|

Айымпааша

4.4/5 - (15 добуш)

(аңгеме)

– Айымпааша өзү айттырып, баягы жексурга нике кыйдырып, кечээ түнү тийиптир, ботом?.. – Таалайкан күйөөсүнө эрте мененки жаңылыгын айтып жатып шыпшынып алды.

– Эк, койчу, катын!.. Каяктагыны айтасың? Катындар дайыма бирдемени угуп-укпай эле учура бересиңер!..

– Ой, мен имнени учурдум?.. Азыр тойдон кешик ооз тийгени, чай ичкени кирип, Күлүмкан кемпирден угуп эсибиз ооп, катындар алды-алдыбызда эсибизди жыялбай келбедикпи!..

– Күлүмкан эже айттыбы? Анда жакшына айтып берчи?

– Ооба. Күлүмкан эже Айымпаашанын аталаш эжеси эмеспи. Агайиндердин (ага-инилердин) кыздары го? Кечээ күнү эрте менен Айымпааша: «Эже, келип кетиңиз. Кеңеше турган сөз бар» дейт. Күлүмкан эже  бейкапар: «Аа, Айымпааша баягы жуучулардын бирин тандаганга чакырыптыр», – деп таңгамаал жетип барат.

– Анан? Эй, маалкатпай тез-тез айтчы айта турган сөзүңдү!.. Жомок айтып жаткансып, аталаш, агайин эже-сиңди, тиги-бу деп чойбой! – кызык сөздү укканга ашыккан Берди катынына бир тийди.

– Ботом, сөздүн да тартиби бар да акыйры!.. Имине сага олуп-чолуп айтайынбы? Жинге тийсең аз-зыр эшикке чыгып коңшуларга кирип кетем! Анан ал жерден бул кептин учугу бүткөндө түнү чыгам! Муну укканы элдин баары кирет, мени деги билесиң! – деген Таалайкан күлүп Бердини карады.

– Болуптур эми, чойбой тез-тез айт! Кыйынсып чыктың го таз-за, кайран десе!.. Ха-ха.. – Берди өтө чоң жаңылык угуп келип, айтар-айтмаксан болуп кыр көрсөткөн келинчегине карап карсылдап күлдү.

– Айтсам ошо. Күлүмкан эже кечээ барыптыр, – деген Таалайкан негедир бир чекитти тиктеп тунжурай түштү. Оолугуп кызык кепти батыраак уккусу келген Берди, эми аялын бир тиктеп унчукпай күтүп калды. Анан өзүнө келген Таалайкан эрте менен уккандарын күйөөсүнө шашпай айтып берди.

Бая Күлүмкан кемпир дагы ушинтип тунжурап кыйлага дейре олтурган болчу. Анда байбиченин оюна эмнелер гана келип-кетпеди дейсиң?.. Бир эле Айымпаашаны ойлоду дейсиңби? Кайда-аан? Ата-бабалары, энелери тууралуу сөздөр ооздон-оозго өтүп олтуруп, адамзааданын оюна келбей турган не бир укмуш жомокко айланганы качан? Жети атасы, жети энеси турмак, тээ эзелки ата-бабасы, энелери тууралуу кеп-сөз да ушул убакка дейре жетип келбедиби. Эзелки ата-бабасынын урпагына айланган, теги, тамыры бар адам атмайдын ошондой эзелтен келе жаткан жомогу болот. Анан кемпирдин оюна бирдеме кылт эте түштү. Ушу жаңы заманда, булардын уругундагы ооздон оозго сөз болуп калып кете тургандардын бири Айымпааша окшойт? Таң?.. Ким билет?.. Деги ушу сиңдисинин тагдыры башкача болду, тобо!.. Себеби элдин оозунда сөз болуп кала турган адамдар ушу Айымпаашага окшоп көзгө, сөзгө жакын болуп туулуп, анан айтыла берчү жомокко айланат эмеспи? Ушуларды ойлогон байбиченин эсине кечээги адаттан тыш окуя түштү.

* * *

Кечээ, таңгамаал намазын окуп бүтүп, сөөрүдө бир куюм чайын ичип, анан ичкерки бөлмөдө ширин уйкуда жаткан тестиер небере кызынын жуурканын кымтылап жаап чыккан. Жай саратан болгону менен тоолуу аймакта түнү менен суук болот эмеспи. Кыштоодо энеси менен калган небереси тиргиликке каралашат. Уул-келини жылда жайындасы калган бала-бакырасы менен тээ жайлоонун өрдөшүнө чыгып кетишет.

Бир маалда тестиер баланын жыгач кашааны ачып кирип келгенин терезеден көрдү. Кишини «аа» деп оозун ачыра койбогон тестиер: «Эне, сизди Айымпааша апа тез келсин деди! Болду, сизге айттым!» – деген боюнча, сөөрүдө жабылуу турган дасторкондогу нандан ооз тийип алып чуркап чыгып кетти. Тестирдин айттырбай дасторкондогу нандан ооз тийип кеткенин көрүп, Күлүмкан кемпир: «Аа, чоң ата десе!.. Акылын кара дегеле Өмүрлүү бол кагылайын!» – деп ыраазы боло жылмайды. Бул жерде ушундай. Жайлоо маалында киши табылбайт. Коңшу айыл-апага каттагандардын улуу-кичүү атмайы ушу маалда чабарманга айланат.

Коңшу айылдагы сиңдисинен ушул кабарды көптөн бери күтүп жүргөн Күлүмкан кемпир секелегин ойготуп, арыдан-бери экөө сууга чайынып, жуунуп-таранып, жасанып алышып, жөө-жалаң коңшу айылга жөнөштү. Коңшу айылдагылар чанда бири эле унаага түшпөсө, эзелтеден эле бири-бирине жөө-жалаң катташат. Калаага жөнөгөндөр эле сары «аптобузга» түшөт. Дикилдеп ээрчип алган секелегин жетелеген энеси экөө коңшу айылга жарым саатта жетип барышты дагы, небересин башка үйгө дайындап таштады. Азыр Айымпаашанын үйүндө чоң адамдар гана уга турган сөз болот. Андай жерге балага орун жок.

Айымпааша дасмалын качан эле жайып күтүп олтуруптур. Ал-жай сурашып бүткөндөн кийин, чай ичкенче сөздү алыстан баштаган сиңдиси эжесин астыртадан карады.

– Эже, сизден башка кыз атмайдан карманып-тутунарым жок. Менин алты бир тууган аке-үкөлөрүм менен сиздин үч иниңиздин барына шүгүр. Ата-журтубузду журт кылып, бир урук ага-ини болуп олтурушат. Бирок бул дүйнөдө эже менен сиңдидей сырдаш, муңдаш жакын адам табылбайт турбайбы. Абеже, ушунча жашка келип алдыңыздан кыя өтпөдүм. Биринчи эримден ажырашкандан кийин, атам менен апамдын көзү өткөндөн кийин, беш эрге тийдим. Сиз баарынын башында-кашында болдуңуз, сиз айткан күйөөлөргө тийдим. Акылыңыз менен болдум. Мына, акыры бейиши болгур атам менен апам ыраматылыктар калтырган үйүмө келип олтурам. Кудайдан атама миң мертебе бейиш тилейм! Акылман атам билген экен да-аа… Акыйры туубаган катындын туругу болбой турганын билип, уулдарын өзүнчө бөлүп чыгарып, эски үйүн там-ташы менен мага калтырганын кантейин!.. Жалгыз кызым карыганда айдай талаада калбасын деп, алдын-ала билген экен да акылга дыйкан атам, – деген Айымпааша кыйлага дейре жашыды. Күлүмкан кемпир зээни кейип, сиңдисине кошулуп, көз жашын дасромолу менен аарчып олтурду.

Көздөй сиңдиси коңшу айылдагы төркүнүнө көчүп келгенден бери бел байлап, тыңып чыккан Күлүмкан кемпир ара күндө, же күндө бир маал Айымпаашаныкына келбесе эсеп эмес. Айымпааша жайлоодо, тээ бир жылдары шыйрагын кокустатып алган экен, алыска жөө басалбайт. Эжеси бир күн келбей калса зарыгып, тамагын жасап алып жол карап күткөнү күткөн.

– Сизден башка кимге айтам, эже? Ардеме оюма келип олтуруп акыры бир чечимге келдим. Мынакей, өмүр бою сиздин айтканыңыз менен болдум. Эми менин бир өтүнүчүм бар. Ошону аткарам деп сөз бериңиз, абеже? – деп Айымпааша эжесине суроолуу карады. «Аа, баягы жуучу түшүп келгендердин бирин жактырыптыр. Ошо жактырган кишисине коё турган шарты бар окшойт? Көздөй сиңдимдин айткан шартын жуучу түшкөнгө айтпай эмне?» – деп, оюнда эч нерсе жок Күлүмкан кемпир дароо жооп берди:

– Айт, кагылайын десе, айт? Сен айтканды аткарбай эмне? Аткарам. Ушу менден жыйырма беш жаш кичүү болгонуңа карабай, турмуштан көптү көрүп, көптү билип, көп нерсеге көзүң жетип калды. Көңүлүңдөгүнү айт, кагылайын?..

– Айтсам ушу, эже. Күйөөнү бул жолу өзүм тандадым. Ал кишиге азыр сиз барып айтып келиңиз. Макул болсо болду, болбосо атам менен апамдын үйүн кайтарып өмүрүм өтөт. Эрге экинчи тийбейм. Ушинтип чечтим.

– Токтой турчу, Айым!.. Ошондо, азыр мен барып жуучу түшүп келемби сен айткан кишиге? Тобо, эмне деп жатасың?..

– Ооба, сиз айтып келесиз эже. Бүгүн, азыр.

– Макул, макул. Айтып келейин. Деги ал кишиң ким, Айым?

– Албы? Ал элден чыккан жексур. Баягы жардын оюгунда жашап жүргөн жексур, эже, – дегенди укканда Күлүмкан кемпирдин колунан пиаласы ыргып кетти.

– Ок!.. Эмне дейт?.. Каадалуу сөз айтат экен десе, оозуңа келгенди оттоп!.. Эрте менен оозуңду жууп-чайкадың беле деги?.. Кайдагыны айтасың да ары! Жакшы адамдын оозунан мындай сөз чыкпайт! Токтот ары мындай кара шумдугуңду!.. Кара кулак укпасын! – деген кемпир ачууга алдырып эки көзү чекирейип кетти.

– Эже, мени бир ооз угуңуз!.. Анан каалагандай чечиңиз! – деди көзүнөн жашы буурчактап, ачууга алдырып, алкынып алдыга жүткүнгөн Айымпааша. – Мына, мен элүүгө таяп калдым, эже!.. Азыр эмнем бар менин, айтыңызчы? Кара жолтой катын деген атыман башка эмнем бар, эже?.. Кыз алган күйөөм «ажырашпайлы» деп суранганда эле тим койсом эмне?.. Бала туубай калдым деп, кайын-журтумдун наалатынан коркуп ажыраштым. Ал күйөөм башкадан үч балалуу болуп туруп, отузга чыгып-чыкпай өлүп калды. Анын суранычын укпай, ата-энесинин наалатынан коркуп ажырашып алып, убалында калдымбы дейм, эже?.. Анакей, андан кийин беш эрге тийдим. Баары эле мени алгандан кийин чалгы менен чапкандай өлүп калышты!.. Кара жолтой катын болдум, эже! – деп шолоктоп, ызасына буулуккан Айымпааша азыр бардыгына кайыл эле. Айдай сиңдисинин аянычтуу тагдырын жатка билген Күлүмкан кемпирдин сай-сөөгү сыздады.

– Атаны садагаң гана кетейиним ай!.. Кудай сага мындай тагдырды эмнеге буюрду экен, аа?.. Кагылып кетейиним, бирок адам түгөнүп калгансып, ошончодон элден чыгып калган жексурду тандадыңбы?

– Ооба, эже, ошо жексурду тандадым! – деди кайратын жыйып, жашын сүртүп үнү кардыгып чыккан Айымпааша. – Ал бечараны «адам өлтүрүп түрмөгө олтуруп чыккан» деп адам сыягынан чыгарып коюшту! Айтканыма макул болсо, ага тийсем, түрмөдө жыйырма жети жыл өлбөй олтуруп келген жексур өлөт, же мен өлүп тынайын деп атам, эже!

– Эмне мынча катуу кеттиң, Айым?.. Кудайга өчөштүңбү?..

– Ооба, эже!.. Туптуура айттыңыз! Кудайга өчөштүм!.. Тиги жексур адам өлтүрүп жексур атка конуптур, элден чыгып калыптыр. Мен биринчисин кошкондо алты эркектин башын жедим, же калппы?.. Андан айырмам эмне менин? Мени бөпөлөп караган алты эркектин убалы кимге, эже? Мага да!

– Ушинтип чечтиңби, Айым? – бир ооз каршы сөз айтарга дарманы калбай калган кемпир таалайсыз сиңдисинин муңдуу карегине жалооруй тигилди.

– Ооба, эже!.. Анан дагы, кокустан, жексурдун көзү өтүп мен тирүү калсам, мага эч ким жуучу түшүп келбесин деп жатам!.. Көрүнгөн эркектин ылайыктуусу да, ылайыксызы да көз кырын сала бербесин, тынч жашайын деп жатам! Бирге жашасам, ошо жексурдун жексурдугу жугуп, ылайым эле эркек атмай мен тарапты карабай калсын деп жатам, эже! Анан эмне кылайын?.. «Суук сөздөн, суук көздөн алыс бол, эрге тийсең гана жаның калат! Болбосо кызганчаак катындардын бири болбосо бири түбүңө жетет! «Ач кулактан, тынч кулак!» Кайсы катындын сөзүнөн, кайсы эркектин көзүнөн сени коруп өлүп кетейин? Жалгыз бой жашайм десең жаныңды коюшпайт!» – деген ким эле, абеже?.. Сиз айтканды туура көрүп эрден эрге тийдим. Тийбесем уу сөздөрү менен мени уулап салышмак! Анда буралган жаш келин элем! Эсиңиздеби, эже?

– Эсимде эмей, кагылайын! Баары эсимде…

– Мага да жан керек, эже!.. Мынакей, соңку күйөөмдүн жылдыгы чыгып келгениме үч ай боло элек, аркамдан жаманатты сөз ээрчип атат! Элүүгө таяп калганда жалгыз бой аялдын жаманатты болушу оор тиет экен! Эрден эрге тийгенден тажадым! Дагы кимдин барып коломтосуна от жагайын, абеже? Дагы кайсы өмүрүмдө көрбөгөн эркектин койнуна жатайын?.. Дагы кайсы эркектин мүнөзүнө түтүп, күнөөсүн көтөрүп унчукпай оозумду жабайын? Айтыңызчы? Атамдан калган үйдө жашайм деп чечтим! Көрүнгөн чоочун үйдө жүрүп чарчадым! Көрүнгөн эркекке аял болгондон чарчадым! Эми өзүмө эр таап, өзүм чечем. Азыр мен үчүн ошо жардын оюгунда жашаган жексур бардыгынан артык!.. Мен үчүн айырмасы канча дейсиз? Көрүнгөн чоочун үйдүн казанын асып, көрүнгөн бүлөнүн кабак-кашын карап, башымды байлап-матап жүргөн жашоодон тойдум, абеже!.. – деп, албууттанып ич күптүүсүн эжесинен чыгарып алган Айымпааша кызарып-татарып, тамагы буулуп, үнү кардыга жүзүнөн мончоктоп аккан жашын жүз аарчысы менен аарчыды.

Күлүмкан кемпир сиңдисинин жүйөөлүү кебин уккан сайын өзүнөн-өзү кичирип, айдай сиңдисинин аялуу тагдырына өзү күнөөлүдөн бешбетер өңү өчүп, акыретте суракта олтургансып оозуна сөз келбей, аба жетпей, сай-сөөгү сыздап жашып олтуруп бир ооз сөзгө жарады:

– Болду, садагаң кетейиним, болду! Жүрөгүмдү оорутпа! Азыр жексурга барам, сен айткандын баарын аткарам… Ал эми сенин жүйөөңдү аке-үкөлөрүңө, ага-ини, тууган-туушканга, эл-журтка өзүм айтам, – деп, дасторкондун четин ары жылдырып, теңселип туруп жөнөдү.

* * *

Жетимиш экиге чыгып калса дагы жерге олтуруп-турганы жеңил, бели түптүз, жүгүрүп жүрүп тиргилик кылган чыйрак, чырайлуу Күлүмкан кемпир заматта жүз жыл жашап, ошол жашоонун жүгүн көтөрө албай бараткандай денеси салмактанып, көзү караңгылашып жар тарапка карай басты. Орто жолдо сайдагы ташка көчүгүн басып эндиреп кыйла олтурду дагы, анан дайрага бети-башын жууп, эл жакын жолобогон жар оюгундагы башпаанекке жөнөдү.

Барса, жексур башпаанегинин алдындагы бир түп талдын түбүндө тешеси менен таш үстөлдө жыгач жонуп олтуруптур. Кемпир амандашып болуп, жексурдун маңдайындагы таш отургучка көчүк басты да, анын жүзүнө, бой-башына кунт коюп карады. Тигинде жайнап жаткан сайдын таштарын ылай менен чаптап, таш үстөлдү айландыра отургуч жасап коюптур. «Колу дегеле эптүү экен» деген кемпир, келген жөнүн акырын айтып баштаганча, башын өйдө көтөрбөгөн жексурду сыдыра карады.

Арыкчырай, ысык-суукка жедеп бышып бүткөн, бою шаптай узун эркектин этинде сөөм карыш майы жок, сөөктөрү бекем экендиги көрүнүп турат. Билегине чейин түрүп алган жеңинен чыгып турган сөөктөрү жоон, узун, тарамыштуу күчтүү колдорунда көк түстөгү чаарала сүрөт тартылуу экен. Керсары өңүнүн суру качып жылдызы жок, куйгулт чачтарын ак басыптыр. Жаак эттери түйүлүп, узун жаагындагы тырыгы бүркүт тумшук мурдун жандай ээгине чейин чийилип турат. Баарынан дагы жексурдун адамды муздак, тике караган, жылуусу жок чекирейген саргыч көздөрү жаккан жок. Мындай карасаң өңү-түсү баары эле ойдогудай. Бирок керсары өңүнөн, чекирейген саргыч көздөрүнөн, середей бийик, илбирс сындуу турган турпатынан жанкечтилиги көрүнгөн кишинин ырайы суук болчу. «Муну менен коркпой кантип жашайт?.. Ок, өлүгүңдүгөрөйү-үүн, эпти түрү суук болсочу!.. Адам түспөлү калган эмес турбайбы өлүгүңдүгөрөйүн адам өлтүргүчтүн!..» – деген кемпир ичинен жыйрылып, чыйрыгып, жексурдун «жок» деген бир ооз сөзүн угары менен шап туруп кеткенге даяр болуп турду. Жок, бирок андай болгон жок. Кемпир күткөндөй болгон жок.

Жыгач жонуп олтурган калыбында күтүүсүз кабарды уккан жексур, тешени, жыгачты жерге койду да, жанындагы айнек идиштеги суудан кана ичип, анан тээ маңдайды карап кыйлага дейре унчукпай олтурду. Күн шашкеге келип калган эле. Кемпир жуучулук шааниси узагып кетээрин туюп, бая эле кемзелин чечип, таш отургучка төшөп, маңдайындагы жексурдун эмне дээрин күтүп олтурган. Ичинен: «Муну карасаң, өлүңгөрөйүн десе!.. Дегеле каадаланып-неткенин кара!.. Ушу жексурдун алдына алтындай башымды кор кылып, айдай сиңдимдин аброюн кор кылып салбыратып келтирип койгон Кудайдын деле көзү көр окшойт, аа?.. Ээ-э, Куда-ай!.. Кечире көр, айланайын Куда-ай! Бирок ушуга өзүң жеткирип жайтпайсыңбы-ы!..» – деп, күйбөгөн жери күл болуп, жүрөгү кысылып чыкканынан тик жака көйнөгүнүн сөлкөбай күмүш топчусун чечти.

Бир маалда жексур саргыч көздөрү менен кемпирди кадала карады дагы, сөз баштады:

– Айымпаашабы?.. Айымпаашаны билем, өзү сөз айттырыптыр. Макулмун. Бирок, эже, ага-туугандарыңыз эмне дейт? Алар дагы макулбу?

– Ага-туугандар дегидей, бир тууган агайинден (ага-ини) тараган тогуз уулдун башында, кашында турган аксакалыбыз бир тууган үкөм. Ал үкөм менин сөзүмү эки кылбайт. Ал жагын мага кой. Алдыңа өзүм келдим. Калганына кабатыр болбо. Элчи менен жуучуда айып жок. Бүгүн эле никеңерди кыйдырып коюп, көңүлүм бир жаңсыл үйүмө кетейин. Макул болсоң жүрү?.. Узактырып эмне?.. – Күлүмкан кемпир азыр эле жексурду ээрчитип барып, Айымпааша экөөнүн никесин кыйдыртып, арыдан-бери бул айласыз жуучулуганан кутулуп, үйүнө кеткиси келди.

– Жок, эже. Сиз бара бериңиз. Мен анан барам, – деген жексур «сөз бүттү» дегендей туруп кетти. Кемпир жамбашына төшөп олтурган кемзелин кагып-силкип туруп жөнөдү, жөнөбөскө чарасы дагы жок эле.

Келе жатып аркасына кылчайып караса, жексур эки челекти көтөрүп дайрадан жар оюкка баратыптыр. Кемпир дем алганча, мунун эмне кыларын байкайын деп сайдагы ташка көчүк басып олтурду. Алыстан жексурдун темир тепши көтөрүп чыкканын, кир жууганын, жуулган кирин жайганын көрдү. Дайрадан дагы эки челек суу алып чыгып, башпаанегинин жанындагы чоң жар оюкка кирип кеткенин көрдү, чагымда жуунуп-чайынып алайын дегени го?..

Муну баятан байкап олтурган кемпирдин жүрөгү биртке жылыганы менен, ооруп да чыкты: «Аа, адам экен! Аял кишинин алдына бою-башы таза барайын деген турбайбы? Бою-башын сууга чайып, өзүн таза туткан адам түзүк эле адам болчу эле? Анан… Атаны курган шордуу айе-е! Катын алайын десе жанында жандап баскан бирөө жок! Аял аласыңбы деп, башына ак калпак кийгизип койгон же энеси жок, караңгалгырдыкы! Үстүнө ак жака көйнөк илип койгон же эже-карындашы жок шордуунун! Жар оюкта туруп, жуунуп-чайынып, эскисин жууп, кургатып кийип алып жөнөгөнү жатат шордуу десе! Ушу жексур болмоктон, ким болсо деле караңгалгыр бешенең менен и-иий! Атаны бечара айе-ее десе!..» – ушинтип каңырыгы түтөгөн кемпир туруп жолун улады. Баары бир эне эмеспи, Күлүмкан кемпир жексурдун тагдырына жүрөгү ооруп, эне катары аяп турду.

Жолду карай баскан Күлүмкан кемпирдин санаасы кайра санга бөлөндү: «Кокус бул барбай койсочу? Мунун жууп-чайынганын көрүп эле эмне болуп атам? Жөн эле тиргилик менен жүргөн кишини «катын алганы баратат» дегеним кандай? Азыр Айымпаашага «жексуруң келатат» деп коюп, мунусу барбай койсо бечара сиңдимин көңүлү ошондо чындап өлбөйбү? Кой, үйгө барбай турайын! Каадалуу жуучу болуп иштин өтөөсүнө чыксам жакшы! Болбой калсачы? Андан көрө бул барабы, жокпу көрүнбөй баам салып турайын. Мындайда акылыңды пештеп байсал кылбасаң болбойт! Алгач мунун Айымпааша тарапка басканын көрөйүн! Ошого карап иш кылыйын!..» – деп, тээ айыл аралап барып, сиңдисинин үйү көрүнгөн жерден жексурду карамалап дем алганча күтүп олтурду.

Бир маалда, түш оогондо, жексурдун түз эле Айымпаашанын үйү тарапка жолго түшкөнүн көргөн кемпир эпти кубансачы! Тобо! Бая эле сиңдисин жексурга тиесиңби деп, намыстанып өлүп алайын деп жатпады беле? Азыр тим эле күйөө баланын султаны келе жаткандай сүйүнгөнү эмнеси? Көрсө, өзүң жалгыз башында-кашында турган жуучулугуңдун жүгү оңор эмес турбайбы! Оңой эмес турбайбы! Бейтаалай сиңдисинин шагы сынып калбасын деп, жексурдун алдына барып жуучу түшкөнү бир тең, анын макул болгону бир тең, эми оңдой берди болуп, сөзүнө туруп, сиңдисинин үйүн көздөй басканы бир тең болду, ов! Кудай жуучунун ишин оңунан салганы эп экен да! «Кой, азыр барып калпактын жакшысын, жоолуктун жакшысын алып, сарпайды экөөнө жакшылап жасайын!» – деген Күлүмкан кемпир түз эле кийим саткан дүкөнгө кирип барып, ак калпак, жоолуктан баштап, жексурдун боюна чактап костюм-шым, бут кийимине чейин тандап тазасын алды дагы, сиңдисинин үстү-башына ылайык жакшы кийимдерди тандап, акчасы жетпегенин карызга жаздырып коюп, тестиер эки балага көтөртүп Айымпаашанын үйүнө кирип келди.

Кемпир негедир сарпайдан аянган жок. Бая жексурдун эски-уску кийимин жууп, кургатып кийгенин көрүп зээни кейиди белем, бир чети бейтаалай сиңдисинин өзүнөн башка көңүлүн көтөрүп алар кимиси бар? Ушинтип ойлогон кемпир, эки бакыр, бир тукур болор бейтаалай экөөнө эне ордуна эне болуп туруп берейин деди. «Мага демектен бир күн жашап ажырашып кетишсин! Бирок жаңы баш кошкон жубай болгон соң, бир күн болсо дагы, эл көзүнө жаркырап жаңы кийим кийип, көңүлдөрү көтөрүлүп олтурсун, атаны окшошкон мусаапырларым ай-е-ее!» – деген кемпир, Айымпааша менен жексур экөө бири-бирин алдыртан карап, ооз учунан сүйлөмүш болуп олтурганда кирип барды. «Бири-бири менен чоң адамдардай эле беймарал сүйлөшө беришсе болмок», – деген кемпир экөөнү карап айтып калды:

– Силер беймарал таанышып олтуругула. Жаштыгыңар деги калган жок. Экөөңөрдү бирөө эмес, өзүңөр таптыңар. Баш кошолу дегенге макул болгон да өзүңөр. Жуучулук милдетимди аткарып бүттүм. Эми эжелик, энелик милдетимди аткарайын. Менин ишим көп. Той шааниси кылып, элден бата алышыңар керек. Нике кыйдырганга молдо алдырышым керек.

– Эже, кайдагы той шааниси?.. – Айымпааша таң калып эжесин карады.

– Сен бүгүн күйөөгө тие турган зайыпсың, Айым. Сенин ордуң төрдө, кагылайын. Калганын мага кой, – деген эжеси алып келген жүгүн бөлмөгө койдуруп, жанагы тестиерлерди ээрчитип барып, азык-түлүк саткан дүкөндөн дасторкондун үстүнө толтура дүйүм азык алды дагы, анысын дагы тестирелдерден  көтөртүп сиңдисинин үйүнө жөнөттү. Анан түз эле үкөлөрүнө барып, болгонун болгондой айтып: «Тогузуң биригип, бир кой союп кан чыгарып койгула», – деди. Күтүүсүз кабардан ага-туугандардын баары эси эңгиреп, анан барып эстерин жыйып, келин-кесек, уул бала, кыз бала, күйөө балдарга айттырышып, Айымпаашанын үйүнө топтолуп барышты. Тууган деген ушундай билинет. Тогуз уулдан тарагандар чогулуп, алеки-саатта тандырга ысык нандар жабылып, боорсок, чакчак, дүйүм тамак дасторконго төгүлдү. Айымпааша күйөөгө тийди деп, кошуна-колоңду чакырып, молдого никесин кыйдырып, той өткөрүп коюп тарашты.

* * *

– Атыңыз ким болот?.. – Айымпааша астейдил сурады. Бир аз мурда жексур атка конгон бул киши амандашып кирип келгенден бери апкаарып, уялып атат. Жаш келиндей болуп уялганы эмнеси, тобо?

– Атымбы? Атым Чоро.

– Канчага чыгып калдыңыз?

– Быйыл элүү төрткө чыктым.

– Мен быйыл кырк жетиге чыктым. Сиз менден жети жаш улуу экенсиз.

– Ии, – Чоро эми жакшылап көрүп алайынчы дегендей Айымпаашаны алдыртан кунт коюп карады. Буудай ыраң, сурмалуу көз, кырдач мурду толгон айдай жүзүнө жарашкан жылдыздуу жубанды жашы элүүгө чамалап калган зайып дегенге ооз барбайт. Сүлкүлдөп өзүн сылап-сыйпап таза тутуп караган, эгерим согончогу канабаган чырайлуу аялзааданын поруму көзгө толумдуу. Ак гүлдүү жоолугунун чачыласын төгүлтүп аркасына кайрып байлап койгону, көөлбүгөн узун этек гүлдүү ак көйнөгүнүн үстүнөн кызгылт күрөң баркыттан кемзел кийгени, кулагындагы күмүш сыргасы менен мойнундагы акдаана шурулары, астейдил сыпайы сүйлөгөнү өзүнө куп жарашкан, деги койчу, орто бойлуу толмочунан келген толукшуган жубан алдемедей адеми эле. Мурда алыстан көрүп жүргөн болчу, азыр ажарлуу зайыпты жакындан көрүп, ичинен «Аа, эркектердин кызыкканчалык бар экен» деди. Айдай, күндөй ашынган сулуу болбогону менен, Айымпаашадай чоктой ысык илеби менен жаралган аялзаадалар, жыл өткөн сайын ажары артып, жылдызы төгүлүп толукшуп турат эмеспи.

– Эжемди жуучу жиберип, салтта жок ишти баштаганым үчүн кечирип коюңуз? Сиз качан болсоңуз эркинсиз. Качан кетем десеңиз эрк сизде…

– Алгач жашап көрөлүчү? – Келгени менен арасат ойдо турган Чоро арсар жооп берди.

– Жүрүңүз эми, эжем той өткөрөбүз деп камынып калыптыр. Абежемдин сиз экөөбүзгө алып келген сарпайларын кийип, той шаанисине жараша жакшына болуп олтуралы,– деп жылмайган Айымпааша, айласыз күлө багып караган Чорону бөлөк бөлмөгө ээрчитип кирип кетти.

Мындай болуп кетет деп үч уктаса түшүнө кирбеген Чоро, бая келгенде башкача ой менен келген болчу. Кемпирдин айтканына макул болгону менен Айымпаашаны жакындан бир көрөйүн деп келген. Эгерде, сүйлөшө келгенде жакпай калса, зайыпты орто жолдо арасат калтырбай, «Жакшы тур. Экөөбүз жашай алгыдай эмеспиз», – деп кайыр айтып чыгып кетем деген. Эртеңкиге созуп эмне тапмак эле? Болсо болду, болбосо жок деп, шарта-шурт бастырып келгени да ошол. А бирок астана аттап кирип келгендеги Айымпаашанын карбаластап: «Келиңиз! Төргө өтүңүз», –деп уялып, ийилип тосуп алганына таң калды.

Чорону келеби же жокпу деп арсар болуп туруп, анан төркү бөлмөгө кабаттап жаңы жер төшөктөрүн салып, жөлөңгүчтөрүн кабаттап койгон Айымпааша, дасторконун төгүлтүп салган болчу. Мындай сыйды али-бери көрбөгөн Чоро төрдө олтуруп саамга ойго батып, жанагы «Болсо болду, болбосо жок!» деп шарта-шурт бастырып кетем деген деминен кайтып, төрдөгү сыйлуу мейманга айланды. Үй ээси кадырлап күтүп алса кайдагы басып кеткен? Ошентип, Чоро бир күн болсо да төрдү ээлеген, үй ээсинин сыйына баш ийген, кадырлуу мейман каадасын сактаган сыйлуу туткунга айланды.

* * *

Жыйырма жашында адам өлтүрүп түрмөгө түшкөн, жыйырма жети жыл темир тордун аркасында не бир жексурлар, көркоолор менен олтуруп жанкечтиге айланган адамда кайсы ырай да, кайсы чырай? А бирок көргөндөн көрө элеги көп экен. Ал жактагы, темир тордун артындагы тирүүлөрдүн көрүндөгү азабы бир тең, бошоп келгендеги көңүл азабы бир тең болду. Союз кезинде, бейкапар заманда, «адам өлтүрдү» деген өтө жаман угулат болчу. Андай жаманатты бул тоолуу аймакта өтө сейрек болгон үчүнбү, бул жактын эли андай жамандыкты өтө тескери кабылдайт. Ошондонбу, Чоро түрмөдөн чыгып келгенде бирөө «келдиңби» деген жок. Атасы-апасынын көзү качан эле өтүп кеткен. Бир тууган карындашы дагы турмуштан жолу болбой жүрүп кайтыш болгону качан. Тууган-уругу мунун бузулган түрүн көрүп тууганчылыктан кечип коюшту.

Адам сыягынан кетип калган шүйкүмү суук кишини ким жакын туткусу келсин? Ким куттуу үйүнө чакырып чай бергиси келсин? Ким андай адамды бала-бакырасынын жанына жолоткусу келсин? Ушинткен эл муну «жексур» атап оң карабай койду. Ошентип элден чыгып калган Чоро, айылындагы, сай боюндагы жарга барды дагы, ылайыктуу оюкту тандап, ошол жерди оюп кепе жасап башпаанектеп туруп калды.

Анткени туулган жерине куса болуп жүрүп, жыйырма жети жыл айылынын тоолорун, ак кар, көк муз баскан зоолорун бир көрүп, туулган жеринин күн чыгышынан, күн батышынан, түштүгүнөн аркырап аккан кашка сууларынан кана бир ичип, туптунук абасынан кере жутуп, туугандарын, айылдаштарын бир көрүп өлсөм экен деп көксөп келген болчу. Чоро үчүн киндик каны тамган жердин топурагын төшөнүп, таштарын жазданып, чөптөрүн жыттап өлсө болгону!..

Эч ким муну менен сүйлөшпөйт. Бул дагы эч ким менен сүйлөшпөйт. Жаздан баштап жумушка жалдагандар менен гана азыноолак сүйлөмүш болот. Анан айылына келген жети жылдан бери, кыш келээрде шаарга, чөл тарапка кетип калат дагы, акча таап келет. Калаада кайда болбосун жүк түшүргүчтөр керек эмеспи. Кыш ичи жүк түшүрүп, жүк ташып жылуу жерде баш калкалап, кайра эле жазындасы айылына келет. Жаз келгенден баштап айылда иш көп. Айылда мал кайтарганга, жер айдаганга, сугатка, чөп чапканга, кыш куюп, дубал урганга киши керек. Муну иштин майын чыгара турганын билгендер жалдап алып кетишет.

Жыйырма жети жыл бою туулган жерин сагынып, канча жолу өз өмүрүнө кол салгысы келгенин бир өзү билет!.. Бирок ушул кусасы үчүн кайра жашагысы келди. Туулган жеринин тоолорун, айылын, элин бир көрүп өлөйүн деп чечип, акыры ушул чечими үчүн чыдап жашады. Эл мунун кабыл албай койдубу, макул. Мейли, элден чыгып калса дагы өз элинен баары айланып кетсин! Ушинтип ойлогон Чоро, кокус өлүп калсам элим каада менен жерге бербесе койсун, эптеп сайдагы таштар менен корумдап койсо, же жардын оюгуна ылай менен уруп койсо болгону дечү.

Ушинтип элдин-жердин кадырын билген Чоро өз жашоосуна ыраазы. Жардын оюгуна салып алган кепесин бул дүйнөнүн ак сарайларына алмашкысы келбейт. Колу жөндүү адамга шайман эле керек. Калган керектүү нерсенин баары айланаңда турбайбы? Бат эле жыгачтарды жонуп-тилип, сайдын ташын ылайга чаптап, кышты куюп бир кишилик кепесин жардын оюгуна салып алды. Башка кайда салмак эле? Атасынын жери, там-ташы качан эле туугандарга бөлүнүп кетиптир. Чоро атасынын жерин, там-ташын алайын деген ою дагы жок болчу. Буга ушул жашоосу жагат, болду. Башкага башын ооруткусу келбейт.  Чоро үчүн тоо арасындагы боз үйдө, чатырда, кепелерде, ачык асман астында, алачыкта жаткан бейиш. Мунун мал кайтарганды, чөп чапканды, сугат сугарганды, көң чапканды шылтоолоп, жалданма жумушка жан дили барып, тоолорунун койнундагы бейиште жүргөнүн эл кайдан түшүнсүн?

Анан эле мунун эркин жашоосуна бир паста бүлүк салып, Күлүмкан кемпир бүгүн барып калбадыбы. Мындайды үч уктаса күтпөгөн үчүн атайы Айымпаашага келди. Ушундай да болот экен да, тобо! Бул жарыкта көрбөгөнү калбаган Чоронун эч нерсеге таң калбай калганы качан, оо-у-уу?.. Эми болсо, Айымпаашанын кыял-жоругу жакпаса шарт артыма кайтам деген оюнан кайтып, майин сүйлөп, ийилип сыйлаган Айымпаашанын аркасынан ээрчип, күйөө баланын сарпайын кийгени кирип баратат, тобо! Кандай болуп кетти? Адаштыбы? Жардын оюгундагы кепесинен өтөөрү жок беле?..

Ушинтип ар кайсыны ойлогон Чоро башка бөлмөгө кирип, Күлүмкан кемпир алып келген сарпайды кийди. Күлүмкан кемпир өмүр бою көз ченеми менен аш-тойго деп сарпай ала берип бышып бүткөн экен, экөөнө тең кийгендери куп жарашты. Адамдын көркү чүпүрөк эмеспи, ак калпак, ак көйнөкчөн, карасургулт костюм-шымчан жексур башка кишиге айланды да калды. Бая эрте мененки жексур мунун баарын түшүндө көрүп жаткансып, үстүртөн саресеп салып карап, элге кадыры жок болсо дагы кааданы бузбай, элдин катарында жок болсо дагы салтты бузбай, сый үчүн унчукпай туруп берди.

Тууган-урук да келди. Эл да келди. Той да болду. Нике да кыйылды.

Тойдун соңу да келди. Келин-кесек үйдү жыйын-терин кылып, тыкыйтып жыйнап берип коюп тарап кетишти. Үйдө экөө эле калды.

* * *

– Айымпааша, сен төркү үйдө эс ала бер. Мен эшиктеги көкүнада эле жатам. Сөөрүсү да бар экен, очогу да бар. Мага жакты, – деген Чоронун сөзүн укканда, Айымпааша суроо бербей араң өзүн карманып калды. «Мени бир Кудай сактаган экен да-аа шерменде кылбай!..» – деди ичинен. Элдин баары тойдон тарагандан кийин, кечээ кечкурун жеңелери алып келген баркыт менен барчадан жасалган жаңы көрпө, жууркан, төшөктөрдү, пар жаздыктарды, жаңы шейшепти жайып, төркү үйгө керилтип жерге төшөк салганга камынып жаткан.

Керилтип төшөк салам дегенде Чорого ысыгы ташып кеткенден эмес, өзү жуучу жөнөтүп, өзү айттырып нике кыйдырган соң, ак никелүү күйөөсү экөөнө жайкалтып төшөк салганы жубайлык парзы эмеспи. Анан эле Чоронун күтүүсүздөн «көкүнага жатам» дегенине эси ооп калайын деди. Бир чети таң калып, бир чети ичинен аябай кубанды! «Кудай берет деген ушу экен да, тобо! Бул түрмөнүн кишиси канча жүрөт, ким билет? Кетсе бир күнү кетет да! Кетпесе эл көзүнө күйөө атыгып кароол болуп жүрсө болгону!» – деген Айымпааша өмүрүндө күйөөгө чыгып атып чын дилинен биринчи жолу кубанды! Анан, Кудай бир сактаптыр да! Дагы жакшы келген сарпайларды аркы бөлмөгө ташып коёюн деп алаксып калган экен, ээ, Кудай! Ушинтип ичинен ойлогон зайып сыр бербей жылмайды:

– Мейли, сиздин көрпө, жууркан төшөктөрүңүздү көкүнадагы жабанга жыям. Азыр төшөгүңүздү салып берем, – деп чыгып бараткан Айымпааша, эми ак никелүү күйөөсү болуп калган Чоронун колуна жапжаңы сыртка кие турган кийим-кечек, ич кийимдерди, чоң, кичине чачык, самынды карматты. Анан барып көкүнага төшөк салып келди. Көкүнанын ичиндеги жерге салгандарын эшикке алып чыгып таштап, сөөрүгө жапжаңы ала кийиз, анын үстүнө жаңы шырдамалды салып, анан кабаттап жаңы жер төшөктөрдү, көрпө-жууркандарды салды дагы, пар жаздыкты бийиктетип койду. Төшөк салып жатып өзүнө бир күлкүсү келет, бир күлкүсү келет! «Сени менен жатканы келген эмесмин. Жөн эле чогуу жашаганы келгемин. Жашыбыз өтүп калды» – десе эмне болмок? Дагы жакшы сарпай жыйнап калганын, айланайын Куда-аай!.. Күлкүсүн араң тыйган акылдуу зайып жаркылдап үйгө кирип: «Эс ала бериңиз. Төшөгүңүздү салып койдум» деп жылмайды.

А Чоронун оюндачы? Көрбөгөнү көр болгон, көңүлүнүн чоло жери калбай сынып бүткөн киши, бечара жесирдин төшөгүн убактылуу учурдан пайдаланып, тебелеп-тепсеп кеткиси келген жок. Жаштайынан темир тордун артында калган Чоронун көңүлүн эч ким, эч качан аяган эмес. Ал жактагы тирүүлөрдүн көрүндөй жерде, тозоктун тозогу адам сыягынан чыгап калган көркоолор, жексурлардын арасында күн кечирүү болду. Акырындап дили карайып олтуруп, өзү дагы бир күнү ошолордун бирине айланды. Бирок канчалык дилим карайды дегени менен, канчалык жексурга айланганы менен, дилиндеги элине-жерине деген кусасы Чоронун адамдыгын аман алып калган өзөгүнө айланыптыр.

Муну айылына келгенде түшүндү. Айылынын кашка суусунан ичип, топурагын оозуна салып жутуп, түнү менен асманды карап шүгүр айтканда, түшүнгөнү, эли турмак, жеринин сербейген бир тал чөбүн да аяп турарын билди.

Анан, эми келип, ийилип «Сиз» деп сыйлаган бечара жесир аялдын ак көңүлдүгүнөн пайдаланып, төшөгүн тебелеп-тепсеп басып кетмек беле?  Эркек экен, ээр токум ичине батып катаал сыноону көтөрдү. Эми туруп, мунун сынган көңүлүн сыйы менен жууп-чайган аялдын көңүлүн өлтүрмөк беле? Жок! Андай болбойт. Көңүлгө убал деди Чоро.

* * *

Айымпааша тойдон кийин чаалыгып калган үчүн, Күндүн мурду көтөрүлүп калганда шашпай турду. Эшикке чыгып көргөн көзүнө ишенбей эки жакты карап, анан дубалга жөлөнгөн тактай олтургучка олтурду. Короосундагы жүдөңкү отоо чөптөр мыдыры калбай алынып, картөшкөсү тегиз чабылыптыр. Тигинде, жыгач кашаанын ал жак, бул жагын зым менен бурагылап өзүнүн эски-уску кийими менен Чоро жүрөт.

Чоро кечээ күндүзү: «Кой, болбостур. Бир жаңсыл болуш керек. Күлүмкан кемпир да сыйлап сарпай көтөрүп келиптир. Бир күн жашасам дагы, жесир зайыптын эшик-элигин иреттеп берип кетейин. «Эркеги жок үйдүн, туткасы жок» деген сөз ырас. Бирөөлөрдүн ишин деле жасап жүрөм. Андан көрө мени киши катары көрүп, ызааттап, сыйлаган зайыптын короо-жайын иреттеп бербесем уят. Алты эрдин эркеси болгон зайып, эшиктеги тиргилигин эптей албай, кыйла жүдөп кетиптир» деген Чоро таң атпай туруп тиргиликти баштаган. Айымпааша менен жашайм деген ой ниетинде ныпым жок. Болгону, эл айткандай, «Бир күн туз таткан жериңе, миң күн салам бер» деген милдетинен кутулгусу келди.

Күндү, мизилдеген короо-жайын, Чорону карап олтурган Айымпааша бир маалда эсине келгендей шарт туруп жууп-чайынды дагы, очоктогу отко чай коюп, сөөрүгө дасторконду жайнатып күйөөсүн чайга чакырды.

* * *

Күндөр өтө берди. Айымпааша үйүндө, Чоро баягыдай эле көкүнада жатат. Мындай нике менен тушалган, бирок ээн-эркин сый жашоого экөө тең көнүп, экөөнө бирдей жакты. Бирок… Бирок жесир зайыптын эшик-эликтеги тиргилигин жөндөп берип коюп кетем деген Чоронун дымагы кайтып, чечими күндөн-күнгө билинбей узагып кетти.

Айымпааша баягыдай эле, Чоро астана аттап киргендеги сыйынан кылдай дагы кайткан жок. Кайран киши жыйырма жашынан бери тапталган ысуулай тамак ичпей куурап калганын, ыраматылык апасынын жасап берген оокаттарынын даамы оозунда гана калганын эстеп, ичинен сыздап, Айымпааша алдына дасторконду жайнатып салган сайын ыраазы болуп ичи жылыйт. Кексе киши Айымпааша дасторконун жайнатып салганда жагынайын деп эмес, болгон бүткөн табияты ушундай жайыл дасторкон жадыраган аялзаты экенин көрдү.

Аспиеттеп жасалган даамдуу тамактардын татымынан Чоронун күндөн-күнгө ырайы агарып, түспөлү түзөлүп, келбети келишимдүү тартты. Келгендеги чечиминин күчү кайтып, бир аз күндөн кийин кетээри узагып бараткан Чоро, бир ай өткөндө чай ичип жатып сөз баштап калды:

– Айымпааша, мынабу үйдү бүт карап чыктым. Чатырынан баштап тактайларына чейин алмаштырып, оңдоп-түздөш керек экен. Дубалы калың, бекем, бирок шыбактары сыйрылып калыптыр. Тактайлары чирип, көктөп, зак жыттанып кетиптир. Мындай боюнча таштап салганга көңүлүм түтпөйт. Каражат жагын ойлобо. Жардам берем. Макул десең эртелетип баштайлы дагы, мен эртең шаарга эки-үч күнгө кетип, керектүүнүн баарын алып келейин. Кандай дейсиң? – күтүүсүз мындай сунуштан Айымпааша толкунданып кетти.

– Үйдү оңдоп-түздөп берейин дейсизби? Ырахмат, миң жолу ырахмат! Макулмун, албетте макулмун… Каражатым кеңири жетет. Андай-мындайга деп топтоп жүргөнүм бар! Баштай бериңиз, макулмун! – деди.

Эртеси эрте менен Чоро шаарга кеткенден кийин, Күлүмкан эжеси келип чери жазылган Айымпааша, күн баткандан кийин жалгызсырай баштады. Үйүнүн ичинде аны кармалап, муну кармалап тиргилик кылайын дегенге деги көңүлү келбей койду. Көкүнага кирип, сөөрүдөгү жабанда жыйылуу турган Чоронун жууркан-төшөктөрүн, бурчтагы мыкта илинип турган үйгө кийчү кийимин, күндө олтурчу ордун улам карап коёт. Деги бир казан асайын, отко чай коёюн дегенге көңүлү чаппай койду. Кайра дагы үйдөгү сөөрүгө олтуруп жол карай баштады.

Бул эмнеси? Чорону эртели-кеч бир күнү басып кетет да деп жүрбөдү беле? Азыр эмне анын караанын издеп үйдө ары-бери басып жүрөт?.. Эмнеге көңүлү эч нерсеге келбей, кайдагы бир үйдөн эртели-кеч чыгып кете турган кишини күтүп олтурат?

Биринчи күнү ушинтип сабыры суз жүргөн Айымпааша, эртеси күнү кеч кире баштаганда кадимкидей кара жини тутуп, олтура албай калды. Үйдү оңдоп-түздөйт дегенди карманча унутту. «Карасаң муну! «Адам арыгын баксаң башың кандайт» деген ушу да! Күндө түрдөп тамак асып, ушу жесин, ичсин, өзүнө келсин деген мен бечараны айт! Алдап койсо унчукпай «макул» дегенимди кара! Мынабу турган райондун эле борборунда баары бар да? Үч күн жүргүдөй тактайларды тоодон алып түшөт дейсиңби эмине? Бирөө-жарымы шаарда бар! Бирөө эмес экөө-үчөө деле болсо керек?.. Мен келесоо мунун «көкүнада жатам» дегенинин өзүмө карап жоромолдоп алганымды айт!..Көңүлүмдү карап атат, көңүлүм менен болгусу келип атат деп коём дагы!» Ушинтип кызганычы ойгонгон Айымпаашанын көңүлү будуң-чаң бороон болуп жатып калды.

Чоро шаарга кеткенден кийин экинчи күнү өзүнчө буркан-шаркан болуп кайнаган зайып, түнү менен өксүп-өксүп ыйлап, анан сооронуп, өзүн колго алды. Канетсе да кезинде менменсинген алты эркектин көңүлүн алган зайып эмеспи. Үчүнчү күнү мончого түшүп, кулпура жасанып, сыр билгизбей кечкиге жакшы тамак жасап Чорону күтүп олтурду.

Айтса-айтпаса төгүнбү? Бул киши Айымпаашага ким эле? Эрди-катын деген аты эле болбосо, убактылуу чогуу жашап жаткан жөн-жай эле бирөө да? Кайсы маалда болсо эшикти кайрып чыгып кетээр бирөө үчүн мынча күйүгөт?.. Эркектин уругу калбай калгансып, туругу жок бирөө үчүн күйүп-бышып алганын айт!

Ушинтип аны-муну ойлоп арына келген Айымпааша, кечиндеси келген Чорону сыр бербей жадырап-жайнап тосуп алды. Жүк ташыган чоң машинеге тактай жүктөтүп жүдөп келген, түн киргиче деп, тияктан-бияктан кошуна кишилерди чакырып тактай түшүрүп жүргөн Чорону көрүп, өзүн как чокуга бир койгусу келген Айымпааша күйөөсүнө, шоопурга, кошуна-колоңдорго дасторконду кеңири жайып, карбаластап жүгүрүп жүрдү.

Чоро кошунанын онунчу класста окуган баласын жардамга чакырган болчу. Бирөө-жарым менен алакасы жок киши башкага айтканга кайдан батынсын? Чоронун айтканын угуп калган баланын атасы бакылдап келип саламдашып, арыдан-бери кошуналарды чакырып топтой салды. Эркектери топтолгон жерге аялдары дагы кабар алганы кирип келишти. Үйгө кирген кошуна-колоңдордун баары булардын эски үйдү оңдойбуз дегендерине жетине албай, өздөрүнүн үйү оңдоло тургансып сүйүнүп, тээ түн бир оокумага чейин сөздөрү бүтпөй кеңешип бака-шака түшүп олтурушту.

Үйгө капыл-тапыл кирип келген элдин көзүнчө кадимки жубайларга айланган Чоро менен Айымпаашанын ортосунда, бүгүн, кудум бүгүн бири-бирин бооруна батырып алгандай жакындык пайда болду. Кошуна-колоң Чоронун тактай түшүрө турганын угуп, түп көтөрө жардам беребиз деп кирип келди. Кудайдын буйругу менен кадыр түнгө айланган ушул жаркын маанайлуу түн, бир түндүктүн астында жашап туруп, бири-бирин обочодон караган эркек менен аялды оголе жакындатып койду. Жакындабаганда анан?..

Кайыптан келгендей кадыр түндүн шылтоосу менен, өздөрүнүн катарына кошуп алгысы келген элдин жан-дилин астыртан байкап олтурган Чоро: «Эл катарына кошулат деген ушу белем, атаңгөрү-үү!.. Карачы, бир жигин билгизбей, мек жексурду араларына кошуп алгысы келгендерин айт!» – деп, көмөкөйүнө келген көк түтүндү кардыга бир жутуп алды. Адашып туурун тапкан бүркүт сымал кайран киши баарына кунт коюп карап, суроо болсо ынтаа менен жооп берип, тамашага чын дилинен күлүп олтурду. Бири-бири менен үйдүн маселеси боюнча сөз талашкан кошуналарын карап чын дилинен жылмайып, баш ийкеп баары менен макул.

– Чоро аке үйдүн ээси го акыйры? Ушул киши эмне десе ошо да?

– Ооба, Чоро үйдүн ээси! Анан мен эмне деп жатам? Бирок биз дагы курулушта бирдемени билген үчүн айтып жатабыз да?..

– Койгула, балдар. Кеңешип иш кылалы дагы, көп созбой үйдү чогуу-чаран бүтүрө салалы. Болду эми, кыздын калыңын быча тургансып талаша бербейли! – деген үй тууралуу сөздөн улам, кошуналардын бака-шакасынан Чоро алдемедей жүрөгү жылып чыкты. Бир алдын өзүн олдоксон сезип, ичине тартылып олтуруп, анан устачылык өнөрү аркылуу бүйүрү кызып сөзгө аралашып кетти. Бүгүн, эски үйдүн шылтоосу менен, мүнөзү оор кишини катарына кошуп алгандарына келген эл жетине албай турду. Айылдын аксакалдары дагы чогулган жерде: «Жакшылык-жамандыкка чакырып, Чорону катарыңарга тездетип кошуп алгыла!» деп катуу дайындап атышкан болчу. Кошуналар ичинен «төх ата-аа!..» деп жеңилдеп, бир дабан ашып келгендей болуп өздөрүнө, сыр бербей элдин маанайына маңдайы жарыла жооп берген Чоро менен Айымпаашага, шылтоосу чоң ишке жараган эски үйгө ыраазы болуп кайтышты.

Бир мүнөз тоңдоосун кишинин кабак-кашынан байкап турган Айымпааша, бүгүн, дал бүгүн Чоронун өзү менен, эл менен мамыр-жумур аралашып кетээрин же кетпесин туйган үчүн, алака-мамилеге өзү көпүрө болоорун сезген үчүн, жанын төшөп кызмат кылып жүгүрүп жүрдү. «Үй ээси Чоро!» дегенди уккан сайын төбөсү көккө жеткен Айымпааша бактылуу эле. Бул сөздү кабыл алган кексе киши, эл чыгаарда, «үйдү» дебей, «үйүбүздү» деп бата тилеп басым менен айтты.

Эл кеткенден кийин, дасторкон четинде бир куюмдан ысык чай ичип олтурган экөө бүгүн үйлөнүп жаткансып кыйла оңтойсуз абалга кептелишти. Бая элдин күүсү-шаасы менен бири-бирине боор батырып алганы менен, азыр эл жокто, күтүүсүздөн жакындашып кеткен дилдери үчүн күнөөлүдөн бешбетер ыңгайсыз абалда тартынып олтурушту. А бирок баягы эле эски үйдүн шылтоосу менен сөз уланып, масилетке өтүштү.

– Бир айдан ашуун уста бакканга кыйналбайсыңбы?..

– Жо-ок, кайдагы кыйналган? Казан асып, нан жапкандан кыйналбай калайын! Анан сизге бир нерсе айтайын дегем? Мен казан-аягымды эле билейин. Калган эсеп-чотту өзүңүз билип, өзүңүз чече бериңиз. Кечээ бар топтогонумду кассадан чыгарып келдим эле, – деген Айымпааша, кемзелинин коюн чөнтөгүндөгү измелдиригин чыгарып, жибек жүз аарчыга оролгон акчасын алып Чорого сунду.

– Макул, эркектер эртең өзүбүзчө дагы кеңешели дешти. Анан биздин элди деги билесиң. Качан болсо кирип келишет. Эс алалы дагы, эрте менен туралы, – деген Чоро акчаны чөнтөгүнө салып, Айымпаашага күлө багып карады. «Биздин эл» деген сөздү, боор этинен жаралгандай жылуу маанай менен айткан Чоронун, бүгүн элге боорун батырып алганы үчүн Айымпааша бактылуу эле.

Чоро күндөкүдөй эле эшиктеги көкүнасына чыгып кетти. Эркегине арыдан-бери көкүнага төшөгүн салып келген бактылуу зайып дасторконун жыйнап, идиш-аягын жууп, үйүн жыйнап бүттү. Анан эшиктеги казанын жууп болуп, очоктун жанындагы Чоро дөңгөчтөн жонуп жасап берген олтургучка эс алып олтурду дагы, көп жылдан бери биринчи жолу жашоосуна ыраазы боло асмандагы бадырайган жылдыздарга, Саманчынын жолуна карап бактылуу жылмайды.

* * *

Бир айдан ашуун уста көрдүгө даамдуу тамагынан баштап, нан, боорсок, айран, каймак, кымыз, жармасына чейин көтөрүп келип-кетип жаткан тууган-урук, дос-жар, кошуна-колоңдун аягы тыйылбай Чоронун үйү бапырап эле жатып калды. Элдин баары бул үйдү «Чоронун үйү» дегенге өткөн. Бирди-жарымы кокустан оозунан жаңылып калса, бүттү, эл дароо андай ээноозду ордуна коюп коёт.

Айымпааша өмүрүндө биринчи жолу өз үй, өлөң төшөгү үчүн уста багып, үч маал казан асканына чексиз бактылуу эле. Бул үйдөн эч ким ага кыйды көз кырын салып канчага дейре жашайт экен дебейт. Башыңды батырып оокат кылып кетсең жүрө бер деген суук көз карашты эч кимдин көзүнөн окубайт. Бир күнү кетет да кетерман катын дегенди эч ким кыйытып айтпайт. Өз үй, өлөң төшөгүңдө күн кечирген кандай бакыт, ов!..

* * *

Бир күнү устачылыкты эки-үч күнгө токтотуп эс алалы деп чечишти. Ушу бош күндөн пайдаланып, Айымпааша эжеси Күлүмкан менен шаарга тууганчылап, базарчылап кетишти. Алгачкы күнү анын жогуна анча маани бербеген Чоро, кийинки күнү Айымпаашанын ордун жоктоп үйүнө батпай калды.  Азыр болсо эки жагын карап, Айымпаашанын баскан-турганын элестетип маанайсыз жүрдү.

Үчүнчү күнү шаардан келген эже-сиңди Чоронун алдына базарлыкты коюп, кирген киши-карага да аны-муну айтып тээ кыйлага дейре олтурушту. Анан бир маалда, экөө калганда Чоро айтып калды:

– Айымпааша, мындан кийин түнөгөн жерге менсиз барба. Жөнөтпөйм. Болбойт экен. Мындан кийин түнөй турган жерге чогуу барабыз, – дегенди уккан Айымпааша кызыктай болуп, карбаластай түшүп:

– Бирок менин бары-жогум сизге баары бир го?..– деп жиберди. Аны саамга тиктеген Чоро унчукпай көкүнага чыгып кетти.

Ушул күндөн баштап ортолору сууй түшкөн экөө анчейин мамилеге өтүштү. Эл көзүнчө сыр бербегени менен, экөө тең чийки май жегендей маандайда эле. «Мен ага эмне дедим, тобо?.. Кайдыгер мамиле жасаганын айтканым айыппы? Бир ооз сөз үчүн оңдон солго ооп кеткен эркек менен кандай жашайт адам? Эк, кетмектен ары кетсинчи! Эркектердин көзүнө карап, көңүлүнө карай берсең кутуруп чыгат! Керек болсом көңүлүмдү  таап, карап, багып алсын!» – деп өчөшкөн Айымпааша жайыл дасторкон пейилинен жазбаганы менен, жадырап-жайнаган маанайы кайтып, көңүлү салкын тартты.

Ал эми эркектик кызганычы ойгонгон Чоро, Айымпаашаны кызгана баштаган болчу. Башында жөн салды эле жүргөн. Анан кайсы маалда Айымпааша көңүлүн ээлеп алганы эсинде жок. Кечээгиде алдемедей жасанып алып, эжеси менен шаарга кеткен толукшуган жубанды эстеген сайын үйдө олтура албай калды. Мындай болом деп ойлогон эмес.

Анан дагы…Кызганычы ойгонгондо Айымпаашага ээлик кылган, көзү өтүп кеткен алты эркекке кошо ойгонду. Алтоо тең бир кылка жакшы атыккан ушу өздөрү тараптык жигиттер болчу. Балачагынан баарын жакшы тааныганы үчүнбү, толгон айдай толукшуган жубанды мурдагы күйөөлөрүнүн койнунда элестеткенде каны ичине тартылып, тиштенип чыгат. Айымпаашаны тирүү эркектерден турмак, көзү өткөн эркектерден да кызганган Чоро, усталардын иши бүткөндө кетейин деп чечти. Кетпесе болгудай эмес. Ачык-айрым, алым-келимдүү, анан калса азгырыктуу Айымпаашаны кызганып атып бирдеме болуп кетсечи? Андан көрө үйдү бүтүрүп берип коюп, жар оюгундагы кепесинде тынч жашаганы оң.

Ушинтип күндүзү усталар менен, үйгө келип-кеткен элдин шарапаты менен экөөнүн ортосундагы билинбеген жик, өздөрү калганда муздак мизге айланып, ар кимиси өз санаасы менен арсар ойдо күн кечирип жүрүштү. Чоро баштаган ишинин аягына чыгып кетейин деди. Айымпааша да үйдү бүтүрүп кетсе, акысын ашыгы менен берип кутулайын деп жүрдү. Бул жолу да эски үйдүн себеби экөөнү эки башка жолго салбай кармап турду.

Бир күнү Чоро шаарга устачылык кем-каржыга барып келем деди. Усталарды эки-үч күнгө эс алсын деп уруксат берип кетирди. Айымпаашаны эркектер менен калтыргысы келген жок. «Келген-кеткен элге, усталарга деген кыям аз калды, кулпунай менен малина, мөмө-чөмө кеңири ала келиңизчи», – деп Айымпааша суз айтып, сыпайы суранды.

Кечинде келип калам деген болчу. Кечиндеси автобус келди, Чоро келген жок. Түнү менен уктабай чыккан Айымпааша эрте менентен каш карайганча көзү катып жол жакты карап олтурду. Кызганыч оту кайнап чыккан жубан өзүн коёрго жер таппай турду. Көңүлүм сууп калды деп ойлогон. Каяктан? Келбеттүү болуп кеткен Чорого, көз арткан башы бош жубандардын сугалак көздөрүнөн ичи өрттөнүп жүргөнү калппы?.. Тээ таңгамаал, машине келип токтоп, Чоронун кашаанын эшигин ачып жатканын туюп, сөөрүдө олтурган жеринен атып турду. А-бу дегиче Чоро эшикти ачып киргенде, Айымпааша ачууга алдырып алкылдап коё берди:

– Деги сиз кандай адамсыз? Кандай адамсыз дейм? Бул жактагы киши кыжаалат болот дебейсизби?.. Болбосо, жашырбай, шаарыңызда жашырган башка жаш аялыңыз болсо ачык айтпайсызбы? Мен сизди кармабайм дегем, кармабайм! Жаш аялыңызга бара бериңиз! Мага чындыгын гана айтыңыз!.. Сиз кетсеңиз өлүп калбасам керек? Сизге бала тууп бере турган жаш аял керек да! Билип эле турам! Эмнеге жаш аялым бар деп айтып койбодуңуз? Бир ооз айтып койбойсузбу ачыгын? – деген Айымпаашаны айраң-таң калып тиктеген Чоро колундагы кулпунай, малина салынган челектерди, мөм-чөмө салынган баштыктарды, дарбыз, коонду сөөрүгө коюп, саамга унчукпай олтурду. Анан көз жашы он талаа болуп ыйлап жаткан Айымпаашанын колунан алып, кучагына тартты.

– Мени кызганып жатасыңбы эмине?..Сенин кызганарыңды билген эмесмин… Көңүлү сууп калды, «кетсемби» деп жүрбөйүнбү? Кой, ыйлабачы дейм?.. Мен сени сагынып келсе урушасың да? Сени жалгыз калды деп, сени эстеп качан үйгө жетет экемин деп, жолдо түндөсү машине тосуп келбедимби!.. – деген Чоро Айымпаашанын жоолугу сыйрылып түшкөн чачынан олдоксон сылап, узун өрүм чачынан, бетинен жыттады.

– Сиз мени сагындыңызбы? Сагынганыңыз чынбы, айтыңызчы?.. Мен сиз жок бир күндө кусадан жинди болуп кеттим! Экинчи сизди жарым саатка да  жибербейм! Мени угуп жатасызбы? Сизди эч кайда жөнөтпөйм!.. – деген Айымпаашаны андан-ары сүйлөтө койбой эрдинен сүйгөн Чоро, карылуу колдору менен толукшуган жубайын так көтөрүп, Айдын үрүл-бүрүл жарыгы түшүп турган төркү бөлмөгө алып кирип кетти.

…Сөөрүдө Айымпааша кыям жасайт эле деп алып келген кулнупай менен малина эки челекте жык кулпурат. Азыр эле Чоронун олдоксон кыймылынан эзиле бышкан өрүк, шабдаалы, жүзүмдөр төгүлүп, тең экиге бөлүнүп жарылган кыпкызыл дарбыздын ширеси тамчылап жатты. Үйдү ширелүү мөмө-чөмөлөрдүн, жарылган кыпкызыл дарбыздын жанындагы аңкыгын сары коондун жыты каптады…

Эртеси экөө чай ичкенге олтурганда, Чоро: «Колуңду берчи, Айымпааша?» – деди. Айымпааша күтүүсүз сунуштан апкаарый түшүп колун сунду. Чоро шаптай күчтүү узун колун сунуп, күрөктөй алаканына зайыптын апакай колун алып ар бир сөзүн таптап айтты:

– Айымпааша, мен сага катуу айтпайм. Сөз берем. Сени менен Кудай канча өмүр берсе жашайм. Бир гана сага айтаарым, мага да сен сый мамиледе бол. Эгерде, бир эле жолу сыйдан тайсаң жардын оюгундагы башпаанагеме кетем да, келбейм. Ушуга макулсуңбу?..

– Сиз айткандай болсун. Макулмун! Беш күнчүлүк өмүрдө сыйлашып жашайлы, – деди алты эркектин акылын чөнтөгүнө салып жашап келген акылдуу аял. Эр адам үчүн сыйдын кадыры канчалык кымбат экенин куп билген, ошон үчүн аялдык нускасынан эгерим жазбаган Айымпааша акырын жылмайды. Аны көргөн Чоро да ыраазы боло жылмайды. Маңдайында өзүн тике карап олтурган айбаттуу эркегинин ушундай жакшы маанайын илгиртпей илип кеткен илбериңки зайып:

– Түндө бир сөз айтам дегендей болдуңуз эле?.. – деп этиет суроо салды.

Аялдын жүрөгү алдабайт. Чоронун айтканы кудум Айымпааша кызганып ойлогондой болуп чыкты. Болгону бир аз башкача экен. Чоро мындан үч жыл мурун бир сакоо келинден уулду болгонун, бирок сакоо келин баланы багалбайм деп кетип калганын айтып берди. Ошол боюнча сакоо келин дайынсыз жоголгонун, уулун ачыкка чыгарса өкмөт баласын алып коёт деп коркуп жүргөнүн үшкүрүп айтты. Баласынын документи жок экенин, эмчекте калган уулун сакоо келинди үйдө төрөткөн кемпирге бактырып жүргөнүн айтты. Муну укканда баладан көзү каткан Айымпааша бир мүнөт олтурган жок. Күтүүсүз бактысына ишенип-ишенбей күйөөсү менен жолго чыккан зайып Ошко жетер-жеткиче жашып барды.

Оштун жака-белиндеги туташып кеткен айылдардын этегинде жайгашкан, машине жолдон алыс эски үйгө экөө кирип барышты. Кунарсыз күркөдөй үйдүн ичинде, Чорого куюп койгондой окшош аксаргыл кичинекей бала, жердеги салынган таарда оюнчуктары менен ойноп олтуруптур. Үйдүн бир бурчунда, киргилт терезенин тушунда жашы жетимиштен эбак ашып калган кемпир ийне менен жамак жамап олтурат. Күркөдөй үйдүн ичи кунарсыз болгону менен таза, жыйын-чактуу экен. Анан текчеде турган мөмө-чөмө, таттуулардан улам тамак-аштары кенен экени көрүнүп турат. Бар тапканын баласынын келечеги үчүн топтогон, азыркысына аянбай жумшаган Чоронун эмне үчүн үстүнө үйрүп салар кийими жок экенин Айымпааша эми түшүндү. Салам айтып экөө кирип келгенде уулу атып туруп:

– Ато-оо!.. Ата-аа, келдиңижби? Мени алып кетежижби, ата?.. Кийимдейими алабыжбы, ата? Оюнчуктайымын байын алайынбы ээ? Мени алып кетем дебедиңиж беле? – деп безилдеп кирди. Уулун көтөрүп, мойнунан жыттаган Чоронун үнү кардыга чыгып:

– Ооба, балам, алып кетем. Апаңды алып келбедимби, уулум… Азыр сени апаң экөөбүз үйгө алып кетебиз, – деп Айымпаашаны карады. Үйгө киргенге чейин эле түш көргөндөй абалда келген Айымпааша нестейип турган болчу. Чоронун өзүн караганынан, баланын безилдеген үнүнөн кулагы ачылып, өзүнө келген Айымпааша баланы колуна алды дагы, жашын сүртүп:

– Каралдым, кулунум десе, мен келбедимби?… Атаң экөөбүз азыр сени үйгө алып кетебиз, – деп алдына алып, жерге олтуруп жыттады.

– Апам чиж боёшпу?.. Эми оюбайжыж аа, апа? Мени таштабайжыж, аа? Чиж догдуйга байбайжыж аа? – деп безилдеген, тили дагы, акылы дагы талтөөндөй баланы өпкүлөгөн Айымпааша шыбырап, мончоктогон жашын сүртүп:

– Жок, эми оорубайм, балам!.. Догдурдан чыгып келбедимби!..Азыр сени алып кетем дагы, эч качан сени таштабайм, каралдым! Эми сени эч кимге бербейм, садагаң гана кетейиним!.. – деп бооруна баскан ботосун колуна көтөргөн боюнча эшикке чыгып кетти. Айымпаашага азыр бул дүйнө бир тең, анан кайыптан тапкан боорундагы ботосу бир тең эле. Бул жарыкта кокусунан адашып, анан Кудайдын кудурети менен табышып алган кайыптан табылган энеси менен ботосун баятан карап олтурган кемпир менен Чоро, уулун кучактап чыгып кеткен Айымпаашанын аркасынан унчукпай карап турушту. Ачык калган каалгадан, жашын улам сүртүп бараткан эне менен колундагы божураган баланын үнү угулуп, келген машине тарапка узап баратышты. Чоро дагы эшикке чыгып, жубайы менен уулунун аркасынан жолду карай басты.

Аска-зоолуу тоо койнундагы айылдагы, «аталап», «апалаган» наристенин кылык-жоругуна толуп-ташыган эски үйдүн түбөлүгү түгөл боло, жарыгы жанып турду.

02.08.2026

  • Акын, жазуучу, сынчы. «Күмүш кемер» аңгемелер жыйнагы жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

6 Comments

  1. Рахат Аманованын “Айымпааша” аңгемесин окуп, ар бир адам бактылуу болууга акылуу, бирок ошол бакытты келтирүү үчүн күтүүнү билүү керектиги таасын берилиптир. Бир дем менен бакыт бузулуп кетпесе экен деп окусам, автор окурманды огош бетер эргитип бакыттын сересине жеткирет экен, чыгарма үчүн ырахмат.

  2. Абдан таасирдүү, ургаачынын чырагы кырк деген макалга туура келген чыгарма экен

  3. Абдан таасирдүү чыгарма экен, бир дем менен окудум.

  4. Жылуу пикириңиздер үчүн ыраазычылык билдирем.Ырахмат!

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген