|

Малик Отарбаев: “Үңкүрдүн ээси”

3/5 - (2 добуш)

(аңгеме) 

Биздин чоң жазуучу, драматург Рахымжан Оторбаев деген агабыз бир жылдары Анкарага келген эле. Элчиликте эки китебинин тушоо кесери өттү. Боордош элдин сый-урматына бөлөнгөн.

Кечки тамактан кийин бирге кайтып калдык:

– Ушу сен, иним, жакшынакай аңгемелерди жазып жүрөсүң, пьеса эмнеге жазбайсың? – деп менден сурады.

– Бир убакта театрдын байге коюлган жарышына жазганмын. Ошол театрдан бир жолу кат келди “Жаз, дагы да жаза түш, чыңда” деген. Ошондон бери канатым кайрылгандай болуп, экинчи драматургияга жолобоймун деп чечкем.

– Азыр байгени чыгармага карабай кишиге карап берет го. Бир маалда ыр ырдап туруп ыр жазгандарды карап, кантип таң калбайсың! Анысы аз келгенсип алар “Эмгек сиңирген” наамды алат го. Кудай ай, кайсы бирин айтайын! Пьесаңды берчи окуп көрөйүн.

Эртеси күнү конок үйгө барганда ага мени көрүп:

– Колуңду берчи, – деп, колумду кысты.

– Мени билесиң, начар болсо начар дейм, абдан жакшы жазасың. Жазсаң ушундай жаз! Эч убайымдаба иним, пьесаң Атырауда койулат, – деди.

Узак убакыт өтпөй ага убадасына турду.

Ошол коюлган пьесам “Баяндуу бак” деп аталып, Махамбет атындагы театрдын сахнасына коюлду. Бул спектаклде кыйын убактардагы элибизге жер которуп келген ахыска түрктөрүнүн тагдыры, казак менен түрк боордошторунун ынтымагы чалдырылган.

Ошол кездеги таанымал актер, кадырлуу ак сакал Чапай Зулхаштын ысык алаканы маңдайымды сыйпап туруп: “Мунуң бар болсун, ушуну сакта!”, – деп бата бергени эсимде.

Спектаклдин багы ачылып, Атырау театры аны биринчи борбор шаарыбызга коюп, кийин Анадолудагы Малатия жана Афшин шаарларына койду. Түрк көрүүчүлөр көздөрүнө жаш алып аябай ыраазы болушту.

* * *

Рахымжан ага Түркияга театрды өзү жетектеп келди. Байыркы тарыхый шаар Афшиндеги Куран сүрөсүндөгү “Үңкүрдүн ээси” деген жерди жергиликтүү акимчилик өзү жетектеп барып жол көрсөттү. Ал үңкүрдүн алды мурун чиркөө болгон, азыр – мечит.

Уламыштар боюнча, ушул үңкүрдө Рим императору Децийдин кол астында жети жаш жигит кызмат кылган экен. Кийин ушул жети жаш жигит императорго каршы чыгышыптыр. Ачуланган император алардан өч алмакчы болот, ошол кезде жети жигит ушул үңкүргө келип жашыныптыр. Күн киргенде баары уйкуга кетет. Үч жүз жылдан кийин ойгонот. Үңкүрдөн чыгып шаарга караса – баягы шаар таптакыр башка болуп, дүйнө да аябай өзгөрүп кеткен экен.

Бул тарыхка бай шаар бизди бир аз ойго салды. Бир маалда Рахымжан аганы аңгемеге тартып:

– Ага, үч кылым мурун түбөлүк уктап кеткен биздин бабаларыбыз азыр кайра тирилип келсе, биздин ушул абалыбызга, дүйнөгө карап эмне демек? – деп сурадым.

– Кыйын суроо экен, иним , – деди.

Бир аз ойго батып: – Эгемен эл болдук го, бул да бабаларыбыздын арманы эле, бирок… ушул “бирок” деген сөз мазамды ала берет, – деп агынан жарылды.

Бул өмүр чиркиниң түш менен өңдүн арасындай өтүп кетет. Кээде үңкүрдө уктап жаткандай сезесиң өзүңдү, бир убакта ойгонуп кеткендейбиз.

Канчалык тырмалаңдап иштесең да тирликтин чарбасы бүтпөгөн иш. Аттан түшкөн күнү атыңдан айрыласың, тактан түшкөн күнү тагыңдан айрыласың. Айтор, бүтпөгөн талаш. Бирок баардык чайкаштар, талаш-тартыштар бүтпөй калды.

Түбөлүк унутулбаган экөө – рух жана жакшылык.

Даанышман менен олуяны, баба менен баатырды, жазуучу менен акындарды унутпаганыбыз ушундан чыгар. Ал эми уктап кеткен улууларыбыз, улуулардан калган рухубуз качан ойгонор экен?

Казак тилинен которгон Перизат Алмазова

Автор

  • Акын, котормочу, коомдук ишмер. Кыргыз Улуттук Университети филология факультетин аяктап, Кыргыз Улуттук Илимдер академиясында иштеген. “Руханият”, “Ай тумар, күн тумар”, “Аргымакчан ойлор”, “Канатташым”, “Өлөң сөздүн падышасы” китептеринин автору.

    Казакстан Президентинин «Бирлик» алтын ордени, КР Ассамблеясынын «Мейрим» алтын медалы, Казакстан Республикасынын Жазуучулар Союзунун Абай төш белгиси менен сыйланган, Казакстан Республикасынын Магжан атындагы жаштар сыйлыгын лауреаты.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген