|

Уй

3.8/5 - (10 добуш)

(аңгеме)

Жай саратандын таң эртеңинде салаңдаган курсагынын оордугунан илкий баскан уй айылдын чоң көчөсүн аралап келип, эски жыгач дарбазага жеткенде токтоду. Токтоду да, куйругун көтөрүп, кайра түшүрүп, алда-немедей катуу мөөрөп жиберди. Дарбазаны ачкан үй ээси уюнун малдан бөлүнүп, жайлоодон айылга качып, баса бергенин көрүп, ачуусу келди. Бетегеси белден буралып, бышып турган жайлоодон да мал качабы? Эркек жайлоодон качкан кесир уюн жазалап, мал сарайга байлап салмакчы болду. Ую байлатпай, башын чулгуп, катуу булкунуп жиберди. Аз жерден ээсин мүйүзү менен челип коё жаздады. 

– Атаңдын оозун урайын! – Ачууланган эркек жерде жаткан таякты алып, уюн башка чаап жиберди. Бир теңселип алган уй малкананын дубалына сүйөнүп, куйругун көтөрүп, тынчый түштү. Куйрук астынан агып турган суюктукту көргөн үй ээси шашкалактап барып уюнун желинин, курсагын кармалап жиберди. Анан тышты көздөй атып чыкты:

– Разия! Бас бери! Разия! Уюң тууп атат! Муну пок жегени жайлоого коштуңарбы балаң экөөң, көзүңөр кайда силердин! – Ал сүйлөнгөн акыбалда кол телефонунан уулуна чалды.

Телефон артындагы уулун ай-буйга келбей урушуп кирди:

– Эй, бала, канчадан бери бооз уйду кысыр уйдан ажырата албай калгансың?! Эл сени дагы мал доктур дейт! Бу бечара уй тууйм деп тээ Суу-Башыдан түн катып жүрүп үйгө жетип келиптир, мал сенден акылдуу…

– Ата, өзүңүз айтпадыңыз беле, чоң уйду букага алып бара албай калгам, быйыл кысыр деп, мен ошон үчүн аны караган эмесмин…

Эркектин деми ичине түштү: 

– Уй тууп атат, үйгө тез кел.

Эркек пешайвандагы сөрүгө көчүк басып, чылымын түтөттү.

Атаңдын оозу, бу ую кайсы күнү каякка барып, кандай букадан качып алган? Сойку аялдай болгон айбан! Чаап жибергенине ичи ачышып аткан, эми анысын да унутту. Ал уюн жыл сайын өзү Абдыланын асыл тукум букасына жетелеп барчу да. Быйыл ошо бара турган убакта ооруканада көпкө жатып, бу иши калып кеткен. Ага өтө деле кайгырган эмес. Картая түшкөн ую бир жыл кысыр калса калып, эс алып алсын деген. Аяганды билбеген айбан, болду болбоду тиги өйүздөгү бу жининдей жаман көргөн Эргештин эргежээлдей пекене букасынан качып алган. Ал талаа түздө бош жүрө берген дейди мал да. Болоор иш болуптур. Көзүн жазгырып койгон уюн эми жазалайт беле. Тууп бергенине сүйүнүп, унчукпай сүтүн ичип, каймагын жей берет да. Быйылкы бир музоосу пекене болсо болуптур. Ушул маалда уулу дарбазадан шашып кирип келди.

Эркек оозундагы чала чегилген чылымын жерге чаба ыргытып, ордунан турду. 

– Жайлоого айдаган малды бир карап койот да, балам…

Үйдөн жылуу суу куюлган абдесте көтөрүп чыккан аялы уулуна болуша кетти: 

– Көп эле баланы тилдей бербесеңчи, Жалил, бир сөзүңдү улам кайталап… – Ак халатчан уулу түз эле мал короо тарапка басты, апасы анын артынан жөнөдү. 

Жалил болсо кетменин мойнуна коюп, үйдүн артына өттү. Чоң арыкта агып аткан улуу суудан буруп келип, алма багын сугарып кирди. 

Суу кечип жүрүп да эркек уюн эсинен чыгара албады: “Мунун тууйм деп жайлоодон түшүп келгенин кара, бу айбандын кылаар ишиби? Уй уйдай эле болбойбу десең? Уйдун баары талаада эле тууп атпайбы. Уюнун үйүн издеп келгенин ичинен туура көрсө да ага таңдануусу көкүрөгүндө тура берди. 

Ую Жалил божомолдогон Эргештин пекене букасындай эмес, башкача көрктүү музоо тууду. 

– Оо, атаңдын оозунун ую! Мына, музоо деп ушуну айтат! Разия, карачы! Кызык, айылдагы бир да букага окшобойт! Менмин дегенине да окшобойт! 

Уюн айланчыктап, күймөнүп аткан аялы ачууланып жиберди:

– Окшобосо окшобойт! Эмне эле окшобойт, окшобойт дейсиң! Токтоткулачы, ушул окшобойтуңарды эркектер! Же тиги Гапыр коңшуңду туурап изде эми сен да бу музоонун атасы ким болду экен деп!

Уулу атасын бир, апасын эки тиктеп, кабагын салды:

– Мен ишиме кеттим, апа, кыйкырбаңыз, жаңы тууган уйга тынчтык керек, анан чөп, суу берип коюуңуздар, мен шашып атам.

Уулу кеткенден кийин Разия мал сарайдан чыгып, маңдайкы үйдөгү коңшусу тарапка колун жаңсап алып, дагы сүйлөндү:

– Мына, ошо мага окшобойт, окшобойт деп жериген уулу азыр атасын алпештеп карап отурат, окшоштору баары ар кайсы жакка кетип гүм болушту.

Жалил аялына бул ирет унчукпады, кантип унчугат, ал туура кепти айтып атса. Бир эле Разия эмес, айылдагы аялдын баары эрине сөз оңтою келгенде ушинтип догурунган адат таап алышкан, буга көп болду. Жалилдин Гапыр коңшусу өзүнүн бир кездеги жоругу менен айылдагы эркектердин дымагын кыйла түшүрүп койгону качан.

Жалил колдорун арыктагы сууга жууп атып Гапыр аксакалдын үйү тарапка бир көз таштап алды. Уулу атасын жаңы эле киринткен окшойт, пешайванда чоң чачыкка оронтуп алып анын чачын, сакал-мурутун тегиздеп атат. Кийинки маалда бу көп жылдык коңшусу картайып, жакшы баса да албай калды. Алгач таанышканда Гапыр авасы гүүлдөп, чоң машине айдаган, кырктын кырындагы, айылдын ишенген шопуру эле. Аялы Канышай күйөөсүнө куюп койгондой окшош төрт уулду катар төрөп, үйүнүн ичи бир шаар, көргөндүн көзүн тойгузган турмушу бар эле. Жалил болсо анда жаш, жаңы эле үйлөнүп, ушул тамын салып аткан. Бир күнү Гапыр кошунасынын аялы бешинчи уулун төрөгөнүн келинчеги айтып келди. Бул ага ал мезгилде жаңылык деле эмес, баланын төрөлүшү айылдагы тууп-түшкөн аялдардын аткарып жүргөн көндүм бир жумушундай эле сезилчү.

Адегенде баары өз жайында туюлган. Коңшусунун бешинчи уулунун тегерегиндеги опуртал сөздөр кийин башталды: “Бу чүрпө атасына да, апасына да түк окшобойт экен. Арданган Гапыр район борборундагы төрөтканага барып уулумду алмаштырып коюпсуңар, өзүмдүкүн таап бергиле деп тополоң салыптыр. Ал жердегилер болсо бала аныкы экенин, ымыркай торолгончо миң түлөөрүн, өзгөрөөрүн кайра-кайра айтып, араң кутулушуптур”. 

Буга чейинки уулдары өзүнө өтө эле окшош төрөлүп, бу эркек ошого көнө түшкөн экен дешти айылдыктардын бир даары, бу кичүүсү эми тай тарабын тарткандыр, кудайдын да калыстыгы бар да Гапыр, сабыр кыл дешти тууган-уругу. Ошону менен ал тынчтангансып калган, тынчтанганы курусун, эзели оозуна арак дегенди албаган Гапыр шопур эми иче баштады. Ичип келген күндөрү аялын суракка алып кыйнаган адат тапты:

– Айт, бала кимден? Кимден дейм, эй, катын! 

Мындайда аялы көз жашын көлдөтүп ыйлап жиберет:

– Бу сенин эле балаң Гапыр, бу уулубуз таятасына окшоп турат, мен атамдын жүзүн эсимде сактап калгам! Жаратканга экөөбүз ыраазы бололу атама окшош перзент бергенине, Гапыр! Атам уул көрбөй арманда өтүп кеткен. Мен бул уулубузга сүйүнүп атсам, сен… Эсиңе кел, Гапыр.

Канышайдын ага айткан жообу дайым ушундай эле. Кийинки маалда, аялы чарчадыбы, актанганын токтотту, унчукпай, баарын ичине жутуп, чыдай турган болду. 

Гапыр эбак көзү өткөн кайын атасынын өзүн турсун, сүрөтүн да көргөн эмес, ушунданбы, аялынын сөзүнө ишенип, кыйла күн унчукпай калат. Анан көбүрөөк ичип алганда кайра эле кандайдыр бир күмөн ой, шек бу эркектин көкүрөгүн көзөй берчү. Кара тору, бүркүт кабак наристесин телмире тиктеп, жаман оюнда айылдагы эркек аттуунун баарын көз алдынан бир сыйра өткөрүп, алардын эч кимисине окшото алчу эмес. 

Талпынып, күлкүсү чыккан уулун колуна бир алып, жыттап койбоду бу эркек, анан күндөр өтүп, жаңы эле тай-тайлап кадам койгон кенжесине маңдайы жаркып сүйүнбөдү. Кичүү перзенти атасы үчүн жок сымал, ашыкча бир жүктөй сезилчү. Өзүнө окшош төрт уул төрөп берген аялы көзүнө эми шуркуя көрүнүп, үйүнө кааласа келип, каалабаса келбей, Гапыр шопурдун машинесинин кабинасынан айылдыктар кийинки күндөрү тикмечи келинди көп көрчү болду. 

Эринин кылык-жоруктарынан жедеп айласы түгөнгөн Канышай баласын көтөрүп алып төркүнүнө барды. Көрүнгөн тууганынын үйүнө кирип, шордуу келин атасынын сүрөтүн издеп жүрдү. Бу аялдын жакын тууганы да жок эле. Бирок анын жагдайын уккандын баары ага түп көтөрө жардам бергиси келди. Кана, табышса, жок. Жок нерсе жок экен да, атасы жарыктык бир да жолу сүрөткө түшпөптүр. Кызынын мындай күнгө кабылаарын ал билсе кана.

Үйүнө кайтып келген аял көп өтпөй сыркоолоп, ооруканага улам тез-тез жатып, кайра чыгып, жаңы баскан наристесин уулдары эптеп карап атышты. Боорунан ооруган Канышайдын акыбалы оордой берди. Жарым жылга жетпей, аны ооруканадан үйгө биротоло чыгарып беришти. Курсагына суу толуп, денеси саргарып кеткен аялынын саналуу күндөрү калганын билгенде Гапырдын асманы аңтарылды. Анын өзүнө окшобогон уулду төрөп койгону да эсинен чыкты. Аялын айыктырам деп табыптан табып издеп барбаган жери калбады.

Канышай айылга ала-шалбырт жаз келген маалда, жамгырлуу күндөрдүн биринде каза тапты. Жанында болгондор аны чуркап ойноп жүргөн кичүү перзентинен көзүн албай тиктеп жатып, аны кыйбай, ага бөтөнчө кабатыр тартып жатып үзүлдү дешти. 

Аялынын өлүмүнөн кийин деле Гапыр кенже уулуна бой сала бербеди. Энесиз баланы тестиер уулдары жер-сууга таштабай, биринен сала бири кезектеше колуна көтөрүп, багып жүрүштү.

Ошол күнү Гапыр жайлоодон кампага чөп ташып, үйүнө кеч келген. Уктабай атасын күтүп отурган уулдары сыртка жабыла чуркап чыгышты. Жапырт “аталап”, сүйүнүп алышкан.

– Ата, мунун колун карасаңыз, так сиздикиндей калы бар экен! Азыр киринтип атып көрдүк, мурда байкаган эмес элек… – Тун уулу баланы атасына узатты. Гапыр буттары бүгүлүп, жерге тизелеп калды. Наристенин билегиндеги гүрүчтөй кара кал атанын эсин оодарган эле. 

Чачыкка оролгон жылаңач уулун Жалил көкүрөгүнө биринчи ирет бекем кысты, биринчи ирет жүзүнөн сүйдү, чачынан жыттады. Баланын колу-бутунун узун-узун бармактары, кирпидей болуп тик өскөн кайраттуу чачы, өйдө-ылдый чыккан тегиз эмес тиштери мунун баары Жалилге “мен сенин эле уулуңмун, ата” деп шыбырап аткандай эле. 

Гапыр коюу түнгө карабай мүрзөнү көздөй жөнөдү. Ал азыркы ушул акыбалында колунан келсе кабырды чукулап казып, аялына өзүнүн жанын берип, көрдөн аны сууруп алып, жайына өзү жатып көмүлгөнгө даяр эле. Бир жыл бою кыйнап, бир суроо менен эзе берсең, жүрөк үшүн алып коркута берсең ким болсо да өлөт да, же бечара аялынын башка бараар, кетип калаар жакын төркүнү болбосо, чыдап жүрүп, ак жеринен күйүп жүрүп ушу дартка кабылды да! Оо, эл журт, мындан кийин мени шопур Гапыр дебей, сокур Гапыр дегиле! Мени киши өлтүргөн канкор Гапыр дегиле! Кечир, мени Канышайым, ханышам…

Гапыр шопур, Гапыр сокур, Гапыр канкор ошол бойдон башка үйлөнбөдү. Кенже уулун бооруна басып, өзү карап, чоңойтту. Ал да балдарынын ичинен атасын көбүрөөк жакшы көрүп, ага жакын болуп эр жетти. Мына эми карып-арып калган чагында атасын багып отурат. Тапкан нерсесине, болгонуна каниет кылып, үйүнөн бир карыш да алыс жылбады. Башкалары эбак пулдуу иш издеп, жашаганга жайлуу жер издеп, алыс-алыс кетип калышкан. 

Бул окуяны кайра баштан Жалилдин эсине түшүргөн ую уйдай эле болбойбу десең…

Мал короого баш баккан үй ээси жаңы туулган музоонун ар жак, бер жагына өтүп, эми аны жакшылап карады. Көрсө, музоосу кайсы бир белгисиз букага эмес, өз энесине эле окшош экен. Ушунусу Жалилге бөтөнчө жакты. Ал бакта илинип турган орогун алып, жүгөрү ичиндеги жашаң чөптөрдөн бир кучак оруп келип, уюнун алдына таштады. Арыктагы тунук суудан апкелип чакасына куйду. 

Мал короодон чыгып, маңдайкы кошунасы тарапка дагы карап алды. Ата, бала пешайванда көрүнбөйт. Үйдүн ичине кирип кетишкен окшойт. Жалил сөрүнүн тепкичине отуруп, шашпай тамеки түтөттү. Тамекисин бурулдата соргон сайын жүзү жайдары тартып, сааргы ачуусунун изи да жок. Аялына эркелете сүйлөдү:

– Разияхан, уйдун ууз сүтүнөн бышырып берсең, Гапыр авага ооз тийгизип, жанында отуруп, кичине кобурашып келейин. 

Үйү менен мал короонун ортосунда баятан бери кабагы салыңкы, ары-бери басып жүргөн аялы токтой калып, күйөөсүнө таң кала карады. Анын “Разияхан” дегенин укпаганына көп болгон эле. 

– Макул, атасы, кичине күтө тур. – Аял үйгө шашып кирип кетти.

  • Кыргыз Эл жазуучусу, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Социология илимдеринин кандидаты, доцент, Улуттук жазуучулар союзунун, Евразия жазуучулар бирлигинин мүчөсү. Бир канча Улуттук жана Эл аралык адабий сыйлыктардын ээси. 

    Ондон ашык китеби жарык көргөн. Чыгармаларынын негизинде кыска жана толук метраждуу көркөм фильмдер тартылган.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген