Лев Толстой: “Көпөстөр соодалашканда”
(аңгеме)
Бир жармач көпөс алыскы сапарга чыгарда өзүнүн темир-терсек мүлкүн “сактап тургун” деп, бай көпөскө калтырат. Ал саякаттан кайткан соң, бай көпөскө келип, ага табыштаган темир-терсегин кайтарып берүүсүн өтүнөт. Бай көпөс жармачтын бүткүл темир буюмдарын түгөлү менен сатып ийген эле. Шылтоо табуу үчүн ал минтти:
– Сенин темириң күм-жам болду.
– Кандайча?
– Мен аны буудай сактаган кампага койгом. Кампада чычкан деген жер жайнайт. Алар темириңди бүкүлү бойдон жок кылышты. Темирди кантип кемиргенин мен өз көзүм менен көрдүм. Эгер ишенбесең, сен да барып, текшерип чык.
Жармач көпөс талашып-тартышпады. Ал:
– Эмнесин көрмөк элек?.. Мен ансыз деле сага ишенем. Чычкандар дайыма темир кемирерин мен да билем. Кайыр кош! – деди да жолун улады.
Ал көчөдөн бай көпөстүн ойноп жүргөн уулун учуратты. Баланы эркелетти да, колунан кармап, өз үйүнө жетелеп кетти. Эртеси күнү ага бай көпөс жолугуп, уулу жоголгонуна кайгырды:
– Сен менин баламды көрбөдүңбү? Ал тууралуу кабар укпадыңбы? – деп сурайт.
Жармач соодагер ошондо:
– Кантип эле көрбөйүн? Көрдүм. Кечээ мен сеникинен чыгып баратсам, бир шумкар учуп келди да, түз эле сенин уулуңду кармап, алып кетти.
Бай көпөс буга ачууланды:
– Мени шылдыңдагандан уялсаң боло! Шумкардын баламды алып кеткени жакшы жышаан дейсиңби?
– Жок, мен сени табалаганым жок. Чычкандар жүз пуд темирди кемирип, сугунуп ийгендей эле, шумкардын да баланы алып кеткени таң калыштуу эмес. Бул турмушта ар кандай окуя боло берет.
Бай көпөс кыйытып айтылган кептин маанисин түшүндү да:
– Чычкандар сенин темириңди жеген жок. Мен аларды соодалап ийгем. Эми аны эки эселеп төлөп берейин, – деп окуянын чындыгын айтканга аргасыз болду.
– Андай экен, шумкар да сенин чүрпөңдү алып кеткен жок. Мен да аны кайрып берейин, – деди жармач көпөс.
