|

Атыр

4.5/5 - (8 добуш)

(аңгеме)

Иш-чара кеч бүтүп, такси менен үйдү көздөй келаттым. Бир топ жүргөндөн кийин айдоочу жигит күзгүсүнөн карап:

– Эже, атырыңыздын аты кандай? – деди.

– Версачи, – дедим.

Жигит унчукпай калды. Ой күлүк эмеспи. Ушул жыт жагып, колуктусуна же сүйлөшкөн ызына алып берейин деп, атырдын атын сурады го деп ойлоп келатам.

Бир аздан кийин дагы үн катты:

– Ошол атырыңыздын түсү розовыйбы?

– Ооба, розовый.

Дагы унчукпай калды. Кетип баратабыз. Өзү атыр саткан неме окшойт же ушундай майдачылбы, атырдын жыты түсүнө чейин сураштырат го деп ичимден ой кылдым. Аңгыча үйгө жакындап калдык.

– Эже, ошол атырыңыз жаныңыздабы? – деди таксист.

– Ооба, жанымда.

Дарбазанын жанына келип токтодук. Түшмөкчү болуп жатсам:

– Эже, мүмкүн болсо ошол атырыңыздан бет аарчыма бир аз сээп алсам болобу? – деди.

– Албетте, болот, – дедим да, атырды сумкамдан алып чыгып, капкагын ачып жигитке сундум. Ал бет аарчысына сээп-сээп алды да, рахматын айтып, кайра өзүмө карматты.

– Бул жыт сага жактыбы, ээ? – дедим.

– Эже, бул менин аялымдын жыты болчу. Ал да ушул розовый атырды себинчү. Көзү өткөнүнө алты ай болду, – деди үнү каргылданып. Дене-боюм дүр дей түштүм.

– Арты кайырлуу болсун, – дедим башка не дээримди билбей.

Дарбазанын эшигин ачарда артыма бурулуп карасам, тиги жигит башын жерге салып, бет аарчысын жүзүнө басып олтуруптур. Жүрөгүм зыркырап кетти. Үйгө кирип бутумду чечип, ашкананын терезесине өтүп сыртты дагы карадым, такси дале туруптур. Бир аздан кийин акырын жылып кетти.

Автор

  • Элмира Ажыканова

    1966-жылы 15-октябрда Талас районундагы Кум-Арык айылында туулган. Журналист, акын, жазуучу. КТРдин отличниги, республикалык «Айтыш» коому уюштурган «Мыкты аңгемелер» конкурсунун эки жолку жеңүүчүсү,  Махмуд Кашкари атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына карата жарыяланган сынакта 3-орунга ээ болгон, маданияттын мыкты кызматкери, КР Ардак грамотасынын ээси.

    “Көгүш гүлдөр” (2007-ж.) ырлар жыйнагы, “Жан маанай” (2017-ж.) ырлар жана аңгемелер жыйнагы жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген