Жонтемир Жондор: “Рухтун чаңы”
Күндүзү түшүмдө көргөнүм – сенсиң,
Уктасам – өңүмдө өлгөнүм – сенсиң.
Кирпигиме түнөп алган Какнус куш,
Менин карегимди жеп бүткөнү – сенсиң!
Жаз келди…
Жаздын үшкүрүгү – кадимки селдей,
Азабымдын үстүнө атырылып кирет.
Бут алдыңда жатат го – өмүрүм менин,
Майдаланып чачылып, күкүмдөй ширейт!
Аны териш үчүн колуң жетпеген,
Жаның сенин – асмандагы муздак ай.
Менин рухум – пулуң жетпес, бааланбас,
Бир жетим го, боздоп турган, оо кудай!
Эгер мен өксүп ырдасам – жер жарылат,
Талаалар кан кусуп, гүлгө оронот.
Көздөрүңдү эстеген ошол секунда –
Көздөрүмдүн ичинде жаз тонолот!
Гисардын этегинде бир там бар – эски,
Ылайдан алтын жасап, бакыт камдаган.
Чоң энем жолду карап карыса да,
Мен – борбордо масмын… ырдан… азаптан…
Которгон Жанаргүл ЖОЛДОШОВА
