|

Кеп

5/5 - (2 добуш)

(аңгеме)

– Эх-хе, дос, каяктан бу? Кандайсың, эй!

– Зор! Өзүң кандайсың дос.

Эки дос ушинтип, бири троллейбустан түшүп жатып, бири аялдамада олтурган жерден капыл-тапыл жолугушуп, бекем кучакташып көрүшүштү да, бапырашып-бакылдашып, бала-чакасын сураган болушту.

– Сени ушу Бишкектен жолуктурам деп ойлобопмун.

– Келдик, дос. Силер дүйнөнү кыдырып чыктыңар, мен жок дегенде Бишкекти көрөйүн да.

– Жүр, дос. Канча жылдан бери көрүшпөйбүз? Эми бир жерден бир чыныдан чай-пай ичип сүйлөшпөсөк болбойт го, шаарда деле айылдагыдай чайханалар бар. Алар жакын жердеги эле чайханадан орун алышты.

– Сүйлө анан, чынымды айтсам, айылды өлө сагындым,сени менен көрүшкөндө кадимкидей айылдын жыты келип кеткендей болду.

– Ээ, кой ээ, дос, кишини уят кылбасаң, айылдын жыты деп, кык жыттанып жаткан жокмунбу ?

– Ошо кыгынан айланайын айылдын, сен мени түшүнмөк белең? Дос, андан көрө айылдан сүйлөсөң не жаңылыктар?

 – Баягы, баягы да эй, мал дейбиз, жер дейбиз, жүрөбүз да. Досум, чынын айтыш керек, азыр элдин жашоосу жакшы эле. Айылдагылардын баарын эле ушу сага окшогон балдары багып жатпайбы? Өткөндө Эмил атасына 200 миң сом салган экен, ии баса, аны көрүп турсаң керек, ал да жакшы жүрөбү? Атасы жакшы бир бээ алды, өзүм мал базардан тандап бердим. Бээ деген жакшы экен, кулундайт, көбөйөт.

–  Өзүңчү, улакка түшүп жатасыңбы?

– Бизден шайланган депутатты билесиң да, президент-сирезденттикке коёюн деген ою болсо керек да, ошол келип райондун аксакалдарын жыйып, той берип, чоң улак тартыш болгон. Байгени зор койгон экен, маарага чыгыш кыйын болду. Аттар да түшүнгөндөй, чарчабай, нары-бери кечке жүрдүк го, баягы Чабдарды билесиң да, ошонун тукумунан калган улакка салып жүргөн жакшы атым бар, жаныбар эми укмуш. Бир черден чыктык го, досум. Кийин биягы кызык болду. Алган байгелерибизди кайтаарда бир майрамдайлы деп атып, түбүнө жеткен экенбиз. Үйгө келгенде аяшыңдан угаар сөздү уктум да. Койчу, эми дос, мени сүйлөтүп не кыласың, москвалыктардан сүйлө, биякта эле ар кандай сөздү уга беребиз. Кеңештин атасы беш жыл бою бир кайрылып келбей койду го, эй. Акыры келди, телефон болуп, жакшы болду да дос. Болбосо, илгери Россияга кеткендердин дарегин билиш жүда эле кыйын эле да. А киши дагы, ошондой маалда дарексиз кетти да. Элестет эй, дос, аялынын боюндагы баласы төрөлүп, бешке кирип калганда келди да. Жаман болот экенсиң, баягы бала жатыркап, өз атасын тааныбайт. Улам эле баласы кошуна Коңурбай абаныкына кача берип, аялы да жаман кызык болду. Өзү да бир калаты болуп кетиптир, чачтары агарып, көрсөң ичиң ачышат. Айылдагылар келгенине сүйүнүп эле, таза эле эзгилеп сурай бербеди. Мурда быдылдап сөз бербеген киши эле го, көп сүйлөбөй калыптыр.

– Ийе, жанагы Коңурбай абанын аялы тирүүбү? Өткөндө бирөөдөн… Жаңылыш уктумбу же..?

– Ээ, жеңемдин өткөнүнө канча болду. Ошо үйүндө эч бир жан калбай, балдарынын баары Россияда, Кеңештин апасы ага баш-көз болуп турду да, нанын жаап берип, тамак жасаса алып барып, анан не кылат? Өз үйүндө да эчтеке жок эле да, Коңурбай абанын үйүндө ун-май, эт баары түгөл болгон менен, ошону оокат кылаарга эч ким жок. Кызык эле болду эй. Анан Кеңештин апасы жардам берип турду. Коңурбай абаны да уккандырсың?

– Жок эй, не болду ага ?

– Өтүп кетти да…

– Кой, ээ… Жайы жанаттан болсун. Өтүп кеттиби?

– Өлөөрдө да Кеңештин апасына өлө ыраазы болуптур. Кеңештин апасы тамак алып барган экен да.

– Кеңештин апасынын аты ким эле ?

– Алмаш да ээй, унутуп калдыңбы ?

– Чын айтам дос, унутуп калыпмын, эми эстедим. Өзүң да ойло, мен деле айылга барбаганыма 15 жылдай болуп калды. Ии анан, Алмаш жеңем тамак алып барганда жан бериппи ?

– Көп деле ооруганын билчү эмеспиз да. Ошо Алмаш жеңе тамак алып барганда төшөккө жатып калган экен. Ал коркконунан, кошуналардын баарын чакырыптыр. Ыраазы болгонунан Алмаш жеңеге бир уйун саап ичсин деп тартуу кылып, өлөөр алдында кошуналардын көзүнчө айтыптыр. Балдары деле атасы өлгөндөн кийин келишип, уйун бергенге каршы болгон жок. Уйун эмес, үйүн деле алар келип карашпайт да баары бир. Эми алар россиялык болуп кетишти окшойт, дос. Гражданин алган дейт го?

–  Алышса керек да, аларды кайдан көрөм дейсиң? Алмаш жеңе чын эле абдан сулуу эле ээ. Азыр деле ошондойбу? Кеңештин атасы ошол аялды кор кылды го дейм?

– Несин айтасың, балээ басып, өзү Россиядан шыңырайып колун мурдуна тыгып келгени менен иши жок, “Коңурбай сага уйун эмнеге берип кетти”, – деп өлгөн кишиден кызганып, ошол уйду саап жаткан жеринен Алмаш жеңени бир тээптир. Бели кокустап, ооруканада канча жатты байкуш. Карабайсыңбы ээй, уяты жокту. Жакшылыкты түшүнбөгөн.

–  Ээ, дос, Россияда жүрүп, аялдарга ишенбей калды даа…

–  Эмне Россиядагы аялдар ишеничтен чыгып калабы?

– Ишеничтүү эле, дечи. Эми, дос, ар кандайы бар да… Андан көрө, келе, тамеки барбы?

– Тамеки эмес, нас бар.

–  Кел ошо, насбайды бер, мага ошо сенин чөнтөгүңдөгү насбайың керек болчу… Ар кандай аялдар бар, дос. Аялдардын тузагына түшкөндө кыйын.

– Ии, энеңди… Аны бирөө катыныңа келбе дедиби? Зор экен, келе бербейби, бирдеме кылып, жолго чыкса, ушу Кыргызстанга жетет эле го? Ээ жанагы, не дейсиңер, депорт дейсиңерби, ошондой болгондо, эчтекеге карабай эле, документ-сокументи жок эле “экинчи Россияны көзүң көрбөсүн” деп айдап жиберет турбайбы, ошого барса болмок да. Ал өзү кийин кантип келди айылга, ошону билбейм. Айылдагылар көңүлүн оорутуп албайык деп, чындап, бир ооз бир нерсе деп сурашпады да. Абдурахман аксакал эле кудайы өткөргөн күнү: “Ээ, балам бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт, жөө жүргөнүң орустарда калсын, мындан ары төө минген бол”, –  деп бата берди.

– Дос, Россияда Кеңештин атасына окшогондор көп, турмуштан кыйналып кеткенинен, жашы өткөнүнө карабай, элүүгө жакындап калганда, Россияга барып алганы ал кишиге абийир болбой калды да, эми элүүдөн өтсө деле, эптүүлөр бирдеме кылып, иш таап кетет дечи, бул кишинин колунан эчтеке келбейби дейм да. Болбосо…

– Ошо да, дос эй, эркекке намыс да, беш жыл жүрүп, бир нерсе таппай келсең же ага чейин бир сом үйүңө жөнөтпөгөн болсоң. Дагы да, Алмаш жеңем кыйын экен, ээй, жети баланы карап отуруш деген кыйын да, сүзмө сатып, айран сатып, сүт сатып, алма сатып… Сатпаган нерсеси да калбады бечаранын. Көз жашын көл-көл кылып, ыйлап-ыйлап алчу экен. Апам айтат, ыйлап-ыйлап алып, кайра күлүп кете берген неме экен, бечара не кылсын дейт. Ошо, Алмаш жеңенин балдарын деле айылдагылар салым кошуп, марафон өткөрүп, Өкмөттөн берген бир уй бакты да. Коңурбай аба да ошону билип-көрүп жүрдү, ошого уйун калтырып кетти го дейм…

– Ачыгын айтсак, дос, Кеңештин атасын айылга биз жибердик. Чет жерде бул жактагыга караганда да тууганчыл болуп кетет экенсиң. Аердеги эми тагдырларды айтпай эле коёюн, ар кандайы бар. Иштеген тиштейт, бүттү. Аяп койбойт, сен баланчанын баласы элең, сен түгүнчөнүн абасы элең деген жок да, ал жерде. Жашаш керек, кыймылдаш керек, иштеш керек… Издей турган эр жеткен баласы армияда балдар уруп каза болуп калган болсо, Кеңештин ордуна биз милдетибизди аткаралы деп, посольствого барып, биз издөө салганбыз. Көп издедик. Акыры таптык, Москванын четинде да, ошо биздин айылдай эле айылдар көп да, ошол бир айылга ким менен барган ким билсин, барып калган экен. Бир орус кемпирдин үйүндө картошкасына жардам берип, жашаптыр, орус кемпир да кыйын экен, бир келесоо чалыш өз кызын ага алып берип коюптур.

– Ууй, энеңди, кой ээ. Алмаш жеңем биякта көрбөгөндү көрүп жүрсө, ал аякта жыргап жүргөн экен ээ.

– Энесине жыргайбы, ал кемпирдин кызын көрсөң, Алмаш жеңеге салыштырганда чалкаңан оонап түшөсүң. Семиздигин, кебетесин көрсөң, эми бир укмуш. Ичкенин айт, ошолорго кошулуп жүрүп, көп ичип калса керек да…

– Ким билсин, туура айтасың дос эй, ошого Алмаш жеңени кээ-кээде “керек болсо, мен кайра Россияга кетип калам”, – деп коркутат экен да…

Эки дос каткырып күлдү… Чайхананын офиацианты келип, “Кечиресиздер, биздин иштөө мөөнөтүбүз бүттү” дебегенде, алардын сөзү бүтчүдөй эмес эле…

  • Акын, журналист. 1972-жылы Лейлек районунун Булак-Башы айылында туулган. Курбаналы Сабыров атындагы адабий сыйлыктын, «Алыкулдун ак боз аты» фестивалынын лауреаты. Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. “Үмүт” ырлар жана “Жүрөгүмдүн ээсине” ырлар жана проза жыйнактары жарык көргөн. “Адабий Ордо” сайты 2026-жылы уюштурган “Жаз” темасына бир ырдын сынагында 2-орунду ээлеген.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген