кылымдап,
Азык болуп муундардан муунга.
