Кийим
(аңгеме)
Кийимдерин чачып салган. Бир жакка барарда толгон-токой кийимден эч нерсе таппай карайлап калат. Бул көйнөгүнө бутундагысы жарашпайт. Тигинисин кийейин десе кыска, мунусу узун… А буга сырт кийими ылайык келбейт. Апасынын: “Итибай-чотбайды эле чогулта бересиң. Кийимдериңдин эсеби жок, же бир жыргаганы болбосочу”, – деп айтканынын да жөнү бар. Бирок мунун жумушу ушундай болсо эмне кылсын? Эркекчесинен жалаң шым менен жүрөт. Таңдан-кечке тытынып иштейт. Көйкөлүп көйнөк кийгенге убактысы да, шарты да жок. Айда-жылда бир барчу тойлорго гана алат көйнөк. Анысы бир-эки кийилет да, же илгичте же кийим салгычтын тээ түпкүрүндө унутта калат. Ушунун азабынан ары-бери жөнү жок чыккысы да келбейт.
А бүгүн чыкпаса болбойт. Айылынан кабар келиптир. Кабар жүрөгүн тилип өткөндөй боло түшкөн. Жакында эле ага байкоосуздан жолуккан. Абдан ынак болушпаса да саламдары түз, тилектери бир эле. “Балдарга кийим-кече алайын деп атайын Бишкекке келдим, – деген күлүп. – Эми качан жолугарыбызды Кудай билет?! Кайда жүрсөк да аман бололу!” – деген эле кетеринде колун кысып.
Ары-бери сапырып жатып кийчүсүн эптеп ылайыкташтырды. Классикалык шым, мойну-башы жабык кофта. Анан узун жемпир. Күзгүдөн өзүн карап көпкө турду. Бир нерсе жетишпей жаткандай. Эмне эле? Тапты… Жоолук… Жамандыкка жылаңбаш кантип барат? Жөн күнү салынбаганга айыл-апага барарда да көбүнесе унутта калтырат. Ошондой кезде өзүн абдан ыңгайсыз сезет. Бүгүн унутпаганына кубанып койду. Бир байлам жоолукту кол сумкасына салды да, шашыла жөнөдү.
* * *
Айылга кетчү автобустардын аялдамасына келди. Аларга түшкүсү келбеди. Качан толот дейсиң?! Такси кармап кете бербесе кечигип калчудай. Классташ курбулар чогулуп баралы деп сүйлөшүшкөн. Аларды күттүрүп койгонго болбойт.
Нарыда турган таксиге жүгүрдү. Ичинде бир аял, бир эркек бар экен. Эми бирөө келсе эле жөнөшөт.
Машинага отуруп-отура элек шашып жатканын билгизе:
– Эртерээк жөнөсөк экен, – деди.
Акыркы жүргүнчү келгенде көптөн бери күтүп, сагынып жүргөн адамды көргөндөй сүйүнүп кетти. Бирок андан келген жыт мурунун өрдөй бергенде, кубанычы бир заматта жок болду.
– Фу-у! Түнү менен ичкен го!
Күбүрөнө, мурдун билдирип-билдирбей чүйрүдү да, далысын салды.
– Мени кечиргиле, түндө тойдо болгом, – деди тиги актангандай. – Той-топурда ичип койсок эч нерсе болбойт да! Негизи ичкиликти өзүм деле сүйө бербейм!
“Түндө эле ичкен киши кантип ушунча жыттанып, ушунча бакылдасын?” –деди ого бетер жактырбай.
Такси ордунан жылды.
* * *
– Баарын ошол талкалап кеткен!
– Кайдагыны айтпачы! Азыркың жыргатып жатабы?!
– Бүт баары окшош! Бардыгы жеп-ичкичтер! Ошолордун айынан бизге окшогон карапайым эл кыйналып жатат!
Кол телефонуна алаксып отуруп сапарлаштарынын сөзүнө кулак салган эмес. Үндөрү катуулап чыга баштаганда гана эсине келгендей кулак төшөдү. Баягы эле саясат тура! Талашып-тартышып жатышат. Бири-бирине жулунуп алышыптыр. Көпкө кажылдашты. Мындайда жеңилгени да, жеңгени да болбойт.
– Э-эк!
Кайрадан кол телефонун карады. Бул жакта деле ушундай акыбал. Бири-бири менен кырылышкан, жаман сөз менен сөгүшкөндөр… Чыныгы жашоодо тааныш экендери күмөн. Ошентсе да эзелки душмандардай сөз менен согушуп жатышат. Мындай көрүнүш кадыресе көнүмүшкө айланган. Өзү деле бир мезгилде алардан кем калчу эмес. Бара-бара барына кол шилтеген. Талашканда эмне?! Же ошол саясатчылардын бири келип ден-соолугун сурап, нан берип жатты беле? Бирок кээде ушундай бош болуп калган мезгилдерде ызылдактарга кошулуп кетмейи бар. Бирок бүгүн “табити” тартпады. Эртерээк барып, эртерээк кайтууну гана ойлоду… Анын үстүнө жанындагы сапарлаш аял башка улуттун өкүлү экен. Булардан негедир уялмай жайы бар. Кайсы жерде болбосун кыргыздар кырылышып жүрүшөт деп ойлошот го дейт ичинен.
Ансыз да сапарлаш аял булардын акыйнегинен тажагандай анда-санда “у-уф!” деп үшкүрүнүп жатты.
Билермандар саясаттан тажашты көрүнөт. Эми талаштары динге бурулду.
Оо! Дин саясаттан да катуу талаш жаратат. Билгени деле, билбегени деле тилдерин ушундай бир агытышат дейсиң, кээде кимисине ишенериңди билбей баш айланат. Динди сүйөм дегени деле, диндин кереги жок дегени деле биринен бири калбай “даават” окуй баштайт. Мына, булар да баштады. Андан калса үчөө үч башка көз карашта окшойт.
Акыры жанындагылардын акыйлашканына чыдабай:
– Акелер, талаш-тартышыңарды токтоткулачы. Ансыз да баш ооруп турат, – деди.
– Баш ооруса, кулак салба! – деди бири.
– Силердин ызылдак үчүн бул аялдан уялып турам. Кайда болбосун кыргыздар кырылышып жатышат дейт го, – деди жанындагы сапарлашы тарапка ишарат кылып.
Машиненин ичи бир азга тынчый түштү. “Ии, ырас болбодубу…” – деди ичинен ыраазы боло.
– Сен жамынбайсыңбы!
Бир мүнөтчөлүк тынчтыкты бузуп, айдоочу бурк этти.
– Сага айтып жатам! – деди башын артка буруп.
– Магабы?!
Таң кала түштү.
– Ооба, сага!
Айдоочуну баары таң кала карашты.
– Кызыксыз го! Жамынбайсыңбы деп кыйкыргыдай бир жерим көрүнүп турабы?! – деди бул да үнүн бийиктетип.
– Сөзсүз түрдө көрүнүш керекпи? Оюңарга койсо жылаңач деле жүргүңөр келет! Билесиңби, Аллахтын өкүмү бар экенин!
Мындайды укканда чындап жини келе түштү. Кийимине асылганы аз келгенсип сенсиреп турганын көр!
– Башты оорутпачы! – бул да сенге өттү. – Өзүм билем кандай кийиништи! Андан да мени тескей турган жолдошум бар! Сен үйүңдөгү аялыңды бил!
– Жолдошуң Аллахпы! Күйөөнүн эмес, Аллахтын айтканын кылыш керек!
– Анда сен Аллахсыңбы?! Же жүргүнчүлөрүңө акыл үйрөт деп Кудай кулагыңа шыбырап кеттиби?!
Машинанын ичи үч көтөрүлдү. Буга чейинки үч эркектин талашы караандабай калды.
– Э-эй! Эне-ең!…
Машинеге арак сасып түшкөн кишинин мындай сөгүнүүсү экөөнүн акыйнегин тып басты.
– Эй! Бирөөнүн катынына асылгыдай сен кимсиң, я?! Эне-ең!.. Машинеңди жөн айда! Болбосо токтот! Азыр жолдо таксисттер толтура! Четинен тандап айдатып кетебиз! – деди ызырынып.
Кызуу кишиден айбыктыбы, же өзүнүн туура эмес кылыгын моюндадыбы, айтор, айдоочу каяша айтпай тим болду.
Бир заматта болуп өткөн акыйнек көңүлүн оорутту. Таңында башталган кийимдин азабы бул жерден да уланганын көр. Кудая тобо, адамдар эмне болуп баратабыз деди капа болуп. Кийимин чечип ыргытып, таксист айтмакчы, жылаңач жүгүргүсү келип кетти. Адам менен Обо эненин жаратылыш койнунда кыналыша турган жылаңач сүрөтүн элестетип аргасыз жылмайды. Бир аз эле мурун арак сасыйт деп далысын салган адамга бурула карап:
– Ырахмат байке! – деп ыраазычылык билдире уялыңкы баш ийкеди.
