New Times гезитинин 55 cөздөн турган аңгемелер сынагынан чыгармалар
New Times гезити 1987-жылдан бери жыл сайын 55 сөздөн турган чыгармалардын сынагын уюштуруп келет. “Адабий Ордо” сайты да жакында ушундай сынакты өткөрүүнү пландап жатат. Аны утурлап New Times гезитинин сынагына катышкан айрым чыгармалардын котормолорун сунуштамакчыбыз.
Джейн Орвис
Терезе
Ританы мыкаачылык менен өлтүрүшкөндөн бери Картер терезе жанында отурат.
Телевизор көрбөйт, китеп окубайт, кат жазбайт. Анын жашоосу – парданын ары жагында көрүнгөндөр.
Ким тамагын алып келет, эсеп-кысабын жүргүзөт, ага баары бир, ал бөлмөдөн чыкпайт.
Анын жашоосу – чуркап өткөн спортчулар, жыл мезгилинин алмашуусу, өтүп жаткан машинелер, Ританын арбагы.
Картер түшүнбөйт, кийиз менен капталган палатада терезе болбой тургандыгын.
Лариса Керкленд
Сунуш
Жылдыздуу түн. Эң сонун маал. Шам чырак алдында тамактануу. Итальян рестораны. Кичи кара көйнөк. Укмуш чачтар, балбылдаган көздөр, жылаажын күлкү. Чогуу болгондоруна 2 жыл болду. Керемет жылдар! Чыныгы сүйүү, накта дос, экөө гана. Шампанский! Колун сурайм. Бир тизеге туруп. Адамдар карап калдыбы? Карай беришсин! Кооз бриллиант шакек. Бети албырып, эң татына жылмайганын карачы.
Кандайча, жок?!
Чарльз Энрайт
Арбак
Бул окуя болоору менен, кайгылуу кабарды аялыма айтыш үчүн үйгө шаштым. Бирок ал мени такыр укпагандай. Деги эле, мени такыр байкабагандай. Мени теше тиктеп өзүнө ичимдик куйуп алды. Телевизорду иштетти.
Ушул маалда телефон шыңгырап калды. Ал басып келип телефонду көтөрдү.
Анын бети чүрүшө түшкөнүн көрдүм. Ал боздой баштады.
Эндрю Э. Хант
Ыраазычылык
Кайрымдуулук фонду ага жакында берген кийиз жуурканы жыпжылуу, ал эми акыр-чикирлер челегинен таап алган бут кийими бутун эч кыспайт.
Көчө чырактары бул муздак түндөн аны коргоп тургансып, көңүлүн көтөрөт.
Бакзардагы отургучтун жөлөнгүчү анын көптү көргөн кары арка-белине эң жакын бир тааныштай.
“О, Кудайым, рахмат сага, – деп ойлоно кетти, – жашоо – тим эле керемет!”
Брайан Ньюэлл
Азезил эмне каалайт
Эки жаш бала алыстап бараткан азезилди карап турушту. Адамды арбаган көздөрүнүн таасиринен дагы эле чыгыша элек экөө.
– Ал сенден эмнени сурады?
– Жанымды. А сенденчи?
– Телефон-автомат үчүн тыйын. Ага тез арада бир жакка чалыш керек экен.
– Тамактанып келбейлиби?
– Макул, бирок менде такыр акча калбады.
– Эч нерсе эмес. Менде акча толтура.
Алан Е. Майер
Бактысыздык
Бүт денем катуу ооруганынан ойгонуп кеттим. Көзүм ачып, керебетим жанында отурган медайымды көрдүм.
Фуджима мырза, бактылуу экенсиз, – деди ал, – эки күн мурда Хиросимадагы бомбалоодон кийин аман калдыңыз. Эми сиз госпиталдасыз, эч нерседен коркпой эле койсоңуз болот.
Алым жоктугунан, үнүм араң чыгара сурадым:
– Мен каяктамын?
– Нагасакиде, – деди ал.
Джей Рип
Тагдыр
Бир гана жол бар, биздин жашоо жек көрүү менен ырахаттын чаташкан түйүнүнө айланып, аны чечүүнүн башка жолу жок эле. Тагдырга ишенели: “орел” – үйлөнөбүз, “решка” – ажырашып кетебиз.
Тыйынды өйдө ыргыттык. Жерге шыңгыр этип кулап, бир аз айланып барып, жатып калды. “Орел”.
Биз тыйынды тунжурап карап туруп калдык.
Анан, сүйлөшүп алгандай чогуу айттык: “Балким, дагы бир жолу?”
Роберт Томпкинс
Чындыкты издеп
Акыры бул алыстагы, түнт айылда издегенин тапты. Эскилиги жеткен жыгач кепеде очоктун жанында Чындык отурган эле.
Ал ушунчалык кары жана түрү суук аялды көргөн эмес.
– Чындык сиз болосузбу?
– Чүрүшкөн кары башын ийкеди.
– Айтсаңыз, мен башкаларга эмне дейин? Эмне айтайын?
– Кемпир отко түкүрүп, жооп берди:
– Менин жаш жана сулуу экен де!
Август Салеми
Заманбап медицина
Фаралардын жарыгы, кулак жарган кычыр-кучур, сыздаткан оору, чыдагыс оору, андан соң жылуу, арбаган көгүлтүр жарык. Джон өзүн өтө бактылуу, жаш, эркин сезип, жаркыраган жарыкка бет алды.
Оору жана караңгылык акырындан кайта баштады. Джон шишик тарткан көздөрүн жай ачты. Бинттер, түтүкчөлөр, гипс. Эки буту ордунда жок. Ыйдан көзү шишиген аялы.
– Жаным, сени аман алып калышты!
Глен Старки
Дагы бир мүмкүнчүлүк
Сүйгөнү аны таштап кетти. Үмүтү өчүп, айласы кеткендиктен “Алтын дарбаза” көпүрөсүнөн боюн таштады.
Ушундай да болот экен, ушул эле кезде болгону бир нече кадам андан ары бир кыз дагы көпүрөдөн боюн таштады.
Экөө ылдый учуп баратышты.
Көздөрү кезикти.
Дароо эле бири-бирине тартыла түшүштү.
Бул накта сүйүү эле.
Аны экөө дароо түшүндү.
Сууга бир метр калганда.
Хоуп Эй Торрес
Бакзарда
Кыз бакзарда турган болчу. Бир маалда аны карай шашкалактап чуркап келаткан Томду көрдү.
– Тина! Гүлүм менин! Сүйүктүүм менин!
Акыры ал бул сөздөрду айтты го.
– О, Том!
– Тина, гүлүм менин!
– О, Том, мен да сени сүйөм!
Том жанына чуркап келип, тизелей тура калды да аны акырын четке түртүп койду.
– Гүлүм менин! Сен менин гүлүмдү тепселеп салбадыңбы!
Шири Пелемье
Чак түштөгү өлүм
– Луи, даракка жашынбай чык бери дейм, алдагы башыңды жара атып, мээңди гана чачыратып салбасам бардык жерге!
– Аталбайсың, аны үчүн сенин эркиң жетпейт, суу жүрөксүң да.
– Сен биринчи чык бери, ошондо көрөсүң эрким жетеби, жетпейби, мээңди чачырата атам.
– А сенде, мээ эч качан болгон эмес.
Бах!
– … Дагы бир жолу!
Бах!
– Луи, Тони, тамакка!
– Баратабыз, апа!
Брюс Хармор
Өлүм жана финал
– Чын эле көргөнгө оор экен, Жак.
– Кускуң келет. Кайсы бир издер табылдыбы?
– Канкор ким экени аныктала баштады окшойт, лейтенант. Кечээ кылмыш болгон жерде “Коммивояжердин өлүмү” деген китеп табылган болчу, бүгүн болсо майда-барат саткан адамдын денесин таптык.
– Кызык экен. Мурда мындай болгон эмес эле. Адабий адам өлтүргүч. Сөөктүн жанынан китеп табылдыбы?
– Ооба. “Француз лейтенантынын аялы” деген.
Курт Хоман
Сураганым үчүн кечирим сурайм
– Бүгүн чынында эле, өтө караңгы, ошондойбу, бийкеч?
Аял машинеден тез артка бурула калып, жолду тороп турган эркекке урунду.
– Ким болуп иштейт элеңиз?
Аялдын колу эркектин кекиртегин күмүш жаадай чийип өттү. Эркектин ачуу кыйкырыгы бат эле кырылдаган үнгө айланды.
Колундагы скальпелди жолго ыргытып, машинесин айдап жатып жол четинде жаткан эркекке терезеден шыбырады:
– Билесиң да, мен хирургмун.
Долорес Руп
Табышмак
– Бүгүн сиз бөтөнчө көңүлдүүсүз го, Ватсон.
– Кечиресиз, Холмс. Сиздин жолуңуз болбой калгандай көрүнөт. Бул кылмышты сиз эч качан ача албайсыз.
Холмс туруп, колундагы мүштөгүн ары-бери жаңсап:
– Бул жолу да сиз адашып жатасыз, урматтуу Ватсон. Ворсингтон айымды өлтүргөн адамды мен жакшы билем, – деди.
– Кантип? Эч бир күбөлөр да жок, далилдер жок! Ким аны кылды?
– Мен, Ватсон!
Кендис С. Мачлер
Ачуулануу
– Зак, сен аны жакшы муштадың. Так кабыргасына. Сонун эле болду.
Бобби колуна кишен тагылганда бетин бырыштырып, кетенчиктей түштү.
– Сен эмне деп тантырап жатасың, мен аны муштадымбы? – деди тизеси тордун темирине жабыша түшкөн Зак. – Мен сени токтотоюн дегем!
– Жаңын жебе, акмак!
Полиция кызматкери арткы орундукту көрсөткөн күзгүгө карап сурап калды:
– Эй, сен ким менен сүйлөшүп жатасың?
Грейс Кагимбага
Бул бир жыл мурда болгон эле
Сыдырым жел жүзүн жана кийимин аймалаган Дуг Джоуини карап турду.
– Салам, Джоуи! – деди Дуг.
Айлана тымтырс эле.
– Джоуи, суранам, кечирчи мени. Мен мындай болорун билген эмесмин. Чыным айтам. Жаңы жылың менен, Джоуи!
Дуг Джоуинин мүрзөсүнө гүл коюп, жай басып артка жөнөдү.
– Ошол күнү кечинде мас болуп алып авто унааны айдаганымды бир күнү кечиресиңби? – деди ал.
Том Форд
Мен кырсык тууралуу билдиргим келет
“Селия, бардыгына сен күнөөлүсүң. Менин суудан көөп шишиген денемди бассейнден табасың. Кош бол. Умберто”. Селия катымды колунда кармаган бойдон үйдөн чыгып, кыямга түшүп калган чоң чымынга окшошуп сууда көмкөрөмөн жаткан денемди көрдү. Ал мени куткарам деп сууга секирип, сууда сүзгөндү билбегенин эстей калып чабалактап өзү чөгө баштаганда мен туруп суудан акырын чыгып кеттим. Номур 338412-камалуучу.
Шири Пелемье
Түш
Кичи кезинде ага түшүнө карышкырлар кирет эле. Бир жыл катары менен алар ар бир түнү аны түшүндө кубалашчу. Ал дайыма качып кеткени жетишчү.
Кийин бир жигитке кезикти. Ал оюнкарак, бирок ишенимдүү болчу. Анын курч тиштери, калың чачы боло турган.
Ага азыркыга чейин карышкырлар түшүнө кирет.
Бирок бул жолу ал алар менен чогуу чуркап жүргөн болот.
Глен Старки
Дагы бир мүмкүнчүлүк
Сүйгөнү аны таштап кетти. Үмүтү өчүп, айласы кеткендиктен “Алтын дарбаза” көпүрөсүнөн боюн таштады.
Ушундай да болот экен, ушул эле кезде болгону бир нече кадам андан ары бир кыз дагы көпүрөдөн боюн таштады.
Экөө ылдый учуп баратышты.
Көздөрү кезикти.
Дароо эле бири-бирине тартыла түшүштү.
Бул накта сүйүү эле.
Аны экөө дароо түшүндү.
Сууга бир метр калганда.
Джеффри Уитмор
Кырсыктар
Реджинальд Кук Сессиль Норвудга үйлөнөөрдүн алдында үч аялын жерге берген эле.
– Кырсыктар, – деди ал Сесилге.
– Кандай кайгылуу, – деп жооп берди Сессиль. – Алар… бай беле?
– Чырайлуу да болушчу, – деди Реджинальд.
Алар үйлөнгөндөн кийинки бал айын Альпыда өткөрүп жатышкан.
Кийин Сессиль жаңы жубайына биринчи күйөөсү тоодогу кырсыктан каза болгонун айтты.
– Кандай кайгылуу, – деп жооп берди Джастин Марлоу.
Патрик С. Трэй
Таза оюн
Калифорниянын ысык күнүнүн алдында Ирвин менен Ливан кумда жатып алып, аялдарды карап жатышты.
– Тигичи? – деди Ирвин.
– Жо-ок, – деди Айван. – Өтө эле семиз экен.
– Тиги?
– Жо-ок, өтө эле арык.
Сырадан бирден уурташты да бир маалда тигилип карап катып калышты.
– Вау! – деди Айван. – Буларды карачы!
Кызыл купальникчен эки кыз жанынан өтүп баратышты.
– Жо-ок, – деди кыздардын бири экинчисине.
Джеффри Уитмор
Төшөк окуясы
– Жаным, этияттасаң, алдыгы октолгон, – деди эркек уктоочу бөлмөгө кайра кирип келатып.
Аял керебеттин башына жөлөнүп отурган эле.
– Бул сенин аялың үчүнбү?
– Жок. Бул мен үчүн опурталдуу болмок. Киллерди жалдайм.
– А эгер киллер мен болсомчу?
Ал аялды карап ырсайды.
Эркекти өлтүрүш үчүн аял киллерди жалдоо кимдин оюна келет?
Кыз эриндерин жалап, тапанчаны ага карай мээледи.
– Аялыңдын.
Энрике Кавалитто
Башталышы
Ал эркекке жини келип жатты. Бейпил жашоосунда аларда дээрлик бардыгы бар эле, бир гана ал башканы эңсеп жатты – аларда эч качан болбогон нерсени. Эркектин коркоктугу ага жетүүгө жолтоо болуп жаткан.
Маалы жеткенде андан кутулат, бирок азырынча эрте. Ага чейин сылык жана куу болушу абзел. Бийкеч жылаңач денесин созуп мөмөнү үзүп алды.
– Адам, – деп акырын чакырды.
Которгон Марат ТОКОЕВ
