|

Күтүү

4.5/5 - (8 добуш)

(эссе трагедия)

Чоң жолдон буйдараак жердеги секиде дагы карап отурам. Ооба, көп өзгөрүш деле жок. Ээн үй дагы да ордунда экен. 

Күзгү кеч. Тээ батышка алоолонуп кызарып күн ылдыйлап барат. Алысты карап, көптү көргөн мөңгүлөр самсаалаган булуттардын арасына бирде жашына калып, бирде жылт деп көрүнүп небере менен жашынмак ойногон чоң атадай түр көрсөтүп сынын бузбай мелтирейт. Жеңил-желпи жорткон шамал эски тамдардын чатырын кылдыратып, айнегин шыңгыратып айыл аралап эркин сейилдеп жүрөт.

Айылдын четиндеги жер кепедей жапырайган жалгыз үйдө Алымкан чоң эне эскилигинен майышып баштаган темир мештин чогун көзөп, сырлары ар кай жеринен өчө берип чаар ала болгон сырткы эшикти улам карап коёт. Абышкасы курган эскилиги жеткен илгерки там ондоп-түзөөгө муктаж. Ал уулун күтүп отурат. Уулу Аманат мындан үч күн мурун шаарга кеткен. Кетеринде:

– Апа, ушул жолу барып келейин. Иштерди бүтүрүп, ары барса бир жума бери болсо үч-төрт күндө кайтаармын. Үйдүн чатырын оңдоп, отун түшүрүп кыштын камын көрөм. Сизди кышта жалгыз калтырбайм, – деген. 

Ошону үчүн чоң эне улам эшикти карап, сырттагы шабырт-шубурт үндөргө кулак төшөп “эки-үч күн болду келип калат эми” деген үмүт менен отурат. Аманат жалгыз уул. Абышкасы дүйнөдөн эрте кайтып кеткен. Баланын төрөлүшүн көрбөй калгандыктан уулунун атын Аманат коюп, өзү жалгыз чоңойтту. Турмушка чыкканы менен боюнда болбой көп жылдар абышкасы экөө барбаган бакшысы, көрүнбөгөн бүбүсү, табынбаган мазары, каттабаган доктуру калган эмес. Кудайдан көп-көп тиленип дээрлик үмүттөр өчүп баратканда 40 жаштан өтүп көз жарган. Тилекке каршы, асылган оору абышкасын алып кетип, ал бечара уулдуу болгонун көргөнгө жетишпей калды. Союз тарап катаал заман өкүм сүрүп турганда жалгыз калып азап-тозок менен чоңойтту уулун. Уулу эр жетип элеттин балдарындай эле эдиреңдеп эңсегени шаар болду. Ага да көндү энеси. Шаарга кетип кат жазып турчу тез-тез. Аңгыча кол телефондор пайда болгону анча мынча чалып турчу. Паракорчулук, тааныш-билиш мыйзамдар иштеп турган маалда окууга да тапшыра алган жок. Жалгыз эненин жалгыз саан ую, жер кепедей жепирейген үйү, жана өкмөт бөлүп берген бираз тилке жеринен башка дүнүйөсү жок. Башында шаарда дегени менен ар кайсы жумушта иштеп, “бирде ачка бирде ток, бир күнү бар бирде жок” деген турмуш кечирип жүрдү Аманат. Ыңгайы келгенде келе калып, айылда бираз жүрүп кайра кетчү. Отузга чукулдап калса да алиге үйлөнүп алууну ойлогон жок. Жаман жолго түшүп кетпей аракет кылганы жакшы болчу. Устачылыкты жакшы өздөштүрүп үй эмеректерин көркүнө чыгара жасап, акырындык менен тыйынды кенен таба баштаган. “Айылда үй-жайды жаңыртып, анан келиндүү кылам, апа”, – деп санаасын тындырып койчу. Бул жолу келгенде бир топ жүрүп, апасы карып турганын ойлоп “кышында жанында болоюн” деп жумушун ирээттеп, дайындап келгени кеткен шаарга. 

Энеге болсо уулу канчага чыкпасын баары бир бала. Караңгы кирип айылдагы үйлөрдүн терезелеринде чырак жаркырап, көчөлөрдө жел менен кошо кечки тамактын жыты буркурап тарап турган маал. Эмнегедир сандыктан уулунун наристе кезиндеги көйнөгүн алып чыкты Алымкан чоң эне. Жыты кетип, өңү өчүп, абдан эскирип калган болсо да бир жолу искеп алып бооруна кысып отурду. Сагына түшкөн окшобойбу. Көзүнөн саал жаш кылгырып турду. “Сен кичине чагыңда үшүкчөөл элең. Түнү бою жуурканыңды кымтылап карап жатчумун. Атаң экөөбүз алгач сени төрөлсө деп күттүк. Анан чоңойсо деп күттүм, анан шаардан келсе келинчек алса деп күтүп жүрөм. Деги мага турмуштун өзү күтүүгө берилгендей. Үшүбөдүң бекен кулунум”, – деп күбүрөнүп, колундагы эски көйнөктү улам искеп коюп эки көзү эшикте. 

Эшикти бирөө тыкылдаткандай болду. Чоң эне ордунан тура калып, жоолугун оңдонуп шашкалактап эшикти ачты. Кошунасы Мурат экен.

– Алымкан жеңе… – деди орто жаштан оой түшкөн кошуна. Абышкасы ушул айылдык болгонго кичүүнүн баары эле жеңе деп кайрылышчу. Анын үнү титирегенсип чыкты.

– Кел, келе гой. Тынччылыкпы? Кечкурун келчү эмес элең? Кир үйгө, кирсең, – деп чебелектеп калды чоң эне. Ары жакта да бир нече кошуна аял-эркеги болуп бери карап келаткан. Аларга көзү деле жеткен жок окшойт, байкабады. Мурат жооп кылбай башын жерге салып ичкери кирди. 

– Жеңе, сиз да отуруп алыңыз, – деп андан ары бираз мукактанып токтой калды. Аңгыча берки кошуналар дагы шарт-шарт бастырып кирип келишти. Буларды көргөн Алымкан эненин жүрөгү титиреп кетти. 

– Катыгүн ай, деги тынччылык болсо экен! Бул баарыңар кайдан ыя, топурап? Мурат оор үшкүрүп алды да: 

– Шаардан кабар келди жеңе. Аманаттан айрылып калыптырбыз, – деп солкулдап ыйлап коё берди. Кошуна аялдар тегеректеп, нес болгон боюнча катып калган эстеликтей мелтиреген энеге эмне дешерин билбей кыйпычыктай түштү. Бир өксүп ыйлап алып токтой калган Мурат:

– Жол кырсыгы болуптур. Тез жардам жетишпей калган экен, – деп калтаарып сөзүн улантты. – Кайрат кылалы, жеңе! 

– Калп го я? Ал мага келем деген. Кышы бою үйдө болом дебедиби. Калп го дейм я, – деп сүйлөдү эне. Ылдыйкы кошуна Сайра энени акырын кучактап турган. Аны түртө салып эшикти көздөй басты:

– Жалган. Ал мага убада кылган. Кечигип атат болгону. Кышта жанымда болом деген, – деп андан ары сүйлөй албай тили булдуруктап үстөмөндөп жыгылды. 

“Калп! Ал убада кылган. Келем деген. Жалган, жалган, жалгааан….”

Эптеп көтөрүп тургузмакчы болгон кошуна катын-калачтын колунда эненин жүрөгү ошентип айгайлап атты. Түнү бою көз жашын тыя албаган эненин көздөрү таң менен кошо туптунук, боштукка толуп калган. Опур-топур эл. Аманаттын сөөгүн Мураттын чоң уулу алып келди. Алымкан энеде дагы, раматылык күйөөсүндө да жакын тууганы жок эле. Болгону айылдагы уруулаш адамдар туугандык кылып турушчу. Кырсыктан кийин сөөкканага жеткирилген сөөгүн бир топ убара менен акча төлөп атып араң дегенде алып чыкты. Үйдүн ичинде аза, сыртта шамал улуп-уңшуп, озондоп айылдын кайгысын тең бөлүшүп жаткансып сыздайт. Ызасы ичте калып калбасын деп Алымкан энеге уулунун сөөгүн көргөзүштү. “Келдиңби, уулум. Денең мынча муздак? Үшүкчөөл эмес белең каралдым. Сени келет деп жакшы көргөн тамагыңды даярдайын дебедим беле”. Уулунун муздап калган колунан кармалап, эч нерседен бейкапар бир калыпта мелтиреп кубарган жүзүн сылап, кеп-сөз деле айта албай көзүнүн жашы көл талаа. Жанында шолоктогон айылдын аялдары араң жөлөп турушту. 

Аманат жерге берилди, кылына турган жөрөлгөнүн баары кылынды. Кечээ эле айыл аралап, дос-тууган менен аралашып жүргөн кырчындай жигит эми жок. Жөн гана дөбө болуп чокчойуп, үйүлгөн боз топурак мелтирейт. 

Эртели кеч таягына өбөктөп Алымкан эне келет көрүстөнгө. Үйү жакын эле. Андыктан оорчулугу жок. Алты-жети күн айылдын молдосу келип, куран окуп энеге кайрат айтчу. Андан деле дайын жок. “Өлгөндүн өз шору” дейт эмеспи элде. Ошол сөздүн чындыгы ушул. Адам өткөн соң анча-мынча гана убакыт аны эстеп турушат. Андан соң тирүүнүн көр тирлиги моюндан желкелеген бойдон алаксытып алып кетет да ошол бойдон андай адам бар беле, жок беле маанилүү болбой калат. Бир гана эне келет каруусу кетип, мыйрыйган манжалары менен топурак уучтап, күбүрөнүп топуракты өйдөрөөк таштайт да кайра эле ичтен күбүрөп куран окуйт. Күздүн муздак абасы ичиркентип, колу-буту какшап үшүп баштаган маалда таягына сүйөнүп илкий баскан, бүжүрөгөн кичинекей кемпирдин карааны айыл четиндеги жепирейген эски тамга карай бараткан болот. “Каралдым! Сен мени кышта жалгыз калтырбайм дедиң эле. Өзүң жок. Минтип кара жер менен жер болдуң. Алдыңа кете албай, же артыңдан кете албай кара жер тепсеп мен жүрөм. Эми кыштан кантип жалгыз чыгамын?” Ушинтип күбүрөп сүйлөшөт уулу менен. Бирок эч ким жооп бербейт. Жөн гана тынчтык. Кээ бир учурда мындай нерсеге керек болсо мезгил да жооп бере албайт экен. 

Кыш деле көп күттүрбөй келди. Бул аймакта шамал көп болот. Ыркырап эле муздак шамал тоо-таш, айылды аралап жортуп турганы турган. Алымкан эненин эски чатырын калдыратып, жыртык, тешик, жарака бар жерлерден шуулдап үйгө чейин кирип барат. Кошуна-колоң алгач жардам берип турушту. Бирок акырындап алар деле анда-санда бир көрүнүп коюшпаса көп кире беришпейт. Мурат кошуна гана энени таштай албайт. “Биздикине барып жаша кышында” десе ага көнбөдү. Жалгыз. Жалгыздык эркелеп эненин моюнуна бекем минип алган. Бирок дайыма отуруп, шам-шум эткенде үстөл үстүндө куюлган эки чыны чай болот. Бирөө өзүнө, бирөө маңдайындагы белгисиздикке. Бираз бууланып турган соң ал чай сууп, муздап калса дагы кийинки чай ичээрге чейин ошол орунда тура берет. Кайра тамактанаарда жаңыртып куюп коёт. Кээде сырткы эшик кылдырап калса шашкан боюнча жөнөйт. Бирок ал болгону сырттагы албуут шамалдын кылганы. Убакыт өткөн сайын эненин уулун күтүүсү күчөдү. Эл аны аяп, “баласынан айрыла элек” дешчү. 

Адатынча мештин отун көзөп, ар жери тешик болуп жылтыраган оттун табында кактанып, уулунун эски көйнөгүн бооруна басып отурган. Кошунасы Мурат кирди. Уулу каза болгондон бери эшик бекилчү эмес. 

– Кандайсыз, жеңе! Ии, эмне кылып отурасыз? Эне жылмайып:

– Карыган кемпир эмне кылат эле. Аманатты күтүп отурам. Үшүп калды го. Көйнөгүн жылуураак кармап турайын. Күндө түшүмө кирет. Сагынып жүрөт окшойт садагаң болоюн. Мурат унчукпай ал дагы мештин табына кактанып отурду. 

– Эмнесин айтасың, – деп сөзүн улады эне. – Өмүр бою баламдын “жакында келем” деген сөзүн угуп жүрүп бүтүндөй өмүрүм ошол “келем” деген сөзгө байланып калган окшобойбу. Күтүп жашадым. Дагы да күтүп отурам. 

– Жарыктык жеңе. Акылдуу жансыз. Баарына баамыңыз жетет. Эми ошол күтүүнү койсоңуз кантет? Жазмышка эч ким каршы тура албаган соң кыбырап жашап турганыбыз оң болоор дейм? 

– Ээ, Муке, – деди эне жылмайып. Мурункулар кайнисин атынан айтчу эмес. Же тергеп, же кыскартып атап кайрылышчу. Мурат айылдаш болгондуктан элге окшоп Муке деп эле көнүп калган. 

– Канча жашасам өмүргө каяша кылчу деле алым жок, – сөзүн улады эне. – Ал билгенин иштейт тура. Адам өзүң айткандай алсыз болгон соң күткөндү эле билет экен. Күз келсе кышты, кыш келсе жазды, дан эксек түшүмдү, жаралсак торолмокту дегендей, айтор. Азыр мен ажалды күтүп отурам, Муке. Жамандыр-жакшыдыр, жашадым. Эми кайтайын жаратканга. 

Мурат каршы үндөй деле алган жок. Болгону “түнү менен жагып тур, эшикке чыкпай”, – деп үйгө отун ташып киргизип берип кетти. Эртең менен эрте туруп мал тейлемекке сыртка чыгып, Алымкан эненин үйүн карады эле мордон түтүн чыкпайт. “Уктап аткандыр” деп ойлоп, кайра санаасы тынчыбай жетип барды. Алымкан эне керебетинде баласынын көйнөгүн бооруна кыскан бойдон созулуп, созолонуп акка моюн сунуптур. Карыган, бети-башын бырыш баскан, түйшүк тарткан, түйшөлгөн кебете эмес. Азыр кандайдыр сулуу, көзгө жагымдуу, сымбаттуу кемпир жаткандай көрүндү. “Жарыктык күткөнүң келген экен го”, – деп көзүнөн жаш чубурган кошуна элге кабар берүүгө энтеңдей жөнөдү. 

Мен дайыма ошол айылдын жанынан ары-бери өткөндө кайрылып, айыл четиндеги секиден Алымкан эне жашаган үйдү карап коём. Азыр такыр эле күмбөзгө окшоп ээн калды. Анча-мынча ураган жерлери да бар. Эл деле кол шилтеп койгон окшойт. Ыркыраган шамал болсо желип-жортуп, ал үйдүн чатырынын калдыктарын калдыратып, айнектен эч нерсе калбаган көрдөй терезелерден шуулдап өтүп, эркин ойноп жүргөнү жүргөн. Айланасын куурай, чөп басып каралбай эскирип күмбөзгө айланып баратса дагы мага ал жерде бирөө жашап жаткандай сезиле берет. Кимге баш паанек болуп, кимди күтүп атат болду экен?..

  • 1984 жылы Нарын облусунун Кызыл-Дөбө айылында туулган. Акын, журналист, котормочу. Мектеп курагынан поэзияга кызыгат. Бир топ гезиттерде, теле тармагында кабарчылык кызматтарда иштеген. Учурда Бишкекте жеке ишкерлик кылат. “Адабий Ордо” сайты 2026-жылы уюштурган “Жаз” темасындагы бир ыр сынагында сайттын атайын сыйлыгына татыган.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген