|

Көзүмдүн батсаң ичине…

4.2/5 - (5 добуш)

(эссе)

Пекинге кайтканыма эки күн болду. Учакка отургандан тарта эле сага деген кусалыгым башталган. Сенин кучагыңда жүргөнүмдө толкунданган сезимдериме учкай токтолуп, аягын “Сен жөнүндө кыска жазганыма таарынба. Сага кайрадан кайтып келем. Ошондо сага деген сезимден жаралып, эргүү менен жазылган новеллаларымды чогуу окуйбуз”, – деп жыйынтыктагам. Алдыдагы жолугушчу күндөрдү күтпөстөн, сен жөнүндө сагынычка ширелишкен алакандай ой-толгоомду жараттым. Башкы каарманы өзүңсүң, Уси! Алыста болсоң дагы кулак төшө, үнүмдү чыгарып окуп берейин!

Уси, сен Кытайдын түштүгүндө жайгашкан керемет шаарсың. Сенин бөтөнчө мээримдүүлүгүңдү босогоңду аттагандан баштап туйдум. Сенин жергеңе таштаган алгачкы кадамым мени алтындай бала чагыма жетелеп жөнөдү. Сен менин жүрөгүмдү балыктай туйлатып, сезимдеримди козгодуң. Мен сага, ажайып сулуулугуңа арбалып, ашык болдум, Уси!

Уси, сенин жапжашыл табиятың менин Кыргызстаныма, өзгөчө киндик каным тамган Токтогул жергебизге аябай окшош экен десең. Кимдир бирөө атайылап көчүрүп алып келип, орнотуп койгонсуйт. Биз отурган автобус узун туннелге киргени өзүмдү Төө-Ашуудагы туннелде бараткандай сездим. Ооба, ооба, кудум биздин Төө-Ашуудагы туннель!

Жергиликтүү калк меймандос келишет экен. Бизди туристтик жайлары менен кенен тааныштырышты. “Чү” дегенде велосипед тебүүчү аянтчага алып барышты. Велосипед тээп жүрүп чоң апамдын үч айлык пенсиясын чогултуп, “элесепед” сатып алып бермекчи болгонун, жарыктыгым үч айга жетпей каза болуп, биресе чоң апамдан айрылганыма ичим ачышса, биресе жетпей калган велосипед оюма түшкөндө үнүмдү болушунча катуу чыгарып, боз үйдүн жанында өкүрүп турганымды эстедим. Баламын да… Кийин далай велосипеддүү болдум. Бирок чоң апамдын өзүн таппадым.

Уси, бала кезим тууралуу кеп козголгондо көбүнчө чоң апам эсиме түшөт. Атам үйдүн кичүүсү катары чоң апамдын колунда калгандыктан (Керимбай чоң атабыз атамдын 16 жашында көзү өтүптүр), чогуу жашадык. Апам тамаша-чынга салып айткандай, балдарды төрөп, бир жашка толгондон кийин жумушка чыгып, баарыбызды чоң апабыз чоңойтту. Ошондонбу, чоң апамды чоң апа дебей, апа дечүбүз.

Шаарды кыдырып жүрүп, эскилиги жетсе да бузулбай сакталып турган үйлөрдү көрүп, биздин айылдагы чоң апабыздын элеси калган эски времянкабызды эстедим. Чоң апам ар күнү бизге жомок айтып берчү. Бүлдүркөн тергени тоолорго далай чыккандай, ушул үйлөрдө да чоң апалар неберелерине жомок айтып берип жатышкандыр.

Буга токтолгонумдун себеби, мен да ата-энемдин колундагы баламын. Менин балдарым чоң ата, чоң апасынын мээримине бөлөнүп, тарбиясын алышууда. Кичүү уулум чоң апасына жакын, кызымды чоң атасы “топчу мурун кызым” деп эркелетип, бөтөнчө жакшы көрөт.

Усиде жүргөнүмдө апам телефон чалып, “Элина кызыма мектепке бараткан сайын 50-60 сомдон берем. Бүгүн майда акча жок, 30 сомго жетпеген тыйынды берип жөнөттүм”, – деди. Чоң апам да мага тыйын карматып жатып: “Ширинге (карындашым экөөбүз классташпыз, ал “а” класста, мен “б” класста окугам) айтпай, мектептен пирожки сатып же”, – дечү. Кудуңдап сүйүнгөн бойдон мектепке жөнөчүмүн. Бир күнү мектептин ашканасынан карындашыма жолугуп калдым. Кайран чоң апам: “Нурканга көрсөтпөй, пирожки сатып же”, – деп карындашыма дагы акча берчү экен. Эми минтип апам менин балдарыма акча берип жатканын карасаң. Көрсө, муун ушинтип билинбей алмашып, убакыт өз өкүмүн жүргүзөт тура.

* * *

Уси, сенин кулпурган кооздугуңду жыш өскөн бак-дарактар ого бетер көркүнө чыгарыптыр. Айрыкча дүпүйгөн мажүрүм талдарга көңүлүм бурулду. Чоң апамдын көзү өткөн соң дарбазанын эки четиндеги өзүнөн өзү омкорулуп түшкөн кош мажүрүм талды сенден таптым. Алыстарда калган баёо балалыгымды таптым.

* * *

Усидеги чубалжыган дарыя биздин Чычкан дарыябыздын эгизиндей маанай жаратты. Жайкысын Кымбат эжемдин (атамдын карындашы) огородуна кол кабыш кылып, чыйылдаган аптапта Чычкандын суусуна (Бала-Чычкан суусу) чумкуп, ысык ташты кучактап, күнгө кактанган күндөрүмө деген кусалыгым Усидеги дарыяны көргөндө кайрадан козголду. Бала чагыбызда экскурсияга чыкканды “гүлпоходго чыктык” дечү элек. Жаратылышы кооз Чычкан капчыгайында далай “гүлпоходдун” издери, Чычкан суусунда чабак аткан күндөрүбүз калды.

* * *

Токтогулдагы керилген көлүбүз сенин чалкыган көлүңдөй көрүндү мага, Уси! Теплоход менен көлдүн ортосуна чейин сүзүп барып, кайра кайтып келатканыбызда мээлүүн жел жүрүп, шарпылдаган толкундар мага жаңы обонду тартуулагансыды. Бизди коштоп жүргөндөр: “Күндүн батканын күтөлү, табияттын өзгөчө кооздугуна күбө болосуңар”, – дешти. Күндүн акырындап тоо артына жылып батып баратканы, анын кызарган нурлары көлдүн үстүн сулуулукка бөлөгөнү керемет! Аны сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Табияттын бул кубулушун кемелине чыгарып чебер сүрөтчү гана тарта алат.

* * *

Уси, сенин мандариндин мекенине айланганыңды баамдадым. Дыйкандар мөмөсүн жыйнап, соода кызуу жүрүп жатыптыр. Бактардын жака белинде, көчө бойлорунда мандарин сатып жаткан эжелер соода кылып кеткиле деп чакырат.

Биз да байкем менен корообуздагы алманы терип, кышка сактачубуз. Кышында алманын буркураган жыты бүтүндөй үйдү жыпар жытка бөлөчү. Ал кезде заман оор. Кээде байкем менен эжем кышка деп сактаган алмадан базарга алып чыгып сатышаар эле. Стаканчик, кызыл алма жана кышкы алманын таттуу даамы алигиче таңдайымда.

* * *

Кырк жылдан ашуун тарыхы бар Усидеги Тао Эрчан (“Экинчи керамика заводу”) маданий кварталынын устаканасында устачылык кылып, өзүмө чай ичүүчү кружка жасадым. Окуучу кезибизде да кол эмгек сабагынан түрдүү буюмдарды жасаганбыз. Классташыбыз Кыястын колу эптүү болчу, камыштан, жыгачтан түрдүү нерселерди келиштире жасачу. Көбүбүз Кыястын жардамы менен кол эмгек сабагынан “5” алганыбызды акыйкаттуулук үчүн айтышым керек.

Окуучулук кез дегенде, Токтогулдун РЭСинин алма багына уурулукка киргенибиз, кышкысын шымыбыздын көчүгү жыртылганча муз тепкенибиз, майрамдарда үйдөн уурданып чыгып, “вечеринкаларды” өткөргөнүбүз, кыздарга кат жазып, классташтарыбыздын жазган каттарын дарегине жеткирип чабагандаганыбыз, кыздарга жагыныш үчүн дилбаяндарды жазып, сүрөт тартып бергенибиз, айтор, көп окуялар көз алдыбызга тасма сымал тартылат. Алардын ичинен жолукканда дайыма эстеп күлгөн бир окуя бар.

Сабактан чыгып, Алтынбек классташыбыздын үйүнө жөнөдүк. Индиянын “Жажда мести” киносун көрдүк. Мен эле ыйлап жатам го деп эки жагымды карасам, балдардын баары көзүнүн жашын аарчып атыптыр. Жандүйнөбүз булгана элек, таза кезибиз экен да-а!

Байыркы Хуэйшань шаары, Яхоу шаарынын кечки керемети жана поезддеги сапар, “Сюй Сяке” тематикалык паркы, Няньхуавань туристтик району, Байшилидеги веложол станциясына жасаган саякатыбыз эч качан эсимден чыкпайт. Биздеги жайлоолорду эске салган жашыл тоолоруңду дагы далай сагынармын, Уси.

Сенин кучагыңда үч гана күн жүрсөм дагы менин балалык аруу сүйүүмдү кайтарып бердиң. Өзүңдөн кетким келбей, узакка кыйылып турдум. Сулуулугуңа көзүм тойбой, кумарым канбай кайттым! Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар алдыда. Ошондо дагы аруу сүйүү сезимине балкытып, жылуулугуңа бөлө, Уси!

Самолётто сөзү Т. Абдиевге, обону С. Бейшекеевге таандык “Кызганыч” ырын улам-улам кайталап угуп келаттым. Бул ыр сага арналгандай. Тыңдасаң, Уси!

Көлөмүң болуп кичине,
Көзүмдүн батсаң ичине.
Көргөзбөй алып жүрмөкмүн,
Көңүлү бузук кишиге…

Кытай, Пекин шаары. 2026-жылдын 1-ноябры

  • 1985-жылы туулган. Журналистика тармагында, мамлекеттик кызматта эмгектенген. 2024-жылы “Чыңгызхандын арманы” новелласы үчүн проза жанры боюнча “Алтын калем” сыйлыгына татыган.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

One Comment

  1. Муну кытайчага которуп, кытай адабий журналдарына чыгарыш керек.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген